Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Исхак ПИРМАТОВ:
"Ошол 8 адамдын ичинен эң биринчилерден болуп коалицияга каршы эмес, Текебаевге каршы добушту мен бергем"
("Бийликке ток, колунан иш келген адамдар барыш керек")
(И. Пирматовдун КТРК каналына берген интервьюсунан)

...Текебаев менин дарегиме акыл-эске сыйбаган, жалган маалыматтарды таратты. Ошого байланыштуу мен өзүмдүн бир-эки комментарийимди берип коюуну туура чечтим.

Текебаев мырза мени "Кыргызнефтегазда" иштеп жатканда кылмыштуу келишимге кол койгон деп айыптады. Анын сөзүнө ылайык, 4 миллион доллар турган жабдууну мен 15 миллион долларга кириштеп (приходдоп), ушундай кылмыш ишке барыптырмын. Кандай маалыматтарга таянып айтып жатканы мен үчүн белгисиз.
Биринчиден, сатып алуу келишими болгон эмес. "Кыргызнефтегаздын", өзгөчө Кыргызстандын бюджетинен бир тыйын кеткен эмес, кетпейт дагы. Бул түздөн түз инвестициялык келишим болгон. Инвестор өзүнүн дарегине 4 миллион 600 миң долларга жабдуу, жана 3 миллион 400 миң долларлык 5 скважинага жете турган тетиктерди сатып алган. Жалпы көлөмү 8 миллион долларды түзгөн. 5 скважинадан фактически чыккан мунайды 2 жыл мөөнөттүн ичинде бөлүшүү каралган. Келишимдин мөөнөтү 2 жылга түзүлгөн. Ошол эле бүгүнкү "Кыргызнефтегаздын" жетекчилигинин айрымдары мага чейин ошол ишкананын жетекчилигинде туруп, Кытай жана Австралиялык инвесторлор менен ондогон ушул сыяктуу келишимдерди түзгөн. Ал келишимдер менен бул келишимдердин айрымасы эмнеде? Ал келишимдер 20 жылдык мөөнөт менен түзүлгөн. Эч кандай жабдуу "Кыргызнефтегаздын" пайдасына өтүү каралган эмес. Ал эми биз түзгөн, Текебаев мырза айтып жаткан "кылмыштуу келишим", бургулоо бүткөндөн кийин 5 скважинаны "Кыргызнефтегаз" бир тыйын сарптабай туруп, 8 миллион долларды белек катары өткөзүп алмакчы болгон. Мунун баары келишимде так жана даана көрсөтүлгөн.
Эми байкасаңыздар, он айдын ичинде ар кандай жалган маалыматтар бул тема туурасында айтылып келе жатат. Мен ал адамдардын деңгээлине түшүп, ушул убакка чейин кайым айтышпай келдим. Бирок айтып коё турган нерселер - көрүп атпайлыбы -Жалал-Абад областынын губернатору Бектур Асанов баш болуп, башка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү "бул "Нефтегазды" сактап калдык, банкротсводон сактап калдык, 13 миллион долларды сактап калдык" деген маалыматтар кайдан келип чыгып жатат? Албетте, мен ал адамарды туура түшүнөм. Бүгүнкү күндө "Кыргызнефтегазды" жетектеп жаткан, Текебаев мырза айтмакчы, тырмакчадагы "революциячыл" жетекчилик берген маалыматка жараша алар дагы өзүнүн маалыматын берип жатышат.
Бул ызы-чуу башталаардан мурун, азыркы жетекчилик ушул келишимдин канчалык деңгээлде пайдасы бар же жоктугун аныктоо үчүн көз карандысыз "Марко Аудит" деген аудитордук компанияга кайрылган. Кайрылуунун негизинде "Кыргызнефтегаздан" өндүрүлгөн 1 тонна мунайдын өздүк баасы 413 доллар болуп эсептелет деп, бүгүнкү күндө загранпаспортун жасатып,чемодандарын камдап турган башкы бухгалтер Татьяна Еткованын колу менен, печаты менен камсыз болгон. Ошол 413 доллардык өздүк баасы деген справканын негизинде "Марко Аудиттин" кортундусу чыккан. Ал жерде жазылган: эгерде өздүк баасы ушундай көлөмдү түзсө, анда бул келишим "Кыргызнефтегаз" үчүн пайдалуу эмес деп. Ошонун негизинде ушул күнгө чейин келе жатат.
