Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Адилеттик - асманда, шатысы -акчабы

Айран ичкендер кутулду, челек жалагандар тутулду
("Аалам сервистин" башын жуткан Бакыт Сыдыков )
Акаев, Бакиев заманындагы адилетсиздик эми токтойт экен деп үмүт кылсак, токтомок түгүл ого бетер күчөп жатканына күбө болуп жатабыз. Мунун дагы бир далили деп "Манас" аэропортунун мурдагы "каттаси", айтылуу Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковдун аэропортко караштуу май куюучу "Аалам сервис" комплексин 287 миллион сомго Максимдин үйүрүндөгү "Манас аэрофьюэлс" деген жабык типтеги акционердик коомго сатып жибергендиги үчүн соттон кургак чыгып, ал эми кайрымакка маммүлктүн 3 кызматкери илинип калганын айтсак болот.
Иш башы жалганчы президент Бакиевден башталат. Ал 3.02.09-ж. басма сөз жыйынында "Манас" аэропортундагы АКШ базасын Кыргызстандан чыгарам деп убада берет. Ушундай убада менен ал Москвада орустарды алдап келип, алардан кредит алганыбыз эсиңерде. 9.02.09-ж. чөнтөкчүл ЖКнын тармактык комитети АКШ менен келишимди "кидайть эттик" деп токтом токуйт. Ал токтомду "ак жолчулар", аларга кошулуп коммунисттер колдоп, 19.02.09-ж.сессияда "ооба" деп чечим чыгарышат. Эртеси 20.02.09-ж. К.Бакиев бул боюнча мыйзамга кол коёт. Ортодо 17 эле күн өттү, эсептесек. Кандай тездик!
Эмки кезек ойлонууга, коррупциялык схема түзүүгө, кимге канча пайда түшөөрүн аныктоого келип, ага 3 ай кетет. Аэропорттун төрагасы Бакыт Сыдыков көшөгөнүн артында турган "акаларынын" айтуусу менен планды ишке ашырууга киришет. Ал 20.05.09-ж. директорлор Кеңешинин төрагасы Р.Жамгырчиевге "аскер базасы расмий билдирүү берилгенден 180 күндүн ичинде ишин токтотсо, түшүп жаткан кирешебиз да токтойт, биз алган кредитибизди төлөшүбүз керек, Ош аэропортун реконструкциялашыбыз, Тамчы аэропортун курушубуз керек, ошондуктан эми кереги жок май куюучу "Аалам сервисти" сатуу маселесин карап бергиле" деген мазмунда кат берет. (Чынында эле "Манас" аэропорту 2006-жылдан бери Аламүдүн районундагы Мраморное жана Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдарында жайгашкан май куючу жана сактоочу имараттарды арендага берүүдөн жылына 180 миллион сомдой ижара акы алып турчу.) 25.05.09-ж. директорлор Кеңеши өз чечими менен башкармалыкка "Аалам сервистин" мүлкүн баалагыла" деген тапшырма берет. Эки күндөн кийин 27.05.09-ж.башкармалыктын төрагасы Б.Сыдыков "ВИП-капитал" жана "Арсенал Консалтинг" деген компаниялар мүлктү баалоого тартылсын деп чечим чыгарат. (Баалоочу ал компаниялардын башында да Алексей Елисеевдин атасы Александр Елисеев турган.) Баалоо бүткөндөн кийин Б.У.Сыдыков директорлор Кеңешинин кароосуна мүлк 250 миллион 876 миң сомго бааланды деген жыйынтыкты карап берүүнү күн тартибине киргизет. ("Манас" аэропорту" Акционердик Коомунда маммүлк министрлигинин үлүшү 79,05% жана соцфонддун үлүшү 8,46%. )
Баары "чики-чики" жүрүп, камырдан кыл кандай суурулуп жатканын сезип жатасыңарбы? Ыраматылык Медет Садыркулов да "документтер менсиз эле бирөөнүн үйүнөн даярдалып келип жатса, маселени менсиз чечип жатсаңар, анда менин бул жерде эмне керегим бар" деп Бакиевдин командасынан кетип калганы, анын аягы эмне менен бүткөнү эске түшөт. Бирок Бакыт Сыдыков анте албады. Мына эми, баарысы ал ойлогондой (балким атасы?) болуп ишке ашып келатат. "Командадан кеткиси келгендер кете берсин, өлгүсү келгендер өлө берсин" деген кеп да.
Бул жерде да АКШ базасы чыгарылбай турганын, анын аты өзгөртүлүп эле калып калаарын тийиштүү адамдар алдын ала билишкен деген божомол бар. Ошого карабастан "Аалам Сервисти" сатып жиберүү кимдир бирөөлөргө пайдалуу эле. Кимдерге сатылды? Кимдер сатты? Пайдасын кимдер көрдү? Соттук териштирүүдө булар маалым болгону менен чечим чыгарууда алар эске алынган жок. Судья Таалайбек Байсейитов билсе да билмексен болду.
Коррупциялык чырмалышкан түйүндү андан ары чечмелейли.
