Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Пайда, пайда, башың калаар сайда

"МегаКомдун" миллиондорунда Бекназаров, Жекшенкулов, Бабанов жүрөбү?
(Башы 1-бетте)
Февралдын орто ченинде "Альфа-Телекомдун" базасында 100% мамлекеттик компания түзүү чечими кабыл алынган. Анан эле ортодон 51% акцияга биз кожоюнбуз дегендер көбөйдү. Россиянын Мамдумасынын эки депутаты келип, алар бир жыландын башын чыгарып кетишти. Ошентип азыр Кыргызстандын Ак үй ичинде Максим менен Жаныш айтмакчы "кипиш" артынан "кипиш". "МегаКом" боюнча депутаттык комиссия да иштеп баштады.
"МегаКомдун" артындагы быкы-чыкыдан баш айланат. Жакында КТРК каналынан апрелдеги революция күндөрү "МегаКомдон" Аликбек Жекшенкулов да ири суммадагы акча алган деген маалымат таратылды. "МегаКомдун" артында Бекназаровдун да кулагы бирде көрүнүп, бирде жок болуп жатат. Бул компания артында чырмалышкан коррупциялык кандай схема түзүлгөн?
Максимдин досу Елисеевге таандык делген "МегаКом" апрелден кийин негедир 100% улутташтырылбай калганында бир мандем бар экенин депутаттык комиссия таап чыгаар бекен? Анын 49% гана улутташтырылат да, 51%ы "БиМоКом Лтд" ЖЧКсына берилген. Мунун "МегаКомго" эч тиешеси жок болсо да, 51% акцияга ээ болуп калышы эмнеден улам экендиги да депутаттарды кызыктырышы керек. Анткени Максим Елисеев досу экөө 2009-ж. июнда "Альфа-Телекомду" түзүшүп, сентябрда "БиМоКомду" толук штаты жана бүт мүлкү менен "сатып алышат." Ошентип "МегаКомдун" 51% акциясы "БиМоКомдуку" болуп калат. Ал эми "БиМоКомдун" артындагы кожоюну "Евентис" деген компания имиш. "МегаКомдун" 51% акциясы улутташтырылбай калган себеби ушул экен. Эми буга Бекназаровдун кандай тиешеси бар экенин А.Елисеев 2010-ж. 22-декабрда тараткан маалыматында: "МегаКомдун" айланасында болуп жаткан иштердин бардыгын "Евентис" компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейдерлик басып алуу деп гана бааласа болот. Апрель окуяларынан кийин айтылган адамдар өзүн тартип коргоо жана сот органдарынын кураторумун деп жарыялаган Бекназаров менен коррупциялык макулдашууга жетишет. Ушуга таянып "Евентис" өз өкүлү деп "революциянын бульдозерунун" тууганы Р.Рыкунова дегенди дайындайт. Кылмыштуу ушундай келишимдин алкагында Бекназаров "Альфа-Телеком" Жабык Акционердик Коомдун (ЖАК) 49 % акциясын гана улутташтырып, калган акцияларды башкарууну "Евентиске" калтырууга жетишкен", - дейт А.Елисеев. Бекназаровду каралоо максатында айтылса - дурус. Бирок пайгамбарды жолдон адаштырган дүнүйө Бекназаровду да адаштырып, напсисин бузуп кеткен болсо, анда аны да депутаттык комиссия таап чыгаар?
Бекназаров менен Жекшенкулов аз келгенсип, эми биринчи вице-премьер-министр Бабановдун кулагы да "МегаКомдун" артынан булак дей түштү. Муну да комиссия калыс териштирет деп күтөлү.
("Евентис" деген шылуун компаниянын дарек-дайыны, анын орус туугандар менен канчалык карым-катнашы бар экендиги туурасында кийинки сандарыбызда кенен сөз кылабыз.)
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