Менин колумда Эсептөө палатасынын актысы жана "Кыргызнефтегаздын" пландык-эсептөө бөлүмүнүн башчысынын справкасы бар. "Кыргызнефтегаздын" өздүк баасы тарыхта эч качан 100 доллардан ашкан эмес. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 4700 сомду түзгөн. Башкача сөз менен айтканда, документти өзгөртүү жолу менен 4 эсеге көтөрүлүп, жалган маалыматтар берилген, аудитордук компанияга. Ушул заключение чыккан соң бүгүнкү директорлор Кеңешинин мүчөсү Эсептөө палатасынын актысы менен пландык бөлүмдүн башчысынын справкасын, "өздүк баасы 4700 сом" деген справканы бергенде, "Марко Аудит" мындай кат берет, "Кыргызнефтегаздын" дарегине: "сиздер бизге берген маалыматтын негизинде, биз силерге корутунду чыгарып бердик. Эгерде биз Эсептөө палатасынын маалыматына таянсак, анда бул келишим эбегейсиз зор пайда алып келе турган келишим экен" деп 10-декабрь 2010-жылы ушундай кат жолдогон.
7-апрелден баштап менин иштеген мөөнөтүм тууралуу Кыргызстанда болгон фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан абдан көп текшерүүлөр болгон. Мени депутаттыкка талапкер катары катталганга чейин абдан зор аракеттер көрүлгөн. Алардын тилегине каршы, бир дагы доомат, бир дагы айтылган күнөөлөр ордун тапкан эмес. Ушуга байланыштуу мунун бардыгы жалган болуп чыккан. Бул келишим боюнча мен баса белгилеп кетким келет: бул жерден "Кыргызнефтегаз" бир тыйын сарптабай туруп, эки жылдын ичинде 200 миллион сомдон ашык пайда алмакчы болгон. Андан сырткары бекерге 8 миллион долларлык жабдууга ээ болмокчу болгон. Ушуну баса белгилеп кетким келет.
Экинчиси.Текебаев мырза айтып жатат - бүгүнкү жетекчилик 2009-жылга мен иштеген мезгилиме салыштырмалуу 800 пайыз көбүрөөк киреше алды деп. Туура, 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кыргызнефтегаз" 18 миллион сом киреше алган. Эмне себептен 2008-жылды салыштырбайт? 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 125 миллион сом пайда тапканбыз. Сиздерге белгилүү болгондой, 2009-жылы мунайдын баасы канча экени бардыгыңыздардын эсиңерде болсо керек. Бул эми 2010-жылы 149 миллион сом пайда көрүп жатат. Бул каяктан келип чыккан цифра? Жөнөкөй арифметикалык эсептөөнүн негизинде мындай суроолор пайда болот : 1-апрель 2010-жылдан баштап Россия Федерациясы тарабынан жарык мунай заттарына 223 доллар өлчөмүндөгү пошлина киргизилген. 2010-жылы "Кыргызнефтегаз" 70 миң тонна өндүргөн болсо, анын 40 пайызы жарык мунай, орусча айтканда бензин менен солярка. 40 пайызы 28 миң тоннаны түзөт экен. Биз "удельный веске" чыгарганда, 34 146 куб бензин, солярка чыгат. Муну 223 долларга көбөйткөндө, 7 миллион 614 миң долларга барабар, же болбосо 357 миллион 887 миң сом. Андан тышкары, ошол 70 миң тонна деп көрсөтүлүп жаткан көлөмдүн ичинде 7 миң тоннасы "Кыргызнефтегазга" таандык эмес. Бул каракчылык жол менен инвесторлордон тартып алган мунайдын көлөмү. Фактически "Кыргызнефтегаз" 65 миң 800 тонна гана мунайды өндүрдү. 7 миң тоннанын акчасы, 550-скважинадан чыккан -сомго айландырганда 120 миллион сомго тете. Экөөнү кошкондо 477 миллион сом болот экен. 149 миллион көрсөтүп жаткан пайданы кемиткенде 328 миллион сом кимдин чөнтөгүнө кетти деген суроо туулат. Ушул суроого жооп берсе жакшы болот эле. Албетте, кирешени мындан да көп алса болот эле. Себеп дегенде өндүрүү процессин өндүрүшчүлөр түшүнөт, бул үзгүлтүксүз жаңылоого муктаж болгон технологиялык процесс. Он айдын ичинде көзгө көрүнөрлүк бир да жабдуу сатып алынбаса, түшкөн акчаны топтоп эле, популисттик саясат менен алектенип эле топтой берсе, бул абдан аз көрсөткүч, 149 миллион. Жок дегенде 500 миллион чыгыш керек эле.
