Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Кыргызстан аферисттер пешкасыбы?
Кыргызстанды кимдер гана алдабаган же Кыргызстан кимдерге гана алданбаган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаңыдан өз алдынчалыкка кадам таштаган жаш мамлекеттин ордунан козголбогон жаратылыш байлыктарына көз арткан дүйнөлүк аферисттердин аягы күнү бүгүнгө чейин тыйылбай келе жатканы жашыруун эмес. А түгүл мамлекеттик органдарды кантип "өзүмдүк" кылып, жеке "лавочкасындай" пайдаланганды да үйрөтүштү.
Акаев мезгилинде Бирнштейн алтыныбызды сатып алдап кетти деп "жер муштап" кала берген, кыргыз өкмөтү. Алыска барбай, кечээги Бакиев режимин эле алалы. Бүтүндөй өкмөттү болгон активдери менен кошо оптом менчиктештирген Гуревич сыяктуу, банк ситемасын жалгыз башкаргысы келген Надель дегени, Ханзаадага жан-жөкөр, демек, кантип Кыргызстанды дүйнөлүк каржы донорлоруна күрөөгө коюуну үйрөткөн Елисеев атуу аферисттер чыкты. Териштире келгенде баары башка өлкөлөрдүн, аз дегенде 2-3 мамлекеттин атуулдугуна ээ болгон, а түгүл, ошол өлкөлөрдө да жөн жүрбөй олчойгон ишканаларды сызга отургуза качкан шылуундар болуп чыккандыгы жалганбы? Баарынан кызыгы ушул аферисттердин баскан жолдору тууралуу маалыматтар кыргыз коомчулугунда чоң резонанс жараткандыгына карабай, кылы кыйшайбаган бойдон жылуу ордунда кызматын аркалап келишкендиги болду.
Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында парламентте ушуга уйкаш бир чыр чыкты. Парламент депутаты Тынчтык Шайназаров Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду "Мамлекеттик кызматкер тууралуу" мыйзамды бузгандыгын жар салды. Бул персонанын аты кыргызстандыктар үчүн апрель окуяларынан кийинки Атамбаев менен Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү делинип, белгисиз бирөөлөр тарабынан интернет желесине жарыяланган күндөн тарта көбүрөөк тааныш. Баарыбызга белгилүү, ал кезде бул кызматка үч күндүн ичинде үч киши алмашылып коюлганы али да коомчулуктун эсинде. Үчөөнүн ичинен ушул К. Кулматов мырза "счастливчик" таажысын кийип, таза, коррупцияга малынбаган киши катары Мамлекеттик бажы кызматын аркалап калган. Эскерте кетчү маселе, "Бажы органы кызматына өтүү тууралуу" мыйзамга ылайык, бажы органдарында кызмат орундарын ээлеген киши башка өлкөнүн атуулдугуна ээ эмес, Кыргыз Республикасынын гана атуулдары болууга тийиш. Бажы кызматы мамлекеттик кызматтын түрүнө кирет жана "Мамлекеттик кызматкерлер тууралуу" мыйзам менен жөнгө салынат. Ушул мыйзамдын 11- беренесинде айтылгандай, кош жарандуулукка ээ болгон атуулдар мамлекеттик бийлик органдарында башкаруучу кызматтарды ээлегенге укугу жок. Ошондой эле, мамлекеттик жана саясый кызматтар реестринде көрсөтүлгөндөй, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматы мамлекеттик саясый кызмат болуп эсептелет жана КР премьер-министри аркылуу дайындалып, кызматтан бошотулат. КР Конституциясынын 52-беренесинин 5-пунктуна ылайык, башка өлкөнүн атуулдугуна ээ болгондор мамлекеттик жана саясый кызматтарды, соттун милдетин аткарууга укугу жок экендигин айта кетсек ашыкча болбос.
Ырас, башка өлкөнүн атуулу болгондон кийин Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматында калууга К. Кулматовдун укугу жок экендиги тууралуу "Ата-Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, "Ата- Журт" фракциясынан депутат Токон Мамытов, "Республика" фракциясынын депутаты, вице-спикер Бакыт Төрөбаевдер да парламенттин бийик трибунасынан айтканын билебиз.
