ТАШИЕВДИ ДА УУЛАНДЫРЫШТЫБЫ?
Ушундай каңшаар тараткан маалымат булактары бул фактыны жокко да чыгарышкан жок. Жалал-Абаддагы маалымат булактардын билдиришинче, жакында область губернатору Бектур Асановдун куран окутуу тажиясында жаңы коалиция түзөбүз деп жатышкан Ташиев, Текебаев баштаган жоон топ "жепутаттардын" башы бир дасторкондо биригишкен дешет. Балким ошондо "спецзаказ менен демделген ашка" специй кошуп коюшпаптырбы? Президенттик шайлоодо чапкылап жүргөн Атамбаев да 2009-жылы аш жегенден кийин акыл-эсинен ажырай түшпөдү беле?
Же бул президенттикке аттанам деген ниетте жүргөн Ташиевдин айланасындагы "балиттехнолог" Арзыматтарынын амалыбы? Кандай деген күндө да кыргыз деп күйгөн Камчыкебиз аман экен, өмүрүңүз узун болсун.

"Республика" фракциясы Байболовду кызматынан кетирүүнү талап кылууда
Бүгүн "Республика" фракциясынын кезектеги отурумунда депутаттар КР Президентинин атына Башкы прокурордун милдетин аткаруучу К.Байболовду кызматынан бошотуу боюнча кайрылуу маселесин карап чыгышты. Мындай чечим кабыл алганга "Альфа-Телеком" ЖАКнын тегерегинде болуп жаткан окуяларга мамлекеттин башкы көзөмөл органындагы коррупцияга жол берилген фактылар түрткү болду. Бул тууралуу мамлекеттик кызматы дискредитация кылган Башкы прокурордун милдетин аткаруучу К.Байболовдун жубайы Н.Байболованын "Альфа-Телеком" ЖАКнын активдерин чыгарып кеткени жөнүндө фактылар бар экендиги кабар болду. КРнын Мамлекеттик Финансылык Полиция Кызматынын маалыматтарына таянсак 2010-жылдын апрель айынан декабрь айларына чейин жалган документтер менен "Альфа-Телеком" ЖАКнан баш-аягы 143,0 млн. сом чыгарылып кеткен. Бирок Башкы прокуратура бул иштерди тергөө учурунда көрсөтүлгөн фактылар боюнча бут тосуулар болгонун кабарлады. Учурда "Альфа-Телеком" ЖАКнын тегерегиндеги болуп жаткан тергөө амалдарына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткарып жаткан адам жеке кызыкчылыгы бар үчүн аралашып жаткандан кийин К.Байболовдун бул кызматты аркалаганга моралдык укугу барбы деген суроо пайда болот.
"Республика" фракциясынын бөлүмү




Шору арылбаган мигранттар
Кайда барба, Мамайдын көрү. Эптеп оокат кылууну көздөгөн мекендештерибиз жумушсуздуктун айынан чет жерлерде жүрөт. Бирок, алар маңдайы жаркып, жыргап кеткен жери жок. Өлүм менен өмүрдүн, жашоо менен күрөштүн ортосунда бирде томсоруп, бирде күйүт тарта ыйлаган жердештерибизге боор ооруп тим болобуз. Кыргыз "Жыргагандан жылкычы болуптурмунбу!" дейт. Өзүбүздө жумуш орундары менен камсыз болгондо жарандарыбыз мекенин таштап кетпес эле.
Белгилүү болгондой, 12-мартта Москвада кыргыз жана тажик улутундагы топтордун мушташынан 18 жаштагы кыргызстандык набыт болуп, дагы бирөө оор жараат алган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул кылмышка шектүү делген тажик улутундагы үч адам кармалганын кабарлады. Ушул эле күнү 25 жаштагы өзбек жигитти белгисиз бирөөлөр токмоктоп, машинесин өрттөп салышканын орус сайттары жазып чыкты. Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарды кечкисин көчөгө чыкпай, этият болууга үндөп жатат. Орусиядагы мигранттардын айтымында, жаз алды менен такырбаштардын (скинхеддердин) башка расадагы адамдарга кол салуусу көбүрөөк байкалат. Ошентсе да, кыялында жыргал жашоону элестеткен Орусияга агылган мигранттардын саны арбын. Бишкектен жумасына үч жолу жүргүзүлгөн темир жол каттамы аркылуу кеминде 350дөн ашуун адам Москвага сапар тартат. Өткөн жылы Орусиядан ар кандай себептер менен каза тапкан элүүдөн ашуун кыргызстандыктардын сөөгү алынып келингени маалым болгон.
Анан калса, дүйнөнү алаамат каптап, табигат кырсыктары да көп болууда. Мындай жагдайда, шору арылбаган биздин мекендештерибиздин шору шорподой кайнап, кайрадан Мамайдын анык көрүн элестеткен кунарсыз мекенине кайтып келүүгө аргасыз...





