кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

Премьердин логикасы деле кынтыксыз эмес
К.Ташиев башында турган "Ата-Журт" фракциясынын ичинен өзүнчө бөлүнүп чыккан он тогуз депутаттын он пункттан турган талабын премьер-министр А.Атамбаев негизинен конструктивдүү деп тапканын жооп катында белгиледи. Төтөн, өкмөткө профессионалдык камылгасы жетиштүү адамдардын келиши жөнүндөгү жобо катуу жагып калгандыгын атайы бөлүп көргөзөт премьер өз катында. Бирок, ошол эле учурда он тогуз менен макул болбогон жагдайлар бар экенин да жашырбайт. А.Атамбаев он тогуздун талабы менен келише албаган жагдайды төмөнкүдөй мүнөздөдү: "Ошол эле учурда Сиздердин катыңыздардагы көрсөтүлгөн айрым сунуштарыңыз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормасы менен иштеп жаткан мыйзамдарына кайчылаш келгендигине байланыштуу логикага сыя бербейт деп эсептейм-деп жазат премьер министр. -Бул маселе Жогорку Кеңеште мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен чечилиши зарыл".
А.Атамбаевдин жооп каты жарыялангандан кийин "Азаттык" радиосу сөз кайсы сунуштар жөнүндө жүрүп жатканы элге белгисиз бойдон калганын белгиледи. Аңкүдүк аттыра турган учурлар ырасында эле бар. Маселенин башын ачуу үчүн "Жогорку Кеңеште мыйзамдарды өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен чечилиши керектиги" жөнүндөгү премьердин айткандарында талап "Ата-Журт" фракциясынын он тогуз депутатынын гана демилгеси менен көтөрүлгөнүн, ал эми, парламент 120 депутаттардан туруп, ошол он тогуздун, атүгүл "Ата-Журт" депутаттык тобунун, ошондой эле КСДП менен "Республика" фракцияларынын эркине баш ийбестигин, алардан сырткары "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен" фракциялары бар экени эске алынбагандыгын байкоого болот. Мындан сырткары он тогуздун талабынын Конституциялык нормага кайчы келген учурларын жоюу үчүн Баш мыйзамга оңдоо киргизүү керекпи же "ташиевдердин" дооматына түзөтүү киргизүү зарылбы деген маселе башы ачылбай бүдөмүк калганын белгилөө зарыл. Кыскасы, А.Атамбаевдин сунушу, ачык айтканда, логикалык ой жүгүртүүнүн алкагынан чыккан үзүрлүү тыянак эместиги байкалбай койбойт. Ошентип, премьер-министрдин логикасынын кынтыгы жок деп айтуу кыйын. Бекеринен "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф.Кулов: "Парламент менен андагы иштин ал абалы А.Атамбаевдин же коалициялык көпчүлүктүн эркине эле баш ийбестигин, алардан тышкары парламенттик коалиция деген бар экени, анын саясый турмушка тийгизген таасиринен ажыратып коюу эртелик кылаарын" эскертип жатпагандыр.
Үсөн КАСЫБЕКОВ




Түштүктө 24-мартты майрам кылганына таң калышууда
Түштүк эли 24-мартты майрам катары кабылдаган бийликке таң калып бүтө алышпады. "Эки сүйлөгөн бийликтин эбин кимдер тапты. Кечээ эле Бакиевдин басып өткөн жолун жокко чыгарып койгон бүгүнкү бийлик сөзүнө турбайт тура. Деги азыркы бийлик айнып калгандан сообу" дешип сандарын чабышкандар да жок эмес. Бакиев бийликке келген күндү майрамдап калганына караганда чын эле бул бийлик да соо эмес окшобойбу… Ошентип эзелтен меймандос, касын дос кыла билген Ош эли көп нерсени калыс карап азыркы саясаттын тынч ыргакта өтүп, өткөн коогалаңдар элибизде болбосо экен деп тилек кылышат.

28-мартта Ошто жыландын башы кылтыят дейби?!
Ошто абал тынч эмес. Бийлик криминалдарга согуш ачып, алардын сары изине түшкөндөн бери түштүктүн криминалдары жөн жатышкан эмес. Алардын максаты Он-Адырдагы өзбектерди тазалоо. Ошентип эки элди кагылыштырып, бийликти колго алуу болуп саналат. Анткени, булардын артында Жаныш Бакиев тураары бештен белгилүү. Ошону менен бирге бул маалыматтан бийликтеги айрым адамдар да кабардар дешет. Алар дагы да болсо Жаныш Бакиевдин камчысын чаап жаткан убагы. 23нөн 24нө караган түнү Ошто Ак-Тилек конушунда абал тынч болгон жок. Түнкү саат: 3:00дөн саат: 4:00 ортосунда топтошкон адамдар ары-бери тынбай өтүп, бир нерсенин чыгышынан кабар берди. Негизи оштук криминалдар операцияны 24-март күнү баштамак экен. Айрым маалыматтарга караганда эми 28-март күнү жыландын башын кылтыйтышат көрүнөт. Неси болсо да чагымчылардын иш аракетинен сак бололу.






Яндекс.Метрика