Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Айкын собол

"Коррупциясы өнүккөн өлкөлөргө аферист, жеткен шылуун инвесторлор келет"
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Союздун союлу кыскаргандан бери көптөгөн завод-фабрикалар жабылып, бир топ кен-байлыктарыбыз казылып-казылбай токтоп калган. Алардын айрымдарын чет элдик инвесторлор шылуундук менен иштетип келсе, айрымдары жабылуу аяк жабылуу бойдон жатат. Кыргызстан мамлекети өз алдынча кен-байлыктарды иштете алабы? Ошого бүгүнкү атка минээрлердин күчү жетеби?

Жамин Акималиев, академик:
- Сырттан инвесторлор, кандайдыр бир акчалай жардамдар келбесе, Кыргызстан өз алдынча кен байлыктарын иштете албайт. Албетте, бизде кен байлыктар өтө эле көп. Алардын баарына сырттан инвесторлорду таап келип, анан ишке киргизүүгө болот.
- Бирок ошол келген инвесторлор жыйырма жылдан бери өздөрүнүн гана пайдасын көздөп, өлкөгө эч кандай пайда алып келген жок да?
- Туура, биз инвесторлор менен келишим түзөөрдө эң биринчи мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Өлкөгө пайда келе тургандай чечим чыгарышыбыз керек. Илгери легендарлуу парламенттин учурунда алтын боюнча чоң чатак чыккан. "Кумтөрдү" А.Акаев Канадага берип атканда, биз каршы чыкканбыз. Көпчүлүк эл ошондо түшүнгөн эмес, бирок, биз "шашылбай туруп, кенен-кесири кеңешели" деп айтып чыкканбыз. Ошондо А.Акаев биздин каршылыгыбызды чиркей чакканча көрбөй, "биз болуп көрбөгөндөй пайда табабыз. Алтындын 70-80 пайызы биздики болот" деген эле. А.Акаевдин акылсыз келишими бүгүнкү күнгө чейин өз азабын берип келет. Алтын кени өндүрүлүп жатышы жакшы. А бирок, Ысык-Көл деген керемет жерибиздин келечегин ойлошубуз керек. Ошол Ысык-Көлдүн так үстүндө, мөңгүдө жайгашкан мындай ири ишкана келечекте сөзсүз кесепетин тийгизбей койбойт. "Кумтөрдөн" башка кен байлыктарыбыз толтура. Эми ошолорду да этияттап колдонушубуз абзел. Инвесторлор менен келишим түзөөрдө коомчулукка ачык эле жар салып, "жети өлчөп, бир кесип", кеңешпесек болбойт. Инвесторсуз биз өзүбүз иштете албайбыз. Өкмөт быйылкы жылдын бюджетин 22 миллиард сомго тартыштыгы менен бекитти. Ушундай абал менен өзүбүз кантип иштете алабыз.
- Кен байлык казылган жерден уулуу заттар чыгып, ал келечекте экологияны талкалаган бир чоң табигый кырсыктарга алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өлкөгө ири кирешелер кирбегенден кийин, пайдасынан зыяны көп "Кумтөрдү" жаап салганыбыз оң болуп жүрбөсүн?
- Мындай чоң ири компанияны жаап салганыбыз туура эмес. Аны жакшынакай келишим менен чечип алышыбыз керек. "Алтындын баары биздин көзөмөлдөн өтүп, биз аркылуу сатылат" деп легендарлуу парламентте айтышкан. Бүгүн анын бири жок. Андан кийинки президент К.Бакиев деле ошол Акаевдин таз кейпин кийди. Аны да акча менен сатып алышты көрүнөт. Былтыр, май айында Монголияга барып келдим. Илгери Совет доорунда такыр эле артта калган өлкө эле, эми азыр эгемендүү мамлекеттин негизин түптөп, экономикасын бийик деңгээлде өнүктүрүп алышыптыр. Биздикиндей парламенттик башкарууга өтүп алып, улуттук сезимди козгоп, Чыңгызхандын эстелигин туу кылышып, анын эстелигин өкмөт үйүнүн астына коюп коюшуптур. Болгону бир жарым миллион калкы бар. Бирок, кендери аябай көп. Америкадан, Кытайдан, Кореядан, Түркиядан, Россиядан инвесторлор келип, жакшынакай иштетип атышат. Ошол мамлекеттер менен ортодогу келишимди туура түзүп алышкан. Бир сөз менен айтканда, Монголиянын өнүккөнүн көрсөң таң каласың.
- Мурдунун учунан алысты көрө албаган бир эмес эки президентти кубаладык. Эми азыр ивесторлор менен ортодогу келишимди оңдоп алууга мүмкүнчүлүк барбы? Же азыркы өкмөт деле баягы эле койчунун таягындайбы?
- Мен эми аларды кармап албагандан кийин айталбайм. Бирок, бул жерге күч деле, эрк деле жетет. Биз илгертен келаткан коррупцияны түп тамыры менен жулуп жоготкон жокпуз да. Илгери кимдир бирөөлөр "коррупция деген кыргызча кандай которулат?" деп сурап калганда, мен айттым эле, " коррупция деген жети баштуу желмогуз" деп. Акаев, Бакиевдин убагындагы күчөп кеткен коррупционер чиновниктин бир тобу кайра эле азыркы өкмөткө келишти. Алардан биз эч качан жакшылык күтө албайбыз. Ал коррупциялык системадан бул чиновниктер чыга албайт. Камыр-жумур аралашып калган. Ошол жети баштуу желмогузга алданып атышат да, дагы эле.

