Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Айкын маек

Калдарбек Абдраманов, жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунун директору:
"Мен да өзүмдү коргоону көздөдүм"
- Калдарбек Алишерович, айтсаңыз, сиз туурасында ММКларда ар кандай пикир жараткан материалдар жарык көрүп жатат… Негизги себеби эмне?
- Негизги эле себеби бийлик талашмай. Медицина тармагында, илимий мекемелерде да ушундай окуялар болуп жатканы мени аябай өкүндүрөт, жүрөгүмдү оорутат. Ошентсе да жетекчи болгондугума байланыштуу мындай дооматтарга реакция кылбай, жумушка кедергиси тийбесин деген максатта көп көңүл бурбай келдим. Анткени биздин алдыбызда ыйык милдет бар. Оорулууларды дарылап, операцияларды жасап, аларды айыктырып, үйлөрүнө жөнөтүү биздин ишибиздеги башкы талап-тапшырмабыз. Андыктан мен мага асылган тараптар муну түшүнүп, куру шыбамайларын токтотот болуш керек деп келдим. Бирок, тилекке каршы алар токтошкон жок.
- Чатагыңардын башатынан баштасаңыз? Качан, эмне себеп болуп чырлашуудасыңар?
- Былтыр 7-апрель окуясы болгондон үч-төрт жума өткөндө мени менен эле чогуу иштешкен эки жигит келип, "Курманбек Бакиев байкеңиз кетти, эми сиз да кетиңиз, ордуңузду бошотуңуз" дешти. Мен Жалал-Абаддыкмын. Мага койгон эң эле биринчи дооматтары ушул болду. Мен алардын айтканын "розыгрыш" деп ойлопмун. Бирок, андай эмес экен. Алар чындап эле мени кетиргени чыгынып келишиптир. Чатак ошондон башталды.
- Бакиевчил деп атышыптыр. Дегеле Бакиевге кандай байланышыңыз бар?
- Менин ал киши менен эч кандай тууганчылык же карым-катышым жок. Эл айтып жүргөндөй Жалал-Абаддык экенин билем. Ал Сузактан болсо мен Базар-Коргондун Акман деген айылынан болом. Менин бир гана күнөөм Бакиев да мен да Жалал-Абаддык болуп калгандыгыбыз. Ошону менен бирге мен 2005-жылы директор болуп калгандыгым. Директорлукка мени илимий кеңештин 30 кишисинин он сегизи добуш берип шайлаган.
- Сиздерде кызматка коюу, кызматтан алуу жолдору кандай өңүттө жүргүзүлөт?
- Менин таңгалганым да ушул болуп турат. Алар экөө тең илимдин кандидаттары болуп туруп, илимий мекеменин жетекчисин 25 кишиден турган илимий кеңеш шайлоо жолу менен 5 жылга бекитип, ал мөөнөт бүткөн соң кайра шайлоо болоорун билбегендиктери кызык. Менин деле мөөнөтүм бүтөөрүнө эки эле ай калды. Эки айдан соң шайлоо өткөрүшүбүз керек. Алардын дагы бир максаты мени кийинки шайлоого катышат дешип, сегиз айдан бери болушунча каралап, болгон тиешелүү тармактарга арызданып, эптеп мага кылмыш иш козготуп, жетекчиликтен да, шайлоого катышуудан да четтетүүгө жандалбастап жүрүшөт.
- Демек, алар арызданышса тиешелүү тармактар текшерүү жүргүзүштү да. Жыйынтыгы эмне болду?
- Бардык текшерүүчү органдар карап чыгышты. Каржы полициясы да текшерди. Райондук прокуратурадан тарта Башкы прокуратурага дейре казышты. Бирок, олуттуу эч нерсе таба алышкан жок. Анан да мага доомат койгон тараптын юристи бар экен. Анысы мени менен бул жерде чогуу иштеген адамча пресс-конференция берип атып, "Абдраманов деген Ахунбаев, Миррахимовдор топтогон кадыр-баркты чачып бүттү" деп айтып атат. Бул кызылдай каралоо. Биринчиден, бул жердин Ахунбаевге таптакыр тиешеси жок. Мен анын бул жерге топтогон кадыр-баркын көргөн эмесмин. Бул жер жаңы, өзүнчө институт. Сүйлөөрдөн мурда алар ушул өңдүү айырмачылыктарды билип алышса болмок. Булардын оюна койсоң институттагы кичинекей эле мүчүлүштүктү деле мага жамап, каралоого өтүп алышты. Мисалы, медициналык шаймандардын да жетишсиздигине Абдраманов күнөөлүү. Жумушчулардын дисциплинаны сактабай, жумушка кечигип келип аткандарына да Абдраманов күнөөлүү деп эле таптакыр кара беттигине алып алышты.
- Сиздин адистигиңизге да тийишкен макалалар жарыялангандай болду эле?
