Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Өлкөнүн ички иштерине дипломатиялык күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршыбыз!"
15-мартта саат 11:30 да 24.kg маалымат агенттигинде "Жаш саясатчылар мектеби" уюмунун өкүлү Элдар Аттокуров, "Жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлү Мавлян Аскарбеков, "Акшумкар-Кут" Жаштар Коомдук Бирикмесинин төрагасы Айбек мырза жана башка жаштар уюмдары пресс-конференция аркылуу "Өлкөнүн ички иштерине, дипломатиялык күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршы" өздөрүнүн талаптары менен чыгышты.
Биринчи, Кыргызстанга "көшөгө артындагы" атайын визит менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Александр Островский жана Семен Богдасаровдор келишкен. Алар жөн кетишпей Орусия Федерациясынын атынан "Альфа Телеком" ЖАКнын Алексей Елисеевге таандык 49% акциясынын кол тийбестиги тууралуу пресс-конференция берип кетишти. Бул эки депутат Максим менен Елисеевдин куйруктарынан ала турган көп суммадагы акчага көздөрү кызарып турса, "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин алар менен чогуу пресс-конференцияда жүргөндүгү коомдо туура эмес пикирлерди жаратууда.
Экинчи, АКШ элчилиги Азимжан Аскаровдун ишине көрсөтмө берүүсү саясий жагынан туура эмес. АКШ тарап биздин сот ишибизге аралашуудан мурда биздин атуулубуз Александр Ивановду атып өлтүргөн Хетфилди эмне үчүн сот ишинен актап чыгышты? Тактап айтканда Хетфилд 2011-жылдын февралында толук акталып чыккан. Динара Ошурахунова, Төлөйкан Исмаилова, Чолпон Жакупова, Асия Сасыкбаева, Азиза Абдурасуловага окшогон укук коргоочулар эмне үчүн биздин атуул Александр Ивановдун укугун коргошкон жок. Ошондуктан ӨЭУдардын (НПО) бардык финансылык иштери Өкмөт тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек. АКШ өз саясатын дайым ӨЭУдар аркылуу жүргүзүп келет.
Үчүнчү, Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин май айында бийликти басып алууга жасаган аракетинин артында 70тен ашык адам жабыр тартып, 2 адам өлүмгө дуушар болду. Кыргыз-өзбек араздашуусунун учкуну дал ушул окуядан чыккан. Соңу чоң коогалаң менен бүттү.
Бул журтбузарларды үй түрмөгө бошотуп жиберүү, биздин сот системабызга түп тамырынан бери реформалоо керектигин көрсөттү. Ал эми Максим менен Елисеевдин куйругу Андрей Силичтин Кыргызстанга кайрадан келиши, сот системасынын коррупцияга баткандыгын көрсөтүп турат деген пикирлер пресс-конференциянын негизги темаларынан болду.




Газ өчөт, кайра жанат…
Кычыраган кыш мезгилиндеги "Кыргызгаздагы" кадрдык алмаштыруулардын кесепети бир-эки айга жетпей эле билине баштайт деп айтылган божомолдор так чыга баштаганы билинди. "Кыргыз туракжай коммуналдык союзу" деген ишкана 295,4 миллион сом, "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 119,7 миллион сом, элдин карызы 208,2 миллион сом болуптур. "Кыргызгаз" өзбек туугандардын "Узтрансгаз" ишканасына 3,4 миллион доллар карыз. Тургунбек Кулмурзаев башчы болуп келгени "Кыргызгазда" 20-30 жыл, аягы 10-15 жыл иштеп калган начальник, инженер, контролерлордун 30-40тайын Кулмурзанын кулуну кычыраган кышта иштен айдап чыкканын КТРК байма-бай көрсөтүп, ишсиз калгандардын боздогону Ак үйгө арыз түрүндө кеткен. Эми минтип ал боздогондор карыз түрүндө билине баштады.

"АС-пресс"




  Ысык-Көл ый-гактары!