Аскар Бешимов, экономист
- Биздин мамлекет өз алдынча кен байлыктарды иштете албайт. Себеби, бизде жетишээрлик каражат жок. Кыргызстанда ири инвесторлордун саны араң эле жетиге жетет. Алар "Кумтөр", "Демир Банк", "Халык Банк", "Кока-Кола", "Вим-Билл-Данн", "Реемстма". Мындан башка ири инвесторлор жок. Алты-жети жылдан бери биз тышкы жардамысыз өз алдыбызча жашай албайбыз. Аларга муктаж болуп калдык. Жеп-ичкен тамак ашыбыз, кийген киймибиздин 85 пайызы импортко байланыштуу. Импорт менен экспорттун айрымасы бүгүнкү күндө 2 миллиард долларга жетип атат. Биз анча-мынча жашылчалардан башкасынын баарын сатып алабыз. Ири кендерди иштетүүбүз үчүн ири сумма керек. Башында геологиялык чалгындоолорду өткөрүп, ага керектүү тетиктерди, аппараттарды сатып алып келишибиз керек. Андайга биздин күчүбүз жетпейт. Тышкы инвесторлрдун өлкөбүзгө келишинин бирден - бир максаты тезирээк акча-каражат табуу, алар эч убакта кыргыздарга жардам берейин деп келбейт. Мындай пайда табуу чыныгы бизнестин мыйзамы. Ошол пайда табууну көздөгөндө ал ар кандай ыкмаларды, ар кандай жолдорду колдонот. Ошол ыкмалар, жолдор, мамлекеттин ичиндеги кен байлыктарды, жеңил өнөр жайларды иштетүү боюнча инвесторлорду алып келип, биздин өкмөт мыйзамдарды чыгарып берет. Акаевдин, Бакиевдин убагында мындай ири кендердин үстүнөн үй-бүлөсү көзөмөл кылып келишкен. Инвесторлор өз максатын орундатыш үчүн кандай гана ыкмалар болбосун колдонот. Алар биздин чиновниктерди акчага сатып алабы же ошол президенттин үй-бүлөсү менен келишим түзөбү, айтор өздөрү үчүн ыңгайлуу жол издеп келишет. Азыр деле жең-ичинен күбүрөп-шыбырашып иш кылгандар көп.
- Же өз алдыбызча иштете албасак же чет элдик инвесторлорду жөндөй албасак, пайдасы жок мындай компанияларды жаап салганыбыз оң болуп жүрбөсүн?
- Жок, аларды жаап салууга кошулбайм. Туура, бул кен байлыктарды иштете албасак жөн эле коёлук дегендери деле бекеринен эмес. Азыр дүйнө жүзүндө илимий изилдөөлөр өнүгүп, азыркы учурда темирден да катуу пластмассалар чыга баштады. Бирок, алар кеңири дүйнө жүзүнө таркай элек. Ал желим пластмассалар темирден беш эсе катуу, дат баспайт, жеңил экени айтылууда. Жыйырма - отуз жылдан кийин темир кен байлыгынын эч кимге кереги жок болуп калат. Ал тургай 70-80 жылдын ичинде күн энергиясынан болобу, суунун буусунан болобу, унаалар күйүүчү майсыз жүрүп калат деп окумуштуулар айтып чыгышпадыбы. Демек 70-80 жылдан кийин нефти продуктусунун керектөөсү азаят. Дүйнөдө инфляция болуп, доллардын курсу ылдыйлап аткан үчүн алтындын баасы өсүп атат. Ар бир нерсенин өз убактысы болот, убагында иштетип, пайдасын көрүш керек. Антип сандыкка катып, бир убакта иштетебиз деген туура эмес.

