Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Билип ал, билим ал!

КЕМБРИДЖДЕ
ОКУУНУ КААЛАЙСЫҢАРБЫ?
Урматтуу "Айкын саясат" гезити! Сиздердин гезитти атам менен апам кызыгып окуйт. Мен дагы окуп калам. Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайларга тапшырып билим алгым келет. Анан, билимдин туу чокусу Оксфорд, Кембридж деген университеттерде деп айтып калышат. Алардан маалыматым аз. Мүмкүн болсо, ушул университеттер тууралуу айтып бересиздерби?
Максат Ибраев, окуучу.
Сокулук району.

ЖООП:
Ооба, Кыргызстаныбызда жогорку окуу жайлары арбын. Бүгүнкү күндө окуу жайларыбызда /университеттерде/ кандай билим берип жатканын - билим берүү системасында эмгектенип жаткан аалымдарыбыздын абийирине койдук. Ал эми дүйнөгө дүңгүрөп аты чыккан белгилүү университеттер манжа менен санаарлык эле. Алар - Кембридж, Гарвард, Оксфорд, Стенфорд.

КЕМБРИДЖ - дүйнө жүзүндөгү эң байыркы университет. Ал Улуу Британияда 1209-жылы ачылган. Алгач риторика, логика, арифметика, музыка, геометрия, астрономия, теология, укук сабактары берилсе, ХVII кылымда байыркы тарых, география, анатомия кошулган. 1649-жылы математика кафедрасы ачылып, ага кезегинде белгилүү илимпоз Исаак Ньютон жетекчилик кылган. Университетти бүтүргөн 80 аалым Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

ОКСФОРД да Улуу Британиядагы эң байыркы университеттердин бири. Айрым бир маалыматтарга караганда, 1096-жылдан баштап эле бул окуу жайда сабак бериле баштаган, а бирок официалдуу ачылышы - 1214-жыл деп белгиленип келет. Бул университетке башта жалаң эркектер гана кабыл алынчу экен. 1920-жылдан кийин гана аялдар окуй башташыптыр. Маргарет Тетчер, Индира Ганди Оксфорддон билим алышкан. Ушул күндө бул окуу жайдын 47 колледжинде 3700 окутуучу сабак берет, ал эми студенттердин саны 18 миңден ашат.

ГАРВАРД - Америка Кошмо Штаттарындагы эң байыркы университет. Бостондун жанындагы Кембридж деген шаарда 1636-жылы колледж ачылыптыр. Министр Джон Гарвард өзүнүн жарым мүлкүн жана чоң китепканасын бул окуу жайга тартуу кылып, өз камкордугуна алган. Ошентип, 1639-жылы министрдин аты берилип, Гарвард университети деп аталып калат.
Бүгүнкү күндө студенттердин саны 18 миңден ашат. Американын бардык штаттарынан жана чет өлкөлөрдөн келген жаштар билим алышат. Кызыгы, Американын алты президенти Гарвард университетин бүтүрүшкөн, анан да, бул университеттен билим алган 30 адам Нобель сыйлыгынын ээси болгон.

СТЕНФОРД - 1891-жылы 1-октябрда Түндүк Калифорнияда /Америка/ачылган. Темир жол куруучусу Лиланд Стенфорддун жалгыз студент уулу тиф оорусунан каза болот. Кайгыга баткан ата-эне бүткүл Калифорниянын балдарын окутууга бел байлашат.
Алгач университеттеги 559 студентке 15 окутуучу сабак берген. Учурда Стенфорд университети Америкадагы жана дүйнө жүзүндөгү эң мыкты университеттин бири болуп саналат.

М.В.ЛОМОНОСОВ атындагы университетти көрүнүктүү окумуштуу, Россиянын алгачкы академиги Ломоносов менен граф И.И.Шувалов 1755-жылдын 25-январында ачкан. Учурда университет 29 факультеттен,300 кафедрадан турат. 31 миңден ашуун студентке 4 миңге жакын окутуучулар сабак берет. Дүйнөгө белгилүү бул окуу жайы - М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети деп аталат.
Даярдаган
Нурбүбү БӨДӨШОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??