кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/0322_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/0322_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/0322_1.htm on line 79
п»ї
"МегаКомдун" жаңы ээси табылды
Кыргызстандагы MegaCom чырдуу окуясында жаңы бурулуш. Serpeus Inc компаниясы "Альфа Телеком" жабык акционердик коому (MegaCom соода маркасы) ага таандык экенин жар салды. Чырдуу окуянын башка катышуучуларынан анын принципиалдуу айырмасы - жүзүндөгү эмоцияга алдырбаган токтоолугу жана колундагы документтердин калың топтому.
"Компания жабык акционердик коомдун мыйзамдуу ээси болуп туруп, уюлдук оператордун айланасындагы абалга кабатыр болуу менен, суроонун объективдүү каралышын күтөт. Эмки жумада Кыргызстанга Serpeus Inc расмий өкүлү келмекчи" деп 17-мартта Бишкекте өткөн брифингте Serpeus Inc өкүлү Артем Юношев белгиледи. Анын айтымында, ЖЧК акцияларына мыйзамдуу ээлик кылууга бардык документтер парламенттик комиссиянын колунда жана компаниянын өкүлү жакында Бишкекке келип менчигине өз укуктарын жарыяламакчы.
Украиналык бизнесмен Сергей Сукалонун Serpeus Inc компаниясы MegaCom соода маркасы менен 2009-жылдын августуна чейин уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүп келген "БиМоКом Лтд." компаниясын көзөмөлдөйт. Serpeus Inc өкүлдөрүнүн айткандары боюнча компаниянын менчиги болгон БиМоКомдун телекоммуникациялык жабдуулары жана радио жыштыктары "Альфа Телекомдун" балансына казакстандык байланышчы Виталий Кучуранын мыйзамсыз "сделкалары" жана операциялары аркылуу өткөн. Ошондо эле "Альфа Телекомду" негиздеген адвокат Алексей Елисеев өзүнүн казакстандык клиенти үчүн В.Кучурадан кызыкчылыктардын келишпестиктерине байланыштуу юридикалык жардам тууралуу келишимди жокко чыгарууну талап кылган. Эгерде Serpius Inc мобилдик операторго өзүнүн укугун далилдей алса, МегаКомдун айланасындагы чубалган чырга акыркы чекит коюлат деген мүмкүнчүлүк бар.

Жалал-Абаддыктар Ташиевге таң калууда…
Жалал-Абаддыктар Камчыбек Ташиевди Кудайындай эле көрөөрү баарыбызга белгилүү. Ташиевдин тапичкесине чаң жугузбай, таңдайларын такылдата тамшанып, мактап-жактап эле жатып калышат. "Мактаган кыз…" болуп, учурда Жалал-Абад эли Ташиевге таң калып, бир четинен абдан капа болуп жаткан кези. Ортодон кара мышык өтүп кеткенби десек, эч кандай кара мышыгы жок эле Ташиевдин Текебаев менен тил табышып алганына эл нааразы экен. Былтыр 13-майдагы тополоңдо Текебаев Базар-Коргондогу өзбек туугандарга "Ата Мекен" партиясынын желегин желбиретип көтөртүп, администрацияны басып алган элге каршы алып чыкканын унуталбайбыз, унутмак түгүл кечире да албайбыз дешет. Ачыгын айтканда жалпы түштүк эли эзелтеден эле Текебаев дегенде мурдуларын чүйрүп калышаары бештен белгилүү. Мунун баарын билип туруп, түштүктөн упай топтогон Камчыбек мырза эми эл алдында кандай деген жообун жобураар экен…

Жаныш Бакиев Ошко кирип-чыгып жүрөт
Ошко барган сапарыбызда Жаныш Бакиев эч кандай Эмиратта эмес эле Ошко келип - кетип, Тажикстандын Бадахшанында, тажик досторунун колтугунда жүрүптүр. Айрымдардын айтуусунда, Ошто Жаныштын сөзүн эки кылбаган белгилүү адамдар да бар. Чайханалардын биринде чалкалап, көк чайдан кере-кере жутуп, буттун сунуп отурганын да көргөндөр бар экен. Түштүк элинин жүрөгүнүн сары суусун алып койгон Бакиевдердин дымагы дагы деле күч дешет. Ал гана эмес, Жогорку Кеңеште колдогон адамдары да бар экен. Учурда Акмат инисин бошотуп чыгуунун айласын таппай, бир кезде өзү колдоо көрсөткөн кол астындагыларды ишке салып жатыптыр. Кандай болгон күндө да 89 адамдын канына забын болуп, алты жүз адамды жарым жан кылган Жанышты Кыргызстандын күч структурасы колго түшүрөөрү күмөн болуп калды. Мындан үч ай мурда массалык маалымат каражаттарында Жаныштын Кыргызстанда экени айтылган. Демек, бул кеп бекеринен чыкпаптыр.









Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/0322_1.htm on line 118

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/0322_1.htm on line 118

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aikyn/11/0322_1.htm on line 118

а ­е¦Є.НҐй«