Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ким экениңди бил, кыргыз!

Арсланхантегин Нурак (Абдрахманов)
Кылымдардын
кыйырынан кабар
(Башы өткөн сандарда)
Сапарбек уулу Тургунбектин тапшыруусунда Кыргыз Илимдер Академиясынын кол жазмалар корунда сакталып турган XIX кылымдын инсаны Балык ырчыдан калган санжыра мураста жана кепбилги аталардан уккан уламышта, өтө байыркы заманда кыргыздын Сафаршаа деген ханы болгон экен. Сафаршаанын инисинин ысымы Түркмөн экен (азыркы Түркмөн калкынын түп атасы ошол болушу мүмкүн).
Сафаршаадан - Алаш, Булаш, Бурут деген үч уул. Алаш өтө акылман, баатыр чыгып, айланадагы калктарды бүт багындырып, падыша болуп, инилерин ибир-шиберге хан дайындаптыр деп айтышаар эле.
Чыны менен жогорудагы улуу иштердин төркүнү Алаш хан атабыздын аброюна туура келип жаткандыгын көрөбүз. Анын айныксыз далили болуп Хуанхэ дарыясынын боюнда, Улуу Сепилдин түндүк тарабында кеңири Алаш чөлү (пустыня Алашань) жатат. Кытай тарых даректеринде б.э. II кылымында 100 жылга созулган Улуу Кургакчылыкка чейин Алаш талаасында Сулуухе, Данхе деген көлдөр токтоп, көптөгөн дарыялар агып тургандыгын жазышат. Бүгүн ал тарапта нойгут кыргыздары турактаган Лобнор көлү гана калды.
Ага кошумча, Энесай боюндагы кыргыздардын "Бурут" деген аталышы б.э. XVIII кылымдагы тарых жазмаларында учурайт. Анын анык дарегин дал ошол XVIII кылымдагы Сибирде Алексей Левшин деген орус офицери жазган. Ал маалымат боюнча, калмактардын Алтан хандыгы менен биргелешип орус аскерлери Бурут кыргыздарын Энесай боюнда кырып, кырылгандан калганын калмактар сүрүп "Андеджан менен Кашгардын тоолорунан ашыра" кууп салганын жазат. Ал кыргыздар Пакистандан Индияга чейин чачкын жайгашканын коммунисттердин "кулакчылык" саясатынан качып жүрүп көргөндүгүн Түркияда, Адана шаарында жашаган Закир Ажы айтат. Алардын калдыгы Бадахшаң, Мургаб, Памир тарапта турат.Тарых кабарлары билдиргендей, Булаш кыргыздары же "Ге гундар" динлилер менен бир этноско айланып үлгүргөн үчүн б.э. II кылымындагы Улуу кургакчылыкта Жапан жергесине кетиптир. Азыр Хоккайдо аралында турушат. Ошон үчүн андроновдук маанайдагы көрүстөн-коргондордун (орусча - "курганы") кийинки б.э. башталыш жылдарындагы этабы Жапаниядан Европага чейин жайылган экен. Себеби, кытай тарых даректери боюнча б.э. II кылымында Алтайдан башталган Улуу Кургакчылык жүз жылга созулуп, Орто Азияга чейин жетип, элдердин Улуу Көчкүнчүлүгү (Журт которуусу- "Великое Переселение Народов") башталган. Бүгүнкү Гоби, Алаш Шаң (Алашань), Такла Макан чөлдөрү ошол заманда пайда болгон экен. Ошол заманда Сибирдеги "Сяньби" аталган түрк элдери Кытайдын түндүк тарабына жапырык салып, басып кирген. Алардын башында тубалыктардын түп атасы болгон "Бей" кыргыздары турган.
Ага далил болуп Кытайдын түндүк тарабында Бейжин, Аңшаң, Таңшаң деп кыргызча аталган ири шаарлар бүгүн да турат. Себеби, жогорудагы тайпалык аталыштар хундардын бутактары экендиги кытай тарых даректеринде кеңири тастыкталган. Хундардын кубаттуу тайпалары катары тарыхта даңазаланган "Суйбудан", "Лан" аталган уруулар Жапания (Япония) жергесине чейин кирип кеткенин жапандык окумуштуу Ч. М. Таксами жазган. Анын далили катары япониялыктар өзүлөрүн биздин тилде "Жапан" деп атап, Жапан тили Алтай тилдеринин тобуна кирерин, өзүлөрү Жапания жергесине Алтайдан ооп баргандыгын айтышат. Ошентип Алашхан атабыздын төрт уулунан таркаган тайпалар II кылымда бизден бөлүнүп калган.
Улуу Сепилдин боюнда "Пустыня Алашань" турганда Алашхан атабызды тана албайбыз. "Манас" дастанында Манас атабыздын эли дагы Алаш тукуму экендиги айтылат. Казак боордошторубуз "Алты Алаш" деген айтым сөздү бүгүн да ооздорунан түшүрбөйт. Себеби, Алашхандын улуу баласы Кайсак экендиги бизде да айтылат. Демек, Алашхан атабыздын алты уулу болгондугу чын. Жогорудагы тайпалык аталыштар Алашхан атабыздын уулдарынын ысымы болгон үчүн алардын урпактары өз аталарынын ысымынан аталып калгандыгы чындыкка ылайык. Өзгөчө Бей жана Хан тайпалары азыркы Кытай жергесинде тургандыгына Бейжин шаары күбө болуп турат. Себеби, ал Улуу Көчкүнчүлүк (Великое Переселение Народов) заманынан мурда Кытай тарых даректеринде Бейжин шаары жөнүндө кабар жок. Демек, аталышына ылайык ал Бейжин шаарын Бей кыргыздары курган.
II кылымдагы кургакчылыкта Алашхандын улуу баласы Кайсактан таркаган азыркы Казак тайпасы Орто Азияда калып, согушчандык азабынан бардык туугандарынан бөлүнүп калган Алашхандын экинчи уулу Коён хандын урпактары (биздин аталар) Европага кетиптир. Ал жөнүндө ошол заманда азыркы Россиянын түшүтүк тарабында жашаган Дионский, Периегед, Амиян Марцелин деген жылнаамачылар "Чыгыш тараптан миллион чамалуу эл - гундар келди" деп жазган маалыматтары сакталып калган.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??