Айкын собол

"Парламенттин ичинде таптакыр ынтымак жок"
- Кыргыз парламентинин жүргүзүп жаткан иштерине канааттанасызбы? Биз башкаруу системасын туура тандадыкпы?

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
"Кетирилген кемчиликтерге өзүбүздүн саясий элита күнөөлүү"
- Парламент түзүлгөндөн бери төрт ай убакыт өттү. Ошол төрт айдан бери эл үчүн татыктуу кызматтарды кылууга жетишкен жок.
Айрым коңшу өлкөлөр мамлекетибиздеги парламенттеги үчилтик коалицияны уратып коюуга кызыктар экени айтылып жүрөт…
Бирок, башка мамлекеттер ички саясатыбызга кийлигише албайт. Бардык болуп аткан кемчиликтерибизге өзүбүздүн саясий элитабыз күнөөлүү. Өлкөдө бекем тартип, таза ыйман, чечкиндүү ой-максаттар орномоюнча биз эч качан өнүгө албайбыз.


Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
"Саясатчыларыбыздын деңгээли парламенттик система менен иштөөгө дал келбейт"
- Биз беш айдын ичинде парламенттик республика боло албайбыз. Ал тургай мектепти бүтүш үчүн да 11 жыл керек. Парламенттик система узак жолдогу, өтө татаалдык менен өз калыбына келүүчү система. Экинчиден биздин саясий элитабыздын деңгээли парламенттик системага дал келбейт.


Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
"Кеп парламенттик системада эмес"
- Бул маселени экиге бөлүш керек. Биринчиден, парламенттик система дүйнөлүк практикада ар дайым өз жемишин берип келет. Экинчиден, биз ошол парламенттик системаны туура түшүнүп, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонушубуз керек. Кеп парламенттик системада эмес, бизге саясий маданият, саясий аң-сезим жетишпей жатат. Ошондой эле азыркы парламенттеги депутаттар "парламенттик система эмне?" деген суроого так жана даана жооп табалбай атат го деген кооптонуу жаралууда.


Артур Медетбеков, саясатчы:
"Фракциялар бийлик структураларын бөлүп алышты"
- Төрт жарым айдан бери парламент бир дагы мыйзамды толук кандуу кабыл алган жок. Ошол төрт айдын ичинде депутаттарга канчалаган каражат коротулду. Алардын унаасына, жан жөөкөрлөрүнө, ичип-жегенине чейин эмне деген каражаттар казынадан алынды. Экинчиден, буларда таптакыр ынтымак жок экени көрүнүп турат. Мамлекеттеги болгон бийлик структураларын бөлүп да алышты.


Асан Турсункулов, сүрөтчү:
"Атаандашуудан чындык жаралат"
- Бүгүнкү парламентке азырынча пикирим түз. Мурункуларга салыштырмалуу азыркы парламенттин айырмасы асман менен жердей. Учурдагы парламенттеги беш фракция бирин-бири тескеп, биринин күнөөсүн бири ачыкка чыгарып, кандайдыр бир атаандашып иш кылуу башталды.


Жыргалбек Касаболотов, журналист:
"Убакыт таразасын күтөлү"
- Учурда мындай татаал системага биздин саясатчыларыбыз дагы, коомчулук дагы канчалык деңгээлде даяр экендигин көрсөтүп койду. Көч бара-бара түзөлөт эмеспи, күтө туралы…


Даярдаган Элдияр Элчибек