АЧКА КАЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?
Агрардык мамлекетте жашап жатканыбыз менен ачка калуу коркунучу турганын кантип жашырабыз. Деги эле өлкөбүздө мындай кыйын кырдаалдын түзүлүп калуунун себеби эмнеде деп иликтеп көрүүнү туура таптык.
Биздеги ачка калуу коркунучунун эң негизги себеби: коомдун саясий-экономикалык структурасынын жоктугунда. Саясий структурабыз дүйнөлүк цивилизациянын демократиялык ийгиликтерине ылайыкташылып өнүгүп жаткандыгы менен өзүнүн экономикасына, экономикалык өнүгүшүнө ылайыкташа албай жаткандыгында. Тактап айтканда, бүгүнкү Кыргызстан дүйнөлүк цивилизациянын, тарыхтын өнүгүү жолундагы коомдук-экономикалык формацияларга таптакыр туура келбеген, дал келбеген коомдук-экономикалык формациянын өзүн-өзү актабаган өнүгүү жолунда бара жатат. /тышкы экономикалык жардамдарсыз өзүбүздүн экономикалык өнүгүүбүздү элестетип көрсөк/
М: алгачкы общиналык коомдо өндүрүшкө болгон өндүрүш мамилелеринин кызыгуусунун натыйжасындагы прогрессте кул ээлөөчүлүк коому пайда болгон. Кулдун эмгек өндүрүмдүүгүн арттыруу үчүн эркиндикке чыгаруу менен феодалдык коомдун пайдубалы түзүлгөн. Ал эми феодалдык коомдо болсо, өндүрүш мамилелеринин прогресске болгон тынымсыз аракеттеринен жана илимдин натыйжасында капитал доорунун өнүгүшү түзүлгөн.
Ушул позициядан, 20 жылдык эркин тарыхыбызды алып көрөлү. Бизде өндүрүшкө кызыктар өндүрүш мамилелери болдубу? Болгон жок. Тескерисинче, бизде отчет түрүндө гана жогорку бийликке кызмат кылганы менен өндүрүштү тормоздоого жөндөмдүү болгон өндүрүш мамилелери жашап келди. Бүгүнкү күндө бизде атын гана өзгөрткөн союздук диктатурага негизделген өндүрүш мамилелери жашап турат. Бул көрүнүш - жаңы доордун, жаңы коомдун өндүргүч күчтөрүн тормоздоодон башка прогресске жетелей албайт. Ал эми коом бул ооруудан кутулуу үчүн силкинүү /революция/ жасайт.
Дал ушундай шарттардын негизинде биздеги азык-түлүк коопсуздугун - зарылдыктан чыккан табигый көрүнүш эмес, системанын жоктугунан пайда болгон жасалма көрүнүш деп түшүнөмүн.
Системанын жоктугунан өндүрүшкө таптакыр кызыкдар эмес өндүрүш мамилелеринин жашап турушу, биздин коомубуздун эң негизги трагедиясы. Бул көрүнүш дайыма өнүгүүнүн эриш-аркагында өнүгүп келген /өндүргүч күчтөр, өндүрүштүк мамилелер/ дүйнөлүк цивилизацияга да "жаңы ачылыштардын" бири болсо керек эле. Ал эми биз үчүн тарыхый өзгөчөлүктөрүбүздөгү кемчиликтерибиздей сезилет.
Бүгүнкү күндө биз кубанып, дүйнө таанып олтурган саясий атаандаштыкка негизделген элдик парламентибиз, бул "олчойгон өндүрүш мамилелерин" реформалоого эмес, өз колуна алууга атаандаштык кылып жаткандай көрүнөт. Эгерде бул өндүрүш мамилелери миллиондогон дыйкандардан турган агрардык мамлекет үчүн заман талабына ылайыкташа реформаланбаса, азык-түлүк коопсуздугунан кутула албайбыз, сууга зар болгон суудагы балыктай эле болуп. Биз ичтен реформаланбай туруп тышкы жардамдар, акыл-эс ийгиликтерин үйрөнүү менен өнүгүп кетүүбүз өтө эле оор болсо керек. Себеби, миллиондордун эмгегин соруп бара жаткан жулунган, эки жүздүү акча доорун ички акыл-эс гана ооздуктай алат /реформалар аркылуу/.
Ошондуктан, урматтуу Парламент!
Элдин курсагынын токтугу, мамлекетине болгон ишеними сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр менен тыгыз байланыштуу.
Осмонбек
КӨЧӨРАЛИЕВ.