- Менин адистигим боюнча айткандарына же күлөөрүмдү, же ыйлаарымды билалбай калдым. Мен 1986-жылдан 1997-жылга чейин Москвада дүйнөгө белгилүү болгон академик Лео Бокериянын колунда жүрөк хирургиясы боюнча он жыл реанимация, операция дегендерден чыкпай иштеп, илимдин кандидаты, доктору деген даражаларга жетишип, ошону менен бирге практикалык жаатында да тажрыйбамды арттырып келгем. Эгерде ушундай деңгээлдеги адамдарды "адистиги жагынан туура келбейт" дешсе анда мен буларды таптакыр түшүнө албайм. Булардын ушинтип айткандарына төбө чачым тик туруп, эмне дешти билбей олтурам. Менин жасаган операциялардын татаалдыгы боюнча дүйнө жүзү дебейин КМШ мамлекеттеринин баардык хирургдары билет. Өзүмдү мактабай эле коёюн, эгер кызыккан киши болсо көрүп билем десе мен каршы болбойм.
- Өзүңүз айткандай кызылдай эле каралоо жолу менен сизге асылып жаткан кесиптештериңизге карата эмне чара көрүп, кандай жыйынтыкка барганы турасыз?
- Мен бул жагын ушу кезге чейин ойлонбоптурмун. Көңүл деле бурган эмесмин. Бирок барган сайын алар күчөп баратышат. Андыктан мен да тиешелүү жактарга кайрылып, юридикалык жактан өзүмдү коргоого өтүүнү көздөп атам. Ушу кезге чейин "эми түшүнүшөт го, токтошот го" деп күтүп келдим.
- Айтсаңыз, сиздин ордуңузду талашып жаткандардын экөө тең илимдин кандидаттары экен. А бул жерге олтуруш үчүн жободо илимдин доктору даражасы бар гана адам келиши керек. Демек сиздин каршылаштарыңыз жобону билбегендигиби же башка адамды алып келүүнү көздөгөндүктөрүбү?
- Эгерде мага кылмыш иш козголсо, мени кызматыман кетирип, экөөнүн бирөө убактылуу милдетти аткаруучу болуп келүүнү көздөп атышса керек. Анткени экөө тең бул кызматка закондуу жол менен келе албастарын жакшы билишет. Жободо бизге сырттан келип жетекчи болууга да болбойт. Биздин өзүбүздө иштеген, докторлук даражасы бар адам гана бул жерди жетектей алат. Бул жер илимий мекеме болгондуктан, илимий даражасына сөзсүз маани берилет. Себеби жетекчи бул жерде окутуш керек, элге чыгып сүйлөш керек. Чет жак менен байланышы болуш керек. Ал жактарга чыкканда "Кыргызстандыкы илимдин кандидаты, доцент эле экен" дешсе анык шерменде ошондо болот. Мындайга илимий кеңештин жобосу да жол бербейт.
- Айтмакчы, жанараак шайлоо болоору жөнүндө кеп салып "ага мени катыштырбоого аракет көрүлүүдө"дедиңиз эле. Сиз да катышасызбы?
- Эгерде мүмкүнчүлүк болсо мен да катышам. Катышууга толук укугум бар. Менден башка илимдин доктору даражасындагы эки кишибиз бар. Алардын бири Байзаков деген аксакал. Бирок ал киши улгайып калды. Экинчиси болгону 32 жаштагы жигит. Учурда менин орун басарым болуп иштейт. Бул жигит да жетекчи боло алат. Мен өзүм да эгер бул жигитти сунушташса макулдугумду берем.
- Апрель окуясынан соңку олку-солкулук сиздерге да таасирин тийгизип жатыптыр да?
- Албетте, таасири болгондугунан улам ушул өңдүү пикир келишпестиктер жаралып жатат. Кичинекей эле коллективдин ичиндеги пикир келишпестиктен улам, институттун ишинин өсүшү бир-эки жылга солгундады. Бир эле мисал айтайын. Мен директорлукка келгени өзүмө 12 пункттан турган милдетти алганмын. Ошонун он бирин аткардым. Дагы бир милдеттенмем бар эле. Ушул эле имараттын алдына чоң имарат курайын дегем. Аны эң мыкты шаймандар менен камсыздап, дүйнөлүк деңгээлде иш алып барууну көздөгөм. Бул боюнча Убактылуу Өкмөттүн учурунда түрк ишкерлери менен сүйлөштүм. Бирок ошол учурда өкмөттүн бир да мүчөсүнөн кепилдик алалбай койдум. Түрк ишкерлери 17млн. долларлык имаратты куруп берели дешсе бул жакта биздин өкмөттөн бирөө да кепилдик кылбай койду. Ошону менен бул долбоор токтоп калды. Анүстүнө алар биздеги ички кармашууну угуп алышып, "силер өз ичиңердеги конфликтти жойбосоңор биз силерге кантип барабыз? Адегенде өзүңөр чечишип алгылачы" деп атышат. Бул жагы бүтпөй атса менин жанагы каршылаш коллегаларым дагы бир акылга сыйбас ушак таратып жиберишти. Германия менен Түркиядан врачтар келип бул жактан операция жасашкан. Операция болгон адам бир айдан кийин кабылдоодон улам каза болгон. Булар "ошол кишинин өлүмүнө директор күнөөлүү. Ал сертификаты жок врачтарды чакырган" деп айтышыптыр. Сөз деген жерде жатпайт экен. Эми ушул сөздөрдү угуп алып Германиядагы кесиптешибиз аябай таарынып кат жолдоду. Алар деген дүйнөлүк деңгээлде татаал операцияларды жасап жүргөн врачтар. Мына жакынкы күндөрү да он чакты адамыбызга ошондой операциялар жасалышыш керек. Мен ал адамдардын баарын даярдап, врачтарды болсо чакырып койгом. Жогорудагыдай таарынычтардан улам эми алар келеби, келбейби белгисиз? Алар бул жакта эки жылдын ичинде эки жүздөй операция жасашып, алардын баары бүгүнкү күндө айыгып кетишти. Болгону бирөө гана операция столунан эмес, 25 күн өткөндөн кийин кабылдап кетип каза болсо ошондон саясат издеп, дүйнөгө кадырлуу кишилерге көө жапканга дейре барып жатышат. Бул өтө уят кылык-жорук. Бул кылгандары өзүлөрүнүн эле эмес бүтүндөй кыргыз элинин бетине көө жапкандык экенин алар түшүнүшкөн жок.
