кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

Үчүнчү революцияны абактагылар жасайбы?
Төрт күндөн бери бүтүндөй Республикадагы абактагылар ачкачылык кармап, түрмөлөрдүн ичине тамак-аш киргизилбей жатат. Учурда абактагылардын ата-энелери балдарынын эмне үчүн ачкачылык кармап жаткандыгын билип берүүнү талап кылып митингге чыгышууда. Бишкектеги №1 СИЗОнун алдына беш жүзгө жакын эл чогулуп, СИЗОдо балдарын спецназдар сабап, колу-бутун сындырып жаткандарын айтып, нааразычылык билдиришти. Ал эми СИЗОнун начальнигинин орун басары Дүйшөбаев чогулган элдин алдына чыгып "Мен эч нерсе билбейм. Сиздерден угуп жатам. Эмне үчүн ачкачылык кармап жаткандарын азыр кирип, абактагылардын өздөрүнөн сурайм. Тамак-ашты биз киргизбей жаткан жокпуз. Өздөрү албай жатышат" -деп алакан жайды. Ал эми СИЗОдо жаткан адамдар жакындарына телефон чалып, ИИМдин спецназдары кирип, ур-токмокко алып, колу-буттары сынганча токмоктоп жаткандарын билдиришкен. Ошондой эле абактагылардын тамак-ашынын сапаттары начарлап кеткендигин, анын натыйжасында кургак учук оорусу күч алып жаткандыгы да айтылууда. "Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей абактагылардын ачкачылыкка чыгуусу бир топ коркунуч жаратууда! Кечээ беш жүзгө жакын адам Ак үйдүн алдына келип, Президент Отунбаеванын эл алдына чыгуусун талап кылышты. Өкүнүчтүүсү элдин алдына Отунбаева эмес, андан башкасы да чыккан жок. Таңкы саат: 9:00дөн бери кезерип турган элди көрүп, өз элинин алдына чыгуудан качкан Ак үйдөгү билермандардын жоругуна таң калып, кечээги эле Бакиевдин бийлиги бир заматта көз алдыбызга элестеди. Элдин добушу менен келип, кресло кучактагандар бүгүн элди унутуп калышкандарына жол болсун… Неси болсо да абактагылардын укугу корголууга тийиш! Анткени ал жактагылардын баарысы кылмышкер эмес. Арасында жалган жалаа менен бейкүнөө жерден камалгандары да бар. Кандай болгон күндө да Отунбаева эжекебиз эски чокоюн унутпай, элдин талабына кулак төшөп койсо болоор эле. Болбосо бизге жеткен маалыматтар боюнча абактагылардын ачкачылык кармоосу уланып, бүгүн-эртең митингге чыккан элдин саны эки миңге жетиши мүмкүн. Мындан улам, Кыргызстандагы үчүнчү революцияны абактагылар жасайбы деген күмөндүү ойлор жаралууда.
Назгүл МАМЫТОВА




Профессионалдарга муктаждык
Өлкө дефолттун босогосунда кылтылдап турганы жашыруун деле болбой калды. Экономика сыркоого чалдыкканы белгилүү. Чынын айтканда улуттук экономиканын мал болуп кетээри деле арсар. 2011-жыл үчүн кабыл алынган бюджеттин дефецити, мисалы, 21 миллиард сомду түзөт. Бюджет дефецитинин 60% ти кредиттердин эсебинен жабылып жатканы жашыруун эмес. Тышкы карыз астрономиялык чекке жетти: азыр ал 2 млрд. 642 млн. долларга ( б.а.125 млрд. сомго) барабар. Бул цифра өлкөнүн ички дүң продукциясынын 55% тин түзөт дегендикти билдирет. Тышкы карызды төлөө милдети моюнга илинген зылдын ташындай болгон жүккө айланган. Өлкө 2011-жылдын аралыгында эле тышкы карыздан кутулуу үчүн бюджеттен 4 млрд. 303 млн. сом (анын ичинен 2 млрд. 229,86 млн. сому проценттик сүтү) каражат ушатууга аргасыз. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып финансылык-экономикалык кризиске азык-түлүк кризиси кошулду. Экономикалык тескөө министирлигинин (ЭТМ) маалыматына карап баксак орто эсеп менен алганда буудайдын наркы жылына 250% ке чейин кымбаттаганы, кумшекердин баасы 104-117% ке дейре көтөрүлгөнү, күрүч 90%ке, ал эми, өсүмдүк майы өлкөнүн айрым чөлкөмдөрүндө 160% ке чейин атырылып жогорулап кеткени айтылууда. Пияз 150-260% ке кымбаттап, картошканын баасы төрт эсеге жогорулады б.а. 8 сомдон сатылып келген "экинчи нан" бир жылдын ичинде 35 сомго чейин чаап чыкты дейт ЭТМ. Азык-түлүк продукциялардын баасынын көтөрүлүшү менен инфляция да ошончо деңгээлге өсөөрү, өлкө баш көтөртпөгөн инфляциялык кысымды баштан кечирүүгө туура келээри айтпаса да түшүнүктүү. Бир сөз менен айтканда алдыда өлкөдө ачкачылык толкундоолор болуп кетиши толук ыктымал.
"Экономикалык коллапстан чыгуунун жолу кандай, деги караңгыдан жетелеп алып чыгаар өкмөттө антикризистик программалык аракеттер байкалабы?" деген суроо туулат. Тилекке каршы, бийликтин азыркы жасап жаткан иш-аракеттери системдик мүнөзгө ээ эмес экендигине байланыштуу келечектен үмүт аз. Кризистен чыгуунун аргасын бийлик илгертеден бери келеткан А.Акаевдин, андан кийин К.Бакиевдин доорундагы схемалар менен иш алып баруудан б.а. эл аралык донорлорго өлүмтүгүн артып, тилемчилик кылуудан көрүп жатканын байкоого болот. Бийлик жедеп өнөкөт болуп калган оорусуна кайрылып кайра келди. Алакан жайып алып дүйнө кыдырып кайыр суроону адатка айландырып алганы көрүнөт. Эл аралык экономикалык карым-катнаштарды иликтеген аналитиктер постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен тыштан алган донордук жардамдын өлчөмү боюнча Кыргызстан биринчи орунда турганын эске алып, "кыргыз тилемчилиги" деген түшүнүктүн пайда болгонун күлкү кылып айта башташты.
(Уландысы 2-бетте)





Яндекс.Метрика