Рысбек САЛБАРОВ ОшМУнун филология факультетин аяктаган. Бир нече жыл кыргыз тили жана адабиятынан мугалим болуп, андан кийин журналистика тармагына өткөн. Сузак райондук газетасында башкы редактор, Ош телерадиосунда, кийин Жалал-Абад телерадиосунда редактор болуп иштеп келген. Адабий чөйрө аны акын катары таанып келген болсо, "Ашуудагы издер" повести анын калеми төшөлүп калган прозаик экендигин да көрсөттү. Акындын 60 жылдыгына карата жарык көргөн "Өмүр балладасы" ырлар жыйнагынан алынган бул ырлар анын эбак калыптанып калган акын экендигинен кабар берет.


АЛА-ТООМ
Карап турсам: көзгө сүйкүм чар тарап,
Көбүк бүркүп көк ирим көл чайпалат.
Чокулары ак булутту жазданып,
Көрктүү тоолор көктү тиреп чалкаят.
...Канат байлап, кайратымды ченесем,
Жымыңдаган жылдызыңа теңдешем.
Кылымдардан мекен болгон кыргызга,
Кең Ала Тоом - буурул чачтуу энекем!
***
КАЛМАК-КЫРЧЫН
Көз артып жер көркүнө далай кылым,
Тарытып тоолуктардын Ата Журтун.
Жуңгарлар тартып алмак болушканда,
Курманбек салган экен кандуу кыргын.
Жеңилип мизи кайткан сапарында,
Дөлөн хан кайра артына качаарында.
Душмандын канын көксөп, жанын көксөп,
Тоолорго чөгүп күндүн батаарында..,
Жуңгардын колун бүтүн кырып такыр,
Экинчи жолотпоско берип антын.
Артынан сая түшүп биротоло,
Атынан оозун буруп кайран баатыр..,
Тыптыйпыл бүлүктү эми салаарында,
Кетпес кек, өчпөс өчтү алаарында
Кош-Аңдан бели үзүлүп Койкүрөңдүн,
Жөө калды жөндөй албай жарагын да...
Айла жок. Аттиң, аттиң! Арман дүйнө,
Аз берген жакшы өмүрдү жалган дүйнө!
Артынан найза уруп кыйды Дөлөн,
Амал менен баатырды салды көйгө.
Курманбек эң акыркы салган кыргын,
Аталып майдан талаа -Калмак-Кыргын,
Баатырдын сөөгү жаткан элет айыл,
Айтылат андан улам Калмак-Кырчын.
Талаанын күн батыш жак тарабында,
Көк-Арттын күнгө беттеш алабында.
Досу Аккан күмбөз салып кызыл кыштан,
Жашырган сөөгүн, жабдык-жарагын да...
Ыйык деп көп кылымдар корулган жер,
Казанасы уук бою оюлган жер.
Жер менен жексен болуп баратканда,
Баатырдын сөөгү аруулап коюлган жер..,
Көк теңирдин жаркыган күнү тийип,
Күнкорсуз мекенимдин нуру тийип.
Ордуна орноду азыр жаңы күмбөз,
Баатырга урпактардын сыйы тийип.
...Алла-Эгем аткарсын! Деп, үмүттөрүн,
Ар күнү алкап баатыр жигиттерин.
Арбагы элин коргоп жатат баатыр,
Алыстан тыңшап күлүк дүбүрттөрүн...

ЖАЗЫМ,КЕЛЧИ
Кубатын эңсеп табыңдын,
Кусадар болуп сабылдым.
Кечикпей келчи жадырап,
Кутманым жазым, сагындым.
Кайгыга батып жан серек,
Кайыгып турат тал-терек.
Канатын жайып кештелүү,
Кайтчы эми жазым эртерээк.
Түшүндө гүлдөр, саймалар...
Түнөрөт бакта алмалар.
Дүмүрдү ышкоо чокулайт,
Түйтөйгөн жүдөө каргалар.
Келишип тиштин кетиги,
Кепканын боосу чечилүү.
Кейиштүү карайт бир тентек,
Кейрийген жыртык өтүгүн.
Таба албай күндүк үлүшүн,
Жаз бийлеп жаркын үмүтүн.
Таруусун эстейт кашаада,
Таранчы конгон бүрүшүп.
Баарына сенсиң эң керек,
Баарлуу кубат, дем керек.
Жан берип табиятыма,
Жашыл жаз, келчи эртерээк!