"Колунан келгендин
баары акча талап кылып жатышты, даттанганга адам жок эле"
Апрель коогалаңында "Мегаком " компаниясынын акчалары таланып кетти деп айткан кызматкерлердин сөздөрүн калп деп айыптап чыккан Башкы прокуратурадан айырмаланып, биз ошол окуяга түздөн-түз катышкан адамдардын биринин сөзүн элге жеткирүүнү тура көрдүк. Азыркы күндө Тилен-Аалы Кызалаков "Альфа-Телеком" ЖАКнын коопсуздук департаментинде дебютордук карыздар боюнча иш алып барат. Ал күндөрү департаменттин башчысынын орун басары болуп иштеген. Башкы прокуратуранын сөздөрүнө таянсак, бул адамга "компаниянын жетекчилигин алдап, кассадан 9,4 млн сом чыгарып кеткен деген күнөө коюлууда".


Төмөндө Т.Кызалаковдун өзү айтып берген окуя.
- Борбордук Ала-Тоо аянтында 7-апрелде атышуулар башталганда эле, биздин оперативдик кызматкерлер чогулуп, аянтка барып, кырдаалга көз салып турушкан деп эскерет коопсуздук кызматкери Кызалаков. Караңгы кирип баштаганда ал жактан "Жүргүлө Мегакомду басып алабыз, ал да Бакиевдики" деген кыйкырыктар угула баштады. Биз баардык бөлүм башчылар чогулуп алып, кеңештик. 2005-жылы март айында "Бителдин" талкаланып, тонолгонун эске алып, кассадагы акчаларды алып чыгуу керек деген чечим кабыл алып, баардык варианттарды карап чыктык. Мен жер үйдө жашагандыктан, акчаларды менин үйүмө алып чыгууну туура көрдүк. Кассирлердин үйлөрүнө барып, ачкычтарды алып келдим. Акчалардын баарын каптарга салып, ар бирине мөөр басып, үйгө алып барып салдым. Түн ортосунда мага биздин кызматкерлер телефон чалып: Офисти белгисиз бир адамдар басып алгандыгы тууралуу кабарлашты. Эртеси 8-апрель күнү кадимкидей жумушка чыктым. Офисибиз аябай катуу таланбаптыр, бирок менин компьютерим, жана дагы бир канча иш бөлмөдөгү техникалар жок болуп кетиптир. Эң негизгиси кире бериште турган каттоочуну - бул баардык видеокамералардагы жазылып кылынган материалды сактоочу аппарат. Кыскача айтканда ар бир кирип чыккан адамды жазып алат. Чогулуп турган топтун адамдары аны жулуп салышты.
- Биринчи эмнеден кутулушту билишкенби?
- Ооба билген, түшүнгөн балдар экен. Офистин тегереги бир канча кварталга чейин адамдардын топтору менен бир канча белгисиз автоунааларга толуп кетиптир. Баардыгы эле кыйкырып, көк желектер менен булгалап жатышты. Чогулган адамдардын жарымы офистин ичине кирип алышыптыр. Биздин кызматкерлер жумушка келээри менен, мендеги сакталып турган акчаларды таратууга мажбур болдум. Башкы бухгалтерибиз дароо Андрей Силич менен телефон аркылуу байланышып (ал ошол күндөрдө Москвада болчу) бөлүмдөрдүн бир жетекчисине жана кассирге 2 млндон ашык суммадагы акча бериш керек деди. Анын кимдир бирөөлөргө "Силичти сактап калыш керек" деп кыйкырып сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Дароо түшүндүм, бул акчаларга башка бир фирмадан жалган счёт-фактураларды сатып алганы жатышканын: себеби Силич ага чейин деле компаниядан эч кандай кагазы жок 400миң евродон ашык акча алган.
- Кыскача айтканда компаниядан акча чыгарып кеткен экен да?
- Албетте. Революция ага кандай жагы менен бурулаарын өзү билбей калды -балким ревизия менен катар текшерүүлөр да болмок. Так айтсам компаниянын бюджетиндеги жыртыктарды жамаганга аракет жасап жатты. Акчаны бердим. Кийин офиске Эмиль Худояров келип (окуянын дагы бир фигуранты, азыркы күндө "Альфа-Телеком" ЖАКнын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштейт. Автордун эскертүүсү) мага топту тынчтандырганга акча керек болуп жатканын айтты. Ал өзү администрация жетекчиси болуп иштеп, Силич жокто анын ордун басып жумуш аткарчу. Ошол убактарда ал толугу менен топтун бригадирлеринен көз каранды болуп турган. Анткени тигилер Эмилдин иш бөлмөсүн басып алып, ал жерге өздөрүнө штаб жасап, Худояровдун ар бир кыймылына көз салып турушкан.
- Ал бригадирлер өздөрүнүн аттарын айттыбы, талаптары эмне эле?
- Бирөөсү "Демократия үчүн", экинчиси кайсы бир жаштар кыймылын атады, үчүнчүсү болсо "Акыйкаттык үчүн" деп айтып жатышты. Кыскасы баары биз революционербиз, болду компанияны басып алдык, эми аны сактап улутташтырабыз деп кыйкырып жатышты. Ооба сактап калышты-талап-тоноодон. Бирок өздөрү да тоношту да. Акыл ченеминде. Күлкүлүү угулат бекен? Баары ошондой болду. Топ башчылары төртөө болчу. Ар бири адамдарыбызга тамак алып бергенге деп 45миң сомдон акча сурашты. Сураган акчаларын баарын бердим. Калган эки күндүн ичинде Андрей Силич келгенге чейин мен акырындап үйгө чыгып барып, улам акча алып келип жаалданган топко тамак алып берип жаттым.
Апрелдин 9да Андрей келди. Баардык жасалган иштер боюнча ага доклад жасадым. Менин баардык иш-аракеттеримди ал колдоду. Топ башчыларына жакында бул жакка россиялыктар келээрин жана бул жөнүндө керектүү адамдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады. "Болду баарыңарга рахмат, мен силерди коё бердим" -деп машинесине олтуруп Мүлк министрлигине кетип калды. Силичтин сөзүн уккандар ошол замат жарылышты. Дагы бир башка топ башчылары чуркап келип, "Бизди коё бергендей ал ким экен, биз эмне ага иштеп жатабызбы"?! "Ооба-биз каралардан болобуз, бизде курал-жарак деген толтура, азыр керек болсо бүт баарыңарды атып салабыз, силердин Силичиңерди жердин түбүнөн болсо да сууруп чыгабыз"деп кыйкырып чыккан коркутуулар да болду. Биринчи күндөрү кимиси ким экенин айтпай, тегиз революционер болуп жүрүшкөн. Кайдан экени белгисиз бир Рашид деген жигит пайда боло калып, Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы болом деди. Бирок ал биз менен топтун ортосунда ортомчу ролун ойноп, топту тынчтандырбасак болбойт, бир нерсе кылыш керек дегенинен, ойлон эмне кылалы дедим. Ал "Мен жаңы эле алар менен сүйлөшүп келдим-талабы 200миң сом экен" деди. Каршы болдум: акча берип баштасаң эле болду, анан баш аягы көрүнбөйт. Андрей Силичке телефон чалдым. Корккону сезилип турду. "Беребер, -бирок ар бир берген акчаны жазып тур" деди. Акчаны алып келип бердим да, баарын дептерге жазып алдым. Кечке маал Рашид кайра телефон чалып, дагы 100миң АКШ долларын чогултуш керек экендигин айтты. Айтылган сумманы долларда чогултуш кыйын болгондуктан, жартысы биздин улуттук сом менен чогулду. Акчаны кагаз кутуга салып, Рашид айткан дарекке Токтогул менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Фонекс" компаниясынын жанындагы үйгө келдим. Күзөтчүлөр турган кичинекей өткөрмө жайдан өтүп, короого киргенден кийин Рашидге телефон чалдым. Ал чыгып, мени тосуп алып, экөөбүз экинчи кабатка көтөрүлдүк. Үйдү штаб катары пайдаланып жатышканы көрүнүп турду. Биринчи, экинчи кабатында да, куралчан кайтаруучулар бар экен. Ашканада болсо аялдар жүрүптүр. Ал жерден мен А.Жекшенкуловду көрдүм. Мени көрдү дагы "муну кетиргиле" деген буйрук берди. Мен акча салынган кагаз коробканы дивандын жанына коюп чыгып кеттим.
