Шакшак

Биздин катарда акылдууларга
орун жок!
Профессионалдарга муктаждык
(Башы 1-бетте)
Жакында президент Р.Отунбаева Евросоюз өлкөлөрүнө иш сапары менен барып, донор өлкөлөрдөн жардам деп бөлгөн каражаттарын өндүрүп келгендиги дипломатиялык чоң жеңиш катары салтанаттуу жарыяланды. Алып айтсак, мамлекет башчысынын Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Барроз менен Брюсселде болгон кездешүүсүндө 2013-жылга дейре Ђ51 млн. жардам берүү убадасын алганын энеси эркек төрөгөндөй сүйүнчүлөп жатышат. Мындан сырткары Кыргызстандын бюджеттине колдоо көргөзүү үчүн дагы Ђ30 млн. өлчөмүндө грант түрүндө жардамы боюнча Кыргызстандын арызы атайы талкууга түшкөнүн бир айтып бир койбой чекеси жарыла жарыялашты. Дагы бир сүйүндүрө турган кабар-Улуу Британиянын өкмөтү жыл сайын $27,7 млн. каражат жардам берүүгө убада кылган экен. Президент Р.Отунбаеванын сапары карып, ат тезеги кургай электе премьер-министр А.Атамбаев Россияга чапкылап барып келди. Россиянын премьер-министри В.В.Путин менен А.Атамбаевдин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын өкмөттүн пресс-кызматы чоң ийгилик катары көтөрмөлөп чечекейи чеч болуп жаткан кези. А.Атамбаевдин дипломатиясынын үзүрү Россиянын күйүүчү-майлоочу майларга киргизилген бажы салымын алып салганы, $30 млн. доллардык үстөк сүтү (проценти) жок кредит бере турган болгону, тышкы карызын кечээри жөнүндө сүйлөшүлгөнү, ошондой эле Кыргызстанда ГЭСтердин куруу долборуна Россия инвестиция бөлөөрүн чечкени менен бааланат. Асыресе, кыжалат кылганы премьердин Россиянын "боорукердигинин" акысы үчүн өлкөнүн бир катар стратегиялык суверендүү ишканаларын кармата бергенинде турат. Иши кылып, тышкы донор өлкөлөрдөн кредиттер, гранттар мол эле келчүү сыяктанат дечи. Бирок Кыргызстанга бериле турган ал кайрымдуулук каражаттар экономиканын сакайып буттан туруп кетишине көмөк түзө тургандай болуп сарамжал пайдаланабы же болбосо баягы эле эски өнөкөт боюнча чиновниктердин кулкунуна кур этип кетип кумга сиңгендей дайынсыз жоголобу-кеп ошондо. Эгер, бийлик эски көнгөн адатына салса тышкы карыздарыңдан экономикалык майнап чыгып жарытып жибербеси анык. Аягы үзүлбөй агып келип жаткан тышкы карыздардын финансылык агымынын кыянат жагын эске алуу керек-- өлкө өз алдынча аракет кылып иш менен, өндүрүш менен алектене албаган бакма мамлекетке айланышы мүмкүн. Кыргызстан тышкы финансылык инъекциясыз тура албаган, ийнеге биротоло отурган өлкөгө айланышы оңой.
Өлкөнүн дефолттон, ачыгын айтканда финансылык банкроттуктан сактап калуунун экинчи ылаажысы ички ресурстарды стимулдаштыруу, социалдык-экономикалык кырдаалды стабилдештирүү болуп саналат. А.Атамбаевдин кабинети мындай иштерди аркалап, кризистен сууруп чыгууга жөндөмү бар экенинен түңүлгөндөрдүн катары өсүүдө. Алар негизинен парламенттик оппозициянын өкүлдөрү болууда. Оппоненттер мамлекеттик казнаны толтуруунун альтернативалык финансылык булактарын сунуш кылып жатышат. Атап айтканда коолап-чайлап кеткен коррупцияны ооздуктап чиновниктердин чөнтөктөрүнө кирип, дайынсыз кетип жаткан финансылык агымды бюджетке багыттоо сунуштарын же бюджет жана финансы комитетинин башчысы Акылбек Жапаров сыяктуу "Манас" жүк ташуучу борборун реактивдүү отун менен камсыз кылып турган компаниялардан алынган атайы каражаттар жөнүндө" деген мыйзам долбоорун ЖКке киргизип, социалдык жагынан начар корголгон элдин катмарына көмөк түзүү аракетин мисал катары алдыга тартсак болор эле. Тилекке каршы, өзөктүү жана конструктивдүү сунуштар өкмөт тарабынан колдоо тапкан жок. Тапканды мындай кой, тескерисинче, өкмөттүн чиновниктеринин жеке кызыкчылыктарына кайчы келгендигине байланыштуу ачык же тымызын айыгышкан каршылыктарын жаратты.
