Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Ө.ТЕКЕБАЕВ:
"Коалиция куласа -
бул саясий кризис эмес.
Бир нече күндүн ичинде жаңы коалиция түзүлөт"
Өлкөбүздө оор экономикалык жана финансылык кырдаал түзүлдү. Парламент өкмөттүн демилгелерин колдоп, бюджетин бекитип берди. Республикалык бюджеттин кирешеси 68 миллиард 840 миллион сомдун тегерегинде. Ал эми чыгашабыз 90 миллиарддан ашат. Дефицит-21 миллиард. Мугалимдердин, медициналык ж.б. социалдык кызматкерлердин айлык акысын көтөрүш керек. Андан башка да кечиктирилгис көптөгөн чыгымдарыбыз бар. Өкмөттүн абалы оор экенин түшүнөбүз, ошондуктан 2 ай өкмөттү колдоп, оппозицияда болсок дагы жардам берип, алар үчүн мыйзам жазып, кол кабыш кылып келе жатабыз.
Бирок эртеби-кечпи чындыкты айтышыбыз керек. Бардык эле эл катары "Ата-Мекен" социалисттик партиясынын фракциясы да бюджетке кайдан акча тапсак, кайсы жерден ашыкча чыгымдарды кыскартсак деп изилдеп-иликтеп, биз да өз пикирлерибизди, сунушубузду айттык. Бүгүн өкмөт 21 миллиард сом дефицитти жабуунун, бюджетке кирешени алып келүүнүн негизинен 4 жолун көрүп турат. Биринчи жол. Салыктарды жана бажы пошлиналарын көбөйтүү. Мунун терс жактары да бар экени жарандарыбызга айтпаса да түшүнүктүү.
Экинчи жол. Кыргызстандагы сатыла элек объектилерди кайрадан сатып, андан түшкөн акча менен бюджеттин тешигин жабуу.
Үчүнчүсү, сырттан карыз сурап келүү. Бүгүн биздин саясатыбыз тилекке каршы кулдук уруп, кайыр сураган саясатка айланды. Ар жума сайын биздин жетекчилер Москвага чаап барып, ал өлкөнүн жетекчилери менен жолугуп, 200 миллион долларга жетпеген карызды алуу үчүн болгон амалыбызды жасап жатабыз. Төртүнчү жолубуз, Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, анын менчиктерин натыйжалуу пайдаланып- бул жерде мамлекеттик ишканалар жөнүндө сөз кетип жатат-андан да кошумча киреше түшүрүү. Өзүңүздөр билесиздер, Бишкекте антитеррордук транзиттик борбор жайгашкан "Ганси" жылына 300-400 миң тоннага жакын авиакеросин талап кылат. Ал жерде Бакиевдин убагында, мурун Акаевдин убагында ортомчу болуп иштеп, коррупциялык схемалар менен 10 миллиондогон доллар акча тапкан фирмалар болгон. Убактылуу өкмөт бийликке келгенде биз мына ошол коррупциялык схемаларды жоготобуз, элдин эсебинен, мээнет кылбай пайда көргөндөрдү токтотуп, аларды бюджетке, элдин кызыкчылыгына бурабыз деп айтканбыз. Мына ошол багытта мурунку нефтебаза улутташтырылып, мамлекетке өтүп, анын негизинде ТЗК (топливно-заправочный комплекс) "Манас" деген мамлекеттик компания түзүлгөн. Идеясы- аэропортко жана жүк ташуучу борборго алынып келген авиакеросинди жеке менчиктерге бербей, мамлекеттик ишкана аркылуу алып келип сатып, түшкөн пайданы бюджетке буруу болгон. Америкалык Пентагон деген аскер уюму бар, ал дүйнөдөгү эң кубаттуу уюм. Мына ошол Пентагондун заказын "Мина Корпорейшн" деген компания утуп алган. Президент Отунбаева, премьер Атамбаев кайра-кайра Америка өкмөтүнө чыгып, керек болсо кысым көрсөтүп отуруп, Пентагондун авиакеросинге болгон заказынын жарымын ТЗК "Манас" мамлекеттик ишканасына алып берди. Өкмөттүн эсеби боюнча ал жерден 60 миллион доллар Кыргызстанга пайда түшөт экен. Бирок Бабанов Москва менен сүйлөшүп, ал мамлекеттик компаниянын 51% орустарга берип койду. Бул деген 60 миллион эмес, биз 30 миллиондон аз пайда алабыз дегенди билдирет. "Ата-Мекен" партиясы бул мамлекеттик ишкананын жарымын Россияга беришине каршыбыз. "Эмне үчүн бердиңер?" десек, "биз өзүбүз алып келалбайбыз, орустар анда бизге авиакеросин бербей коёт" дейт. А жеке менчик компаниялар 10 жылдан бери алып келип жүрдү го? Он жылдан бери Бабановдун жээни Россиядан алып келип жүрдү го? Эмне үчүн Бабанов башкарган өкмөт аны алып келалбайт? деген маселени койдук. Анткени 30 миллион доллар жөн эле башка мамлекетке кетип жатат. Муну койгонго биз милдеттүүбүз. Бул биринчиси.
