Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  МАШАКБАЙ РАХМАНКУЛОВ

БАЙ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?
(Интернет булактардан, басылма адабияттардан
топтолгон практикалык кеңештер)

Бай болууга 2-кадам:
ИШЕНИМ
Сен чындап эле бай болгуң келеби? Анда жүрүш-турушуңду өзгөртүшүң керек, жашоо образыңды башка тартипке салып, айлана-тегерегиңдегилердин же чөйрөңдүн тескери таасиринен арылышың керек. Өзүңдүн ички мүмкүнчүлүктөрүңдү жана кемчиликтериңди жакшылап талдап чыксаң, сенин эң негизги кемчилигиң -өзүңө болгон ишенимиң жок экендигин билесиң. Бул кемчиликтериңди өзүңдү өзүң ынандыруу принциптеринин жардамы менен жойсоң болот. Аны ишке ашыруу эң эле оңой. Мээңдеги, жүрөгүңдөгү жакшы ойлоруң, пландарың кайсылар-биринчи ошолорду жакшылап билип ал. Андан кийин аларды блокнотуңа жазып алып, эсиңе сактап кал да бассаң-турсаң кайталай бер. Ал ойлор сенин бүт жан дүйнөңдү ээлеп алсын, сага тынч уйку бербей, мазеңди ала берсин.
Сен өзүңдүн күчүңө ишенген адам болушуң үчүн төмөнкүдөй ойлор менен жашап, 5 этапты басып өтүшүң керек:
1. Менин алдыдагы жашоомдун максаты мага 5 колдой белгилүү. Ал максаттарыма жетишүү үчүн менде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан мен көшөкөр, көк бет, ойлогонун ишке ашырган, айтканынан кайтпаган адаммын. Мен эч качан жарым жолдо токтоп калбайм. Мен ушул багытымдан жазбайм, бүгүнкү бүтүрө турган ишимди эртеңкиге калтырбайм. Ойлогон ой-максаттарымды ишке ашыруу үчүн бардык күчүмдү жумшайм.

2. Менин ойлорум-менин аң-сезимимдин, мээмдин кожоюну, ошондуктан менин жасаган аракеттерим, кылган иштерим ошол ойлорумдун ишке аша башташы. Ошондуктан мен өзүмдү тарбиялаш үчүн ар күнү 30 мүнөттөн ойлорумду бир жерге топтоп, мен кандай адам болушум керек деп ой жүгүртүп, кыялымда кандай бай, оокаттуу адам болоорумду элестетишим керек.
3. Мээме ар күнү өзүм каалаган ой-максаттарымды тажабай сиңдире берүүм, өзүмдү өзүм ынандырыра берүүм акыры натыйжасын берет да, ошол ойлорумду ишке ашырууга жол таба баштайт. Ошондуктан ар күнү 10 мүнөттөн мен өзүмдү өзүм шердентишим керек.
4. Мен жашоомдун негизги максатын так белгилеп алдым, ошондуктан ал максатыма жеткире турган ишенимге ээ болмоюнча аракет кылганым кылган.
5. Байлыкка да, коомдогу кадыр-баркка да өз мээнетим менен, маңдай терим менен жетишкенде гана ал жугумдуу болоорун толук түшүнөм. Мен башка өнөктөштөр, шериктер менен биргеликте аракет кылып көздөгөнүмө жетишишим керек. Силер мага жардам берсеңер, мен силерге жардам берип гана ийгиликке бат жетебиз деп түшүндүрүшүм керек. Мен мүнөзүмдөгү көрө албастыкты, ичи тардыкты, тоңдукту, шектенүүчүлүктү жоюп, адамдарга болгон сүйүү сезимимди өркүндөтүшүм зарыл. Анткени тегерегиңдеги адамдар менен начар мамилең эч качан ийгиликке алып келбейт. Ошондуктан адамдарды өзүмө ишендиришим керек.
Бай болууга 3-кадам:
ӨЗҮҢДҮ ӨЗҮҢ ИШЕНДИРҮҮ
Аң-сезимиңиздин бүт күч-кубатын өзүңүздүн турмуш үчүн иштөөгө мажбурласаңыз-Сиз болуп көрбөгөн ийгиликтерге жетише аласыз. Акыл-эсиңизге сезимдериңизди жуурулуштуруп иштеңиз.
1. Тынч бөлмөгө кирип алып көзүңүздү жумуңуз да келечек максаттарыңыз тууралуу жазгандарыңызды үн чыгарып кайталап окуңуз. Мисалы, "2020-жылдын 1-январына чейин 50 миң евро акчалуу болушум керек. Ал акчамдын бир сомун да бейчеки коротпой... (кийим ташып сатам же Кыргызстанга дары-дармек ташыйм ж.б.у.с. өз пландарыңыз.) Мен ушунча акчалуу боло алам деп ишенем. Ушунчалык ишенгендиктен ал акчалар менин көз алдымда көрүнүп жатат. Мен аларды колум менен кармап жатам. Ал акчаларды мен иштетишим керек. Мен ал акчаларга кантип жетишүүм керек тууралуу планым болуш керек. Мен ал планды түзөөрүм менен ишке киришүүм керек."
2. Бул программаңызды ар күнү -- эртең менен да, кечинде да -- өзүңүз каалаган суммадагы акча колго тиймейинче кайталай бериңиз.
3. Бул программаңыз жазылган баракты ар дайым көрүп туруш үчүн көрүнүктүү жерге илип коюңуз. Эсиңизде болсун - адам өзүнө өзү ишенгенде гана ал аң-сезимдерин башкара алат. Аң-сезим "жан дилден" берилген буйрукка гана баш ийерин унутпаңыз. Ишеним-адамдагы бардык сезимдердин эң күчтүүсү жана натыйжалуусу. Ошондуктан ИШЕНИМГЕ байланыштуу айтылган сунуштарды да кыя кетирбегиле.
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??