Нооруз майрамыңыздар менен!

Жаңы Күндүн башталышы,
Жамы журттун карт тарыхы
Шаңга бөлөнгөн Нооруз майрамына карата Ала-Тоо аянтында чогулган элдин маанайы таң шооласындай жаркырап турду. Кичинекей бөбөктөрдөн тартып, сакалы касиеттин белгиси сымал жайкалган аксакал карыларга чейин кыргыздын каада-салтын кылып, сүмөлөк ооз тийип, жакшы каалоо-тилектерин айтып, көңүлдүү майрамдын көркүн чыгарып жүрүштү. Биз да эл арасында болуп, алардын каалоо-тилектерин угуп кайттык.


БАР БОЛ, НООРУЗ!

Жаңы Күндүн башталышы,
Жамы журттун карт тарыхы -
Бар бол, Нооруз!

Ойноп турган көктөм күүсү,
Майрамдардын сүйкүмдүүсү -
Бар бол, Нооруз!

Ала-Тоонун аруу жазы,
Байчечекей ханышасы -
Бар бол, Нооруз!

Бабалардын бар үмүтү,
Балакайдын бал күлкүсү -
Бар бол, Нооруз!

Нурбүбү БӨДӨШОВА




Тагаж Абдреимов:
- "Нооруз" майрамы жеке эле кыргыздын эмес, бүткүл Азия өлкөлөрүнүн жаңы жылы. Бүгүн элдин маанайы абдан жакшы. Саясаттан тажаган эл бир күн болсо да кулак-мээси тынч, көңүлдүү маанайда болууда. Ар дайым эле ушундай болсо, атаганат! Мына биз байбичем экөөбүз ээрчишип алып, "Ала-Тоо" аянтын кыдырып жүрөбүз. Орустардын жаңы жылына караганда өзүбүздүн Нооруз майрамыбыз маанилүү көрүнөт. Араб өлкөлөрүнүн улуу акындары да дал ушул күндү баса белгилеп айтып өтүшкөн. Марттын жыйырма биринде күн менен түн теңелип, жашоого жашыл жарык алып келүүчү убакыт. Жер көктөп, күн жылып баштайт. Жаратканыбыз бекеринен бизге Нооруз майрамын ыроологон эмес. Бул күндү адам-пендеси кандай маанай менен тосо турган болсо, так ошондой маанай жылдын аягына чейин болот. Ошондуктан байбичем экөөбүз жакшы тилек менен бүгүнкү Нооруз майрамын тосуп жүрөбүз.
Бул майрам кыргыз элине токчулукту, молчулукту, түгөнбөгөн ырыскыны алып келсин. Ар дайым бүгүнкүдөй жүзүбүздө кубаныч, күлкү орун алсын.

Самаркан Токтоболотова:
- Нооруз майрамын илгерки ата-бабабыз шаан-шөкөт менен тосушкан. Кийин эле бул майрамга жакшы көңүл бурулбай, көңүл сыртында калып калбадыбы. Эми мына минтип кайрадан Нооруз майрамы жалпы журт менен чогуу өткөрүлүп, жылуу маанай тартуулап келатат. Ушул кыргыздын жаңы жылында кандай каалоо айтсак, баардыгы аткарылат деген ишеним бар. Жалпы кыргыз элине кааларым, бул жылыбыз тынччылыктын, барчылыктын жылы болсун! Өлкөбүз өнүгүп, бай мамлекеттердин катарын толуктасын. Бала-бакырабыз менен аман-эсен болуп, келээрки Нооруз майрамын да шаң-салтанат менен өткөрөлү.
Даярдаган
Элдияр Элчибек