Экинчиси. "Манас" аэропортуна келген граждандык авиакаттамдар бар. Аларга да жылына 45тен 50 миң тоннага чейин авиакеросин куюлат экен. Мындан да ар жылы ар кандай киреше, болжолу 10-15 миллион доллар акча түшөт экен, бул 500 миллиондон 700 миллион сомго чейинки чоң акча. Бюджетке мына ошол акча жетпей жатат. "Ата-Мекен" социалисттик партиясы өзүнүн жыйналышында карап, өкмөттүн кээ бир сунуштарына каршы экендигин билдирди. Мисалы, өкмөт дары-дармекке кошумча нарк салыгын киргизип, 250 миллион кошумча иштеп табабыз дейт. Өзүңүздөргө белгилүү, 2003-жылы дарыдан салыкты алып салганбыз. Анткени дарыга салынган салык-бул ооруган адамдан алынган салык. Ким ооруйт? Бей-бечара ооруйт, кары адамдар ооруйт. Алар ооруп, дары ичкендиги үчүн кошумча нарк салыгын төлөбөшү керек. Кошумча нарк салыгы кирсе, эксперттер айткандай, оорулуулар ичип жаткан дары-дармектердин баасы 20-25 пайызга чейин өсөт жана контрабанда көбөйүп, дарынын сапаты төмөн түшөт. Биз бул салыктын киргизилишине каршыбыз.
Экинчиси, мамлекеттик ишканалардын атайын каражаттарына салынган 20 %дык салык бар. Биз окуу жайларынан жана саламаттык сактоо мекемелеринен 20 пайыздык салыкты алып салыш керек дейбиз. Бул эмнени билдирет? Ата-энелер жебей-ичпей, башка балдарынан аяп, тың чыккан балдарын окутушат. Анын контрагына акы төлөйт. Мына ошол төлөнгөн контракттын 20 пайызын өкмөт алып кетип жатат. Мынакей, контракт эмне үчүн кымбат болууда. Биз ооруган адам дары ичкени үчүн салык төлөбөгөн сыяктуу эле, акыркы каражатын берип, өзүлөрүнөн, башка балдарынан үнөмдөп, бир баласын окутуп жаткан ата-энелердин берген акчасынын 20 пайызын мамлекет алып кеткенин туура эмес деп эсептейбиз. Мына ошентип баарын кошкондо 300 миллиондон ашык акча болот экен. Өкмөт "бюджет 300 миллионго азайып калат, силердин бул демилгеңерге каршыбыз" дейт.
Мына ошентип биздин эки демилгебиз жарым миллард сомдун ар жак- бер жагына барган демилге экен. Биз айтып жатабыз - акча таап берейлик. Граждандык авиакаттамдарга 50 миң тоннага чейин авиакеросин куюлат экен. Андан 10-15 миллион сомго чейин, мен жана айткандай, 500 миллиондон 700 миллионго чейинки акчаны жеке компаниялар табат экен. Эгер биз мамлекеттик "Манас" деген компания түзүп, Пентагондун заказынын жарымын алсак, ошол жерде иштеп жаткан ортомчу кыргыздын заказын алалбайбызбы? Ошону алып, 700 миллион киреше мамлекеттин казынасына түшсүн деп отурабыз. Бирок ал жерде Бабановдун жээни иштээрин биз билген эмеспиз. Эгер Пентагондон алсак, Бакиевдин компаниясын тартып алып, мамлекеттик компания түзүп, ушул киреше таап келет десек-эмне үчүн биз жеке адамдарга киришпейбиз? Бабановдун достору жана жээни жетектеген компания 10 жылдан ашык ошол жерде иштеп келе жатат. Алар Бакиевдин убагында гана эмес, Акаевдин убагында да иштешкен. Максим менен эмес, Айдар менен да иштеген адамдар болуп чыгып келип отурат. Болбосо кызарган жердин баарын баса калчу Максим менен Айдар аэропортту көрбөй калдыбы? Көргөн! Демек ал жерде иштеген компаниялар менен бөлүшүп, алар менен чогуу иштеген. Ошон үчүн алар кол тийгис болуп, 10 жылдан бери иштеп келатат. Апрелден бери бир эмес, эки өкмөт алмашты. Дагы деле алар кол тийгис боюнча калып олтурат. Ошондуктан мен бул маселени фракциянын жыйынында көтөрүп чыгып, фракция мына ушундай тыянакка келди. Мамлекет граждандык авиакаттамдарга да мамлекеттик компания аркылуу май куюш керек. Албетте, бул Бабановго жаккан жок. Акаевдин да, Бакиевдин да убагында чогуу иштеген адамдар бүгүн да чогуу иштеп жатса, ал Бабановдун бизнеси болсо, анын жакын туугандары болсо, Бабановдун биринчи вице-премьер болуп иштегенге акысы барбы? Дүнүйөлүк бардык нормаларга ылайык акысы жок. Бабанов мага каяша айтып, төмөндөгүлөрдү айтат: бул менин бизнесим эмес, бул жээнимдин бизнеси дейт. Кыргыздын чиновниктери бизнесин өздөрүнө жаздырбайт. Жакын туугандарына жаздырат. Мына, Максим Бакиев менен Айдар Акаевдин бизнесин таптыкпы? Тапкан жокпуз. Анын баары Гуревич, Надель, Елисеев дегендерге жазылган. Документтер көргөзгөндөй, Бабановдун бизнеси дагын эч убакта өзүнө жазылган эмес, анын досторуна, карындашына, жээнине жана негизги бизнеси апасы Анипа Бабановага жазылган. Анан кантип ал менин бизнесим жок деп уялбай жалган айтат. Бабановдун апасына жазылган "Мунай мырза" деген фирма заправкалардын тармагын кармаган. Ал 101 миллион долларга 2006-жылы сатылды. Андан түшкөн акчага АКБ "Кыргызстан" банкын Бабанов сатып алды. Бирок анын акцияларын өзүнө эмес, апасына жаздырткан. Суроо туулат-100 миллион доллардан ашык акчадан минимум 20-30 миллион доллар салык төлөнүш керек эле. Ошол салык төлөндүбү? Акча керек дейт. Оорулуулардан акча алабыз дейт. 20 миллион доллар -бул 1 миллиард сом. Ошол акча төлөнүш керек. Андан башка Бабанов Акаевдин баласы менен "Манас Интернэшнл Сервис" деген компания куруп иштеп жүргөндө 2005-жылкы революциядан кийин ал дагын 20 миллион доллар -1 миллиард сом мамлекетке карыз экендиги аныкталган. Мына, документтер. Бабанов мага ушул документтештирилген фактыларга жооп бергендин ордуна, мени негизсиз сындап жатат. Мисалы, "Текебаев таза адам эмес, таза адам болсо 150 миң долларлык брондолгон машинаны кайдан минет эле" деп айтып жатат. Чын эле, мен Убактылуу өкмөттүн катарында иштеп турганда, кийин шайлоо убагында кара брондолгон машина минип жүрдүм. Ал мамлекеттин машинасы. Мына, документтер турат. Аренданын келишими. Бул жерде айына 27686 сомдон, бир кварталда 83 миң 67 сом төлөп, мен шайлоо убагында мамлекеттин машинасын минип жүргөм жана шайлоо бүткөндө аны өткөрүп бердим.
