КАДЫРЛАП ТУРСА КЕң МЕКЕН, КАНЫКЕЙ БОЛУШ ЭМНЕ ЭКЕН?
"Баягы эле Бакиевдин айланасында жүргөндөр кайра эле парламентке жана башка чоң кызматтарда отурушат" деп наалып жүрүшөт көпчүлүк. А мен: "Ой, жалаң эле саясатчылар эмес, кайсы системаны албайлы, Бакиевдин эле кишилери басымдуу болуп жатпайбы" деп айтаар элем. Башканы коюп, кыргыз ырларын американецтерге чейин ырдатып жаткан Юрий Бобковду эле алалы. Мен өз көзүм менен күбөмүн го, президенттикке ат салышып жатканда, Бакиевдин балтасын чаап, Сокулук, Чүйдү, ордо шаарды бир сыйра кыдырып чыгышпадыбы. Орусча-кыргызча: "Биз, Бакиев мененбиз! Бакиев - накта президент! Мы - за Бакиева!" деп кыйкырып, уул-келини менен эл аралап үгүт иштерин угуттуу жүргүзгөнүнө орус-кыргыздардын баары эле күбө болушкан.
Ырас, Юрий мырзанын кыргызча ырдап-сүйлөгөнүнө кыргыз эли ыраазы. Ошон үчүн ага КР Эл артисти наамы ыйгарылганда, бешиктеги бөбөккө чейин сүйүнүшкөн. Ал жетектеп жүргөн "Досум-Үсөн" ансамблинин чыгармачылыгынын кырк жылдык юбилейин да кош колдоп куттуктап, аларга ыраазылык билдирдик. А бирок, өздөрүнө сын айтылса теригип, дал ошол Бакиев байкесинин тушунда кайсы бир гезитке опурулуп, бир миллион да эмес, "эки миллион айыпка жыгыл" деп сотту көздөй сүйрөгөнү бар. Ансыз да дал ошол мезгилде массалык-маалымат каражаттарын бакиевдик бийлик муунтуп турган убак эле…
Мен өзүм карапайым эле адаммын. А бирок, искусство адамдарын сыйлап, кадырлап келем. Алардын ийгилигине кубанып, а айрым убактарда аларды басынткан кездерин да жүрөгүмдөн өткөзөм. Мына, жакында эле бакиевчил Бобковдун келини Жанета Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болгонун гезиттен окуп, аябай таң калдым. Ботом, республикабызга Жанетадан мурун эле эмгеги сиңип бүткөндөр каякка кетишти?! " Менин репертуарымда 80 ыр, 13 клип бар" дейт экен Жанета. Мейли, болсун! А бирок, бир ыр менен ааламга атагы чыккандар бар. Бизде, Кыргызстанда деле эң эле уккулуктуу аткарган бирин-экин ыр менен аты түбөлүккө жашай турган ырчы-чоорчуларыбыз бар эмеспи. Айтайын дегеним, "мынча ыр ырдайм" деп санаганы анчейин туура деле эмес. Саны бар, сапаты жок ырлар азыр жүздөп саналат!
Алдыңкыларга ар кандай наа бере турган атайын адамдар бар деңизчи. Бирок, баарына эл тараза экендигин унутта калтыра көрбөгүлө. Мурда мындайды "Кадырлап турса кең мекен, Каныкей болуш эмне экен" деп коюшчу. Азыр деле ошондой болуп жатат. Үй-бүлөлүк бийлик кеткени менен, үй-бүлөлүк кызыкчылыкты көздөөчүлөр арабызда толуп жүрөт. Тиги бийликтин камчысын чаап, бул бийликтин тилин таап, эптеп наам-даража алгандарга айтаарым ушул.
Т.Сабыр,
Бишкек шаары.




АМЕРИКА - КАЧКЫНДАРДЫН МЕКЕНИБИ? же экс-губернаторду эскерип…
Акыркы мезгилдерде кыргыздарда чет өлкөгө качып кетүү модага айланып бараткандай. Айрыкча, Америкага! Мына ушул убакта деле "тиги бийликтен запкы көрдүм, бул бийликтен запкы көрдүм" дешип, кыргыз эли кыйын кезеңде калганда куйругун түйүп океандын аркы өйүзүнө чыга качкандардын бир тобу кайрылып келбедиби. Келгенде да, эл баатыры болуп төшүн койгулашып, парламентке барууга ат салышып, азыр урматтуу адам болушуп отурушкандар бар. Анан, алар куйругун кыпчып жөн да отурушпай, "эмнеге мындай, эмнеге андай" дешип, трибуна талашып, шилекей чачырата сүйлөшкөндө, өмүр бою Кыргызстанда жашап жаткандар биякта эле калсын…Андайлар экрандан эле көрүнгөндүктөн, элдин пикирин деле билишпейт да. А чынында, элдин пикирин уруп да ойношпойт! А бирок, элдин да аларга айта турган сөзү бар. Элдин көкүрөгүндө: "Уялбай кантип эл тагдырын чечип отурасың, дагы бирдеме болуп кыргыз кыйын абалга кептелсе, дагы деле качып кетээрсиң…" деген ой таштай түйүлүп турганы -турган. Ошолордун бири - Кыдыкбек Исаев. Азырынча ал Америкада.
