Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Башкы прокуратуранын башы сасыды...
"Балык башынан сасыйт" дечү эле элибиз. Анын сыңарындай акыркы убактарда көптөгөн кыңыр иштердин артынан Башкы прокуратуранын башы кылтыйып чыга берчү болду. "Биз прокуратуранын кантип текшерүү жүргүзгөндөрүн көрдүк. Жыйынтыгында алар "Мегакомдун" ууруларын "крышовать" этип жүрүшүптүр. Азыркы күндө 30 млн. доллардын орду жок" деп өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев өкмөт жыйынында күйүп-жанып айтып отурат. Анан коррупция менен күрөшүүнүн ордуна минтип сол чөнтөктүн камын ойлогон прокуратурага кантип ишенсе болот?
Байболов өз интервьюсунда айтып жатат: "Биз өзүбүзгө тиешелүү мүлктүн баарын сатышка аракет кылып атабыз. Не Акаевдин, не бакиевдин кезинде ушердеги бизнеске тоюп кеттим". Мынакей, адамдын чыныгы жүзү.
Буга чейин "карышкырларга кой кайтартып алып" азабын карапайым калк эле далай тарткан. Кайтарган койдон дайын жок калганда, карды кампайган "карышкырлар" "Кайдасың, Америка?" деп эле качып жөнөшөт. Баш прокурор Кубатбек Байболов жана анын жубайы Нуржамал Байболова өз интервьюларында "бардык ишканаларыбызды сатып жатабыз, Америкада бизнесибиз бар" деп ачык эле айтып чыгышыптыр. Анда суроо туулат. Былык иштердин арты чукула баштаса, алардын да изин сыйпалап таппай калабызбы? Андыктан К. Байболов, А.Бекназаров, К.Аманкулов сыяктуулардан "Кыргызстандын чек арасынан чыкпайбыз" деген тил кат жаздырып алып койсок кантет?


Куру сөз эмес, 1 млн. сомдон жардам
Эки улуттун кагылышуусунан улам жаралган түштүк коогалаңында 500 чамалуу жаран шейит кеткен. Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев "Ош шейиттери" коомунун өкүлдөрү менен жолукканда июнь коогалаңында жабыр тарткандар материалдык колдоого муктаж экендигин билип кайткан. 25-мартта болгон өкмөт үйүндөгү отурумда премьер-министр түштүк окуясында өмүрү менен кош айтышкандардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон жардам берүү керек экендигин билдирди. "Биздин социалдык фонддо 1,5 млрд. сом өлчөмүндө каражат бар. Ага социалдык объектилерди куруу пландаштырылган эле. Мен ушул каражаттын эсебинен 500 млн. сомду пенсия көлөмүн көтөрүүгө, 500 млн. сомду социалдык объектилерди курууга, калганын июнь коогалаңында курман болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары берүүнү сунуштайм. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары да колдоп берет деп ишенем" дейт Атамбаев. Эл ичиндеги кайгыны чыныгы эл уулу гана түшүнө алат деген ушу тура...


