Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бир парламенттик альянстын ыдырашынын хроникасы

Көпчүлүктөн азчылыкка кеткен төтө жол
Көпчүлүктүн коалициясы мал болбой калганы эбак белгилүү болчу. Эртели-кечпи, жан таслим болору анык эле. Коалицияны эч ким атайлап ыдыратам деген ниетте эмес эле, өзүнөн өзү ичинен ирий баштаган болчу. Маселе - коалициянын тарашынын мөөнөтүндө калган. Мүрт кетеби же жокпу деген процедуралык альтернативага ылайык альянстын тагдыры чечилмек. Коалиция, алдын ала болжогондой, дароо жан берген жок. Жаны чыкпай кыйналып жатат, бечера. Коалицияны арам өлүп калбасын деп адалдап мууздап коюуну чечишкен К.Ташиев менен Ө.Текебаевдин колдору жеңил, бейм, үчтүктүн союзу кыйналып отуруп, анан гана жаны чыга турганга көздөнүп калды. Жандын чыгышынын өзү кыйын турбайбы, чиркин десең.

Өткөн аптанын этегинде парламентте соцдемократтар, "Ата-Журт" жана "республикачылар" фракциялары түзгөн көпчүлүктүн коалициясынын тагдырын чече турган орчундуу окуя болуп өттү. Парламенттин жыйыны башталып-башталбай жатып күтүүсүз жерден эле ЖКнын төрагасы А.Келдибеков көпчүлүктүн альянсы өздөрүнчө кеңешип-таңаша турган муктаждык чыкканын жарыялап жибербеспи. Деген менен коалициялык көпчүлүктүн жоо кубалап келеткандай болуп минтип түрүлө дүрбөп калышынын чоо-жайы жалпы элге башынан эле белгилүү болчу-тагдыры бычактын мизинде кылтыңдап турган үчтүктөр союзу түзгөн коалициянын ыдырап түшөбү же жокпу деген Гамлеттик суроого барабар альтернативанын башы мартта ачылмак. Оппозициялык азчылык ошо замат А.Келдибековдун өзүм билемдик кылып парламенттин регламентин орой бузгандыгы менен айыптап чыкты. Бирок ага маани берип кулак каккандар аз болду. Жыйынга "Ата-Журттан" шайланган спикер А.Келдибековдон сырткары КСДП менен "Республика" фракцияларынын саясый көзүрлөрү, б.а. партбосстор премьер-министр А.Атамбаев менен биринчи вице-премьер Ө.Бабанов катышып жатканы талкууланып жаткан маселенин көкөй кести олуттуулугунан кабар берип турган. Жабык эшиктин артында камалып алышып күбүңдөшүп жаткан көпчүлүктүн жыйыны аяктабастай болуп далайга саргайтып көпкө созулду. Убакыт токтоп калгандай болуп маалкатып жай агып жатты. Кандай чечимге келип, кандай бүтүмгө токтолушаар экен деп "Ак үй" тарапка кулак түргөн эле адамдар...
Саамыктырып тээ далайга күттүргөндөн кийин саат 14:00 чукулдап калган чакта парламенттик көпчүлүктүн лидери Канатбек Исаев менен соцдемократтардын мыкчыгери Чыныбай Турсунбеков жабык жыйындан жарыша атырылып чыгышып жайдаңдата бастырып келишип шашылыш пресс-конференция өткөрүп калышты. Алактаган экөө бири-бирин көмөлөтө коюп кетпес бекен, Кудай сактай көр дегендер да болду, анан болбой койбойбу, болот эмеспи. Пресс-конференцияда "бүгүн кезектеги макулдашуу болуп, бир катар маселелер талкууланды" -деп протоколго ылайыкташтырып компое тартып баштады алгачкы сөзүн лидер К.Исаев. Андан сөзүн улап келип "коалициянын ыдырашы жөнүндөгү кептер эртелик кылат, коалиция сакталды" деди К.Исаев айтылуу Марк Твендин манерасына салып ( "слухи о моей преждевременной смерти сильно преувеличены"). "Айрым бир депутаттар коалициядан чыгабыз дешкен, бирок алардын ысымдары жыйында аталган жок" деп сөзүн туюк бүтүрдү көпчүлүк фракциясынын парламенттеги лидери. К.Исаевдин сөзүн аны жандап жүргөн соцдемократ Чыныбай Турсунбеков да ырастады. "Коалиция ыдырабай туралы деп чечти" дейт КСДП фракциялынын лидери Ч.Турсунбеков афоризмге шыктуулугу жаатында жанындагы шеригинен кем түшпөстүгүн далилдегендей болуп.