Капка катылган шибеге
Апрель революциясынан кийин парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүшкөн КСДП, "Ата-Журт" жана "Республика" фракцияларынын оппоненттери үчтүктөр альянсы жең ичинен сепараттык келишим түзүшүп өкмөттүн министрлик портфелдерин, губернатордук орундарды, бизнес структураларды, ал гана түгүл телеканалдар менен гезиттерди өз ара бөлүштүрүп алышкандыктары менен айыптап келишет. Оппозициялык "Ата-Мекен" фракциясы альянстын курамындагы "республикачылардын" партбоссу, биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановду коррупциялык схемалардын негизинде мамлекеттин кызыкчылыгы эмес, өз жеке чөнтөгү үчүн иштегени үчүн сындай баштаганы белгилүү. Мындан сырткары, "республикачылардын" лидерин качып кеткен Бакиевдин үй-бүлө-кланынын энчисиндеги бизнес структурларын рейдерлик жол менен тымызын басып алганы боюнча айыптоолор тагылууда. Иши кылып, Ө.Бабановдун репутациясы азыркы кезде катуу булганып кирдеп калганы белгилүү.
Адат катары бийлик мыкчыгерлери ээлик кылып турган менчигин чоочун көздөн жаап жашырууга жан далбастап аракет кылышат. Анын ылаажысынын бири - менчигин көздөй көргөн жакын кишисине, жакын туугандарына каттатып коюп, сен көрдүңбү - жок, мен көрдүмбү- жок боло калуу. Анан эмне, саясый күрөш күчөп турган чакта ач кулактан тынч кулак болгон артык. Өзгөлөрдүн бүйүрүн кызытпай, десең. Асыресе, эл оозунда элек жок эмеспи, эртели-кеч болобу, түпкүрдө катылган сыр ачыкка калкып чыгып коррупциялык тымызын иштердин айыбы акыры ачылып кала турган жайы бар экен.
Өлкөдөгү медиаресурстардын кайсынысы кимдин ээлигинде экендиги, массалык маалымат каражаты жергиликтүү кайсы олигархка тиешелүү экендиги сары майдай сакталып келаткан тереңдеги сырлардын бири. Кээде гана "желтый прессада" баланча гезит, түкүнчө төбөл-төрөгө таандык экендиги жөнүндө жоромол-дөдөмөлдөр пайда болуп калбаса, кеңири коомчулукка ачык жарыяланбайт.
Өткөн аптада парламентте көпчүлүктүн коалициясы ыдырайбы же жокпу деген маселе кырынан туруп, кыйла катуу талаш-тартыштарга жем таштады. Коалициянын келечеги биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановго тагылып жаткан коррупциялык жеп-ичкичтиги аныкталабы же жокпу деген маселенин башы ачылышына жараша чечилмек. Ошондуктан Ө.Бабанов парламенттеги чыр-чатактын эпицентрине айланганы түшүнүктүү. Мындай шартта оппозициялык саясый күчтөр менен Ө.Бабановдун партиясынын ортосунда информациялык согуш чыгып кетишин боолголоп күтсө болот эле. Куткөндөй эле болуп чыкты. Эки саясый күчтөрдүн информациялык тирешүүсүндө 5-каналга өзгөчө роль тагылганы байкалды. Канал Ө.Бабановдун информациялык союлуна айланганына күбө болдук. Телеканал мурдагыдай калыстык каада күтүп отурбай ачыкка чыкканы анык болду. Ө.Бабановдун тагдыры чечилип жаткан кезде коңулда катылып алуу кечиримсиздик, ачыкка чыгып "душмандарга" каршы согуш жарыялоо керек деп чечкен сыягы бар. Айтпаса жалганбы, тагдыр чечилип турганда аяна тургандай учурбу?
Ошентип 5-канал деп аталган электрондук пресса Ө. Бабановдун саясый жана бизнес кызыкчылыгын ачыктан ачык эле жантыгынан түшүп жампаңдап коргоп киргенин байкоо кыйынчылык жаратпай калган эле. "Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев тарабынан коррупциялык иштери боюнча опол тоодой күнөө тагылып жаткан "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун парламенттеги сүйлөгөн сөзүн бир айтып бир койбой 5-каналдан эфирге байма-бай чыгарылып турушу, негизги оппоненттеринин бири болгон А.Жекшенкуловго каршы "өлтүрө чабаар" компроматтын жарыяланышы анын тенденциялуулугуна күбө болуп турган көрүнүш болчу. Мындай Ө.Бабановдун кызыкчылыгын коргоо үчүн медиаресурстун жеңин желек, этегин элек кылып ашкере дегдектеп калышы анын кимге тишелүү экендигин ачыкка чыгарып турган факторлордун бири болду. Ошентип, Максим менен латвиялык бизнесмен Белокондун долбоору болгон 5-канал алар качып кеткенден кийин Ө.Бабановдун ээлигине өттү, Ө.Бабанов басып алды деп айтылып келаткан сөздөрдө акыйкаттын үлүшү абдан чоң экени байкалды. "Капка шибегени ката албайсың, качандыр бир кездерде оркоюп чыкпай койбойт" деп бекер жеринен айтылбаса керек.
Үсөн Касыбеков









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??