Чабал тез жардам
Каракол шаарындагы тез жардам тармагында 48 адам эмгектенет. Шаар боюнча болгону атайын тез жардам үлгүсүндөгү үч автоунаасы бар. Жергиликтүү жашоочулардан күнүнө кырктан жүзгө чейин чакыруу түшөт. Жетишпей калган убактарында телефон аркылуу медициналык кеңештерин берип, бирок, көпчүлүгүнө тез аранын ичинде жетип баруу аракетин кылышат. Көбүнчөсү жаш балдарынын чыдабай ооруганына байланыштуу кайрылышат. Алардын арасынан бир жаштагы наристелер да кездешпей койбойт. Эң аз дегенде күнүнө ондон ашуун ымыркайга барууга мажбур болушаарын тез жардам кызматкерлери айтып өтүштү. Жергиликтүү элдин айтымында тез жардам кызматкерлери чакырылган убактысынан кечигип келишет экен. Ал эми тез жардам кызматкерлеринин айтуусунда кечкисин чакыруу түшкөн үйлөр көп кабаттуу үйлөрдө болгондуктан таап баргыча убакыттын өтүшүн айтып, айланып келип эле техникалардын жетишпегендигине барып такалат. Кээ бир учурда бейбаш балдардын жалган чакыруусуна да кабылып, андайлардын айынан бир топ убара болушкан учурлары көп. Каракол шаарынан алыс жайгашкан айрым айылдарга тез жардам чакырылса андай алыс жолго баралбастыгын айтышып, тез жардам кылмак турсун, кеч жардам кылуудан да баш тартып коюшкандарын жергиликтүү эл баса белгилешти.

Балык заводу колдоого муктаж
Эки жылдан бери Тоң районундагы балык өстүрүү заводу кайрадан ишке киришип, алгылыктуу кадамдар жасала баштады. Ошентсе да учурдагы балык өстүрүү заводу Союз учурундагыдай эмес. Заводдо болгону жети адам эмгектенет. Мунун бирден бир себеби, эмгек акынын аздыгы. Каражат тартыштыгына карабай бул заводдон көлгө жылына бир миллиондон ашык балык коё берилет. Тоң районундагы балык өстүрүү заводу 1965-жылдан баштап иштеп келген. Албетте, Союз учурунда аталган балык өстүрүү заводу абдан мыкты деңгээлде иштеп, Союз тарагандан бери бир топ жыл иштелбей калган. Мына эми эки жылдан бери Түркиядан гранттын негизинде алынып келинген заманбап аппараттары менен кайрадан ишке кирип, аталган облус боюнча жападан жалгыз иштеп жаткан бул балык өстүрүү заводу, былтыр көлгө бир миллион 300 миңден ашуун балык коё берген. Бул жерде балыктын эки түрү өстүрүлөт. Алар Ысык-Көлдүн "форели" жана "карп сазан" балыктары. "Карп" балыгынын икрасынын өөрчүп-өсүүсүнө жалпысынан б25 миң АКШ долларын түзгөн. Браконьерлердин саны жылдан- жылга көбөйүп бараткан кезде, мындай заводдордун иштеп турушу колдоорлук иш.

Көңүл сыртында калган айыл-кыштактар
Ак-мөңгүлүү тоолордун ары жагында калган айыл-кыштактар Ысык-Көл областынын сырт тарабына жайгашып калгандыктан өгөй баладай болуп, мамлекет тараптан үстүңкү өрөөндүн эли көп каралбай, көңүл сыртында калып келет. Бул үстүңкү өрөөндө Туура -Суу, Темир-Канат, Көк-Сай, Жер-үй, Тогуз-Булак, Көлтөр, Коңур-Өлөң, Калчагар, Четинди, Дөң-Талаа, Алабаш айылдары жайгашкан. Ушул он эки айылдын элин кыйнаган эң чоң көйгөй - бул жол маселеси. Союз тарагандан бери жолдору каралбай, таштары чыгып, кыян-суу жеп, чет-элдик унаалар эмес, Союздан калган алда-канча бышык унаалар чыдагыс абалга жетип калган. Карапайым эл келген аким-губернаторлорго, шайлоо убагындагы жолугушуу уюштурган депутаттарга арыз-муңун айтышып, анда-санда жолдорун оңдотуп алышкан. Эптеп чала-була сүрдүрүп беришкенден кийин, кайрадан эле жолдору баягы кейпине келип калгандыгын айыл эли баса белгилешти. Аталган айылдарда жер-жемиш жакшы бышпагандыктан, мал, эт, сүт жана картошка менен гана чектелишет. Алтургай өндүргөн эт, сүт продуктуларын жетишээрлик деңгээлде сата алышпай, али күнгө чейин кыйналып келишет. Себеби, коңшу өлкөлөрдөн келген бизнесмендер жолдорунан коркушуп, түз эле Каракол, Жети-Өгүз районуна өтүп кетишет экен. Алып-сатарлар ушундан пайдаланып, эт-сүт, картошкаларын арзан баада сатып алып, айыл тургундарынын мээнети акталбай калгандыгы белгилүү болду. 2010-жылы эле он чакты унаа кырсыктар катталып, үч-төрт адамдын өмүрү кыйылган.

Элдияр Элчибек
Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??