Көйгөй

Перизат СУРАНОВА,
"Каныкей эне" коомдук уюмунун жетекчиси:
"Жаңы-Жерге
көпүрө куруу мамлекеттик деңгээлдеги иш"
Өлкөбүздүн ар тарабында чечилбеген толгон-токой көйгөйлөр бар. Буга редакцияга түшкөн каттардан, кайрылуулардан, тынымсыз телефон чалуулардан улам күбө болуп келебиз. Мына ошол элдин, региондун көйгөйүн ойлогон патриот улан-кыздарыбыздан уучубуз кур эмес экен. Кечээ редакциябызга Баткен шаарынын тургуну Перизат Суранова айым келип, Лейлек районуна караштуу 30-35 чакырым алыстыкта жайгашкан Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө көптөн бери козголуп келе жаткан Тажикистан менен Кыргызстан чектешкен аймактагы дарыяга көпүрө куруу маселеси тууралуу кеп салды.
- Перизат айым, чек арага көпүрө куруу маселесинин көтөрүлгөнүнө канча убакыт болду?
- Баткен областында көп чечилбеген маселелер бар. Алардын ичинен Лейлек районунда өтө курч көйгөй чечилбей турат. Ал жерде Жаңы-Жер деген айыл өкмөтү бар. Бул айыл өкмөттүн 99%ы Тажикистанда жайгашкан. Башкача айтканда Тажикистандын ичинде Кыргызстандын айылдары бар.
- Кандайча?
- Өзбекстанда Кыргызстанга тиешелүү Сох анклавы бар го. Мына ошол сыяктуу Тажикистанда бизге тиешелүү айылдар көп. Мисалы, ал айылдардын тургундары Лейлек районунун борборуна барыш үчүн 25-30 чакырым Тажикистандын аймагын басып өтүшөт. Ал эми областтын борборуна барышса 100 чакырым басып өтүшөт. Ортодо кесип өтчү жол жок. Чудинов убагында ошол жердеги жолду кыскартабыз деп, ал жердеги дарыяга чоң эстекада көпүрө куруу планы даярдалган. Ал гана эмес, бюджеттен каражат бөлүнөт деп кол коюлган. Мына андан бери канча убакыт өттү. Эч кандай жыйынтык жок. Ал эми күндөн-күнгө элдин социалдык-экономикалык абалы оорлоп баратат.
- Эгер ал көпүрө курулса, Тажикистандын аймагын басып өтпөй калабызбы?
- Эң негизгиси жол кыскарып, элге чоң пайда келет. Жолго кеткен каражат да үнөмдөлүп, кылмыштуулук да азаят.
- Бул боюнча жергиликтүү бийлик эмне иштерди жасап жатат?
- Азыркы учурда Лейлек райондук администрациясы эмнегедир көпүрө куруу демилгесин көтөрбөстөн, баягы Тажикистанды айланып өтүүчү жолду "оңдоп-түзөп, шагыл төгөбүз" деген маселенин үстүндө иштеп жатышат. Биринчиден, бул маселени жергиликтүү бийлик өз алдынча чечип, ишке ашыра албайт. Анткени, элибиз ансыз да жакыр жашайт. Бул көйгөйдү түп тамырынан бери көтөрүп чыгып, мамлекеттик деңгээлде ойлонуп, мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу керек.
- Жогоруда экономикалык жана социалдык жетишпестиктер бар дедиңиз. Алар кайсылар?
- Жаңы-Жер айыл өкмөтү абдан чоң. Анан ал жерде бир да банктын филиалы жок. Ал жерде он миңден ашык үй-бүлө каттоодо турат. Ар бир үй-бүлөдө беш-алтыдан адам бар. Алардын жок дегенде бир-экиси Россияда иштейт. Алар ал жактан иштеп тапкан акчасын бул жактагы жакындарына банк аркылуу которот. Мына ошол которулган акчаны биздин жарандар Тажикистандагы банктардан алышат. Анткени, райондун борборуна барыш үчүн 30 км, областтын борборуна 100км. Ал эми Тажикистанга барып келиш үчүн болгону 5-10 сом гана сарпталат. Анан албетте жакыр жашаган эл үнөмдүү жагын карайт да. Эгерде жана биз айтып жаткан чоң эстекадалык көпүрө курулса Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундарынын экономикалык жана социалдык абалы өнүгөт. Ошол себептүү менин айтаарым, азыркы бийлик бул нерсеге көбүрөөк көңүл бөлүп, четте калган элибизге жардам берип коюшса демекмин.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА