Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сен таза болсон, мен таза болсом - коом таза болот

Улут уңгусу - Раззаков
КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасынын жардамчысы Сагын Нурматова менен маек
- Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган иш чаралар соңуна чыгып келатат. Аларды өткөрүүдө өзгөчөлүктөр болдубу же эски эле ыкмада өттүбү?
- Албетте, болду. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик ишмерге көзү өтүп кеткенден кийин Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылды. Негизинен бул идеяны көтөрүүдө Кыргыз эл депутаты Жусупали Исаевдин эмгегин айтпай кетпесек болбойт. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Ж.Исаев 100 жылдыкты өткөрүүгө чейин эле эл оозунда айтылып жүргөн ушул идеяны мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен кайрылып, "берилсе дал ушул 100 жылдыгында берилсин" деп Президентке, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке тынчтык бербей, маселе коюп келген. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков да маселени созбой, тезинен оң чечүүгө өз салымын кошту. Ошентип депутат баштаган, коомчулук колдогон ошол идея минтип ишке ашты.
- Иш чаралар жалаң эле И.Раззаковго Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү менен чектелбегендир?
- Ооба. "Исхак Раззаков жана азыркы Кыргызстан" деген илимий-практикалык конференция мамлекеттик тарых музейинде өткөрүлгөн. Улуттук китепканада Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин "Раззаковдун тагдыры" деген ыр менен жазылган романы боюнча китеп окурмандардын конференциясы ийгилик менен коштолгон. Өткөн жылдын 27-декабрында опера жана балет театрында коомчулуктун кеңири катышуусу менен И.Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын катышуусу менен өттү. Улуу инсандын кичи Мекени Лейлекте да Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына арналган иш чаралар мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү. Алардын эң соңкуларынын бири болуп 19-март күнү Ала-Арча көрүстөнүндө Исхак Раззаковдун дүйнөдөн кайткан күнүн эскерүү аземи болду. Бул иш чарага да коомчулук, Раззаковдун кичи Мекени Лейлектен келишкен тууган-уругу, И.Раззаковдун Бишкектеги үй-музейинин жамааты, И.Раззаков атындагы республикалык фонддун активисттери катышты.
- Иш чараларды өткөрүп бүттүк дейли. Эми мындан ары эмне болот? Көзү өткөн мамлекеттик ишмерлерге Кыргыз Эл Баатыры деген наам берүү боюнча жарыш башталабы?
- Алгач И.Раззаковдун өмүрү жана ишмердүүлүгүн мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында окутууну колго алуу боюнча элден түшкөн сунуштарды ишке ашыруу керек. И.Раззаковдун көтөргөн 4 демилгеси ага "улутчул" деген жарлык тагылып, иштен алынып, Москвага тымызын көзөмөл астында жашап, иштешине негиз болуп бергенин эл билиши керек. Анын биринчиси- ЖОЖдордо, орто окуу жайларында кыргыз жаштарынан кадр даярдоону жакшыртуу. Экинчиси- мектеп окуучуларына бир маал ысык тамак уюштуруу. Үчүнчүсү-орус мектептерине кыргыз тилин окутууну киргизүү. Төртүнчүсү-бир жашка чейинки оорукчан бөбөктөргө акысыз сүт азыктарын берип туруу. Ушул маселелердин бардыгы мына биздин күндөрдө гана ишке аша баштады. Демек Исхак Раззаков канчалык көрөгөч инсан болгон. Ошентип 1961-жылы 9-майда Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы И.Раззаков иштен алынып, 1979-жылы 19-мартта Москвада кайтыш болуп, сөөгү да ошол жакта коюлган. 2000-жылдын 1-июнь күнү христиандардын Кунцево көрүстөнүндө анын сөөгү кайра казылып алынып, 2-июнь күнү Ала Тоого алынып келип, миңдеген адамдардын катышуусунда Ала-Арча көрүстөнүнө зор зыйнат менен мусулманча көмүлдү.
Ал эми Кыргыз Эл Баатыры наамын көзү өткөндөргө ыйгаруу маселесин, дегеле мамлекеттик сыйлыктарды, ардактуу наамдарды ыйгаруу боюнча Кыргызстандагы баш-аламандыктарды жөнгө салуу вазийпасын V чакырылыштагы азыркы Жогорку Кеңеш жөнгө салат деген үмүттөмүн.
Маектешкен
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