Текебаев мырза айтып жатат - Жогорку Соттун төрайымына "Республика" партиясынын депутаттары басым көрсөтүп, ушинтип чечим чыгарып берсең биз мындай кылабыз деп айткан деп. Мен айтат элем: Жамашева Феруза келип, аныктап берсин. Ким чыккан ага, ким эмне деп коркуткан? Мен жоопту расмий түрдө айткым келет: мен Жамашева менен сүйлөшкөн эмесмин. Аны менен сүйлөшпөгөнүмө 10 жылдан ашып калды, бүгүнкү күнгө чейин. Эгерде бирөө кысым көрсөтсө дагы менде так маалымат бар, бул Текебаев мырза кысым көрсөткөн. Президентибизге тез-тез киргенге мүмкүнчүлүгүм жок, ошол себептен ал кишиде дагы балким туура эмес маалыматтар, туура эмес ойлор пайда болсо керек. Бирок Феруза Жамашева Президенттин сөзүнө таянып, "мен Президенттин көрсөтмөсү менен чечим чыгарып жатам" деп ушундай чечимди чыгарган. Аны биз жакшы билебиз.
"Кыргызнефтегаз" тарабынан сотко берерден мурда Асылбек Текебаевдин адамдары Кытайлык инвесторлорго чыгып, мындай шарт койгон: 8 миллион доллардын жарымын бересиңер, биз сотко бербей, ушул ишти улантып кете беребиз деп. Келишпестик болгондон кийин ушул иш аракеттер башталган. Андан тышкары 28-август күнү коркутуу жолу менен Асылбек Текебаев тарабынан инвесторлордон 85 миң доллар алынган деген маалымат менде бар. "10-сентябрда "Ата-Мекендин" съезди өтөт. Ошонун эртеси мен силердин ишиңерди бүтүрүп берем" деген убадасын берген. Ал убадасын аткарбагандан кийин ушул күнгө чейин ошол инвесторлорго тыйынын кайтарып бербей жүрөт. Аларды мен туура түшүнөм - баш-аламандык кезде, же легитимдүү бийлик жок болсо, алар эми бизнес деген бизнес - өзүнүн сарптаган акчаларын кайтаруу максатында ошондой жолго барышкан.
8-апрель күнү Текебаевдин жакын аяш акеси, бүгүнкү Базар-Коргон районунун акими Кубат Артыков баштаган Асылбек Текебаевдин достору "Кыргызнефтегаз" ишканасын басып алышкан. Бул бардыгына белгилүү факт. Бүгүнкү күндө жетекчиликте Текебаевдин классташы, досунун агасы жетектеп жатышат. Мен ойлойм - азыркы жүрүп жаткан кара пиар компаниянын бардыгы эптеп ошол жерде калып калуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш- аракеттер. Биз так жана даана билебиз -ай сайын канча кимдин чөнтөгүнө кетип жатканын. Тийиштүү органдарга мен андан айрымаланып популисттик сөз кылбастан, тийиштүү органдарга мен өткөрүп берем, ушул материалдарды.
Биздин фракциянын лидерине айтылган дооматтар боюнча дагы эки сөз айткым келет. Эсиңиздерде болсо - биз шайлоо убагында айтып келгенбиз: бийликке ток, колунан иш келген адамдар барыш керек деп. Пара алганга муктаж болбогон адамдар барыш керек деп айтканбыз. Эгерде Текебаевдин логикасына таянып иш кыла турган болсок, анда бизнесмендердин бардыгы көчүп чыгып кетиш керек экен. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе -кечээ айтып атпайбы- "Республика" фракциясынын депутаттары биринчи коалиция түзүлүп жаткан аракеттерди жокко чыгарган деп. Туура. Ошол 8 адамдын ичинен эң биринчилерден болуп Текебаевге каршы, коалицияга каршы эмес, Текебаевге каршы добушту мен бергем. Муну мен эч качан жашырган эмесмин жана бул боюнча өмүрүмдүн аягына чейин өкүнбөймүн. Бардыгына белгилүү- биз жактан сунуштар болгон: "Ата-Мекен" фракциясынан сизден башка бөлөк каалаган депутат спикер болсун дегенде өзүнүн кызыкчылыгын партиясынын кызыкчылыгынан өйдө коюп, ушундай иш болгон. Мен "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттарынын бардыгын сыйлайм, айрымдары менен жылуу мамиледемин. Эч кимге эч кандай дооматым жок. Бирок белгилеп кетчү нерсе - аны өздөрү деле билсе керек - жеке Текебаевдин амбициясынын айынан бүгүнкү күнү "Ата-Мекен" коалицияда жок. Муну кыргыз элинин бардыгы билет.
(Автордун стили өзгөртүлгөн жок.)
Даярдаган Жуман Алиев




"Апрель элдик революциясынын бир жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева "Апрель элдик революциясынын бир жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, кыргыз элинин гүлдөп-өнүгүшү жана эркиндиги үчүн кан төгүлгөн адам өмүрү менен жетишилген Апрель элдик революциясынын жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, ошондой эле анын өлкө үчүн тарыхый зор маанисин эске алуу менен төмөнкүлөргү токтом кылынды:
1. Апрель элдик революциясынын жылдыгы менен байланышкан иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Апрель элдик революциясынын жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??