Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Өздөн чыккан жат жаман

Андаш кенинин аферисттери ким?
Кыргызстандагы Кумтөр, Жерүйдөн кийинки эле орунда Таластагы Андаш алтын-жез кени эсептелет. Ошол кенге кожоюн болуп алган чет элдиктер анын үлүштөрүн ич ара бири-бирине сатуу аракеттерин көрүп, андан чыккан чуу соттошуу менен коштолуп жатат. Жаман жери - ошол сатуу-сатып алуу шылуундугунун артында кылтыйы-ы-ып өзүбүздүн кыргыздар турганы жанды кейитет. Алар кимдер? Ал Талас шаары,59-квартал,үй №7, кв.16 дареги боюнча катталган "Андаш Майнинг Компани" ЖЧКсы жана ошол эле Талас шаары, Калинин көчөсү - №456 дареги боюнча каттоодон өткөн "Инвестцентр-Талас" деп аталган ЖЧКсы (орусчасы -ОсОО).

Талас областтык райондор аралык соту Андаш кенин жең ичинен бөлүп-бөлүп сатуу боюнча ачылган №ЭД-154/2010-МТ номерлүү экономикалык кылмыш ишти териштирип, 21.10.2010-ж.отурумунда компаниялар ортосунда түзүлгөн эки келишимди жараксыз деп тапкан. Бул чечимди Талас облсотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясы апелляциялык тартипте карап, 18.01.2011-ж. аныктамасы менен күчүндө калтырган.
Жараксыз деп табылган келишимдин биринчиси -"Андаш Майнинг Компани" ЖЧКнын 20% үлүшүн "Калдора Компани Лимитед" компаниясы "Инвестцентр-Талас" ЖЧКсына берүү жөнүндөгү 22.10.2009-жылдагы келишими. Экинчиси - ошол эле "Андаш Майнинг Компанинин" 10% үлүшүн "Инвестцентр-Талас" ЖЧКсы үчүнчү бир компания- "Трайден Интернешнл Лимитед" компаниясына берүү жөнүндө 05.01.2010-жылдагы келишими. Буга чычалаган "Трайден Интернешнл Лимитед" сот чечимине нааразы болуп, облсотко апелляциялык арыз берип, облсот ал арызды да канааттандырбай койгон. Эмне үчүн? Себеби "Андаш Майнинг Компани" Кыргыз Өкмөтүнүн 14.08.2009-ж. №532 токтомунун негизинде стратегиялык объектилердин катарына киргизилген. Мындай объектилер сатыла турган болсо сатып алуу артыкчылыгына биринчи кезекте КРнын өкмөтү ээ болушу керек. Апелляциялык арыз берген "Трайден Интернешнл Лимитед" болсо "биз стратегиялык объект болгон "Андаш Майнинг Компанинин" ээси эмеспиз, биз анын катышуучусубуз" деп Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, КРнын 23.05.2008-ж. кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөгү" мыйзамынын жана КРнын "Чарбалык коомдоштук жана жамаатташтык жөнүндөгү" мыйзамынын беренелерин шилтемеге алып жан далбас аракеттерин көрүп, мыйзамсыз ээ болгон үлүштөрүн сатып жиберүүгө жан далбас аракет көрүп жатышат. Кыргыз мыйзамдарын ушундай майда-барат нерселери аркылуу кайрымакка илип алган эл аралык шылуундар (биздин мисалда 2 чет элдик жана 2 Таластык компания) Кыргыз өкмөтүн (демек кыргыз элин дей бериңиз) теңине албай, элдин кен байлыгын өздөрү каалагандай соодалашып бөлүп алып жатышын кандай деп бааласа болот?
"Андаш Майнинг Компани" Талас шаарында катталган дегени эле болбосо анын артында кандай иттин өлүгү көмүлгөнүн жаза берип жададык, айта берип ооз тешилди. Ошолордун айынан Талас районундагы бир кезде Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган атактуу "Каракол"колхозунун, Көпүрө-Базар айылынын эли экиге бөлүнүп калды.
"Калдора Компани Лимитед" компаниясы Британиянын Виргин аралдарынын бири Тортола аралында катталган имиш. Почта ящигинин номери-957. Ал аралды дүйнө картасынан лупа менен издеп араң таптык. Жер шарынын аркы бетиндеги Куба менен Венесуэлага жакын, АКШнын Пуэрто-Рико аралынын колтугуна кыпчылып, араң көрүнгөн бир чекит турат.
"Трайден Интернешнл Лимитед" компаниясы да дал ошол Тортола аралында катталган, болгону Таластагыдай болуп көчөсү гана башка экен.
Элин саткан, кенин саткан, жер байлыктарын саткан кыргыздын акчага азгырылган атка минерлери, эми бир айылдын элин экиге бөлүп,намысы жок чиновниктери, мыйзамдарды жакшы билбеген адистери ушинтип эл аралык шылуундарга мурдунан чүлүк салдырып жетелеттирип алганы ар бир кыргыздын канын кызытып жатат.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




