Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Белгилүү жана белгисиз
адамдардын жоруктарынан

Орозбектен
ойноок
кеп
ЖЕБЕШ КЕРЕК
Эки дос чабышып, кайра "100" грамм менен табышып олтуруп сырдашып калышты.
- …Мен сага күйгөндүктөн ошентип айтып жатсам эле, сен "иттин тезегин жебе" деп жибербедиңби? Аны укканда ачуум келип кетип, кантип муш көтөргөнүмдү өзүм да билбей калдым, дос.
- "Жебе" деп мен сага күйгөнүмдөн айтпадымбы. Сен ошону түшүнбөй эле… Эгер "же" дегенимде, анан мушташсаң жарашат болчу.
ХХХ
Райборбордо жашаган эжемдин үйүнө келип калгам.
Кечке маал мен жата турган төшөк керебетке салыныптыр. Шейшептери тим эле аппак. Куда кааласа, денемдин кирлери ага жугат, татынакай болуп.
Эми гана чечине баштагам.
Аңгыча 4-5 жашар жээним:
- Ай-ийи, таяке, денелейиниш неге мынча кап-кая? Таптакый жуунбайт окшойшуш, ээ?- дебеспи.
Мен уялганымдан жата калуу үчүн төшөктү көздөй шаша жүткүндүм эле, бирок тиземе чейин шыпырылган шымыма чалынып жыгылып, керебеттин кырын "та-арс" эттире сүзүп алдым. Анан көздөрүмдөн от чагылышып, эстен тана жатып калдым.
Бир оокумда эсиме келсем, айылыбызга мончо курдуруп бергенге жарабаган депутатыбызды эжем каргап отуруптур.
ХХХ
Элүү жашка чыккыча үйсүз жүргөн бир бечара жаш сулууну жактырып калып, ага жүрөгүн кантип сууруп берээрин билбей, мындай деди:
- Ак үйдү сатып берейинби?

ХХХ
Ачууланган министр:
- Мындан ары мамлекеттин бир да тыйынын жебей коём, - деди эле, муну уккан аялы коркуп кетип "приступ" болуп калды.
ХХХ
Күрөш боюнча дүйнөнүн чемпионатын ачып жаткан башкы калыс биринчилик үчүн өтө баалуу сыйлык белгиленгенин айтты эле, кыргыз спортсмен ага кызыга кайрылды:
- Баардык атаандаштарынан тең жеңилген спортсменге да сыйлык бересиңерби?

ХХХ
Милиционерлер өтө кыраакылык кылышып, кылмышкерди колго түшүрө албай коюшту.
ХХХ
Ууру адам мындан бир жума илгери уурдап келген кунаажынын уурдатып жибергенин билдирип, райондук прокуратурага кайрылды. Анын шек санаганы - участкалык милиционер экен.

ХХХ
Жарыя:
Уурулук кылып, киши өлтүрүп, качып жүргөн кылмышкерлерди жолугушуу кечесине чакырабыз.

ХХХ
Атайын барматуха үчүн бекиткен акчасын аялы таап алгандыгына байланыштуу бөтөлкөлөшүбүзгө кайгыруу менен көңүл айтабыз,- деп алкаштар тобу.

КӨП КОЛДОНУЛГАН СӨЗДӨР:
1. Жок.
2. Жардам бериңиз.
3. Жардам бералбайм.
4. Түгөндү.
5. Товар.

АРХАИЗМГЕ АЙЛАНГАН СӨЗДӨР:
1. Арзанчылык.
2. Эмгек акы өз убагында берилет.
3. Курсак ток.
4. Малда чыгаша жок.
5. Уят - өлүмдөн катуу.
6. Капиталисттик өлкөлөрдүн байлары өтө жакыр турмушта жашашат.
7. Нан ооз тийиңиз.

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ
1. Үндүү тыбыш - күйөөсүнөн токмок жеп ыйлап жаткан аял.
2. Үнсүз тыбыш - тымызын былгытып койгон кыйтыр адам.
3. Каткалаң тыбыш - тайманбастан ата-энесине каяша айткан "баатыр" жигит.
4. Жумшак тыбыш - жетекчисинин алдында сүрдөп турган кызматчы.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«