кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

п»ї

"Кол тийгис корук" таржымалы же Ататүрк паркы кимдердин менчиги?
Таржымал башы 2007-жылдын май айына барып такалат. Анда революциялык президент Курманбек Бакиев, кандай себеп болгону белгисиз, Ататүрк паркын түрө кыдырып жөнөйт. Парктын аймагын каптаган "особняктарды" көргөн президент анда ал кездеги шаар мэри Арстанбек Ногоевге ким, кантип, кандайча парктын аймагынан жеке курулушка уруксат алгандыгын териштирүүнү буюрат. Ошондо эле коомчулук бул тапшырманын аткарылышынан күмөн санашкан "Өздөрү менен кантип күрөшмөк эле?" деп. Анткени, жөнөкөй киши шаардын эс алуучу жашыл аймагына жеке курулуш, болгондо да килейген хансарай кура албасына алты жашар баланын да акылы жетет эмеспи. Ошентип, президенттин буйругун аткаруу үчүн мэрия курамына шаардык курулушка тиешеси бар баардык кызматтардын өкүлдөрү кирген комиссия түзөт.
Башында иш ордунан жылгандай болгон. 2008-жылдын 13-мартында ал кездеги Президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловдун жетекчилиги астында коллегия жыйыны өтөт. Анда өлкө үчүн бир топ көйгөйлүү маселелер менен бирге, эң орчундуу маселе катары дал ушул Ататүрк паркындагы мыйзамсыз жеке курулуштар туурасында суроо коюлат. Жогоруда айтылган комиссияга өзүнө жүктөлгөн тапшырманы аткаруу үчүн эки жума гана убакыт берилгенине карабастан, алардын жумушу үзүлбөгөн резинадай дээрлик үч айга созулат. Ошентип, үч айга созулган текшерүү, териштирүүлөрдөн кийинки комиссия берген үч барактуу маалыматка президенттин администрациясы ишеним артпай, "Аягына чыкпаган, такталбаган, текшерилбеген фактылар" деген баа берет. Курулушка түздөн-түз уруксат берген кызмат адамдары, анын натыйжасында мамлекетке , Ататүрк паркына келтирилген зыяны туурасында комиссия эч кандай баа бере алган эмес. КОЛ ТИЙГИС КОРУКпу дегенибиз да ушундан! Ушундан кийин президенттик администрация өзү жаңы комиссия түзөт.

(Уландысы 9-бетте)




ЖОГОРКУ СОТ ДА, ТӨМӨНКҮ СОТ ДА ЖАМАШЕВДЕРБИ?
Же Сузактын "Кызыл Туу" айыл өкмөтүндөгү мафия

Сузактан жубайлар Базаркүл Тургунбаева менен Анарбай Орозов Жогорку Сотко чакыртылып, жол азабын тартып келишиптир. Соттон маанайлары пас чыгышты. Процесс кийинкиге калтырылды.

Көрсө Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Базаркүлгө таандык жерди башка бирөөгө сатуу "мафиясы" эки жубайды айтылуу Кадыржан Батыровдун заманы тууп турганда, анын менчигиндеги үйдү басып алды деген шылтоо менен түрмөгө кесип жибергенден кийин башталыптыр. Бөрүкулов Апсатар деген адам "жериңизди убактылуу иштетип турайын" деп суранат. Базаркүл турмуш шартка байланыштуу 4 баласын бакканы шаарга келет. Кайран Апсатар аке жерди алгандан кийин өзүнө менчиктештирип, мамлекеттик акты чыгарттырып, 2003-жылдын эсебинен документ жасатып ала коет. Аны жер ээси Базаркүл билбейт. Ортодо 2005-жылы элдик көтөрүлүш чыгат. Адилеттик орноду дегендердин арасында Базаркүл да бар эле.
(Уландысы 6-бетте)










??.??