Бир нече күндөн кийин мага дагы 100 миң доллар чогултуп алып барып бериш керек деп Эмил Худояров айтты. Мен акчаны чогултуп, пакетке ороп Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан азыркы күндө эң саркеч кафелердин бири эсептелинген "Вассаби" деген кафеге алып бардым. Ал жакта да куралчан адамдар, бирок баардыгы аскердик камуфляж кийип алышкан экен. Экинчи кабатка өткөзүштү. Ал кабатта бир кичинекей бөлүмчөдө дагы эле баягы Рашид өзүн карамын деп тааныштырган Баха аттуу бир жигит менен олтуруптур. "Братанга бере турган акчаны бул адамга берип кой" деди Рашид. Акчаны бергенден кийин Рашидге биздин коопсуздук кызматкерлерибизге тийбесин деген эскертүү бердим (анткени андай окуялар болгон). Бизди да ата-энелерибиз талаадан таап алышкан жок. Силер кара болсоңор, биз кызылбыз, керек болсо силер менен согушканга даярбыз десем, Рашид коркуп кетип: Жок мен кара эмесмин, мен кара эмесмин деп кайталап жиберди.
Ал эми 15-апрель күнү офиске Силич өзү келди. Башкача сөз менен айтканда музыка менен кирип келди. Финансылык полиция кызматынын адамдарын ээрчитип. Ошондо анан мен билип жатпаймынбы ал Худояров экөөбүздүн үстүбүздөн компаниянын акчаларын чыгарып кеткен деген арыз жазганын.
- Эмнеге жазды-ал бүт окуяга кабардар эмес беле?
- Абдан кабардар болчу. Ал эми арызды кайра компанияга кириш үчүн жазды да. Эгерде ал компанияга өз алдынча киргенде анда укук коргоо кызматтары ага Бакиевдин кишиси катары кылмыш ишин козгомок. Анткени "Альфа-Телеком" ЖАКнын артында Елисеев менен Максим Бакиев турат деген маалымат тарап кеткен болчу. Бандиттер менен да кире алмак эмес-Силич алардан өзү качып жүргөн (жеке мен аны Канттагы россиялык авибазага жеткизип баргам). Бир ок менен үч коёнду аткысы келген. Ага көңүл бурган адамдарды алаксытканга аракет жасаган. Ошондой эле аны алмаштырганга жараган Худояровду компаниядан кетиргиси келген. Аны менен бирге Елисеев, Максимге кошулганда өзү мурда сатып кеткен эски кожоюндарынын алдында актангысы келген. Бул менин жеке оюм.
Кыскача айтсам Силич келди, Финпол менен чогуу, анан баарыбызга түшүнүк кат жазганга буйрук берди. Мен жазган түшүнүк катты окуп көрүп, дароо эле : Эми баарын жазып кереги жок деди. Анткени мен бүт баарын башынан баштап жазгам, 400евродон баштап. Мени оюндан чыгарыш үчүн, Силич акчанын баарын Худояровго жазып салгысы келди. "Жок Худояров бир тыйын да алган жок деп көшөрүп туруп, "Адамдарды сактап калыш үчүн болгон акчанын баарын бер айтпадың беле" деп Силичке эскерттим.
Анан мен кан басымым жогорулап, башым ооруп, кардиология бөлүмүнө жатып калдым. Ооруканада жатканда мага Силич телефон чалып: "100 миң АКШ долларын братан эч кандай акча алган жокмун деп жатат, барып жолугуп далилдеп бериш керек" деди. Эми элестеткиле мени мурдагы милиция кызматкерин (кызыл) Силич бир каранын алдына башымды ийдирип берген жатпайбы. Эмнеге мен ал адамдын алдында актанышым керек? Бир канча убакыттан кийин Силич кайра телефон чалып, "баары жайында, акчалар алынды" деп жооп берди. Ошондуктан Силич баарын билген, жадакалса мага өзү тапшырмаларды берген.