Экинчиси, Текебаев мени сындап жатат, анткени ал коалицияны көрө албай, коалицияны кулатып койсом деп жатат деген менин "арам" оюмду, "жаман ниетимди" айтып чыкты. Биринчиден, коалицияны биз түзгөн эмеспиз, биз кулата албайбыз. Коалицияны кимдер түзсө, ошолор гана кулатышы мүмкүн. Экинчиден, коалицияны кыйратуу-бул кылмыш эмес. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу түзүлгөн коалицияны Бабанов жана анын "Республикадагы" депутаттары кулаткан. Мына ушул кабинетте, мына ушул жерде кол алышып, ант берип акыркы күнү, "бизге кошулбасаңыз болбой калды, мөөнөтүбүз өтүп баратат, бүгүн акыркы күн, чогуу иштейлик" деп Атамбаев менен Бабанов ушул кабинетке келип, кол алышып, антташып, эртеси коалицияны уратып салышпадыбы. Мен эч кимге даттанган жокмун го. Бабанов же Атамбаев туура эмес кылды, элге каршы иш кылып жатат деп айткан жокмун. Бир дооматымды эч кимге койгон жокмун. Ошентип биринчи коалицияны Бабанов кулаткан.
Мен бир мисал айтып койгум келет. Менин колумда Ноокендеги "Кыргызнефтегаз" акционердик ачык коомунун Алмаз Атамбаевге жазган каты турат. Компания 7-апрелде жаңы президентин шайлап алышкан. 2009-жылга салыштырганда көрсөткүчтөрүн эбегейсиз көтөргөндүгүн айтышат. 2009-жылы Бабанов Бакиевдин убагында да биринчи вице-премьер болгон. Ошол кезде ал экономиканы түздөн түз көзөмөлдөгөн. Бабановдун партиясындагы Исхак Пирматов деген жигит-бүгүн ал депутат- "Кыргызнефтегазда" президент болгон. Ошол кезде кытайлар менен Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбеген келишим түзүп, 4 миллион долларлык бургулоочу жабдууну баш-аягы болуп 15 миллион доллар деп түзгөн, 4 эсе көп. Мына, Кыргызстандын акчалары кантип уурдалат! Жаңы жетекчилик бул чак түштө Кыргызстанды талап-тоноо деп, ал келишимдер мыйзамсыз деп сотторго берип, сотто утуп алды. Бирок "Республика" партиясынын депутаттары Жогорку Соттун төрагасын дагын, судьяларын дагын коркутту. Эгерде кытайлардын пайдасына чечпесеңер, жакында бизге келесинер, биз силерди судья кылып койбойбуз деп айтты. Жогорку Соттун төрайымы Роза Отунбаевага чейин даттанды. Роза Отунбаева өзү аралашып, Жогорку Соттун төрайымы менен сүйлөшүп жатканда мен жанында турдум. Роза Отунбаева мындай деди: "Феруза, коркпо. Эл үчүн, мекен үчүн эч кимден коркпо! Кызмат деген ал колдун кири. Бир жолу мыйзамдуу чечим кабыл алып койгула" деп согушка чабуулга чакырган командирдей сөз сүйлөдү. Мына ошентип бул кылмыштуу, кыргыз элинин пайдасын ойлобогон келишим жокко чыкты. Бабанов "Кыргызнефтьгаз" компаниясынын жетекчисин алмаштырып, ал жерге дагын мурунку бийликтин өкүлдөрүн алып барып койсом дейт. Мен телекөрүүчүлөргө, шайлоочуларга төмөндөгүлөрдү айтып коюшум керек: Бабанов биринчи вице-премьер болуп туруп, койгон жетекчилери иштегендеги жана революциялык жаңы жетекчилер келип иштегендеги айрыманы билип коюшуңуздар керек деп эсептейм. 2010-жылы Жалал-Абад областында өтө оор жыл болду. Жанжалдар болду, чаң-тополоңдор болду. Ошого карабастан баланстын пайдасы 13,7 пайызга өскөн.