Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жандат Жаманбаева, актриса:
"Бийик кыялдар дале көңүлүмдө жашайт…"
Жандат Жаманбаева абдан күчтүү талант ээси. Ал жараткан образдар өзгөчө, кайталангыс… Актрисанын театр сферасы үчүн жасаган эмгектери театр сүйүүчүлөрү тарабынан дайым бааланат.


Сагыныч…
- Мен чыгармачылык сапарыма эртерээк чекит коюп, жыйыштырып койдум. Себеп, шарт-жайгдайга да кароого туура келди. Мукем (Мукамбет Токтобаев, КРнын Эл артисти. Жандат Жаманбаеванын өмүрлүк жолдошу - Ав.) экөөбүз тең камчыланып, искусствонун артынан түшүп кетсек, балдарга кыйын болуп калмак. Аларга да тарбия, энелик мээрим керек болчу. Андыктан, баарынан кымбат көргөн адистигимден эртерээк алыстадым. Ырас, кай бирде кадимкидей театрды сагынып кетем. Ал турсун сахна, андагы роль ойноп жатканым түшүмө да кирип калчу. Убакыт баарын унуткартып, көңүлүңдү жайгарып коюуга жардам берет тура. Азыр балдар, неберелер менен алаксып, сааттын кандай өтүп жатканын да аңдабай калам. Бирок, актрисалык талантым, көксөөм, кыялдарым дале көңүлүмдө жашайт…

Жакшы күндөр
- 1972-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтту аяктагам. Бирге окуган курссташтарымдын дээрлик баардыгы азыр эл сүймөнчүлүгүнө арзыган артисттерден болушту. Дегеле, кезинде биздин муундагы өнөрпоздор тобу абдан күчтүү чыкты. Москвадан келээрибиз менен бизди Ош театрын ачууга жөнөтүп калышты. Жаштык курак… Күчтүү дем менен иштесек ишке тойбой турган убак. Ош драма театрын түптөп, аны даңазалап, талбай эмгектендик. Муратбек Рыскуловдун уулу Искендер Рыскулов да биз менен Москвага барып, режиссура бөлүмүндө окуп келген. Бир мектептен таалим алгангабы, айтор, биз бири-бирибизди түшүнүшүп, натыйжалуу иш алып бараар элек. Ыраматылык Адылбек Дыйканбаев театрда башкы режиссёр эле. Мына, ушундай төп келишкен таланттар бирин-бири толуктап, мыкты деңгээлдеги эн сонун спектаклдер коюлду. Аталган театрда биздин жаштыгыбыз, жакшы күндөрүбүз, болгон күч-аракетибиз менен жасаган эмгектерибиздин изи калды.

Өкүт
- Ал кезде талап да катуу боло турган. Жумуштан калып же кечигип барууга жол берчү эмеспиз. Мүмкүнчүлүктөргө карабастан, башкысы, иштин кызыкчылыгын биринчи орунга койчубуз. Мен да башкалар өңдүү эле өз кесибимди өзгөчө аздектеп, ага абдан берилген экенмин. Натыйжада, "Театр" деп жүрүп, бир баламдан ажырап калгам. Биз гастролдо жүргөн убакта апамдын колунда калган уулум кырсыктап, каза тапкан. Анда жашпыз да. Эгерде азыркы акылымда болгондо гастролдорго чыгуудан баш тартып, баламды өз жанымдан чыгарбай алып жүрөт элем.

Касиет
- Жолдошум экөөбүз курортторду кыдырып деле эс албайбыз. Бизде жөнөкөй, бирок, абдан жагымдуу жашоо образы түзүлгөн. Үйдө, бала-чаканын маңдайында куттуу дасторкондон даам татып, баарлашып олтуруп өткөргөн убакыттар биз үчүн абдан кымбат. Мен ашканада өзүмдү эркин сезем. Балдарым бардык тамактардын түрүн даамдуу кылып жасаарымды айтып калышат. Майрамдарда, жакшылык-тойлордо баарыбыз чогулуп алып, каалаган тамак-аштарыбызды жасап, жылуу маанай менен көңүлдүү олтурганды адатка айландырып алганбыз. Менимче, мындай бакубат мүнөттөр эс нерсеге алмашкыс жана турмуштагы майда-барат көйгөйлөрдү унуткартып койчу керемет касиетке эгедер болсо керек.

Татыктуу жашоо
- Жашоомдо мен чапчаң адаммын. Дайым оюмду бетке айтам. Түз жүрүп, чындыкты сүйгөн адамдарды баалайм. Балдарга: "Дегеле, бир тартуу кылынган өмүрдү кирдетпей, адам катары татыктуу жашай билгиле. Кандай болбосун, чындык жолдон тайбагыла! Жан дүйнөңөрдө адилеттик жашаганда гана баскан изиңер таза, жүзүңөр жарык болот" деп көп айтаар элем.
Ооба, чындыктын аягына чыгуу кыйын. Ал убакыт өңдүү бир ордунда токтолуп турбайт. Антсе да, чындыкка таянган таза жашоодон өткөн асылдык жок. Грибоедовдун "Акылдан азап" аттуу эмгегинде көрсөтүлгөндөй эле турмушта өзүнүн акыл-күчү менен жашаган адилет адамдар көп запкы тартышат. Бирок, алардын ар бир кадамы суктанаарлык, жагымдуу сезилет. Андай адамдар ЖАКШЫЛЫККА көпүрө салып кетишет. Алардын жардамы аркасында дүйнө тең салмакта сакталып келет го.

