Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

"Махабатты көбөйттүң, ыраак чоюп!
Күтүп жатам эшикти, жүрөгүмдү ачып коюп…
Сен дале келе элексиң."

Турар КОЖОМБЕРДИЕВ
Асыл адамдар
Түш
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Мен өзүмү кайда жүргөнүмү билбейм, ажайып эле бир кооз дүйнө: тоо десең - тоосу бар, көл десең - көлү бар, бак десең - багы бар, мөмө-жемиштердин мен көрбөгөн ар түркүн түрлөрү, айлана бүт гүлзарга бөлөнгөн, миң түркүн куштардын сайраган үндөрү. Бир маалда, кайдан-жайдан экени белгисиз, назеримде, көктөн түшкөндөй болгонсуду: куйрук-жалы жайкалган, апселдери алтын-күмүш менен чапталган жомоктогудай бир укмуш жасалгалуу Гүлсаратын алкынта минип, Чыкем мени көздөй келе жатат. Чыкем келе жаткан тарап, жазгы жаандан кийинки Асан-Үсөндөй болуп, ар түркүн түстөгү нурлар… Чыкем мага улам жакындай берген сайын жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөп, сөздү Чыкем баштаар бекен, же тобокел, бу саам өзүм эле айта берсемби,- деп чайналып жатканда, Чыкем мага жетип-жетпей атынын башын оң жакка бурду да, жай бастырып кете берди.
Мен эмне кылаарымды билбей, кош колумду алдыга созгон боюнча бир орунда туруп калдым. Башымдагы жоолугумду алып булгалайын десем, же анте албайм. Чыкем менден улам алыстап узай берди…
Бир маалда, чайыттай ачык көк асманда Чыкемдин төбөсүндө калкыган ак булут Чыкем менен кошо ээрчип бара жатты…
- "Чыңгызхандын ак булутун" окудуңуз беле?
- Ооба.
Ошону менен кирпик көзүн какпай экинчи жолу таң атырдым. Адам бирде кубанганда, бирде кайгырганда көзүнө жаш алат эмеспи. Өткөндө да, азыр да көздөн сызылып агып жаткан жаштын кандай көз жаш экенин алигиче айта албайм.

ХХХ
- Кененбай, бул окуя мындан отуз беш жыл илгери болгон эле, же от болуп күйбөй, же күл болуп өчпөй, отуз беш жылдан бери көкүрөктө түтүндөй быкшып жүргөн ыймандай сырым, муну бир гана сага айтып жатам. Карабайсыңбы, тагдырдын тамашасын, эми минтип, Чыкем түндө түшүмө кирип…Муну үч эле жан билчибиз. Бири - Чыкең, экинчиси - Токтогул агай /Мамбеткулов Токтогул, өмүр бою мугалим болуп иштеген, Чыкеңин жакын жээн күйөөсү, Чыкеңен эки жаш кичүү, Чыке Социалисттик Эмгектин Баатыры болгондо, сүйүнчүсүнө тай берген./ эми , жабылуу аяк жабылуу боюнча, экөөбүздүн эле ичибизде калсын.
Кенжекан, сен мени кечирип кой, мен сага "чыккынчылык" кылдым.

ХХХ
Чыкем айылга келген сайын, жакын жээни Досалиев Жапарбектикине келип түшөт. Бул саам да Чыкеңин айылга келерин бизден мурда угушкан жолдоштору: "Россия" колхозунун башкармасы Тургунбай Казакпаев /Ал убакта Шекер "Россия" колхозуна караштуу 4 бригада болучу/, сельпонун башкармасы Талип Осмоналиев, Грозный орто мектебинин директору Садырбай Кабаев болуп, бир топ жолдоштору Жапарбектин үйүндө Чыкемин келерин күтүп олтурушкан. Алар бизге караганда Чыкемин келерин эрте билишет. Себеби, алардын ар биринде кызматтык байланыш телефондору бар. Айылда андай жок.
Сыртта жигиттер казан, самоорлорун кайнатышып, келиндер болсо нан, боорсок, каттамасын жасашып, шаңдуу көрүнүш.
Чыкем келгенде, көпчүлүк учурда чайды мен куяр элем. Бу саам да чай куюп, Чыкемдер менен бирге олтуруу менин бактыма туш келди.
Чай ортосунда, Чыкем айыл-апаны бир сыйра сурап чыгып, сөздү көбүнчө Тургунбай Казакпаевге буруп, колхоздун абалын: техникасын, короо-сарайларды, төрт түлүк малын, мончо, бала бакчасына чейин жалпы тегиз сурап олтурду.
Тургунбай Казакпаев:
- Чыке, сиздин Танабайыңыз азыр менде чабан болсо, сөз жок депутат, Баатыр кылмакмын.
- Тургунбай, Чыкемин Танабайы азыр жүздөн ашык мамлекеттердин Баатыр чабаны, сиз ага эми бергени жүрөсүз,- деп Тургунбайдын тамашасына Талип тамаша кайтарды.
Сөз уланып олтуруп, Садырбайга такалды. Садырбайдын илгертен бери эле чачтарынын бир талы калбай кардай аппак эле.
Садырбай:
- Чачтарымын агарган себеби, азыктары жетишпей агарып кеткен да.
Анда Чыкем:
- Садырбайдын башы башынан эле бүтүндөй бир энциклопедия, жердиги күчтүү да, күйгүзүп жиберген го.
Үй ичи күлкүгө толо!
(Уландысы кийинки санда)
Кененбай МЫРЗАНАЕВ,
Шекер айылы,
Кара-Буура району.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«