- Медициналык шаймандарды алуу үчүн жүргүзүлгөн тендерде мыйзам бузуулар болгон деп жатышпайбы?
- 2006-жылы мен отпускага кеткенде мага каршы чыгып, директор болом деп аткандын бирөө Жоошов дегени менин ордумда милдетимди аткаруучу болуп туруп тендерге жарыя берген. Ошондо документтерди өзү даярдаган. Мен тендер жарыяланганга чейин он беш күн мурда кеткем. Ошентип тендер өткөн. Мен отпускадан келген соң директор катары документке кол коюп бергем. Тендер жакшы өткөн. Кийин тендерден уткан фирма шаймандарды алып келгенде жанагы менин ордумда калган адам кабыл алуу комиссиясынын төрагасы болуп, шаймандарды жакшы экен деп кабыл алган. Эми болсо ошондо туура эмес болгон. Айрым шаймандар кымбат алынган, баландай-түкүндөй деп жүрөт. Ошондо эмне кылып жүрдү эле? Комиссиянын төрагасы болуп туруп, бааны ошолор түзгөн да. Мен отпускада жүрсөм каяктан аларга аралашам. Муну тиешелүү тармактар жакшылап текшерип, териштириши керек. Ал эми жалпысынан директорлукка келгенден бери чет мамлекеттерден 40млн. сомдук медициналык шаймандарды жардам катары алдым. 17млн. сомдук шайманды алып келатып бажыканадан маселелер жаралып калганынан Татьяна Бакиевага кайрылып, анын жардамы менен аппараттарды киргизгенбиз. Бул жерден Бакиева да пайдалана калып, ачылышына келип катыша коюп жатпайбы. Жанагы Бакиевдин тууганы деген жалаа да ушундан жаралып "Абдраманов Бакиевчил" болуп чыга келип атпайбы. Медалдын эки бети болгондой эле Бакиева келип катышкан менен биз канча акчага келген шаймандарды мекемебизге коюп алдык да. Мына жакында Жалал-Абадга филиалыбызды ачтык. Ал филиалга эки жүз миң долларга дагы бир шайман алып келдик. Жакында ушундай дагы бир филиалыбызды Нарынга ачалы деп турабыз. Ошол эле учурда акыркы үч жыл бою медициналык шаймандарды алганга бюджеттен бир сом да каралган жок.
- Каршылашып жаткан коллегаларыңыз "эгер Абдрамановду сот жообуна тартпаса биз иш таштап кетип калабыз" деген талапты коюп жатыптыр. Эгер ушул жолго барышса кадрдык маселе жактан аксап калбайсыңарбы?
- Мен алардын бул талаптарына кайсы жерим менен күлөөрүмдү издеп таппай койдум. Эл билип койгону оң. Эгер жашы элүүдөн элүү бешке келип калган төрт кардиохирург жумуш таштап кетип калса Кыргызстандын кардиохирургиясы токтоп калбайт. Он беш жаш кардиохирургдардын ону кетип калса эки жылдан соң кардиохирургия токтошу мүмкүн. Мен оппоненттериме айтып коюшум керек. Кетип калабыз деп кимди коркутуп жатышат? Элдиби, мамлекеттиби? Алтымышка чыгып калган аксакал баштары менен кетем деш уят. Эгер жаш болуп туруп кетем дешсе "кой кетпе" деп суранып-өтүнөт элек. Дагы бир жолу баса белгилеп коёюн. Элүү бешке чыгып калган мен да ошол төртөөнө кошулуп кетип калган күндө да Иса Ахунбаев түзүп кеткен Кыргызстандын кардио- хирургиясы токтоп калбайт.
Маектешкен
Нурлан ЖУКЕЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??