"АРГУМЕНТтин (И) ФАКТысы" - ушакпы?
АКОПЯН КВН АТЫН ЖАМЫНГАН ШЫЛУУНБУ?...
Кечээки Бакиев доорунда албетте, мыйзамдуу, же адилеттүү чечим чыгарууга ар бир эле сот дааган эмес эле. Тыңсынган сотторду тез эле ордуна коюп, бийлик жеке кызыкчылыктары үчүн аларды укуруктап алганын айтуунун деле кажети жок. Төмөндө кеп кыла турган соттошууларга бир топ жылдан бери чекит коюлбай келген. Анткени, бирөөнүн менчигин каратып туруп тартып алган негизги мыйзамсыз "баскынчылардын" бири Руслан Бакиев башкы ролдо ойноп турган.
Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында Кыргызстан КВН клубунун президенти Акопян Е. КВН жаштары кеңсесинен ажыраганы турат, деп ошол жаштардын, КВНдин атына жамынып алып, өзүн жабыр тарткан адам катары көрсөтөт. Ага кошул-ташыл болуп "МК АЗИЯ", Аргументы и Факты" (16-март) газеталары да конкреттүү далилдери жок эле, Акопянды курулай жактап, сотторго ыгы жок асылып келет. Ушундай олуттуу газеталардын куру кептерди басканына таң калсың, анысы аз келгенсип, коомчулукка таанымал эле Акопяндын шылуундугуна оозуң ачылат. Дегеним, Биринчи Май райондук сотунун чечими, Бишкек шаардык сот коллегиясынын аныктамасында имарат боюнча Акопяндын, КВНдин аты эч аталбайт. Анан Акопян кайдан эле жабырлануучу болуп чыгат. Же ошол имаратка ижарага кирип, чыкчу маал келгенде үйүр алган жеринен чыккысы келбей жатабы? Ижара деген менчик эмес да. Ээси келсе, бээсин бериш керек го.
Бул биздин өлкөдө бирөөлөрдүн бизнесин, жеке менчигин эки президенттин ээн баш балдарына тарттырып ийгендер аз эмес. "Северный ПМК" Ачык Акционердик Коому да Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн ?161 90,5 квадрат метр имаратын 1999-жылы алдырып жиберген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин аталган имараттын ээлери өз менчиктерин кайтарып алуусун суранган доо арыздары менен соттон-сотко кайрылып келет. Токтогул көчөсүндөгү ?161 КВН кирип турган имарат 2006-жылга чейин эле бир канча жолу камакка (арест) коюлган. Бирок, тиешелүү тараптар эскерткенине карабай, талашта турган имарат экенин сопсонун билип туруп, Заидова С.М. Озовадан 2006-жылы сатуу-сатып алуу келишимин түзүп алган. Ошентип, ал имаратка Акопян Заидованын ишенимдүү адамы болуп кирип алат. Бул имарат боюнча сот процесстеринде Акопян Заидованын ишенимдүү адамы гана, ал эми КВНдин наамын он жылдан берки сот иштеринен издесең таппайсың.
Евгений Акопяндын массалык маалымат каражаттарында берген интервьюсунда, жана газеталары коомчулукка караандай калп маалымат бергенине таң каласың. Эгер Акопян жана КВН Токтогул көчөсүндөгү имаратты сатып алган болсо, анда анын документтери кана? Урматтуу ушак менен улуган "Аргументы и Факты", "МК Азиянын" журналисттери жана калпты чындай соккон "көз боеочу" Акопян!.
Болбосо, 2006-жылы Заидова Токтогул көчөсүндөгү 161чи 90,5 метр кв. Озовадан бир миллион сомго сатып алганын ким кантип танат. Бишкектин чок ортосундагы 90,5 метр квадрат бери дегенде эле беш миллионду чапчыйт го… (Уландысы бар)
Эрнест АБДРАХМАН







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??