Ошону менен бирге, Ө. Текебаев: "К. Кулматов өзүнүн туура эмес жоругун түшүнүп, өз эрки менен кызматтан кетиши керек. Эгер ал мындай кадамга барбаса, өткөөл мезгилдин президенти Роза Исаковна менен өкмөт башчы Атамбаев саясый бааларын бериши керек" деп белгилеген.
К. Кулматовго байланышкан маселеден улам 2006-жылы кыргыз бийлигинде орун алган ушуга окшош бир окуя эске түшөт. Анда Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын секретары Мирослав Ниязов эле. Анын Вячеслав Хан аттуу орун басары үч өлкөнүн (Орусия, Казакстан, Кыргызстан) атуулу экендигин парламент трибунасынан Темир Сариев жар салган. Уу-дуу түшкөн депутаттар бул маселе боюнча кызматтык орунга төп келбестиги жөнүндө суроо коюшуп, анын натыйжасында В. Хан, анын шефи Мирослав Ниязов ошол кездеги УКМК башчысы Т. Айтбаев отставкасы үчүн добуш беришкен. Хан мырзанын уяты ойгонгонбу же дагы башка себеби барбы, айтор, кийинчерээк өз эрки менен кызматтан кеттим деп арыз жазгандыгы маалым болгон. Хан мырза 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо илгерки шефи Мирослав Ниязов теңтөрагалык кылган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 11-катар номери менен депутаттыкка ат салышканы белгилүү.
Кубанычбек мырзанын креслосу кыйшаймак тургай, желп эткен жел да тийбегени кызык. Угушубузга караганда, бул маселеге байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлүп, "текшерилип" жатыптыр. Ал эми жыл бою өзүнө ыйгарган 260 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык, 2010-жыл ичи сыйлык, эмгек акысы менен биригип 623 миң 86 сом өлчөмүндөгү каражат тууралуу кеп эмкиде болсун. Айтмакчы, мындан аз-маз азыраак сыйлык менен Кубанычбек мырза өзүнүн орун басарлары Данияр Калматов, Замирбек Малабеков жана Асылбек Кожобековдорду да кур койгон эмес. Кыскасы, сыйлыктар менен айлыктар, жогоруда айтылган өкмөттүк комиссиянын ишмердүүлүгү туурасындагы далилдүү материалдар менен бекемделген маалыматты кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар!
Абай Садиев




Мугалимге берген убада, ал жөн эле убара
Ар ким каалаганын калчап, май талканга кол агытып жаткан тушта азыркы бийликтин чекесине чыккан чыйкан пайда болгон. Алар нааразычылык акциясына чыккан мугалимдер эле. Жарыбаган айлык алып, мектепке мойнунан байлаган иттей болуп, араң барып-келип иштеп жүргөн мугалимдердин да нааразычылыгы күчөп, өз чындыктарын катуу дем менен айтып чыгышкан. Албетте, бул бийликке күтүлбөс соккудай таасир калтырып, Өкмөттүн шаштысы да кете түшкөн. Ошентип, "Мугалимдердин айлыгын 1-майда көтөрөбүз!" деген ишенимдүү убадалар менен жаалданган мугалимдердин нааразычылыгын басышкан эле. Билинбей май айы да жакындап келе жатат. А бирок, ич-ара коалициялык ыркырашуудан улам өлкө бюджети чеке жылытаарлык абалда эмес. Биздин ички саясатыбыздагы туруксуз, башаламан жагдайды көргөн соң, бюджетте натыйжалуу булактар такталаары да күмөн жаратпай койбойт. Өкмөттүн берген убадасы аткарылбай кала турган дагы жагдай байкалгансыйт. Бирок, азыр да нааразычылыгы күч болуп турган мугалимдер үчүн бийликтин "Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша" деген ар кандай шылтоолору, куру сүт эмизүүлөрү суу кечпей калат. Андыктан, Өкмөт башкасын коюп, тийиштүү булактарды таап, "баштыгын" кампайтканы туура болоор. Болбосо, селдей каптаган мугалимдердин каарын экинчи ирет эч ким, эч нерсе токтото албайт!




Өздөн чыккан жат жаман...