  Тил кесмек жок

"Каймактар"
Бир кезде Темир Сариев "Биз - каймактарбыз" деп айтпадыбы өздөрүн. Текебаевдин оозунан "электорат" деген сөз түшпөйт. Серепчилер болсо аларды "саясий элита" деп тергешет. Бирок саясатты ошол элитадан да кыйын чаккан интеллигент же окумал инсандар бар. Бирок алар негедир ошол өздөрүн өзү калпып алган "каймактарга" кирбейт. Ал эми Текебаев "кой көп болсо, койчу арам өлөрүн" билбей, парламенттик башкаруу деген жаңы Баш мыйзамы менен 120 "каймакты" тууп таштады. Алардын арасында "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп, акылы менен эмес, акчасы менен депутат болуп алган эт менен челдин ортосундагы "пионер вожатыйлар" жүрөт. Түштүк окуясын териштирүү боюнча Улуттук комиссиянын талкуусун телевизордон толук берерин уккандан кийин "күрүчтүн аркасынан күрмөк суу ичкен" жаңы "каймактар" шайлоо маалында шайлоочулар аларга эмес, партия баштыктарына, башкача айтканда, көптөн бери элита болуп, эл көзүнө илинип калган "кам каймактарына" добуш бергенин билген да жок. Серкени ээрчиген момурайган койлордой болуп, депутатканага жамырап кирип келишти да, шайлоочуларына бир жарк деп көрүнүп коюш үчүн, бир берген суроосун миң кайталап, бешинчи класстын баласы түшүнгүдөй акыл-эстүү эле сүйлөгөн Абдыганынын айласын алты кетирип, мээкайык кылышты. Улуттарды жараштыргандын ордуна кем акыл суроолору менен кайра шайлоочуларын кайрап, ичтеринен ириң өткүдөй иренжитип жаткан "чала уюган айрандай" али "көксүт" депутаттарды кенедей Ширин Айтматова бир сөзү менен кынына кийриди го. Дал ошол шылдыраган "көксүттөр" карышкыр "каймактарга" аралашып, "мал аксагы менен миң" дегендей, Текебаев темселеп таап келген 120 депутаттын катарын толуктап туру. Атамбаев менен Бабанов ары чуркап, бери чуркап, элдин камында жүрсө, машине, жардамчы, батир, муздаткыч, телевизор талашып, өкмөттүн мойнуна очоюп мингилери бар. Эгер 18 миңден айлык алып, элдин керегине жарабаса, карапайым калк көнүп алды, бир паста митинг же референдум жасай коёт да, мыйзам чыгарганга алтымыш адам жетет деп, элдик курултайга негизделген ажолук башкарууга багыт алат.




"Кошелёк" кайда?
Бетке айткандан тартпаган Токтайым Үмөталиева "Хаят" мейманканасындагы жыйында Отунбаевага: "Роза эже, Бекназаровду качан кетиресиз? Эл Бекназаровду сиздин "кошелёгуңуз деп жатат" - деп айтканы эсиңердедир. Анан "какаганга муштаган" болуп, үстүнө үйрүлүп түшүп жүргөн оппозициялаш досу Аликбек Жекшенкулов: "Менин оюмча Роза Исаковна туура эле кылды. Анткени Баш прокурор болуп дайындалган Кубатбек Байболов тажрыйбалуу, принципиалдуу, таза киши. Ал эми Азимбек Бекназаров болсо мурда оппозицияда жүргөндө "ойногон", азыр да "ойноп", өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчы" - деп сени жүдаа ойсоке кылып коюптур. Бирок "саясатчы" деп көтөрө чалганына кошулууга болбойт. Анткени ал саясатчы эмес, деги эле оппозицияда жүргөн "Ормон опузанын" баарын эле саясатчы дей берген болбойт. Саясатчынын өзүнүн ички жана сырткы маданияты болот. Дүйнө таанымы кенен, ой жоруусу ордунда, логикалык тескеме аппараты кынтыксыз иштеген баштооч болуш керек. Анын ошол аппаратынын айныкейи бар экен. Ошон үчүн "бир кезде канча бир литр канын Алматыда алмаштырып келгени жөнүндө айтканы бар. Ошондо да бирде "алмаштыргам", бирде "алшмаштырган эмесмин" деп эки сүйлөгөнү, Аксы учурунда да "таяк жегем, таяк жеген жокмун" деп да эки сүйлөгөнү эсте" деп, саймедиреп атпайбы серепчилер. Анан да аялы чырылдап, "эримди көгала койдой сабап атыптыр" деп, "адилетчи" Нышанбек Кочкоровго кайрылса, ал кайран бир эмес, үч көрсөтүү менен көбүртүп-жабыртып ийип жатпайбы. Катыны кайта-кайта какшай бергенден улам, Кочкоров барып тартса эле, Азыкең дырдай чечинип алып, "мына, соо элемин, көгала болгон эч жерим жок, атүгүл, жалап-жуктап койгон жакшы имаратта жыргап-куунап жатам" деп, карганып ийгенден кийин да аксылык туугандары "өзү милийса кезде, далайынын сазайын берди эле, эми биздин балабызды өлтүргөнү жатыптыр" деп, түп көтөрө чыгышпады беле. Ошо байкуштар Бекназаровду коргойбуз деп окко учкан. Ошолордун убалы Аксыда төрөлүп, жетиге чыкканча жашаган Закиржан Бакиев экөөнүн мойнунда. Эми болсо вице-премьер кездеги кыйсыпыр иштерин "Ыңгайсыз суроолордо" "төө көрдүңбү - жок, бээ көрдүңбү - жок" болуп, аюудай майпаңдап чээнге кирип кетти. Президенттик шайлоого даярданып жаткан имиш, кашыктап чогулткан кадырын чакалап чачып алган, саясый көрөңгөсү тайкы Азимбек Бекназаровго добуш берерде эл эми жаңылбайт болуш керек.
Бөкөнбай Боркеев




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«