Абдылдажан Акматалиев:
"Тазалануу - бул Абийир"
А 7-апрелге чейин кайда жүрдү?! 7-апрель болбосо элдин мүлкүн, каражатын кайтарып берет беле?! Төлөп, кайтарып берген күндө да мыйзам алдында жооп бериштери керек. Анан айрымдары ажылыкка барып "тазаланам" - деп жатышат.


- Мына, башыбыздан эки революция өттү деп жатабыз. Сиз революциянын маанисин кандайча түшүнөсүз?
- Революция деп атоо үчүн эң биринчиден коомдук система өзгөрүшү керек. Экинчиден, революциянын экинчи максаты элдин мүдөөсүнө шайкеш келүүсү зарыл. Бир жылдан бери ушул нукта келе жатканыбыз мени кубантат. "Туулганына эмес, тураарына сүйүн" дегендей, эл жашоосу жакшы болсо болду. Революциянын жемишин мурдагыдай уурдатып жибербесек эле болду. Аны ким кайтарышы керек?! Эптеп күнүн көрүп жаткан элби, же май талканда жүргөн, көзүн май баскан чиновниктерби?! Менин оюмча, таза бийлик гана!
- 7-апрелде Сиз кайда болдуңуз? Кандай кабыл алдыңыз?
- 7-апрелде Мукасов, Исмаилов деген кызматкерлер менен бирге Ак үй тарапка бардык. Биз Сокулук тараптан келген жаштардын катарына кошулдук, кечке чейин жүрдүк. Эртеси да, кийин да Ала-Тоо аянтына барып, окуянын өзөгүндө болуп жаттык. Улуттук символубуздун бири - Туубуздун сакталып турушуна камкордук кылганыбызды ошондогу шаардык комендант, азыркы ЖКнын депутаты Турат Мадылбеков, азыркы Тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков, азыркы мүлк министри Диар Кененбаев, журналист Каныбек Абдыкадыровдор жакшы билишет.
- Ленин атабыз айткандай, "Коомдо жашап туруп, коомдон четте туруу мүмкүн эмес". Сиздин пикириңиз кандай?
- Саясатка аралашпасак болот эле. Бүгүнкү күндө саясатка аралашпай, саясаттан четте туруу болбой калды. Саясаттын өзү ар бир адамды магниттей тартып алып жатат. Саясатка карата ар бир атуул өзүнүн жеке пикирин, көз карашын билдирет. Мына ушунун өзү саясат эмеспи! Азыркы учурда саясат дегениңдин деңгээли түшүп, төмөндөп, майдаланып кетти. Чоң, масштабдуу өкмөттүк, коомдук саясат менен жеке, пендечилик саясат аралашып калды. Ушул тапта бардык жерде жазгы жаандан чыккан козу карындай жайнап чыккан саясат дегениң чырмоок сымал чырмап алды. Эки жүздүүлүк, кошоматчылык көбөйдү. Саясатчылык кылуу шылуундукка айланды. Бүгүн бирди айтып, эртең бирди айтышат. "Эмне болду?" - десең саясат ушундай болуп калды дешет. Абийирибизди, ар-намысыбызды, адамкерчилигибизди, позициябызды саясатка тебелетип отурабыз. Бизди пионер, комсомол, партия тарбиялаган. Анда саясат бир беткей болчу жана анын деңгээли бийик, жогору эле. Таза саясат болчу. Саясатта жүргөндөрдү сыйлоочубуз. Азыр саясатчылык кылуу ар бирибиздин жан дүйнөбүзгө кирип алды, аң-сезимибизди бурду, психологиябызды өзгөрттү, рухубузду талкалады. Мен кийинки мезгилде ушундай түшүнүп калдым, саясатчылык кылуу дегендик - бүгүнкү күндүн маңкуртчулугу. "Маңкурт" деген терминди Айтматов киргизсе да, анын жаңы түрлөрү заманга ылайык чыгып жатат. "Бийлигинен сөөмөйлөрүн чычайтып, кыйынмын, дейт азыркынын маңкурту". Ушул оюмду мындайча улаган элем:
Маңкурт болсо Сиздин жалгыз Жоламан,
Маңкурт азыр каптап барат - аламан.
Келген өңдүү маңкурттардын заманы, -
Маңкурт бийлейт - караламан, калайман.
- Саясатты жазбаган акын акын эмес да. Акындар бардык нерсени жүрөгү менен кабыл алат да...
- Акын болуунун өзү кыйын. Саясат темасына атайы кайрылбасам да, саясий оюндарга, коомдогу ыплас иштерге карата көз карашымды билдирген саптарым бир топ эле. Анын баары Чыңгыз Айтматовго арналган ырларымдын контекстинде ачык-айкын эле байкалып турат.
"Меймандар да суроо салат кадала,
Неге кетти Президент шашыла.
