Орусия президенттикке Атамбаевди колдойбу?
"Ар-Намыс" оппозицияда "Ата Мекен" менен калып, коалициялык көпчүлүктү ыдыратуу планын иштеп чыга койгон. Бул аракети Россияга жакпай калган көрүнөт. Мурда Россиянын "Ар Намыс" партиясын колдой турганы айтылып келсе, Алмазбек Атамбаевдин кечээги сапарынан улам келерки президенттик шайлоодо Россия кимге басым жасаары анык болуп калды. Менимче, Россия алдыдагы ажолукка ат салышмайда Феликс Куловду эмес, Камчыбек Ташиевди же коалициялык өкмөттү утур-утур сындап жаткан Өмүрбек Текебаевди эмес, азыркы премьер Алмазбек Атамбаевди колдой тургандай. Муну ал жетектеген өкмөттү Владимир Путиндин бар жагынан колдоого алып жатканы каңкуулайт.


Өмүкенин өгүздөй күчү бар, бирок...
Атамбаевдин Россиядагы визитинин эң таттуу жемиши - коалициянын ыдырабай, сакталып калышы болду окшойт. Себеби, ага чейин: "Орус бийлиги кыргыз делегациясын жаш баладай тилдеп жолго салат экен. Андыктан, Атамбаев эч бир маселени чече албайт. Бул коалициянын урашын шарттайт" деген пикир айтылып аткан. Өздөн чыккан "жаттардын" тилеги таш каап, премьер-министр Владимир Путин азыркы өкмөт менен гана кызматташууну улантарын билдирди.
Балким, Кремлдеги айрым фигуралар коалицияны кулатуучу күчтөрдү колдомоктур. Бирок, "уратуучулардын" арасында "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин болушу алардын купулуна толбогондой. Батыштан баштагыдай колдоо таппай, Россия менен мамилесин ого бетер сууткан Өмүкенин саясый карьерасы кайсы багытта өнүгөр экен? Сырткы күчтөр аз келгенсип, Текебаев мырзаны парламенттеги кесиптештери кодулап, саясат айдыңынан биротоло четтетүүнү көздөгөнү күн өткөн сайын байкалууда. Ал ортодо кээ бир маалымат каражаттары Өмүрбек Текебаев дайындаган кадрлар өлкө казынасынан миллиондорду уурдаганын жар салды. Мына ушуга окшогон көрүнүштөр "Ата-мекендин" төрагасынын беделин кетирип, президенттик шайлоого жеткирбей шайын оодарбас бекен?


Эшимканов жаңы майданда
Кыргыз маалымат майданында ушакка убайым жедиртип, тапандыкка так салган Мелис Эшимканов ушул кезде тынч отурбай тымызын массалык маалымат каражаттары менен иштешип жаткан кези. Ушактар укмуш эле болуп кетпедиби, буга Мелис мырзанын заслугасы да бар экен. Ушактарды жазган жагынан укмуш аталып кеткен жаңы чыккан "Аламан" сайты да ушул Мелис мырзанын ыргыткан маалыматтарына таянаары ачыктала баштады. Ырас алардын ишине ийгилик. Бирок, бир таң калганыбыз эч кандай артында куйрук ээрчибеген УТРКнын директору Кубат Оторбаевди бир эмес эки, үч жолу түрдүү сөздөр менен шыбап жиберди. Көрсө Эшимканов Кубат инисинин ордуна бармакка далалаты күч экен. Кубат менен Мелис мырзанын бир акырдан жем жешип калганын эске алсак, анда Кубат мырзада деле Эшимканов тууралуу жетиштүү маалыматтар болсо керек. Жашынан Кубатты сүзүп койгонбу тымпыйып унчукпайт. Ушул кезде анын бирден-бир аракети маалымат майданында түрдүү ушактардын башын кылтыйтып "Кой ай Меке, тынч эле отура берчи" деп жогору жактагылардын бирөөсү анын алдына ак уруп келип бир кызматты сунуштаса деген тилеги бар экени да байкалат. КТРде жүргөндө оозу майланышып калганбы, Мелис мырзанын негизги тилеги эптеп КТРди кайрадан колго алыш керек болуп жатыптыр. Азыркы КТР менен Эшимканов кездеги КТРдин айрымасы асман менен жердей дептү деп түкүрүнүп чыга тургандар четтен чыгат. Андыктан анын бул иши суу кечпей калды го! Бирок, саясатта да ишенип болбойт…


