АЧЫК КАТ
"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Ө.Ч.Текебаевге,
"Ата-Журт" фракциясынын лидери К.К.Ташиевге
жана эки фракциянын мүчөлөрүнө
Урматтуу Өмүрбек Чиркешович!
Кадырлуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Урматтуу депутаттар!
Силер колунда бар бай адамдарсыңар. Туурабы? Туура! Бүгүнкү оор турмуштун оош-кыйышын жон териңер менен сезген жоксуңар. Сезбейсиңер дагы! Туурабы? Туура! Кымбатчылык кокодон алып, карапайым калктын жаны кыйналып турганда силердин кылыңар да кыйшайган жок. Кыйшайбайт дагы! Антпесе эптеп жашап аткан элдин турмушун аздап болсо да оңдоого, экономиканы туура жолго салууга бар аракетин жумшап жаткан Өкмөткө, анын биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабановго өчөшүп чыкпайт элеңер! Андыктан силерге айтаар кеп, коё турган талап бар. Түшүнсөңөр (балакеттей эле түшүнөсүңөр) өлкөбүз, мекенибиз, очогубуз, ата-журтубуз Кыргызстан кылычтын мизинде турат. Кыргызстан мамлекети - бул ири алдыда анын эли, силердин мындан аркы саясий оюндарыңарды, демек саясий сойкулугуңарды эгерим көтөрө албайт, көтөрбөйт дагы. Кыргызстан мамлекети силердин колуңардагы оюнчук эмес. Кыргызстанды Кыргызстан кылып силер түптөгөн эмессиңер! Туусун көтөрүп, асабасын аздектеп, желегин желбиреткен силер эмессиңер! Кыргызды кыргыз кылып, бизге Ала-Тоону белек кылып таштап кеткен, ал үчүн канын суудай агызган силер эмессиңер! Алар биздин, демек силердин дагы, баарыбыздын ата-бабаларыбыз. Ошол ата-бабаларыбыздын "эсиң барда этегиңди жап" деген акылман кеби бар. Демек этегиңерди жапкыла! Ушул керемет кепти эске алгыла. Элди ойлогула! Антпей турган болсоңор жетип турган акмактык кылган болосуңар. Алды-артыңарды карап, акыл токтоткула!
Эзелтеден келаткан жөрөлгө боюнча эр-азамат эл-журтун бакчу эле. Эмкилер, демек негизи силер элин бакканды унутуп, элдин эсебинен жашай турган болдуңар. Эгер муну жок десеңер, шайлоону араң өткөрүп эсебин чыгара албай эки ай эсти оодарганыңар жалганбы? Кышы бою кырчылдашып өкмөттү беките албай кыйналганыңар калппы! Өлбөгөн жанга жаз келди. Эми эгин-тегин айдап тиричилик менен алек болот экенбиз деп турсак, элди дагы дүрбөтүп чыктыңар. Минтип ит-мышык болуп отурсаңар экономиканы көтөргөндү мындай кой, аны өз ордунда кармап кала албайсыңар. Элге тынчтык бергиле, экономиканы эл өзү эле эптештирип кетет. Силерден тыйындай да пайда жок. Болгону, элге кесепетиңерди тийгизбегиле!
Бул өкмөт иштесин, убакыт бергиле. Ишке кире электе эле кет деп кубалаган болбойт. Ишинин жыйынтыгы жаман болсо кет дегиле, ошондо биз да силерди колдойбуз. Эки качкын акмактар: Акаев менен Бакиевдердин доорунда ойго алынбаган маселени ушул өкмөт колго алып жатат. Аны кантип танабыз? Социалдык тармактын, мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлеринин айлыктарын үч эсе көтөрөбүз дешти. Көтөрсүн. Бул тармактар өтө маанилүү, анткени журттун келечеги, көрөңгөсү. Эгер бул өкмөт куласа үч эсе көтөрүлгөн айлык алабыз деп сүйүнүп жаткандардын убал-сообу кимге? Өкмөткө өчөшкөндөн көрө колдон-буттан алып жардам бербейсиңерби? Алар бийликке бир нерсе жейли, пайда көрөлү дей турган жыргал заманда эмес, өздөрү тобокелдикке салып, эл үчүн баштарын байлашты. "Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай" турбайсыңарбы!
Өмүрбек мырза, төрага кылбай коюшту деп өчөшпө! Өзүң жазып берген Конституцияңды кабыл алдык (ошол өзүң казган орго өзүң түштүң). Түпкүлүгү жакшы болсо экен дедик, түбөлүгү түз болсун дедик. Дагы эмне кылып берели? Эмгегиң элдин эсинде, кызматың тарыхта жылуу маанайда калсын десең жеке кызыкчылыктан мурун, элдин кызыкчылыгын ойлобойсуңбу? Ансыз да парламентке араң өттүң, ошого ыраазы бол. Бир айылды бириктирбеген, эки айылды эриктирбеген адаттан алыс болуш керек. Ал сага жарашпайт. Колуңа бийлик тийгенде эмне иш кылып кыйраттың. Бирөөнү сындаш опоңой. Спикер болуп иштегениңди да көрбөдүк беле. Анда да амбицияңдан арыла алган эмессиң. Канча жылдан бери эле оппозиция болуп оозуңдан бир жакшы сөз чыга элек. Өзүң иштебесең да өзгөлөрдүн иштешине жолтоо болбо.
