Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Экс-Тышкы иштер министри, Көмүскө өкмөттүн төрагасы
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ:
"Ушактарды бийлик менен байлыгын сактап калууну көздөгөндөр чыгарат"
- Агай учурда Көмүскө өкмөттүн аракеттери кандай болууда?
- Буюрса активдүү иштеп жатабыз. Бир жумада эки же үч жолу чогулуп кеңешме өткөрүп турабыз. Ошол жерде бардык нормативдүү - укуктук документтерди, жоболорду тактап чыктык. Буга чейин өзүңөр билесиздер өкмөткө альтернативдүү өкмөттүн структурасын сунуштаганбыз. Андан кийин азыр мына ошол "Эл өкүлдөр жыйыны" деген саясий партия, коомдук күчтөрдүн мүчөлөрүнөн турган көмүскө парламент өз максаттары менен иштөөдө.
Учурда абал олку-солку болуп турганда негизинен интеллектуалдуу потенциалды кеңейтип, илимдүү, билимдүү кадрларды чоңойтуу боюнча активдүү аракеттерди көрүп жатабыз. Бизди колдоп, пикирлеш болгон кишилер көбөйүп жатат. "Содружество" партиясынын балдары келип кошулду. Биздин максат "бардыгын кыйратабыз"-деп шашып чыгып алып, куру кыйкырык жасоо эмес, конкреттүү түрдө бардык жагынан такшалган, бардык жагынан профессионалдуу, илимдүү, билимдүү адамдарды чогултуп, мамлекетибизге кызмат кылуу.
- Сиз буга чейин да оппозициядагы саясатчылардын башын бириктирип, "Акыйкат коомдук кыймылын" түзгөнсүз. Бирок, бул кыймылдын өмүрү айрым саясатчылардын жеке кызыкчылыктарынан улам көпкө узаган жок. Ал эми азыркы Көмүскө өкмөттүн да тагдыры буга окшошуп калбайбы?
- Жок. Андай болбойт. Азыр биз ошол кезде кетирген катачылыктарды кайра кайталабаш үчүн, кээ бир саясатчылар ишенимге кирип алып, анан кайра сатып кетпеши үчүн алдын алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Коомду өзгөртүш үчүн биринчиден ынтымактуу болуп, сатып кеткенден алыс болуп, бирдиктүү иш алып барышыбыз керек.
- Учурда парламент элдин, мамлекеттин маселесин кароону экинчи орунга коюп, өз кызыкчылыктары менен алек болушуп, теледен кино көргөндөй эле болуп жатабыз. Мындай парламенттин тагдыры кандай болот?
- Азыр айтыш кыйын. Бирок, парламентте саясий оюндар күч алууда. Жана ошондой эле башаламандык болуп жатат. Парламенттеги бир эле партиянын ичинде эки-үч топ бар. Ал топтор өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, саясатты түшүнсө түшүнбөсө деле күрөш жүргүзүп жатат. Кимиси кандай экенин эл өзү таразалап көрүп жаткандыр. Кээ бир депутаттар кечээ эле башка бирөөнүн камчысын чаап жүрүшүп, бүгүн апакай көрүнгүсү келип жатканына таң каласың.
- Биздин бийлик кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыялады. Бирок, бийлик али күчүнө кире элек. Ал эми кылмыш дүйнөсү тамырлап кеткен. Башкача айтканда кылмыш дүйнөсү бийликтен алдаганча күчтүү болуп алган. Ушундай шартта, криминалды жок кылуу мүмкүнбү? Буга бийликтин күчү жетеби?
