Ийне саптай албаган учук тандайт

Желпинген Жээнбеков жер жуткандай болду, адам эй…
Мындан 20-30 күн мурда эле Антимонополдук башкаруу агентствосунун башчысы Бабырбек Жээнбеков телеэкрандан түшпөй азык-түлүк кризисинин чоо-жайын чечмелеп кобурап жатканын көрчүсүң. Азыр болсо ошо "тележылдызга" айланып кеткен Жээнбековдун бар же жок экени белгисиз. Информациялык мейкиндиктен күндүз чырак менен издесең табышың кыйын. Жер жуткандай болуп жоголду. Шымын булгап алган баладай болуп унчукпай калганы таң калычтуу. Болбосо, кудайдын куттуу күнү телеэкранга чыкпаса ыраазы болчу эмес. Айрыкча, биринчи вице-премьер министр Ө. Бабановдун кабинетиндеги азык-түлүк кризисине байланышкан үзүрү жок жыйындардан кийин Б.Жээнбековдун прессада жаземдебей пайда болушу өнөкөткө айланып кеткен эле. Кээде бул киши Ө.Бабановдун пресс-секретары болуп орношконбу деп ойлоп жиберчүсүң.
Телеэкрандан түшпөгөнү менен айтаары айланып келип бир эле сөзгө барып такалат, анысын улам тажатма кайталайт да турат: Антимонополдук агентство белди бекем бууп таштап, азык-түлүк рыногунун ал-абалын талдоого киришти, рынокту башкарууга, азык-түлүккө болгон бааны теске салууга мыйзам боюнча биздин укгубуз жок болуп жатат, ошондуктан парламентке кеңири укук бере турган мыйзам долбоорун киргиздик эле, тигилер кечиримсиз кашаңдыкты көргөзүштү,- деп саймедирейт да турат. Башка эч бир иштиктүү сунушу жок. "Биздин колубуздан иш келбей калды, тамак-ашка бааны тескегенге укугубуз жок экен" деген бир сөзүн жүз кайталап жатып анысын ашмалтайга айлантып жибергенден кийин коомдук пикирде Б.Жээнбековдун "ишмердүүлүгүнө", "кылык-жоругуна", "саясый билдирүүлөрүнө" карата нааразычылык келип чыкты. Эл колунан кокон тыйын келбегенден кийин Антимонополдук башкаруу агентствосунун зарылчылыгы барбы, мындай пайдасынан зыяны көп, бюджетке оорчулук келтирип жаткан ашка жүк, башка жүк уюмду жоюп жиберүү керек, паразит уюмдан канчалык эрте кутулсаң, ошончолук жакшы дешти.
Б.Жээнбековдун байма-бай телекранга чыгып сереңдей беришинин себеби, өзүн өзү рекламалоонун кусаматынан чыкканы байкалып турган. Жээнбеков желпиниш--пиар-акциянын бир түрү десе болор. Асыресе, Б.Жээнбековдун жеке өзүнүн зоболосу үчүн иштин көзүн билбестигинин, элдин азык-түлүк каатчылыгына кабылып кыйналып жатканынын үстүнөн пиар-аянтча түзүүсү бир чети уятсыздык болсо, экинчи чети карапайым адамдарды кемсинтүүгө барабар окуя эле. Тилекке каршы, Жээнбеков аны түшүнгөн жок. Обу жок, орунсуз пиар-акциясы тескери эффект берип, натыйжада Б.Жээнбеков тез эле элге жек көрүндү болуп чыга келди.
Башкы антимонополчу А.Атамбаев баштаган өкмөт жүргүзүп жаткан эркин экономикалык саясаттын талаптарын, т.а. либералдык рыноктун мыйзамдарын түшүнбөстүгүн да көргөздү. Тамак-аш продуктуларына туруктуу бааны киргизүү барып-келип эле рыноктогу азык-түлүктүн дефицитине алып келерин, кант, нан, май, эт сыяктанган негизги продуктулар сатуудан ит жалагандай заматта жок болору башына да кирген жок. Чала журналист, чала юрист Б.Жээнбековдун экономикалык проблемаларга тиши өтпөстүгү, алы жетпеген ишке курулай эле асылып жаткандыгы башынан эле белгилүү болучу. "Ийне саптай албаган учук тандайт" деген сөз Б. Жээнбековго куп жарашып турганы талаш деле туудурбай калган.
Көрсө, Бабырбек Жээнбековдун "бааны теске салууга бизге укук берилбеген, тиешелүү мыйзамдар жок болгонуна байланыштуу колубуз байланып турат" дегени, элдин башын маң кылып адаштырган жалган сөз экен. "Вести.кг" информациялык агентствосунун казып чыгып жазганына караганда, баанын өсүшүн ооздуктоо үчүн чыгарылган мыйзам эбак токулуп чыгып, иштеп жатыптыр. Ал 2008-жылы 4-августта кабыл алынып (N 183), "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү Мыйзамы" деп аталат экен. Мыйзамда, бийлик муктаждык чыккан учурда рыноктук баанын түзүлүшүнө (ценеообразование) кийлигише алууга толук укуктуу экендиги жөнүндө көзгө сайгандай ачык-айкын жазылган. Б.Жээнбековдун какылдап-какшап айткандарынын баары, ошентип, анын иштин көзүн билбеген дилентанттыгынын белгиси, агенттиктин башкы функциялык милдетин ажырата албастыгын айгинелеп турган көрүнүш экени талашсыз. Айрым басылмалар, анын ичинде "Вести.кг" жана "Парус" сыяктанган Интернет-сайттар баа тынымсыз өсүп жатышынын себебин бийлик менен ири бизнес жең ичинен келишип алганы менен түшүндүрүшөт. Эгер иштин жөн-жайы Интернет басылмалар айткандай болсо, Жээнбековго элдин алаксытып алдап туруучу маскарапоздун ролу тагылганын баамдоо кыйын эместир.
Биринчи вице-премьер Ө.Бабанов көпчүлүктүн коалициясы түзгөн сепараттык келишимди кыянат пайдаланды. Бир сөзүн эки кылбаган тил алчаак, бирок иштин көзүн биле албаган профессионалдык деңгээли төмөн, анткен менен коррупциялык иштерге шыктуу адамдарды кызматка алган чиркөөсүн оппоненттери сыйра башташты. Б. Жээнбековду мына ошол Ө. Бабановдун "кишилеринин" ичиндеги дилетанттардын катарына киргизсе болор эле. Антимонополисттик башкаруу агентствосунун башчысы Жээнбековдун ээлеген ордуна шайкеш келээр-келбестиги боюнча өкмөттө кызматтык териштирүү жүргүзүүнү баштоонун зарылдыгы эбак эле бышып жетилген. Азыркы аткаруу бийлигинде Жээнбековго окшогон пайдасынан зыяны артык дилетанттар толтура экени жашыруун деле болбой калбадыбы.
Болотбек Чертикеев