Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Сырдуу чалма

АДАМДАРДЫ ЧҮМБӨТТӨӨНҮН ЖАҢЫ УСУЛУ ЖЕ ДҮЙНӨЛҮК ДИНИЙ ИМПЕРИЯНЫ ТҮЗҮҮНҮ КӨЗДӨГӨН МУН
Биздин өлкөгө көп жылдан бери чыгыш-батыштын культтары, конфессиялары каптап келгени маалымат каражаттарында да, эл оозунда да байма-бай айтылып келет. Алардын ичинде биздин коомго, менталитетке ылайыктуусу да, кооптусу да жок эмес. Эзели ата-бабабыз тааныбаган, элге жат конфессиялар өз идея, ишенимдерин күчтөп же алдап, айрымдарын сатып алып таңуулап келгени да айкын. Мына ушундай ары кооптуу да, ары моралдык жактан бузулууга тарткан ишенимдин бири "МУН" сектасы десек жаңылышпаспыз. Булар Кыргызстанда атайын эсептик каттоодон өтпөсө да, башка аталыштар менен; бизнес же окуу борборлоруна жамынып өз идеяларын таратканы тууралуу кептер арбын. Дегеле Мундар кимдер, кайдан чыккан, көксөгөнү эмне?..

ӨЗҮН ТЕҢДЕШКИС "МЕССИЯ" СЕЗГЕН САН МУН
Сан Миунг Мун 1920-жылы 6-январда Түштүк Кореяда туулган. Ал онго чыкканда ата-энеси христиан динин кабыл алышып, пресвитериандык чиркөөгө байланышат. Ал 16 жашка чыкканда тоодо сыйынуу менен жүрүп аян алганы айтылат. Өзүнүн айтымында, ага Иисус Христос келип, Өзү бүтүрө албай калган ишти аяктоону тапшырат. Муну Мундан башка эч ким жасай албастыгын билдирип, Иисус суранычын бир канча жолу кайталайт. Акыры Мун ага макулдугун берет. Ошентип, Мун өзүнө "улуу миссия" жүктөлгөнүн жана жердеги "Кудайдын Падышачылыгын" түзүп, адамзатын куткаруучу "мессия" болгонун жар салат. Ошондон кийин Мун дүйнөлүк диний империяны түзүп, ага "бүткүл диндерди бириктирип" адамзатын бийлигине алуу максатына багыт алып, 1946-жылы "Биригүү чиркөөсүн" түптөө идеясы келет. Өзүнүн "руханий улуулугу" белгиси катары Мун өз ысымын Сан Миунг Мун (ай менен күндөй жаркыраган) деп өзгөртөт. 1956-жылы Сеулда алгачкы чиркөөсүн (биригүү чиркөөсү) негиздеп, аны "Бүткүл дүйнөлүк христиандарды бириктирүү боюнча Ыйык Рухтун ассоциациясы" деп атайт. Анысы бир топ чырлар менен коштолот.
Мун 1957-жылы "Биригүү чиркөөсүнүн" жаңы Инжили атаган "Кудай принциптери" деген негизги эмгегин чыгарып, Жаңы осуяттагы Христос аркылуу кутулууну четке кагып, адамдын иштери, аян жана Мунга баш ийүү аркылуу гана кутуулуу болоорун билдирген өзүнүн окуусун алып чыгат. Шакирттерине жаңы чындыкка жүрөгүн ачууга чакырып, өзү тапкан чындыкты кабыл алса, анда ага Инжилдин кереги жоктугун билдирген.
Ал 1972-жылы Кудайдын буйругу менен Америкага келип, жаңы-жаңы жолдоочуларды ээрчитет. 1976-жылы Мун болуп көрбөгөндөй финансылык каражатка ээ болот. Коомчулук менен бекем байланышта болуунун жана анын жолун табуу үчүн юристтерге оңбогондой көп акча коротот. Мундар максаттарына жетүү үчүн кайрымдуулук, коомдук жана илимий уюмдардын астында жамынып иштей башташат. Тагыраак айтканда, Мундун "Биригүү чиркөөсү" үгүт иштерин "Биримдик проектиси", "Коммунизмди жеңүүдөгү эл аралык федерация", "Эл аралык маданий фонду", "Эл аралык агартуу фонду", "Эл аралык искусство ишмерлеринин уюму", "Илимдин биримдиги боюнча эл аралык конференция", "Дүйнөдө тынчтыкты коргоонун жогорку деңгээлдеги кеңеши", "Массалык маалыматтын бүткүл дүйнөлүк конференциясы", "Газета басмасынын бүткүл дүйнөлүк федерациясы", "Биримдик проектиси", "Принциптерди изилдөөнүн коллегиалдуу ассоциациясы", "Жаңы билим берүүнүн өнүгүүсү", "Бүткүл дүйнөлүк достук жана жардам фонду" ж. б.

ТҮРМӨДӨН БАШЫ ЧЫКПАГАН МУН
Сан Мун 1955-жылы күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен диний уюмдагы бардык аялдар менен жыныстык катнашта болгону үчүн түрмөгө түшөт. Мун аны "кан тазалоо ырым-жырымы" атаган. Ошондой эле, Мун Америкада диний уюм деген статуска шылтоолоп салык төлөөдөн буйтап келгендигинин бети ачылып, 1983-жылы салык төлөбөгөндүгү үчүн 18 айга камакка алынып, соттолгон. Айтор анын өмүрү "мыйзамдагы уурудай", түрмөдөн башы чыккан эмес. Баш-аягы ал 16 жолу соттолуп, жалпысынан бир канча жыл түрмөдө отурган. Мун мунун баарын диний, ишеними үчүн куугунтук катары эсептеген.