Кана Премьер, кана спикер, шаар мэри,
Үйлөрүндө жаткан беле жашына - деп Чыңгыз агайдын 80 жылдык торколуу тоюна маңкурт чоңдорубуз келбей койгондо 2008-жылы жазган элем. Ал эми борборубуздагы Ала-Тоо аянтына "Манас" эпосундагы терс каармандардын эстелигин коюшканда Айтматовдун арбагынын алдына атайы барып, 2009-жылы минтип жазган элем:
Манасты биз басып бердик тайманбай,
Коюп салдык Коңур, Жолой жалтанбай.
Сыймыктанып, сыйлуу конок, мейманга,
Колун жаңсап сүйлөп жатат дардаңбай.
Мен ошол кездеги бийлик башкаруучулардын портреттерин берейин деген элем.
- Саясатта туруктуулук болушу зарыл эмеспи. Саясатты бузулган аял менен салыштырып жүрүшпөйбү?
- Өз көз карашыңды, позицияңды коргошуң керек. Бирок анын негизинде Абийир, Чындык, Акыйкат, Калыстык турбаса болбойт. Биз көбүбүз пендечилик, көралбастык кылып, аппак болуп калдайып турган Абийирди, Чындыкты, Акыйкатты, Калыстыкты көрө албай, аны кайра капкара боёк менен боёп, жасаган тескери ишибизге маашырланып турабыз го чиркин! Мени дайым ушул ой бушайман кылат. Анан ойлоп кетем, Айтматов бекеринен "Кассандра тамгасы" романын жазбаган экен деп. Чыңгыз агай да адамзаттын тазалыгы үчүн жан дили менен күйүп, күрөшүп келген тура! Медицинанын күчү жетип, коомчулукка, элге зыян алып келе турган, сасык саясатчы боло турган эмбриондордон адамзат кутулаар учур келээрине ишенип туралы. Ошондо коррупционерлер, уурдагандар, алдагандар, бандиттер, хулигандар, шылуундар түп тамырынан бери жок болуп, Чыңгыз агай койгон "Канткенде Адам уулу Адам болот?" - деген түбөлүктүү суроонун жообу чечилип калаар...
- Саясатчылар жыдышса деле болбой эле саясатка кайра жин ургандай киришип жатышпайбы?
- Азыркы "саясатчымын" дегендер тазаланышы керек. "Тазалануу" дегенди кээ бирөөлөр мурда элден жеген карызын төлөө, кутулуу деп бир беткей, үстүртөдөн түшүнүп жүрүшөт. Таптакыр андай эмес. Мыйзам боюнча ансыз деле элден жегенин кайтарып бериши керек. Кийинки кездерде басма сөздөрдө кимдир бирөө 7-апрелден кийин эле акчасын төлөп берсе эле аны мактап, жактап, баатыр кылып көрсөткөн макалалар жарык көрүп калып жатат. А 7-апрелге чейин кайда жүрдү?! 7-апрель болбосо элдин мүлкүн, каражатын кайтарып берет беле?! Төлөп, кайтарып берген күндө да мыйзам алдында жооп бериштери керек. Анан айрымдары ажылыкка барып "тазаланам" - деп жатышат. Баруудан мурун бул жактан абийири тазаланып, кудай алдында таза баруусу керек. "Ажы" болдум эми деп, мурдагы кемчиликтерин моюнга алышпайт, андай болсо баарыбыз эле "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп", Араб өлкөсүнө барып күнөөбүздү жууп келсек болот экен да? "Тазалануу" деген эл алдында, үй-бүлө алдында, абийир алдында жоопкерчиликти сезип, элдин жыргалчылыгы үчүн өз кызыкчылыгын ойлобой эмгектенүү эмеспи?!
- Саясатта жүргөн досторуңуз барбы, мамилеңиз кандай?!
- Бир кезекте бирге жүргөн досторум чоң саясатка барып келишти, айрымдары азыр да ошол жакта жүрүшөт. Менин байкаганым, саясат адамды өзгөртөт экен. Бир кезде бир сындырым нанды бөлүп, жеп жүргөн досторумдун кабылдоосуна "убакыты жоктугунан улам" кире албай калган учурлар болгон. Бирок, мен алардан бийлик же байлык сураганы барайын дегеним жок. Адабиятыбыз, маданиятыбыз, тилибиздин көйгөйлүү маселелери тууралуу ойлорумду ортого салайын дечүмүн. Ушундан улам болсо керек, "Достор бүгүн достор эмес баягы, көрүнбөйт го көлөкөсү, карааны..." деген көлөмдүү ыр саптарымды жазгам. Балким, окушкандыр, балким окушпагандыр, бирок мен Жан дүйнөмдө бугумду чыгарып алгам. Таарынычым деле жок. Кызматтарынан кеткенден кийин кайра катарга кошулуп жатышат.
- Аягында сураарым, саясат илимге кандай таасир тийгизет?
- Коомдук илимдер көбүнчө саясаттын курмандыгы болушат. Анткени, саясат бат өзгөрүп кетсе, ал кайра жаңыдан баштоосу, түптөлүшү зарыл. Саясат кайык болсо, коомдук илимдер анын айдоочу калагы десем орой салыштыруу болбос. Коомдук илимдер аркылуу саясат өзүнүн идеологиясын жүргүзөт. Бирок саясат илимге минип албашы керек.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА