Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Элдин ырыскысы элге
Чыныгы патриот, "элим, жерим!" деп төш каккан эр-азаматтар Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулуп Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районуна караштуу Тамга айылында элдик чоң жыйын өткөрүштү. Жыйында Улуттун байлыгы болгон тоо-кен маселесин көтөрүп, анын ичинен Кум-Төр компаниясы боюнча чет элдик инвесторлор менен болгон мурдакы келишимдерди жокко чыгарып, люстрация кабыл алынды.

Ысык-Көлгө карай жол
- 25-мартта Бишкек шаарынан он беш чакты журналисттер жана Талас облусунан келген делегеаттар менен калаанын делегаттары биригип, бир автобус менен Ысык-Көлдө көздөй сапар алдык. Делегаттардын көпчүлүгү мындай иш чараны кимдер уюштуруп атышкандыгы жөнүндө маалыматтары жок экен. Болгону булардын баарын Самат Алиев аттуу адам жетектеп баратты. Делегаттардын арасында партиялар, уюмдар жана жаштардын ар кандай кыймылдарынын өкүлдөрү бар эле. Автобусту жалдаганга, делегаттарга жолдон суу алып берип, көлгө кире бериштеги "Кут" кафесинен тамак алып берүүгө кимдер каражат бөлгөнү ал күнү баарыбызга табышмак болуп турду.

Өкмөт эмнеден коркту?
Элдик жыйындын уюштуруучусу катары өздөрүн тааныштырган Жекшенбек Шамыралиев менен Самат Алиевдер Кыргызстандын булуң-бурчунан келчү делегаттарды камсыздоо аракетинде бир жума мурун даярдыктарды көрүшүп, аны менен катар жергиликтүү пансионат, клубдарды камдап коюшкан. Так делегаттар бараар күнү саат экиде пансионатты Коргоо министрлигинин кызматкерлери кайтарууга алышкан. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери да, "Кумтөрдү" коргоо үчүн чогулуп калышкандыгы айтылып жүрөт. Коргоо министрлигине жогору жактан буйрук берилгендигин белгилөө болуп калгандыгын айтышып, баш чайкаган эле адамдар. "Өз кен байлыгыбызды башка улуттарга тарттырып, улутташтыруу маселесин көтөрүп жүргөн эр- азаматтарга бут тоскон биздин бийлик аман эле болсун!" дешип аксакалдар күбүрөнүп турушту.

Коркоктугу жанда жок губернатор
Ансыз деле жаңы губернатор болуп келгенде, ага каршы чыккан көлдүктөрдүн сүрүнөн коркуп калган Нурдин Абдылдаев делегаттардын чогулуп баратканын алыстан угуп, үйүнө кире качыптыр. Жети-Өгүздүн эли бул тууралуу бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт.

Кайда барсаң да Мамайдын көрү
Жыйындын башталышында Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү пайда болуп калгандыгы айрымдарды таң калтырса, айрымдарын таң калтырган жок. "Ар-Намыс" партиясынын эки өкүлү, "Ата-Мекен" партиясынан да эки өкүлү келип катышышты. Баарынан кызыгы, "Ата-Мекен" партиясынын депутаты Карганбек Самаков зал толтура элдин көзүнчө, өзүн ушул иш чараны уюштуруучу катары тааныштырган Жекшенбек Шамыралиевге 100 миң сом берип, делегаттардын ичкен-жегенине, келип-кеткен жолуна деп колуна кармата салды. Так ушул жерден көпчүлүк элдин маанайы түшүп, кайда барба мамайдын көрү деп терең үшкүрүп кала беришти. Көрсө, элдин талуу жерин байкап туруп колдоо көрсөтүп коюуга адистешип калган "Ата-Мекен" партиясы көнгөн адатынан кала элек экен. Колдоосуна чоң рахмат! А бирок, мурун-кийин бул маселени көтөрүп чыкпаган эл өкүлдөрү, элдин башы биригип, бир жеңден кол чыгарып баштаганда айгай салып чыккандары таңгалыштуу көрүнүш болуп калды.

100 миң сом көрө элек Самат Алиев
Карганбек Самаков берген 100 миң сомду Жекшенбек Шамыралиев менен Самат Алиевдер бөлүшүп алгандыгы депутат К.Самаков аларга бергенде эле белгилүү болгон. Самат Алиев колуна канча акча алгандыгы белгисиз, бирок, Бишкектен барган делегаттарды Тамга айылына таштаган бойдон көздөн кайым болуп кеткени баарыбыздын оозубузду Ошту каратып койду. Ал тургай бизди алып барган автобустун айдоочусунун акысын да төлөбөптүр. Бизди өз үйүнө коноктогон Жекшенбек мырза айдоочулардын акысын төлөп, анан бизди узатып жиберди. Эл үчүн күйүп, эл деп чуркап жүргөн Саматтын мындай жоругунан кийин анын чыныгы жүзү 100 миң сомдун арты менен ачылып калды көрүнөт.

Талаштан тактык жаралат
Аталган эл өкүлдөрү жыйын аягына чыга электе эле кетип калышкандыгы аларга бул маселенин эмне менен аяктаары кызыксыз экени даана көрүнүп калды да, аларсыз эле эл өзү талаш-тартыш менен люстрация кабыл алып жиберишти.