Издейм сени, Таалайбек!
Шумдугуң кургур, бул дүйнөдө эмнелер гана болбойт. Айта турган адамыбыз акындык менен алпурушуп жүргөн мыктылардын бири, албетте биз үчүн. Бирок, анын жоруктарын угуп алып төбө чачыбыз тик турганын айтып бере албайбыз. Аты-жөнү Таалайбек Абдылдаев. Бул адам "Опол" деген мекеме ачып, азыркы кезде чыгып жаткан "Эл сөзү" гезитин ачканы жатам деп 2006-жылы "Кыргызкоопсоюздан" 111,8 миң сом накталай акча алып качып жүрүп, тиешелүү органдарга кайрылгандан кийин 2009-жылы болгону 40 миң сомун төлөп берип, "калганын бир ай ичинде төлөп берем" деген бойдон куйругун түйүп качып жүргөнүн аталган союздун кызматкери Аттокуров аттуу аксакал бизге айтып берди. Кандай жол менен алганын мыйзамдуу түрдө далилдеп беребиз деген тарап Таалайбек мырзанын бир автоунааны да минип кеткенин, "ал унаа азыр жарактан чыгып калган" деген болбогон шылтоосун айтып жатканын да кошумчалашты. Ошентип акын аты бар, Бакиевден баштап баарын акындык тили менен соолуткан Таалайбек мырзаны "Кыргызкоопсоюз" акчасын ала албай издеп жүргөнүн угуп аферисттик акындарга да жеткенби деп жакабызды кармандык. Эми Таалайбек табылаар бекен?


Чалгындоонун артындагы чырлар
Акыркы кездери башы же аягы белгисиз болгон чуулгандуу окуялар байма-бай орун ала баштагансыйт. "Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат" көрүнүшү жүрүп жатканы бешиктеги балага да белгилүү заман болбодубу. Маалыматтарга караганда, өткөн жумада Таластагы Арал айылында жайгашкан "Коппер Голд" компаниясына таандык лагерди жергиликтүү тургундар өрттөп жиберишкен. Аталган компания 2005-жылдан бери Таластагы Талды-Булак аймагында алтын кендерин чалгындоо иштерин жүргүзүп келе жаткан. Буга чейин жергиликтүү коомчулук аталган компаниянын ишин токтотуу талабы менен чыгышкан. Алардын жүйөөсүндө, алтын кендерин чалгындоонун айынан Талды-Булак аймагындагы жүз элүү гектардан ашуун жайыт жана орунду чөп жер жабыркаган. Алтын кенин чалгындоочу компания алган милдеттемелеринин бирин дагы аткарбагандыгын айтышат.
Албетте, эл бир гана тынч жашоону каалайт. Алар жаздын келиши менен жазгы айдоо-себүү иштерине кам көрө баштайт. Карапайым калкка ызы-чуу керек эмес. Демек, жогоруда сөз болгон лагерди өрттөп жиберүүдө да кандайдыр бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы жатканы да байкалат. Элди экиге бөлгөн мындай окуялар чоң жараканы пайда кылбай, калыстык менен каралса деген эле максат.


Текебаев теңирден тескери кеттиби?
"Туруктуу позициядан тайбаган, эл таламын көздөгөн бычакка сап азамат" деп кезинде көпчүлүк Текебаевге ишеним арткан жайы бар. Кимдин-ким экени тагдыр сыноочу татаал мезгилде кашкайып, ачыкка чыгат тура. "Ата-журтчулар", анын ичинде бакиевчилердин анабашчылары менен таптакыр келишкистей тескери какраган Өмүрбек мырзанын акыркы кадамдары анын кашыктап чогулткан аброюн желге сапырып жибергендей эле болду. Текебаев деле тарпы чыккан катардагы бийлик көксөгөн саясатчынын деңгээлинен өйдө көтөрүлө албастыгын көрсөттү. Кербездене кооз сүйлөгөн Өмүрбек Чиркешович сырты жалтырак, ичи калтырак болгон бет пардасын толугу менен ачып берди. Бир кезде Ташиевге ачуу бүркүп, колун кезеген Текебаев эми анын колтугуна кирип, баш калкалоону эп көрсө керек. Өзү жалгыз жылаңач баатыр кейпин кийип, эми эч качан өйдө көтөрүлө албастыгын беш колундай билген Өмүкебиз Камчыбек мырза менен "достошуп", (Алардын ынактыгы канчага созулаар дейсиз) Түштүк тараптан да колдоо тапкысы келет окшобойбу… Айтор, көпчүлүк: "Текебаев теңирден тескери кетип калды" деп нааразы болуп жаткан чак. "Саясатта өз атаң да сатып кетет" дечү беле…