- Укук коргоо органдарына компаниядан акчаларды чыгарып кетип жатат деп кайрылган жок белеңиз?
- Аракет жасагам. Бирок ошол күндөрү билесиңер да Бишкекте кандай тартипсиздик болгонун. "Мегакомду" талап-тоноочулардан сактап калыш үчүн жеке өзүмдүн атымдан СОБРга, Альфага, ИИМге, БШИИББна кайрылгам. Бирок бүт жерде аталган кызматтардын адамдары кээ бири куралдары жок маанайы пас болуп жүрүшсө, кээ бирлери башка мекемелерди кайтарып жатышкан. Ооруканада жатып Силичке телефон чалып, сен жазган арыз боюнча мага Финполициянын балдары телефон чалышты, анда мен дагы укук коргоо органдары териштирсин деген арыз жазам десем. "Жазбай тур, түшүнөсүң да ал жерде кандай адамдардын кызыкчылыгы бар экенин, абдан чоң чуу болот" деп. Анда мен белгисиз адамдар жөнүндө жазам деп сөз бердим. ИИМне арыз жаздым. Ал жактан БШИИБна жиберилди. Алар болсо 1-май РИИБна жөнөтүштү. Арызда, эч кимдин аттарын жазган жокмун. Силич суранган эле. Азыр биз А.Жекшенкуловго болгон компроматты чогултуп туралы. Бизди коркутуп баштаганда анан бүт баарын төгүп салабыз, азырынча унчукпай туралы деди. Ал күндөрдө караларга мыйзам жок болуп турган кезде мен да унчуга алган жокмун.
- Эмне А.Жекшенкуловдун адамдары менен каралар чогуу иштеген деп ойлойсузбу?
- Бул тууралуу мен эч нерсе айта албайм. Бирок бир эле мисал келтире кетейин. РИИБде тергөөчү болуп иштеген кыз болгон иш кагаздарын чогултуп алып, райондук прокуратурага алып барды. Анан прокуратурада иштгендердин бирөөсү ачык эле "Балдар ойлонсоңор, мейли мен иш козгоюн, анан ал жерде бир чыгаан революционер бар болуп калсачы. Жок мага мындай иштин кереги жок. Мен корком!"деди. Мына прокуратуранын балдары коркуп жаткандан кийин калганын айтпай эле коюш керек. Милициянын жетекчилигине оозеки түрдө баарын айтып бердим. "Расмий түрдө көрсөтмө бергенге даярсыңбы деп сурашты? Ал убакта мен даяр эмес элем. Кандайдыр бир ойго келбеген иштерге шылтоолоп РИИБ кылмыш ишин ачпай койду. Бир аз убакыттан кийин июнь коогалаңы башталып кетип, мени менен эч кимдин иши болбой калды. Кайра сентябрь айында Силичке кайрылып, Жекшенкуловго каршы көрсөтмө бербейлиби десем "Сага эмне жин тийдиби? Ал деген азыр биздин досубуз" деп тыйып койду. Ал акчаларды сенден кечирдим-деди. Менде ал жазган каттын көчүрмөсү бар.
- Анда эмне Башкы прокуратура сизге Силичтин жазган арызынын негизинде кылмыш ишин козгодубу?
- Балким. Бирок Башкы прокуратурага мени али чакырыша элек. Түшүнбөйм жалган маалымат тараган деген жыйынтыкка келишиптир. Эгерде РИИБга түшкөн материалдарды көтөрсө эле биздин кызматкерлердин компанияны басып алган жана акча талап кылган тууралуу жазган түшүнүк каттарын тапса болот.
- Апрель окуясы боюнча берилген түшүндүрмөлөрдүн негизинде А. Жекшенкулов "Альфа-Телеком" компаниясы менен соттошкону жатканы тууралуу маалыматыңыз барбы?
- Бар. Бирок компания менен эмнеге соттошот? Соттошсо мени менен соттошсун. Мен болгон фактыларды гана айттым. Балким Жекшенкулов ал акчаларды албаса керек. Тергөөдө муну далилдеп берсин деп сөзүн бүтүрдү Тилен-Аалы Кызалаков.
"Дело?" гезитинен
алынып которулду.