Болоткан Алымкулов, Түндүк чалгындоо геологиялык экспедициясынын башчысы:
- Тоо-кенди жана геологиялык чалгындоону түшүнгөн киши кадр маселесин чече алат. Анткени "Кыргызалтынды" карайлычы, бир да жолу тоо-кен жагын жана геологияны түшүнгөн киши келе элек, ошондуктан абдан акыбалыбыз начар. Мисалы мендей геологду Саламаттык сактоо министри кылып койсо мен кантип кадрларды тандайм, кантип ушул системаны оңдойм, кантип закондорду оңдойм? Законду шашпай жакшылап карап, корректировка кылыш керек, ошол системанын кызыкчылыгын (интересы отрасли) кошуш керек, кадрларга жумуш жана айлык дегендей… Биздин "Закон о недрах" жана башка закондорду карасан кадр, эмес Кыргызстандын кызыкчылыгы жок. Парадокс. Кеп ушуда.
"Кумтөр", "Жерүй" жана башка кен-байлыктарды биздин кадрлар (без иностранцев) иштете алабы? Иштете алат. Мисалы, Хайдарканда сымапты, Макмалда алтынды чет элдиктер жок эле биздин кадрлар иштетип келе жатпайбы. Керек болсо "Кумтөрдүн" өзүндө 80% Кыргызстандын кадрлары. Канаданын кишилерине биз абдан арзан күч болуп жатабыз, анткени ошончо кадрларды даярдаган да жок жана окуткан да жок. Иштеп турган Кыргызстандын тоо-кен жана геология системасындагы ишканаларын аксатып жакшы кадрларын кичине айлыгын көбүрөөк кылып тартып алышты. Ошондуктан тоо-кен геология системасына туура кадр (профессионал) келмейинче трибунадан, телевизордон акылдуу сөздөрдү сүйлөп жүрө беребиз.
Эми "Кумтөр" боюнча айтсам, "Кумтөр" бул чоң маселе, муну улутташтыруу кыйын, бирок келишимди компетенциясы бар адистер же өкмөттүн комиссиясы кайра карап чыгыш керек. Керектүү эксперттерди кошуп, ошондой кен байлыктары бар коңшу өлкөлөрдү карап, кандай контракт менен, ошол элдин кандай кызыкчылыгы бар, ошол эл кирешеде процент менен олтурабы же "раздел продукции" болуп жатабы? Жана башка жактарын чойбой, карап чыгыш керек, али кеч эмес.

Кубанычбек Турдукожоев,
"Альянс" тоо-кен металлургиялык компаниясынын гендиректору:
- Албетте, мамлекетибиз өз алдынча кен байлыктарын иштете алат. Биз инвесторлорду күтүп атып эле өзүбүздүн баркыбызды түшүрүп алдык. Маселен "Макмал", "Солтон-Сары", Чаткалдагы "Терек-Сай" кендерин "Кыргыз алтын" өзүнүн эле базасында иштетип жатат. Кыргызстан өзү эле "Жер-үй", "Талдыбулакты" кендерин иштетип койсо болот. Кыргызстан өз күчү менен кен байлыктарды иштетип кетишине толгон-токой жолдор бар. Биз ар дайым сырттан келген инвесторлорго алданып калабыз. Көмүскө экономикада ар бир келген бийлик башкаруучулардын кызыкчылыгы ар дайым ойноп келди. Эмне үчүн "Кумтөрдөн" түшкөн кирешенин 60% биздики, 40% силердики деп инвестор менен келишим түзө албайбыз. Анткени, ошол ортодогу келишимди чечүүдө, бийлик башындагылар биринчи орунда өзүнүн кызыкчылыгын көздөшкөн. Андай келишимдер ушул күнгө чейин эле уланып келаткансыйт.

Бакыт Сейталиев, геолог:
- Эгерде чакан кен байлыктар болсо, иштетсе болот. Инфраструктурасы түзүлгөн, шарттары оңой жерлер болсо Кыргызстан өзүнүн күчү менен иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Ири кендерди деле казып чыкса болот. Бирок, бүгүнкү оор шартта аларды иштетүү кыйынга учурап калат.
- Бирок, ошол инвесторлор өлкөгө пайда алып келген деле жок да?
- Бизге окшогон пара менен алданып калуучу өлкөлөргө айрым инвесторлор өзүнүн кадыр-баркы үчүн келбейт. Ал эми мындай коррупциясы өнүккөн өлкөлөргө аферист, жеткен шылуун инвесторлор келет. "Кен байлыктарын сатып, түбүнө жетейин, пайданы тез арада көрөйүн" деген инвесторлор келет.

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер:
- Өз алдыбызча кен байлыктарды иштете албайбыз. Себеби, бизде андай шарттар жок. Каражатыбыз өзүңөр көрүп тургандай "ары тартсаң өгүз өлөт, бери тарсаң араба сынат" абалда турат. Инвестерлордун бизге келип турушу - бул жакшы.


Даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«