Текебаевдин тилинен эле келеби?
Чиркеш аксакалдын уулу тээ эгемендикти алган күнүбүздөн тарта эле оппозициянын жээгинен бери өтө албай келет. Парламент "парталарында" өткөргөн өмүрү аны кыраатын келтирип сүйлөөгө үйрөттү. Чечендигине албетте, шек келтире албайсың. Бирок иш жүзүндө эмнелерди кыйраткандыгын санай келсең, эки эле манжаң жумулат. Мыйзамдарды катыра жазып, Башмыйзамды президенттик бийликтен парламенттик башкаруу системасына оодарганы эле болбосо, бөлөк мактанаар иши жок. Коалиция түзүү учурунда да уяң кыздай ар кимдин колун сурап келишин күтүп жатып, ал курамга да кирбей калды. Эми болсо тагдырына жазылган оппозиция жээгинен ар кайсынын башын бир айтып, ар коңулга башын тыга берчү болду. Буга чейин аэропорт боюнча дасыккан адис болуп келсе, бүгүнкү күндө бакыйган "нефтянникке" айланды. Тактап айтсак, "Республика" партиясынын депутаты Исхак Пирматовду "Кыргызнефтегазды" жетектеп турган учурунда миллиондорду уурдаган деп айыптоодо. Муну менен ал Пирматовду коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөйт. Коюлган кинелердин эч кандай дайыны жок экендигин, бир нерсени айтууда тактап алуу зарылчылыгы бар экендигин Исхак мырза нечен ирет билдирген. Болгондо да далилдүү фактылар менен. Мындай күнөөлөрдү тагуудан мурда алгач тийиштүү органдын чечими чыгышы керектигин Өмүкенин "унутуп" калганына жол болсун. Айтканын айтып алып, аягына чыкпаган Өмүрбек мырзанын адаты деңизчи. Бир учурда "ата журтчу" Камчыбек Ташиевди "Бакиевдердин куйругу" деп катуу сындап чыкканы бар. Андан жыл айланбай эле дал ошол киши менен кош колдоп учурашып калганын көрөгөч маамыттардын бири айтып жүрөт. Оппозиция жээгинде туруп, позициясын ар кайсы багытка бура берген "Ата- Мекендин" төрагасынан бөлөк жан жокпу деп да кетесиң. Антейин десең, дайым калыс, туура сунушун айтып жүргөн Өмүрбек Абдрахманов деген берен бу партиянын мүчөсү. Ошого окшогон жигиттер ар кайсы чокудан бир сүйлөгөн лидерин бир аз тыйышып, партия ичинде люстрация кылышса оң болчудай. Антпесе партиянын аброюн бир эле киши, болгондо да жетекчиси түшүрүп коюшу ыктымал. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" накылын эстейличи.


Коалициянын абалы, фракциялардын таймашы
"Ата Журт" фракциясы 22-марттагы жыйынында коалициядан чыгуу маселесин ачык бойдон калтырды. Жакын арада бул фракция коалициядан чыкканын жарыялап, натыйжада кайрадан жаңы өкмөт түзүлүшү күтүлүүдө. "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев айрым маалымат каражаттарына азыркы коалиция бузулуп, жаңысы түзүлсө эң жакшы болоорун билдирүүдө. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы менен "Республика" жана КСДПнын тирешүүсү күндөн-күнгө күчөп, бирине-бири суу куйгандарын токтотуша элек.


Мамакеев "баары жакшы" дейт
Жаза аткаруу мекемелери боюнча атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев "бүгүнкү күнү түрмөлөрдө жаза өтөп аткандарга карата бир дагы кыйноо же ур-токмокко алуу фактылары жок жана нааразы болгондорду "сабоого алышууда" дегендери негизсиз" -деп "Азаттыкка" билдирген. Атайын прокурордун айтуусунда, абактардагы ачкачылык акциялары жана парламенттин алдында өтүп жаткан нааразычылык чаралары кызыктар адамдар тарабынан кылдат уюштурулган нерселер экен. Мамакеевдин минтип айтканына караганда бир нерсени билет шекилдүү. Элдин, өлкөнүн тынчтыгын ойлосо кызыктар адам ким экенин жашырбастан ачык айтып, абактагылардын абалына көңүл бөлүп койбойбу десең. Абактагы тамак-аштын сапаттуулугун да атайын прокуратура көзөмөлдөөрү белгилүү. "Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" эмеспи. Анын сыңарындай башкасын айтпаганда да, тамак-аштын жакшы экени күмөн.


Арбактар бизди кечирээр бекен?
89 эр-азаматтын канына забын болгон Бакиевдердин жана кылмыштуу бийликти колдогондордун 7-апрель окуясына байланыштуу кылмыш ишин кароо уланууда. Айыпталуучу К.Бакиевдин адвокаты Ирина Камарда "айыпталуучулардын укугу бузулууда" деген негизде соттук кароого төрагалык кылып жаткан судья Дамир Оңолбековду алмаштырууну талап кылып, соттук коллегия адвокаттын доо арызын четке какты. Кандуу окуяда курман болгондордун жылдыгына саналуу гана күндөр калса да, негизги кылмышкерлер өз жазасын ала элек. Ал эми учурда шалдыраган бийликтин аракети шейит кеткендердин үмүтүн актамак тургай, коалициянын ынтымагын бекемдей албай айлалары кетип отурат. Эми арбактар бизди кечирээр бекен?








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«