Камчыбек мырза! Камчыга сап болчу жигит деп атсак, эки жүздүүлүк кылба. Коалицияга анчалык эле ичиң чыкпай жатса, түзүлүп атканда эле каршы чыкпайт белең, жигиттик кылып. Сен өзү сөзүнө бекем турган жигит элең го. Данчик деген дардаңбайга тиш салган эрдигиң бар эле го! Убагында колдоого алган Конституцияга жалгыз каршы чыктың эле. Жүрөгүндө түгү бар, тайманбаган, беттегенинен кайтпаган жигит деп жүрсөк эки жүздүү саясат жүргүзүп, коалицияны бузууга чамынып жатканыңдан эл ирээнжип баратат. Ушунчаңда кадырыңды сактап, элдин убалынан корк. Акылыңа кел. Кадырың бар экен, шайлоодо эл колдоп берди. Эгер минтип эки жүздүү иш кыла берсең, дегеле эч ким ишенбей калат. Камчыбек мырза, падыша болом деген дымагың бар. Саясаттын сасык оюндарына булганып калбай, жүзүңдү таза сактасаң кыргыз сени эгерим кор кылбайт!
Жаңыдан жанып келаткан жаш саясатчылардын бири Ө.Бабановду "Мегакомдон" миллиондорду жеди дедиңер эле, ал эмес эле акчаны башка бирөө алыптыр го? Андыктан суу кечпеген дооматтардан алыс болгула. 20 жылдан бери саясатта сайрап келатып эмнени кыйраттыңар? Эки жолу төңкөрүш уюштуруп, кан төгүүдөн башка элге эмне жакшылык кылдыңар? Баркыңар барда Бакай болгула. Жаштарга кезек бергиле. Алар аша чаап баратса акыл айтып, жол көрсөткүлө, жакшы-жаман айтышып ынтымакты бузбагыла.
Сөзүбүздүн акырында айтаарыбыз, акылыңарды жыйып, мансап үчүн эмес, мамлекетти оңдоо үчүн кызмат кылгыла! Эгер анте албасаңар Кыргыз эли Жогорку Кеңеште отурган, элди ойлобогон эки жүздүү депутаттарды кууп чыгып, мандаттарын элди ойлогон адамдарга алып берээрин бөркүңөрдөй көргүлө. Бул силерди коркутуу же үркүтүү үчүн айтылган кеп эмес, акылга чакырып, кепке келтирели деген аракетибиз, Айла жоктон айтып жатабыз, акылды биз силерге эмес, силер бизге айта турган жердесиңер. Андыктан эсиңерге келгиле!
Ачык катты жазып даярдаган: "Улутман" саясий партиясынын төрагасы, Бүткүл дүйнөлүк Кыргыздар Конгрессинин башкы директору, Эл аралык "ХХI кылым жана ыймандуулук" Элитардык Клубунун Борбордук Азия боюнча иш алып баруучу Турдумалиев Сазыкбай.
Колдоп, кол койгондор:
1. Бектурсунов Кыржыбек
2. Абдрахманов Эркинбек
3. Самак уулу Суйундук
4. Дүрбөлөң уулу Камил
5. Жакшымбетов Марат
6. Абдрахманов Кайрат
7. Сарымсаев Доктурбек
8. Алыбаев Майрамбек
9. Шаршеналиев Алмазбек
10. Шералиев Мүсүр
11. Эшенкулов Токтобек
12. Алыкулов Медер
13. Карыбеков Аскербек
14. Аманов Тилек
15. Орозалиев Алмаз
16. Бапиев Эсен
17. Тыналиев Кадырбек
18. Арстанов Самат
19. Кабаев Азамат
20. Рыскелдиев Кадыракун
21. Муратбеков Кенжебек
22. Турусбеков Мурат
23. Камбаркулов Тилек
24. Акматов Абдыбек
25. Орозалиев Болот
26. Сагынбеков Марат
27. Бактыбеков Төрөбек
28. Канатбеков Алмаз
29. Бодошов Калыбек
30. Керимбаев Турат
31. Сабитов Асанкул
32. Керимов Жылдызбек
33. Бейшенкулов Ырысбек
34. Арапбаев Мейман
35. Исламов Эрлан
36. Абдиев Кубаныч
37. Бокешов Кенешбек
38. Сатыкулова Таалай
39. Жумалиев Мадылбек
40. Бегалиев Марат
41. Асанбекова Гулумкан
42. Ыбышов Yсөн
43. Кылычбеков Шамил
44. Калиев Мамырбай
45. Жумабев Абдыш
46. Төрөев Улан
47. Мураталиева Чынара
48. Асанова Перизат
49. Шералиева Феруза
50. Дербишова Болдукан
51. Сулайманова Динара
52. Кенжебаева Элмира
53. Максатбеков Алимжан
54. Курманбаев Кылыч
55. Алтынбеков Эржан
56. Мүсүров Зарыл
57. Калыбекова Айнур
58. Кадырова Жумакан
59. Мамыров Жылдызбек
60. Осокеев Токтобек
61. Кырманчиев Алмаз
62. Арстанкулов Тынарбек
63. Жолчуев Эмил
64. Молдокеев Алтынбек
65. Бокешов Наскул
66. Тыналиев Саматбек
67. Күйпүлов Аскат
68. Жакешова Аида
69. Керимбаев Кылыч
70. Абышов Самар
71. Дыйканбаева Калбү
72. Исаков Айдар
73. Асанов Кыялбек
74. Асанова Тинатин
75. Куленбекова Тынара
76. Тойтокеев Кенжебек
77. Абылов Мекен
78. Саалиева Рыскүл
79. Жумакадыров Жоробек
80. Саалиев Алман