Туш-туштан ар кандай коркунучтар, ызы-чуулардын башы чыкса эле азыркы бийлик анын себепкери катары сырткы күчтөрдү, бакиевчилерди, үчүнчү күчтөрдү көрсөтүп келет. Мындайда "Баарын эле тышкы күчтөргө шылтай берүүгө болобу? Туруктуу бийлик баарын өз жоопкерчилигинин негизинде да көтөрө билсе" деген да ойлор айтылат. Айрыкча, өткөн жылы өлкөнүн түштүгүндөгү кан төгүлгөн кайгылуу окуялар боюнча ыңкылапчыл күчтөрдүн жоопкерчилиги мыйзам менен абийирдин тараза ташына коюлуп жаткан учур. Албетте, тынч турмушка бакиевчилер, үчүнчү күчтөр, сырткы күчтөр коркунуч жаратышы толук мүмкүн. Маселен, бакиевчилердин үнү өлкөнүн түштүгүндөгү менчик телеканалдардан жаңырып, ал азыркы бийликти элге жаманатты кылып көрсөтүүгө жасалган далалат экендиги да жашыруун эмес. Бирок, токойго ким жоо болуп чыгат? Жалгыз балта эгерим өзүнөн-өзү көтөрүлө бербейт. Ага сап керек. А сап дегенибиз жыгачтан жасалат эмеспи. Демек, азыр актанып сүйлөп жаткан бийликтен бир таза багытты көрүү кыйын болуп калды. "Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" дечү беле...




Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат…
Ушул күндөрү парламенттик коалицияга кирген үч партиянын кыңылдаган обону эле "Насыйкат" болуп, Түгөлбай ырчы (Казаков) созолонткондой, "үмүт өчөт, үмүт кайра жанат" деп, уйкулары тынч эмес. Төрөлбай жатып төргө чыгып кеткен "Республика" партиясы түзгөн коалиция сүннөт тойго жетпей эле "кирит" боло турган шекилдүү. Жаңы туулган "бала партия" акчанын күчү мененби же алдоо жолу мененби - "байке партияларынын" устуканын тартып алып, башка бирөөгө берип койсо, албетте юридикалык жактан мыйзам бузулбаганы менен кыргыздын эрежелери, менталитетине бул анча жалгашпай калганы билинип калды. Анын үстүнө "Республиканын" куйругунда калдырап-шалдыраган калбыры бар тура. Нооруз күнү казандан чыгарылып, дасторконго коюла турган устукандар "Ата-Мекен", "Ата-Журт", КСДП, "Ар намыс" партияларына, алардан тышкары боз үйгө кирбей, сыртта калган партияларга да сиңирген эмгегине, иш билги сапаттарына жараша бөлүштүрүлөт окшойт. Жаңы түзүлчү коалиция 22-март күнү "Ата-Журттун" лидери Ташиевдин ырайына жараша болот. "Ата- Журттун" депутаты Марат Султанов коалицияны таратууга анын партиялаштарынын саны жетиштүү десе, экинчи бир депутат Нариман Түлеев коалициядан чыгууга даяр депутаттардын саны 19 экенин айтышты. "Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат, коалиция тарайт же калат" деп ырдаган эле депутаттар…


Казак президенти Бабановго эмнеге каарданды?
Өткөн жумаларда Бабановго таандык деп жүргөн "Лозунг" гезити Таласта жайгашкан Киров суу сактагычы боюнча макала жарялап анда казак ажосу Нуракенин да дарегине сөздөр айтылган эле. Кыргыз тилинде чыккан ал макаланы орус тилине которуп сайттардын бирине салып жиберишет. Казак президентинин басма сөз кызматы аны дароо Нуракеге жеткизишет. Ал макала менен таанышып чыккан Нураке дароо эле кыргыз өкмөтүнө, Бабановго чалып каарданып кайратын көрсөтүптүр. Мындайды күтпөгөн вице-премьер дароо гезиттин кожоюндарына чалып, "Республика" ичи бир заматта чаңдай түшүп жини мурдунун учуна жеткен Өмүкең "керек болсо гезитиңерди чыгартпай коем" дегенге дейре барып сөөмөй кесептир. Аны журналист дегениң укчу беле, эч нерсе болбогондой гезиттин арабасын акырын кылдырата беребиз деп кесе айтышыптыр, азаматтар десе! Азыркы чындык менен улутка күйгөн жалгыз журналисттер эле калды окшойт го! Же барбы? Көралбай турабыз… ошол баш көтөргөн журналисттерди да муунтуп жатышпайбы жарыктык кээ бир саясатчы сөөрөйлөр.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«