"Ак шумкар" партиясынын арымы ала салууда
"Ак шумкар" партиясы эмнеге парламенттик шайлоодо ийгиликке жетишпей калды? Лидери Темир Сариевдин кадыр баркы, саясий топтогон бедели Атамбаевден, Текебаевден деле кем эмес эле. Сыягы өз айланасына калк ичинде кадыры бар адамдарды топтой албай калды. "Бакиевдин камчысын чаап, ак жол деп ураалап жүргөндөр дал ошол "Ак шумкар" айланасына топтолду. Азыр деле ошолордун кесепети тийип жатса керек" дейт Таластан Аксуубай аксакал. Мунун да жөндүү жагы бардыр. Айта турган кеп анда эмес. Акшумкарчылар ушул кезде коалициянын ыдырап кетишине аябагандай аракеттерди көрүп жатыптыр деген да сөздөр тарап жаткан кези. Атамбаев менен Куловдун сүйлөшүп "Ак шумкар", "Замандаш", "Акыйкат", "Мекен ынтымагы" партияларын колго алып президенттик шайлоодо баарыбыз бирге аттаналы деген тилеги ишке ашпай жатканына караганда аталган партиялар тарабынан ачык эле колдоо болбосо керек. Бир кезде Атамбаев акшумкарчылардын кээ бирине "Ак жол" партиясына акча чачкан акжолчуларды каматам" деп катуу чамынып барып бир токтогон. Мүмкүн Атамбаевге алардын да таасири тийип жатса керек. Укканыбызга караганда Атамбаевдин азыр аларга ичи чыкпай жаткандай түр берет. Эгер Атамбаев бийлигин дагы бекемдеп алса алардын арасына ар түрдүү мышык аралатып четинен чемичке чаккандай жоготоору бештен белгилүү. Ал эми акшумкарчы ак жолчулардын былыктары менен элге кылган кыянаттыгын биз да санабайлы, санасак, элге эмгеги сиңген Темикебизди тептирип алабыз.


Жылыш бар, жыргаар бекенбиз?
Убактылуу токтоп калган "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу кудай буюрса кайра башталмай болду. Россия менен Кыргызстандын өкмөт башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин " Камбар-Ата 1" дин курулушун Россиянын "ИнтерРАОЭС", Жогорку Нарын каскаддарын курууну "РусГидро" колго алган жатат. Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин айтымында, энергетика багытында Россиянын Кыргызстанга берүүчү инвестицияларынын көлөмү 3-4 милиард долларга чейин көбөйөт. "Камбарата" ГЭСин биргелешип куруу маселеси мурдагы бийликтин тушунда эле каралып, Россия бул максатка 1,7 миллиард доллар бөлмөй болгон. Аны мурунку бийликтин алешемдик саясатынан улам токтоп калган. Мына кудай буйруса көч ордунан козголгону жатат. Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу маселеси апрель айында, өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда каралат. Кыргыз саясаты ушинтип ишти жакшы баштап эле анан шаабйлары сууп, акча амалы менен алектенип калчу эле. Иш оңунан чыкса жыргаарбыз, иттик кылып баштасак куураарбыз.


Россиянын авансынан кол жууган Кулов
Россиянын "Ата-мекен" партиясына болгон мамилеси начар экендиги парламенттик шайлоодо даана байкалган. Ага салыштырмалуу, "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов орус президенти Дмитрий Медведевге жолугуп, жылуу пикир алышкан. "Карт бөрү" саналган саясатчыны кайсы "кара теке" сүзгөнү белгисиз, "Ата-мекен", "Ата-журт" менен биргеликте коалицияны ыдыратуу планын иштеп чыга коюшту. Анын кесепетин "темир генерал" өзү гана тартмакчы. Алган багытынан тайган, ким менен алака курушту алигиче түшүнө элек киши менен кызматташууну үлкөн держава каалайбы? Жок. Демек, "ар-намысчы" саясаты Кремлдин ишениминен чыкты десек жарашабы? Феликс мырза президенттик шайлоодон үмүт үзгөн. Азыр болсо премьер-министр болом деп жанталашып жаткан убагы. Ал үчүн түштүктөн бирөөгө Президент болууга шарт түзүп беребиз деген аракеттери да бар. Бирок премьер-министр болуу үчүн мыйзам боюнча кыргыз тилин билүү керек да. Эне тилди Эшимкановдун оозу менен дайым эле сүйлөй берем деп ойлойбу ал киши...