- Назгүл, сен туура маселе көтөрүп жатасың. Менин оюмча биринчиден, бийлик өзү күчтөнүп алуусу керек. Элдин ишенимине ээ болуш керек. Бийликтин адилеттүү экенин сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө эл сезе баштаганда гана криминал менен күрөшөбүз десе туура болмок. Эми үмүттөнүп туралы. Албетте криминал чөйрөсү менен күрөшүү өтө маанилүү маселе. Бирок, менин оюмча эң биринчи чиновниктердин арасындагы криминал жок болмоюн, кылмыш дүйнөсү тазаланбайт. Анткени бүгүнкү күндө мендеги маалыматтар боюнча криминал менен күрөшүп жатып, укук коргоо органдары көчөдө жүргөн спортсмендерди кармап, алардан акча өндүрүп жатышыптыр. Ошол себептүү, биз укук коргоо органдарында иштеп, чектен чыккан кызматкерлерди тазалашыбыз керек. Башкача айтканда ИИМ менен сот системасын тазалап туруп, криминалды жок кылабыз дешсе болмок.
- АКШ жана Россия менен алака түзүп келебиз. Учурда биздин мамлекет Батыш системасына көбүрөөк ыктагандыктанбы же башка себеби барбы айтор, Россия бизге көп нааразычылыктарын билдирүүдө. Ошондой эле Россия биздин мамлекетти стратегиялык партнерубуз дегени менен ортодогу түзүлгөн келишимдерди толугу менен аткарбай коюп жатышат. Мунун себеби эмнеде?
- Бул маселе жөнөкөй эле. Кеп Россия менен АКШнын ортосунда эмес. Прагматикалык жактан карап көргөндө, Россия бизге өтө маанилүү союзник, коопсуздук, социалдык-экономикалык маселелер, билим берүү жана маданият боюнча партнерубуз болушу керек. Ал эми АКШ дипломатиянын эң негизги шарты болгон - эки мамлекеттин ортосундагы бири-бирине пайдалуу алакаларды түзүшү керек. Ошол себептен биз аксап жатабыз. Биринчиден, 2009-жылдын башында Бакиевдин убагында кол коюлган келишимдер аткарылган жок. Азыркы учурда дагы деле так эч нерсе чечиле элек. Мына кечээ жакында эки өкмөттүн ортосунда отурум болуп өттү. Бирок тилекке каршы, менин оюмча ал жерде конкреттүү түрдө жыйынтыктар болгон жок. Балким пиаршиктери жакшы чагылдыра албай жаткандыр. Анткени Россиянын мамдумасы "андай эмес мындай" -деп бизди кайра айыптап жатышпайбы. Мен ошону көрүп алып, кызыктай абалда калдым. Же биз тарап мококтук кылып жатабы же билбестик кылып жатабы билбейм, айтор биздин тышкы саясатыбыз жакшы жүрбөй жатат. Мына март айынын аягында же апрелде дагы комиссия Москвада болот деп жатат. Ошентип биз комиссиядан комиссияны күтүп жүрө беребизби. Жыйынтыктар болушу керек да. Баягы эле КАМБАР-АТА-2 маселеси чечилген жок. "Дастан" маселеси чечилген жок. Кант авиабазасынын келишими да аягына чыга элек. Орчундуу маселелердин өтө көп болуп, чечилбей жатканынын себеби биз тараптан болуп жатат.
- Эмне кылышыбыз керек?
- Мен ал процесске катышпагандан кийин баа бере албайм. Бирок айтаарым ачык айкын иш кылып жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөш керек. Чечкиндүү сүйлөп, олуттуу кадамдарды жасаш керек. Болбосо ортодо жеке чиновниктердин кызыкчылыгы көбүрөөк көрүнүп калып жатат. Маселе чечилбей токтоп калгандыгынын себеби да ошондон улам болушу мүмкүн. Өкмөт мүчөлөрү жалпы эл карап турганын, эртең алардын астында жооп берээрин түшүнүшү керек.
- Биздин редакцияга чалып кайрылган мигранттар көп болуп жатат. Себеби, Россияга барган мигранттар үч күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек экен. Мындай күтүлбөгөн нерсеге бардыгы нааразы болуп жатышат. Бул ким үчүн керек жана ким үчүн пайдалуу?
