Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Асыл адамдар

Түш
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
Чыкем сөзүн уланта отурду.
- Өткөндө француз жазуучулары Шекерди көрөбүз дешип Фрунзеден бирге чыктык. Жол айылга жете бербей, Грозный /азыр Аманбаев/ айылын аралап өтөт эмеспи. Ал убакта жол асфальт боло элек, жай жүрүп келатабыз. Бул чөлкөмдө, Грозныйда эле бир гана ашкана бар. Ашкананын тушунан өтө берерде, бир топ атчандар ал ашканадан жаңы эле чыгышкан экен, баары толук кызуу. Жайы-кышы мал менен жүргөн чабандар айылга кээде чогуу келишип, буктарын бир чыгарып кетишет эмеспи. Жарымы атка минип, жарымы минип-минбей, бири-бирине кыйкырып сүйлөшүп жатышты. Башынан эле кыргыздар каты сүйлөшкөн калк эмеспи, ал эмес, бир чокудан туруп экинчи чокудагы менен кыйкырып үн алышкан.
Атка мингендери аттарын татыраткан боюнча биздин жаныбыздан чаап өтүштү. Бирөөсү толук кызуу экен, бир жагына кыйшайып ооп бара жатканда башынан калпагы учуп түштү. Кудай жалгап, аны соорагы жандай чаап, колтугунан сүйөгөн боюнча оңдоп кетти. Артта калып калгандары да аттарына минишип, тигилердин артынан кууп жөнөштү. Чаап бара жатышып, жанагы түшүп калган калпакты бири эңип алды да, тигиге жете барып башына кийгизип өттү. Атчандардардын бири камчысын өйдө булгаласа, бири калпагын башынан алып булгалашып, кыйкырышкан боюнча аттарын чапкылашып бизден узай берди…
Ойдо жок жерден француздардын бири тилмечке кайрылып:
- Чыңгыз Төрөкулович, булар эмне кылып жатышат?- деп капылеттен мага суроо берип калды.
Ансыз да аларды аттан жыгылып калышпаса экен деп кооптонуп келе жатат элем, саал буйдала түштүм да:
- Бизде ушундай улуттук оюн бар, ошону ойноп бара жатышат,- деп жооп таба койдум…
Күлкү уланды!
ХХХ
Тамак артында жалпы сыртка чыгышты. Чыкем Токтогулду ээндетип:
- Жана бир чоочун келин жүрөт эле, ал кайсы келин?
Токтогул сөздүн маанисин түшүнө коюп:
- Кенжекан. Ал ушул жерде төрт-беш жылдан бери мугалим. Өзү Чолпонбай айылынын кызы болот. Крупская айылына турмушка чыккан.
- Тегин билесиңби?
- Тектүү жерден, анын чоң аталары Чолпонбай айылынын бакубат жашаган кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Чыке, атасын деле тааныйт болушуңуз керек,Токоев Абжалбек. Ал 1947-жылдары Шекерге көчүп келип, сиздин Дүйшөндүн мектебинде эки-үч жыл мектептин директору болуп иштеп кеткен. Кенжекан ушул жерде 1948-жылы төрөлгөн. Агалары да ар жакта жогорку кызматтарда иштешет. Бири - Жамбулда "Кирсельхозтехниканын" кожоюну. Кенжекандын жолдошу ошол кайнагасында шофер болуп иштейт. Дем алыш күндөрү эле үйүнө келбесе, көбүнчө Жамбулда.
- Элде: "Сөз - атылган ок!" дешет. Туура айтса, мерчемиңе дал тиет, туура эмес айтылса, кайра өзүңө тиет. Токтогул, байкап көрчү, түйүн экен, кайдан, чече аласыңбы?..
ХХХ
Ал убакта Кенжекандын жыйырма бештен жаңы ашкан курагы. Көздөрү ботонун көздөрүндөй бажырайып, каректерине океанды чөгөрүп алгансып чексиз мелтирейт. Чебер уста бүт өнөрүн сарптап жасагандай, мойну - ак куунун мойнундай койкоюп, ой десе - ойду, бой десе - бойду берген жагынан табигат андан эч нерсесин аябаптыр. Кенжекандын бүткөн бою сүйүүгө мелт-калт толуп, чытырап турган кези болсо керек.
Ойдо жок жерден, бир караган көзгө Бүбүсарага куюп койгондой окшош. Кенжеканды мына минтип тагдыр капылеттен туш келтирип турганын карабайсыңбы.
Көкүрөктө тумардай болуп сакталып жүргөн элести эске салып, уктап жаткан сезимди кайрадан ойготуп…
Ошол мезгилде Чыкеңин канаты кайрылып, таланты ташыркап, гүлдүн ширесиндей болгон махабаты - Бүбүсара Бейшеналиевадан айрылып калган кези эле…
Кенжекан ал убакта там-таштары жок, ар кимдикинде батирде жашап жүрчү. Жапарбектин үйүнүн бет маңдайында, ортодо аккан суунун аркы өйүзүндө, Бөртөй дегендин үйүндө турушчу. Бир жагы Жапарбекке мындай ыраак тууган, бир жагы коңшу болгондон кийин, Чыкең келет дегенден, эртеден бери казан-аякка каралашып жүргөн. Азыр болсо, үйүндө уктап жаткан эле.
ХХХ
Эшик такылдап калды.
- Кимсиң?
- Мен, Токтогулмун, Кенжекан, эшикти ачсаң.
- Агай, эмне болду?
- Айтчу сөз бар.
- Эмне сөз, айта бериңиз.
- Бетме-бет, жайынча түшүндүрөм, ачсаң…
- Ача албайм, агай.
Иш оңунан кетпесин сезген Токтогул үнүн акырын чыгарып:
- Мени Чыкем жиберди…
- Эмне?..
- Чыңгыз жиберди.
- Коюңузчу тамашалабай.
- Чын айтам, ачсаң эшикти, сүйлөшөлү.
Кенжекандын бүткөн боюн чагылгандын оту аралап өткөндөй, денеси ымыр-чымыр боло түштү.
- Агай, ача албайм…
- Кенжекан, туура түшүн, сен чоң жаңылышып жатасың.
- Жок, ачпайм!..
ХХХ
Кененбай…мына ошондо да этим от менен жалын, көз жашым көл-дайра болуп, таңды кирпик көзүн какпай атырган элем…
Токтогул агай пенсияга чыкканча көп жыл бирге иштешип жүрдүк. Чыкем жөнүндө сөз болуп калган учурларда мени бөлүп алып:
- Кенжекан, ошондо чеки иш кылдың.
- …
(Аягы)
К ененбай МЫРЗАНАЕВ,
Шекер айылы,
Кара-Буура району







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??