Дарамет
- Бардык жагынан камчы салдырбаган профессионал артистти данеги, дарамети жок алсызы артка тартып коюшу мүмкүн. Ошондуктан, күчтүү таланттар өзүнөн төмөн турган, анчейин шыгы жетишсиз болгон кесиптештери менен иштешкенде андан кадикидей чарчайт, кыйналат. Иш процессине көңүлү толуп, алымсынбайт. Албетте, бардык тармакта күчтүүсү, күчсүзү, жаманы-жакшысы бар. Бирок, кандай болсо да, ар бир адам дараметине жараша өзүнө жакын адистикти тандаганы туура болоор.

Баа…
- Туура. Тамсилде айтылгандай азыр булбулдарды эшектер баалап калды. Өткөндө бир кезде Маданият министрлигин жетектеген Күлүйпа Кондучалова туурасында тартылган документалдуу телефильмди көрүп олтуруп, көп нерселер эсиме түштү. Ал эженин убагында наам алуунун өзү кыйын боло турган. Ал үчүн талбай изденип иштөө талабы турчу. Азыр Маданият министрлигинин эшигин жөн эле тээп киришет экен. Ал эмес бир актриса: "Ой, мен наамды бир торпоктун баасына эле сатып алгам…" деп айтканы бар. Көрсө, көп баалуулуктарыбыздын барк-баасын кетирип коюшуптур. Руханий дөөлөттөрдү сактап калчу бийик үлгүдөгү эмгектер даңазаланбай, көмүскөдө калып, анын ордуна булбулду эшек сындап жаткан абалдан чыга албасак, искусствонун эртеңине кыйын болот.

Чексиздик
- Өз кезегинде бир топ башкы кейипкерлердин образын түздүм. 10-класстын окуучусунан тарта 70 жашка чыккан кемпирдин ролуна чейин ойнодум. Алар жаман болгон жок. Театр сүйүүчүлөрү тарабынан жылуу кабыл алынып турду. Спектаклден тышкары, фильмдерге да тартылып жүрдүм. Ош драма театрында иштеп келгенден кийин мыкты режиссёрлорубуздун бири Балташ Кайыповдун телефильмдерине да тартылдым. Ал киши: "Сенден жакшы актриса чыгат" деп мени аябай баалачу. Кийин деле башка кино тасмаларда бир топ ролдорду алып чыктым. Муну байкаган режиссёрлор: "Ой эже, сиз анык кинонун профессионал актрисасы турбайсызбы!" деп жүрүштү.

Баалуу белек
- Мындан бир топ жыл мурда жакындарымдын баары чогулуп, менин туулган күнүмдү куттуктап келишкен экен. Бири үстүмө дублёнка жапса, экинчиси алтын сөйкө-шакек салып жатат. Анан эле бир кичинекей неберем колуна бир тал татынакай гүл көтөрүп алып, кирип келди. Сүйүнгөнүмдөн көздөрүмө жаш келе түштү. Мага баалуу белектер эмес, неберем берген бир тал гүл баарынан кымбат сезилген эле...

Залкарлар баскан из менен…
- Гастролго чыкканда көбүнчө биздин труппага Даркүл Күйүкова бригадир болоор эле. Ал киши абдан күчтүү, оптимист адам болчу. Бир сапар "Келиндер козголоңу" спектаклин коюп, гастролго чыгып калдык. Автобус артисттерге жык толгон. Кетип бара жатсак, өр жолго жеткенде автобус тартпай калды. Айдоочу ал жерден жөө чыгышыбызды суранды. Күн ысык эле. "И-ий, тээтиги белге кантип жөө-жалаңдап чыгабыз!" деп жаштар кичине кыйыктанып туруп калдык. Анда Даркүл эже: "Эй! Эч нерсени ойлонбостон кеттик!" деп шартылдай басып, көңүлдүү ыргактагы бир обонду созолонтуп бара жатты. Дароо шалдайган абалдан чыгып, биз да эженин артынан жөнөп калдык. Даркүл эже кыйынчылыкта жол көрсөтө билген шайдоот адам эле.
* * *
- Бир курдай артисттер шаардын четине оюн коюп барышат. Жолдон алар бара жаткан автобус чыгып кетип, бир орустун короосуна барып, кептелип калат. Ошондо баары коркуп, ызы-чуу түшүп жатса, Даркүл эже: "Бүгүнкү точка эмне болот?" ("Кайсы жерлерге барып, спектакль коёбуз?" дегени) дейт экен кебелбей.

Нурзада ОСМОНОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«