АМЕРИКАДАГЫ МУНДУН "ТУЗАГЫ"
Ал Американын Нью-Йорк штатындагы Территаун аймагынан миллион долларга жакын акчага чоң жер сатып алып, "Биригүү Чиркөөсү" өз таалимин жаш америкалыктарга кеңири таркатып, Кореялык "мессиянын" үгүттөөчү жоокерлери пайда боло баштаган. Алар өздөрүнө адамдарды тартуу үчүн адегенде "адеп-ахлактын калыптанышы, экологиялык проблема, тынчтык, адамдардын өзгөрүшү, өнүгүүсү" өңдүү маселелерден башташат. Ар бир кишиге абдан сый, жылуу мамиле жасашат. Инжилден эч кабары жоктор кайырмакка шарт эле илинет. Алар катарына жаңы киргендерди эч качан жалгыз калтырышпай, аны менен эмне болуп жатканын ойлонууга мүмкүндүк бербей алаксытып өздөрүнө тездик менен байлашат. Түбү, менчик мүлкүн жаңы "Мундардын чоң үй-бүлөсү" үчүн курмандыкка чалууга көндүрүп, өзүн туугандарынан, досторунан жана бир сөз менен айтканда коомчулуктан алыстатып ажыратат. Үйүнө кеткиси келгендерди, согуш майданын шайтанга берүүдөсүң дешип, Мунду ата-энеден да, дегеле баарынан жогору тутуп сүйүшүн, ага бүтүндөй берилүүсү керектигине ынандырган.

"ЧЫНЫГЫ АТА-ЭНЕ"
Мун өзүн жана экинчи аялын жаңы адамзатынын "чыныгы ата-энеси" деп жарыялап, адамдардын жаңы расасын жаратууга ниеттенген. Ыйык Рух, Ата жана Уулга сыйынуунун ордуна "чыныгы ата-энеге" сыйынууну буюрган. Кээде, анын жолдоочулары дубалга илинген Сан Мундун сүрөтүнө карап сыйынышып, баштары айланган. Көптөгөн ата-энелер балдарын "мундун" кишенинен чыгарууга аракет жасашкан, айрымдары психиатрларга кайрылышкан, бирок андан эч майнап чыккан эмес. "Чоң үй-бүлөдөн" чыгып кеткендер болсо, башынан өткөнү тууралуу оңой менен ооз ачышпайт, анткени эртеңки күнүнөн коркушат экен.

ВАКХАНАЛИЯ ЖЕ МУНДУН БАТАСЫ
Бүгүнкү күнү Мун сектасы ар кайсы өлкөдө ар кандай аттардагы ар кандай уюмдар менен иш алып барышат. Алар дароо эле өздөрүнүн максаттарын ачыкка чыгарбайт. Кээде, өздөрүн христиан эмиссарлары катары көрсөтүп, ишенчээк адамдарды алдап тартышат. Корей "мессиясына" көбүрөөк кызыккандарды Америкага "жаңы аян" менен кеңири таанышууга жөнөтүшөт. Ал жактан күчөтүлгөн режимде психотроптук иштетүүдөн өтүп, Мундун "Кудай принциптерин" мээлерине куюшат. Даяр "мунчу" Мундун батасына да татыйт. Анын бата берүү кылыктары далайдын чачын тик тургузган. 1955-жылы диний уюмдагы бардык аялдар менен жыныстык катнашта болгону үчүн камакка алынган. Ошондой эле, анын батасы менен Мэдисон сквер-Гарденде "үйлөнүү үлпөтүн" өткөргөн. Ал "нике кыюууга" 2075 түгөй-мунисттер катышкан. Кызыгы, алар бири-бирин биринчи ирет көрүшүп, окшош кийинген кыздардын армиясы, эркектердин армиясына күйөөгө чыгышкан. Мындай бата берүү-алуу саамалыгы бир канча ирет өткөрүлгөн имиш.

МУНДУН САЯСАТЧЫЛЫГЫ
Мун сектасы абдан бай, алар өздөрүнүн саясый жана диний проектилерине жылына миллиарддай доллар жумшайт имиш. Көңүл борборун жогорку социалдык катмардагыларга, чиновниктерге бурат. Жемди торго түшүрүү үчүн пара берүүдөн баштап, чет өлкөгө ар кандай семинарларга акысыз алып барып, түрдүү ыкмаларды колдонушат. Акысыз англис тили курстарын, чыгыштын Таеквондо өңдүү клубдарын да уюштура коюшат. Мундардын санынын өсүшү мааниге ээ эмес, аларга кайсы бир иште таасирдүү кишилер керек. Американын конгрессинде Мундардын эл аралык саясый партиясы жана улут аралык корпорациясы да бар экендигин айтышкан. А түгүл, мыйзам чыгаруучу органдарга өздөрүнүн пикирлерин таңуулаган учурлары да байкалган…
Кыскасы, ар кайсы өлкөдө Мун сектасы өзүнө көптөгөн жактоочуларды ар кандай усулдар менен чүмбөттөп алып, миллиондогон жолдоочуларды жана ири өлчөмдөгү байлык чогултушкан. Өздөрүнүн газеталарын ачып, чоң тираждагы китептерди чыгарып, анти христиандык жалган окууларын таркатып келишет.
Үгүтчүлөргө бардык материалдык керектөөлөр коммунанын эсебинен коротулат. Аларга акчанын кереги жок, алар жеке чечимдерди чыгара албайт. Коммунанын мүчөлөрү кайда болбосун көчөдө соода кылып, кырсыктагандарга жардам чогултумуш же наркоманияга каршы күрөшүмүш болушуп, акча табышканы да айтылып келет…

Эрнест АБДРАХМАН




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«