Салмоорбек Дыйканов,
"Асаба" кайра жаралуу партиясынын төрагасы:
- Кумтөр компаниясы кыргыз элин жана мамлекетти көз көрүнө тоноо болуп эсептелет. Негизи, бул Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортодогу келишми эмес, факт боюнча митайым А.Акаев менен 2-3 чет элдик адамдардын ортосундагы мекеме, же болбосо тагыраак айтканда уюм болгон. Андан кийин Бакиев менен баягы эле 2-3 эл аралык аферисттердин ортосундагы келишимдерге айланды. "Центерра Голд" компаниясын ошол эле "Кумтөр оперейтинг Компани" дегенди түзгөн шылуун шүмшүктөр ойлоп чыгарган. Эл аралык аферисттер мындай методдорду илгертеден бери колдонуп, афера келишим түзгөн жагынан, мамлекет башчысын өз элин, өз жерин сатканга көндүргөнү боюнча абдан мыкты адистешкен чеберлер. Мен ойлойм, Кумтөр кен байлыгын чет элдик аферист инвесторлорго алдатпай, ишкананы жаап эле койгонубуз туура. А эгер келишимди туура түзүп, элдин пайдасына чечип беришсе бул башка кеп болот.

Сыргабек Молдобаев, Талас областтык революциялык комитеттин мүчөсү:
- Бул жыйынга мамлекеттин болгон бурчунан патриот адамдары катышып, кыргыздын эң башкы көйгөйлөрүнүн бири Кумтөр компаниясы тууралуу кеңешме өткөрүшкөндөрү эң туура. Бирок, ушунча көп уюмдарды, партияларды чогултуп отурбай эле, Жети-Өгүз, Тоң районунун элдери өздөрү эле маселени жайгаштырып койсо болмок. Эч кандай басып алуу же мародерлук жол менен эмес, мыйзам алкагында чечип койсо болот. 2007-жылы колдогу мүмкүнчүлүктү өткөрүп койгонбуз. Так ошол жылы чет элдик инвесторлор менен болгон мурдагы келишим бүтүп калган. Ошол маалдан пайдаланып, жолду бууп, эл жапырт көтөрүлүп койгондо, бүгүнкү күнгө чейин Кумтөр мамлекетибизге мурда болуп көрбөгөндөй киреше алып келмек. Азыр болсо жөн гана инвесторлорду чакырып, шашылбай, жай отуруп алып кайрадан келишим түзүүгө макулдугун алышыбыз керек. "Биз мурунку келишимдерди тааныбайбыз. Ал келишимдер туура эмес түзүлгөн. Ал келишимдерге кол койгон адамдар бүгүн өлкөнүн душманы катары чет жерлерде баш калкалап жүрүшөт" деп так кесе айтып, аларды көндүрүшүбүз керек. Эгерде "кыңк, мыңк" дей турган болсо, "андай болбосо, ишкананы иштетпейбиз, Кумтөрдүн эшигин жабып, кете бергиле" деш керек. Бизге келчү башка инвесторлор толуп атат" деп айтышыбыз керек. Мындай сүйлөшүүгө мамлекеттик чечүүчү органдар чогуу катышыш керек. Эгерде президентибиз баш болуп, кыргыз эли жапырт көтөрүлүп, бир атанын балдарындай ынтымак түзө алышса, алар эч жакка качып кутула албайт.

Карганбек Самаков, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты:
- Кумтөргө Кыргызстан менен Камека мыйзамдын негизинде биргелешип ишкана түзүшкөн. Бул жерде түлкүдөй куулук кылган маселе жатат. Себеби, чет элдик ишканага же чет элдик ишкерлерге мамлекеттин макулдугу жок эч жерден насыя акчасы берилбейт. Кыргызстанга 67 пайызын берип, 33 пайызын өзүнө алып калып, анан канадалык инвесторлор мамлекеттин "гарантиясы менен 398 миллион доллар насия алып, долбоорду 250 миллион долларга бүтүрүшкөн. Бул компания толугу менен коррупцияга малынгандыгын так кесе айтсак болот. Эгерде Кумтөр кенин иштетип аткан инвесторлор биздин келишимге макул болбосо, иштетпей эле коюшсун. Бизге кен-байлык эмес, экологиянын тазалыгы керек.
2010-жылдын 24-декабрынан баштап демилгелүү топтун атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Р.О.Отунбаевага жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш. Атамбаевге 2011-жылдын 15-мартына чейин жети жолу өтүнүч каттарын, элдин талаптарын жөнөтүшкөн. А бирок, элдин талаптарын тоготуп койбогон өкмөт "Бээ" деп дагы "Төө" деп дагы жооп кайтара элек. Ал тургай, 2011-жылдын 13-январында Балыкчы шаарында "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын "перевалочная" базасынын оозунда митинг-пикети өткөрүлүп, ага 200дөн ашык адам катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын жер-жерлеринде: Нарында, Бишкекте, Таласта жана Аксы районунда 7000ден ашык адам катышкан митинг-пикеттер болуп, Кыргыз Республикасынын президентине, премьер-министрине жана Жогорку Кеңештин төрагасына талаптар коюлуп, кайрылуулар жөнөтүлгөн. 2011-жылдын 15-январында Жети-Өгүз районунун кесип өтүүчү кара жолунда "Кумтөр оперейтинг компаниясынын" унаа каражаттарынын ары-бери жүрүшүнө чектөө боюнча жол тосулуп, Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары аркылуу Кыргыз Республикасынын президентине, премьер министрине жана Жогорку Кеңештин төрагасына кошумча талаптар жөнөтүлгөн. Ушул эле жылдын 9-февралында 2009-жылдын 24-апрелиндеги кыргыз өкмөтү жана канадалык жеке ишканалар менен түзүлгөн "Кумтөр" боюнча башкы келишимди кайра карап чыгуу "Элдин ырыскысы элге" аттуу демилгечи тобунун талабын Жогорку Кеңештин Ата-Журт фракциясынын жыйынында каралып, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине андан ары талдоо максатында жөнөтүлгөн. Бирок ушу күнгө чейин аталган партия өз жыйынында карай элек жана эч кандай жооп боло элек.

Элдияр ЭЛЧИБЕК
Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«