- Менин оюмча, Россияны союзник деп айтканда, өзүнчө бир жеңилдиктер болушу керек. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилени көрсөтөт. Бирок, Россияда болуп өткөн жардыруулардан кийин, мамлекеттин коопсуздугу үчүн ушундай кадамдарга барып жатышы да мүмкүн. Башкача айтканда бүгүнкү күндө Россия өзүнүн коопсуздугун сактап жатат.
- Улам бир революция болгон сайын жакшы тилектерди үмүт кылып келебиз. Бирок, кырдаал күндөн-күнгө курчуп, экономикабыз кескин ылдыйлап баратат. Ал эми биз ишенген чиновниктердин улам бир былыгы чыгып калууда. Кыргызстандын мындан аркы абалы кандай болот?
- Менин оюмча негизинен бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки маселени чечиш керек. Ынтымак жана тартип маселесин.
Тартип бул - саясатчылар коррупция, криминал менен аралашпай, мыйзам ченемдүү жашашы керек жана мыйзам ченемдүү иштеши керек. Эң негизги себеп ушул. Бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз каржылаганга жетиштүү байлыктарыбыз бар мамлекетпиз. Ал эми "Кыргызстан кедей мамлекет" -деп айтып жатышканы таптакыр туура эмес. Мамлекетибиздин экономикасын жайлап жаткан бул - коррупция. Коррупция менен криминал аралашканда инвестиция токтоп калат. Коррупцияга малынып, криминал күчөгөндө инвесторлор качат. Сырттан келген инвесторлор гана эмес, ичтеги өзүбүздүн бизнесмендерибиз да сыртка кетип калып жатат. Ошол себептүү бийлик тартынбастан катуу тартипти орнотушу керек.
Экинчи маселе бул - кадр маселеси. Министрлер, губернаторлор, акимдер тууган-туушканына карабай, партиялашына карабай, профессионалдык деңгээлине, тазалыгына карап, билимдүү-илимдүү жаштарды тартса, мамлекетибиз тез эле өнүгүп кетээрине ишенем.
- Коомчулукта "Жекшенкулов үчүнчү революцияны баштайт экен. Президенттикке ат салышат экен" деген кептер жүрүүдө. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Бир нерсеге таң калам. Биздин эл ушакка көбүрөөк ишенет. Мен саясатчы, илимпоз катарында тарыхты жакшы билем. Ошол үчүн эң биринчи кандай гана болбосун мамлекетибиздин бүтүндүгүн, ынтымагын сакташыбыз керек. Ошондо гана биз оңолобуз. Эптеп революция жасап, бийликке жетүү максат эмес. Жогорудагыдай ушактарды бийлик менен байлыгын сактап калууну көздөгөндөр чыгарат. Тилекке каршы мындайлар аз эмес. Көмүскө парламенттин максаты мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо. Ал эми президенттик шайлоо боюнча айтуу азырынча эрте.
- Жакында Талас жергесинде элдик Курултай болуп өттү. Курултай мамлекетке кандай пайда алып келет?
- Таласта 30-январда болду. Таластын эли духу көтөрүлүп, абдан жакшы маанайда өткөрүштү. Кийинки эстафетаны Нарынга берди. Буга чейин бийликтин курултайы же болбосо оппозициянын курултайы болгон. Мен андай курултайдан экини өткөргөм. Анда биздин максат бийликти кетириш керек болчу. Ал эми бүгүнкү күндөгү курултай бул - элдик курултай. Бийликке да, оппозицияга да тартпай элдин калыс пикирин угалы дедик. Региондордогу элдерден мамлекеттин, областтын абалын билип, кыйынчылыктан чыгуунун жолдорун издөө. Курултай боюнча кээ бир саясатчылар өз сунуштарын айтышты. Аларга деле таарынуунун кажети жок. Баарыбыз бөлүнбөй жалпы элдик курултай өткөрүп, ошол жерде бардык саясий күчтөр жана бардык көз караштар камтылса ошондо калыс Курултай болот. Ал жерде бардык маселелер чечилиши керек. Менин оюмча Курултай элге пайдалуу жана аны мыйзамдаштырышыбыз керек.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??