Өлкөнүн экономикасынын кризистен суурулуп чыгып өнүгүү ыргагына түшүшүнө каскак болуп кендирди кесип жатканы өкмөттө иштин көзүн билген профессионалдардын жетишсиздиги менен байланышат. Өкмөттүн ишинин жүрбөй жатканын "Ак шумкар" партиясынын лидери Т.Сариев эски ооруга айланып кеткен "коррупциялык схемалар" дагы эле болсо өз күчүндө иштеп жатканына, "кирешелүү тармактарды профессионал адистер эмес, чоңдордун тааныштары, туугандары башкарып атканына" барып такалат деп эсептейт. Академик Жамин Акималиев болсо азыркы экономикалык кризистин түпкү себеби "сабаттуу мамлекеттик башкаруу жок экенинен" көрөт. (Айтпаса жалганбы, "обончу-ырчы вице-премьердик орунду ээлеп турса, журналистикадагы бюрократ Маданият министрлигин тейлесе, дагы бир журналистке башкы антимонополисттен кызмат берилсе, мурдагы спирт-ичимдик тармагынын барону "Манас" аэропортун башкарып кирсе иштин алга жылышы кыйын эмеспи).
Оозду кургак чөп менен сүрткөн болбостур, улуттук экономиканы жөндөп, өркүндөтүп кетүүгө жарамдуу иштин көзүн билген профессионалдар аз да болсо бар. Кадрлар ресурстарына чукактык бар болсо да антикризистик системдик программаларды түзүп чыгууга, аны иштетип жүзөгө ашырып кетүүгө чама-чаркы жете тургандай, конструктивдүү идеяларды жаратып, аны асырап кетүүгө жөндөмдүү, сабаттуу профессионалдардан ууч кур эмес. Тилекке каршы, алардын көбү өкмөттүн курамына киргизилген эмес. Алардын ордун, айрыкча өкмөттөгү экономикалык-финансылык блогун Госдуманын депутаттары айткандай "мамлекеттик чөнтөгү менен өз жеке чөнтөгүн алмаштырып алган" Ө.Бабановдун колдон суурулган шылуун бизнесмендери оккупациялап ээлеп алган. Ө.Бабановдун "экономикалык министрлерин" жапайы капитализмдин шартында тапталышкан, стихиялык рыноктун "адистери" деп атаса жарашаар эле. Аларга жеке кызыкчылыктар басымдуу, мамлекеттин экономикалык жүгүн сүйрөп кетүүгө жөндөмдөрү аз "ишкерлер".
Өкмөттө ачык жана даана иш аракеттер программасынын жоктугу бекеринен чыкпаганы анык. Бийликте жеп-ичмекейлердин күнү тууганы ыраттуу иш алып барууга каскак. Коомдук маанайда коалициялык азыркы өкмөттүн кризистен алып чыгууга чама-чаркы жетпестигине, жөндөмсүздүгүнө жана аракетсиздигине көзү жетип, өкмөттүк альянстын ыдырап кетээри, экономикалык куюшканы кыйшаңдап турганы, А.Атамбаевдин кабинетинин отставкасына саналуу гана күндөр калганы жөнүндөгү пикирлер үстөмдүк кыла баштады. Экономикалык блокту башкарган Ө.Бабановдун репутациясы оңолбостой болуп урап түшкөнү ачык болуп эле калбадыбы. Биринчи вице-премьерге болгон ишеним күндөн- күнгө түшүп барат. Көпчүлүк альянсынын ордуна парламенттен тышкары турган, ошол кезде саясый турмушка таасири бар партиялардын өкүлдөрүн, ошону менен бирге "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен" фракцияларын камтыган кеңири коалициянын келери бышып жетилгени байма-бай айтыла баштабадыбы. Мындан сырткары ырааттуу антикризистик программанын иштелип чыгышынын зарылдыгы бышып жетилгени көп кайталанып жатканын көрүүгө болот. Акылбек Жапаров, мисалы, "Ар-Намыс" партиясынын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү, анын ичинде антикризистик чаралар боюнча программанын пакети иштелип чыгып, даяр экендиги жөнүндө эскергени ырааттуу иш алып баруунун кезеги келгенинен кабар берет.
Дефолттун коркунучунан баш аман, боор бүтүн чыгып кетүү үчүн өкмөттү профессионал экономисттер, финансисттер менен чыңдоо абадай эле зарыл болуп жаткан учур. Алар, тилекке жараша, аз да болсо бар. Массалык маалымат каржаттарында стратегиялык изилдөө иниститунун (International Institute of the Strategic Studies) социологиялык сурамжылоосунун тыянагы жарыяланды. Сурамжылоодо "кимдер Кыргызстандын экономикалык ал-абалын жеткиликтүү түрдө терең түшүнөт жана өлкөнүн экономикасын алдыга жылдыра алууга жөндөмдүү деп кимдерге ишеним берер элеңиз?" деген кыйшаңдатпаган түз суроо коюлат. Альтернатива катары ар кайсы жылдары финансы тармагында иш алып барышкан алты адамдын ысымы аталыптыр. Алар: Самат Кылжыев, Марат Султанов, Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Жоомарт Оторбаев жана Чоробек Имашев. Сурамжыга 1350 респондент тартылган. Толук репрезенттивдүүлүккө ээ. Социологиянын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: Акылбек Жапаров - 504; Т.Сариев - 275; Ж.Оторбаев - 210; М.Султанов - 202; С.Кылжыев - 110 жана Ч. Имашев - 49 баллга татыган. Булар рейтингине жараша келечекте түзүлө турган өкмөттүк кеңири колаицияга тартылса майнаптуу иш алып кетеринен шек саноого болбойт эле.
Үсөн Касыбеков