- …7-апрелден кийин үйгө бир топ криминалдар келип, атамдын үйүнө май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөй башташты. 90го чыккан атам аз жерден калды…Качып, Алматыга баш калкалап турдук. Мага кылмыш ишин козгоп, май окуяларына да тиешеси бар деп чыгышканда, биротоло Америкага чыгып кеттик,-деп эскерет Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Кыдыкбек Исаев жакында эле атайын "Вечерний Бишкек" гезитине берген интервьюсунда.
Кыдыкбек Шайдиновичке "Ысык-Көл" микрокредиттик агентствосунун каражатын "махинация кылган" деген айып тагылган. Мындан тышкары, көлүбүздүн эң баалуу жерлерин арзан баада сатып жиберген дешет. Өзү иштеген төрт жылдай убакыттын аралыгында бул губернатор көп нерселерди "жасоого" үлгүргөн. А бирок, Америкада жатып алып анысын мойнуна албай жатпайбы. "Акчалар өз учурунда элге таратылып берилген. Агентство ысык-көлдүктөргө өз бизнесин ачууга жардам берүү максатында ачылган болучу. Инвалиддерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө берилген. Анан калса, бүт ишти мен жалгыз чечкен жокмун. 11 кишиден турган комиссия иштеген. Мен ал комиссиянын төрагасы гана болчумун" дейт экс-губернатор. Анын айтымында, ал аукцион аркылуу закондуу тараткан жерлерди кайра азыркы бийлик мыйзамсыз тартып алып, чоң-чоң акчаларга кайра сатып, акча жасап жатыптыр! "Америкада жатып мен муну угуп жатам. Бул - саясий заказ", дейт кекенип.
Аттиң, жигит! Ушул сөздү океандын ары жагында жатып алып компьютердик скайл аркылуу монитордон көрүнгөн элесиң менен айтпай, өзүң тикеңден тик туруп азыркы бийликтин ана башыларына бетме-бет айтсаң болбойт беле! Бир дөңдө туруп алып экинчи дөңдө турган адамга муштум түйүп кезенген дөөпөрөстөй болуп жатпайсыңбы!- деп бармак тиштейсиң аргасыздан. Бирок, ушул жерден, эли-жеринен качкан саясатчы сөрөйлөрдүн баарына тиешелүү бир адат бар экенин айта кетсек. "Мен азыркы өкмөттүн акыйкат өкүмүнө ишенбейм!" деп кайра беттен алып турушат. Баягы, "уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" болуп. Эми, Америкадагы адамга эмне деп айтмак элек. Ал угабы, укпайбы, жер шарынын бир жеринде нокоттой болгон кичинекей Кыргызстанда жашап жаткан кыргыздардын үндөрүн?!
Кантсе да, азыр айдоочу күбөлүгүнө ээ болуп, Орусияга тактай сатуу бизнеси менен алектенип жүргөн экстин кабагы жаркып эле жүргөндөй. Керек болсо, оозунан шилекейи чууруп: Америка - мигранттардын өлкөсү. Бул жакта "сен оруссуң, сен кыргызсың, сен өзбексиң, сен еврейсиң" деп бөлүнүшпөйт. Баары бири-бирине теңата. Мектептен тартып Конституцияны сыйлоого үйрөтөт. Балдарым да өзүбүз жашап жаткан Вирджиний штатында мектепте окуп жатышат" деп компоет…
Эми, бир аз ой жүгүртүп көрөлү. Карандай күчү менен нан таап жүргөн кыргызстандыктар Бишкектен Таласка, же Ош, Нарынга жол кире таап бара албай турган мезгилде Америкага сапар улап, алыскы бир штатына чейин жетип бизнес кылууга үлгүргөн кандай неме?- деп суроо коюп көрөлүчү. Чынында да "азамат" экен, чымындай жанын ала качып Айга чыгып кеткенге аз эле калган. Мындайга канча акча, канча дүнүйө керек ыя? Андай акчаны карапайым эл түшүндө да көрбөсө керек. Ал акчалар ошол эле карапайым эл-журттун жон терисинен тилинип алынган жокпу?!
Качкын губернатордун жоругун айта отуруп, жаш муундарга Америго Веспуччи ачкан континентке анчалык суктана бербегиле деп айткым келет. Барып билим алып, алдыңкы көз карашка ээ болуп келсеңер мейли, а бирок, Ала-Тоо - сенин жериң, кыргыз - сенин элиң экендигин билип жүр. Мейли, кандай мезгил, кандай кыйынчылык болсо да сен эли-жериңди таштап, кара жаныңды алып качып кетпешиң керек. Каныңда кыргыз каны ойноп турганда, качкын атала көрбөгүлө. А качкындарды кыргыздын кусуру урсун!- демекчимин.

Гүкү Мурзалиева,
80 жашта.