Бул 1400 пайызга пайда өстү дегенди билдирет. Салыкты 2,6 эсе же 260 пайызга көбөйттү дегенди билдирет. Бабановдун убагында иштегенге караганда былтыр бийлик жок болуп турганда иштегенде 14 эсе, 3,5 эсе көрсөткүчтөрү көбөйүп отурат. Ошонун эсебинен былтыр Жалал-Абад областынын экономикалык көрсөткүчтөрү абдан жакшы болду. Жалал-Аббад областы салык боюнча планды 130 пайызга аткарды. Ушундай кыйын жылда дагын. Республикада биринчи орунду ээледи. Анткени "Кыргызнефтьгазга" окшогон бир нече ишкана эски коррупциялык схемаларды жоготуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенге аракет кылды. Канчалык тоскоолдуктар болбосун, мына бүгүн мына ушул компанияга Бабанов эски адамдарды алпарып, эски схема менен иштегенге аракет кылып жатат. Мына, мамлекетке акча издейбиз деп жатабыз. Акчаны 14 эсе көбөйткөн. Салыкты 3 эсе көбөйткөн мамлекеттик компанияларга чабуул жасалып олтурат. Эгер Бабанов өзү туура чечим чыгарбаса, коалициядагы анын жолдоштору туура чечим чыгарыш керек. Бул - Атамбаев менен Ташиев. Өкмөттүн кадыр-баркын кетирген, эскиче иштеп жаткан Бабановдун тизгинин тартышабы же аны менен иштей береби? Биз жегениңиз аш болсун деп карап туралбайбыз. Биз мындай схемаларды токтотконго аракет кылабыз.
Кечээ кыргыз телевидениесинен премьер-министр Атамбаев сүйлөп, "Ата Мекен" партиясы өзүнүн айткан дооматтарын генералдык прокуратурага берсин дейт. Бул генпрокуратурага бере турган иш эмес. Биз убадаларыбызды аткарышыбыз керек. Биз аэропорттогу бүт заправкаларды мамлекеттик ТЗК "Манас" компаниясы жүргүзөт деп убада бергенбиз. Пентагон менен талашып, анын заказынын жарымын алдык. Пентагон менен кызыл чеке болгон Кыргызстан Бабановдун жээнине күчү жетпейби? Эмне үчүн Пентагон менен талашкан Атамбаев-ал киши жакшы,туура иш кылды, азамат- заказдын жарымын алды. Эми эмне үчүн Бабановдун жээнине сөз айталбайт? Эмне үчүн анын көзүн карайт? Суроо туулат - Бабанов мурун Максим менен, Айдар менен бөлүшсө, анда бүгүн ким менен бөлүшүп атат?
Коалицияга кудай өмүр берсин, ынтымак менен иштешсин. Биз колдон келген жардамды беребиз. Бирок коалиция тигил же бул себептерден улам кокусунан кулап калса, бул саясий кризис эмес, бул трагедия эмес. Конституцияга ылайык бир нече күндүн ичинде жаңы коалиция түзүлөт. Коалиция урап калса элди көтөрүп чыгабыз, жаңжал салабыз деп азыр коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Мен муну телекөрүүчүлөргө, элге ачык айтып коюшум керек. Бийлик үчүн элдин коопсуздугун, анын тынччылыгын тобокелге салууга болбойт. Ливияда, башка араб өлкөлөрүндө эмне болуп жатат, Бакиев эмне болду? Коалиция кулап калса, жаңжал салам деген бул жоопкерсиздик. Биринчи коалиция кулады. Мен унчуккан жокмун, даттанган жокмун. Бул коалиция куласа дагын тагдырын моюнга алып, элдин ынтымагы үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн оппозицияда болсо дагын жардам беребиз деген конструктивдүү позицияны ээлеш керек.
Даярдаган
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«