К.Исаев менен Ч.Турсунбеков сыртынан жаркылдашкандары менен сабырлары суз экени баамдалып турган. Алардын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салып ачык айтылбай жаткан кырдаал кантсе да бар экенин боолголосо болор эле. Айткандай эле болуп чыкты-алгачкы дүмөктүү сигнал "Ата-Журт" фракциянын депутаты Курманбек Осмоновдун оозу менен айтылды. К.Осмоновдун журналисттерге айтканына караганда "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын коалициянын курамынан чыгуу маселеси дагы эле чечилген жок. Фракция коалициядан чыгууну кийинкиге, 22-мартка калтырууну чечти"- дейт К.Осмонов.
Арадан 4-5 саат өтүп-өтпөй Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү пайда болду. "Кыргызстандын парламентинин коалициялык көпчүлүгүнүн лидери Канатбек Исаев альянс жасоосун улантууда деп коомчулукту адаштырып калп айтып жатат"-дейт К.Ташиев. Депутаттын сөзүнө караганда, бүгүн "Ата-Журт" фракциясы коалициядан чыгуу боюнча бир пикирге келе алган жок. "Фракциянын көптөгөн мүчөлөрүнүн калган мүчөлөрүнө карата көптөгөң суроолору пайда болду. Сүйлөшүүгө биз премьер-министр менен вице-премьер-министрди чакырганбыз. Үч айдын ичинде биздин ортобузда бир дагы жолугушуу болуп, өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал, келечектеги өнүгүү багыты жөнүндө талкуу болгон жок. Бул болсо коалициянын туруксуздугун, кыйшаңдап турганын көрсөтөт"- дейт К.Ташиев. "Акыркы чечимди чыгарууну кийинкиге калтырдык, ошондуктан Канатбек Исаевдин коалиция ишин уланып жатат деген билдирүүсү жалган. Маселе күн тартибинен алынып таштала элек" -деди К.Ташиев сөзүн чукул кайрып. "Ата-Журттун" экинчи бир депутаты Нариман Түлеев "Азаттык" радиосуна К.Ташиевдин коалициядан чыгууга көп депутаттар даяр экенин ырастап келип "Ата-Журт" фракциянын жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, аталган фракция "Республика" жана КСДП фракцияларына өз талаптарын айтып, 22-мартка чейин убакыт бергенин" билдирди. Н. Түлеев ошону менен бирге азыркы тапта "Ата-Журт" фракциясында 19 депутат коалициядан чыгып кетүүгө камынып жатканын жарыялады. Ошентип К.Исаев менен анын ашынасы соцдемократ Чыныбай Турсунбеков афоризмдерге эле жакын эмес, түзүн айтпай тайсалдатып, шыпыртмалыкка салууга да шыктуу экендерин далилдей алышты десе болот.
Альянстын чоочун көздөн сырткары жапма челек жыйынынан кийинки өткөрүлгөн пресс-конференцияда Канатбек Исаев коалициянын ыдырашы үчүн андан бир фракция, же болбосо жок эле дегенде 17 депутат чыгып кетиш керек деген эле. "Коалицияны үч фракция жана 77 депутат түзүп турат. Көпчүлүк үчүн 61 депутат талап кылынат" деп билдирген. Ал эми К.Ташиев менен Н.Түлеевдин айтымдарында 19 депутат коалициядан чыгып кетүүгө даяр. Эгер экөөнүн айткандары ишке ашса, альянста 61 депутат эмес 59 эле депутат калат. Көпчүлүк ошентип заматта азчылыкка айланат да коет. Бул болсо коалициянын урап түшүшү дегендиктин так өзү.
Эскере кетели, шайлоодон кийин парламентке өткөн беш партиянын үч фракциясы көпчүлүктүн коалициясын түзүшкөн эле. Коалициянын курамына 26 мандат менен КСДП, 23 мандатка ээ болгон "Республика", 28 мандатты бөктөргөн "Ата-Журт" фракциялары кирген. Ал эми, "Ар-Намыс" (25) менен "Ата-Мекен" (18) парламенттик оппозицяны түзүшөт.
Көпчүлүктүн коалициясы мал болбой калганы эбак белгилүү болчу. Эртели-кечпи жан тааслим болору анык эле. Коалицияны эч ким атайлап ыдыратам деген ниетте эмес эле, өзүнөн өзү ичинен ирий баштаган болчу. Маселе коалициянын тарашынын мөөнөтүндө калган. Мүрт кетеби же жокпу деген процедуралык альтернативага ылайык альянстын тагдыры чечилмек. Коалиция, алдын ала болжогондой, дароо жан берген жок. Жаны чыкпай кыйналып жатат, бечара. Коалицияны арам өлүп калбасын деп адалдап мууздап коюуну чечишкен К.Ташиев менен Ө.Текебаевдин колдору жеңил, бейм, үчтүктүн союзу кыйналып отуруп анан гана жаны чыга турганга көздөнүп калды. Жандын чыгышынын өзү кыйын турбайбы, чиркин десең.

Үсөн Касыбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??