10.06.2009-ж. директорлор Кеңеши башкармалык сунуш кылган бааны бекитип, май куюучу комплексти сатуу керек деп чечим чыгарат. 11.06.2009-ж. Бакыт Сыдыков өз чечими менен "Аалам сервистин" башкармалыгынын төрагасына сатуу-сатып алуу келишимине кол коюуга укук берет. 12.06.2009-ж. "Аалам Сервис" менен "Манас аэрофьюэлс" келишимге кол коюшат. Келишимге кол коюлган ошол эле күнү (кандай тездик?) "Манас аэрофьюэлстун" гендиректору Н. Ташибеков мүлк комитетинин төрагасы Т.Турдумамбетовго "мамкаттоого уруксат бергиле, биздин бул соода-сатыгыбызды каттоодон өткөрүп берсин" деп кайрылат. Ал катка мүлк комитетинин стат-катчысы С.Бакиров " Акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзамга ылайык каттоо мыйзам ченеминде жүргүзүлсүн деген түшүндүрмө берген.Ушул жообу үчүн деп комитеттин стат-катчысы С.Бакиров үй мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде 8 жылга, комитеттин башкармалык башчысы Муканбет Абдрашитов 5 жылга, сатуу операциясына эч тиешеси жок комитеттин жетектөөчү адиси Нурбек Сариев 3 жылга колония-поселениеге соттолушту. Маммүлктүн ушул 3 адиси ушул кат үчүн соттолот деп ким ойлоптур? Министрликтегилерди, коомчулукту айран-таң калтырганы ушул. Баарынан да жетектөөчү адис Н.Сариевдин кесилиши таң калычтуу болду. Мүлк комитетинин "Манас аэрофьюэлстин" катына жооп даярдоого анын жыттаса жыты кошулбайт, бир да жерге кол койгон эмес. Катта анын аты-жөнү аткаруучу катары жазылып жүргөндүгүнө таянып эле сот аны да эркинен ажыратып жатпайбы. Алдын ала тергөө амалдары, айыптоо өкүмдөрүн чыгаруу, аягы келип соттук териштирүү Кыргызстанда кандай деңгээлде жүрө тургандыгы, тергөөчүлөр менен соттор бизде кандай иштей тургандыгын ушул факты дагы бир жолу тастыктап койду.
Ырас, бул үчөөнө кошулуп "Манас" аэропортунун директорлор Кеңешинин төрагасы, эл аралык издөөдө жүргөн Равшан Жамгырчиев - сыртынан күчөтүлгөн режимде 15 жылга, директорлор Кеңешинин мүчөсү Евгений Гуревич да 15 жылга кесилишти. "Качкан жоону катын да саят" болуп, куйругун түйүп кеткен бул экөөнө ушундай жаза чектелгени - айла жоктун, коомчулуктун көзүн жазгыруунун амалы. Мунусуна да макул. Ал эми директорлор Кеңешинин издөөдө жүргөн мүчөсү, Максимдин жакын досу Назим Зариповдун күнөөсү бар имиш, бирок биринчи жолу соттолуп жаткандыктан кылмыш иши токтотулуптур. Директорлор Кеңешинин дагы башка мүчөлөрү Сатыбалды Жумалиев, Алмаз Кадыркуловго да кылмыш иши токтотулган. Ушул иштердин башында дирижёрлук кылып турган "Манас" эл аралык аэропорту" АКнын башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков да "кылган ишинде кылмыш жок" деп толук акталып кетти. Май куюучу комплексти сатып алган "Манас аэрофьюэлстин" гендиректору Н.Ташибеков да суудан кургак чыкты.
Мына, сот Таалайбек Байсейитовдун, мамлекеттик айыптоочу Тамара Тилекееванын мыйзамдын талаптарын кара кылды как жарып калыс сактагандары. Айран ичкендер кутулуп, челек жалагандар тутулду дегенибиз ушул болуп жатпайбы. Кайран гана кыргыздын соттору!? Каратып туруп чындыкты ушинтип муунтканга 20 жылдан бери аябай эле маш болдуңар го.
"Манас" аэропортундагы бул операция боюнча апрель революциясынан кийин транспорт прокуратурасы тарабынан Кылмыш Кодексинин 304- жана 221-беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, арам акчаны сугунуп алган шылуундар качып кетүүгө үлгүргөн.Тергөө тобунун жетекчиси А.Байгатаев мүлк комитетинин кызматкерлерин айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндө чыгарган токтомунда "сатуу-сатып алуу келишимин каттоого КРнын мамкаттоосуна уруксатка макулдук берген. Натыйжада КРнын "Стратегиялык объектилер жөнүндөгү" мыйзамынын 1,3,4-беренелерин бузуп, 12.06.2009-ж.-- 16.04.2010-ж. чейинки 10 айда алына турган пайда - 150 миллион сомдон мамлекетти кур жалак калтырган" деп айып таккан.
Эми соттолгондордун адвокатынын жүйөөлөрүн угуп көргүлө. "Манас" аэропорту ачык акционердик коом (ААК) болгондуктан, анын иши "Акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзам жана коомдун Уставы менен жөндөлөт. Ири суммадагы сатуу-сатып алуу иштери мыйзамдын 72,73-беренелеринде жазылган тартипте жүрөт. Эгерде соода-сатык ААКнын активинин балансалык баасынын 20%га чейинки наркында болсо, чечимди коомдун башкармалыгы кабыл алат. Эгерде 20%дан 50%га чейинки актив сатылса, чечимди директорлор Кеңеши, 50%дан көп нарктагы актив сатылса, акционерлердин жалпы чогулушу чечет. Биз сөз кылып жаткан мисалда соода-сатык 287 миллион сомго жүргөн, бул "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын активинин балансалык баасынын болжол менен 7%ын түзөт. Демек "Аалам сервисти" сатуу чечими Б.Сыдыков башкарган башкармалыктын ыйгарым укугуна кирет.
"Манас" аэропорту ААКнын башкармалыгы да, директорлор Кеңеши да "Аалам сервисти" сатуу боюнча мүлк комитетине кайрылган эмес. Катты сатып алган "Манас аэрофьюэлс" деген коом жазып жатат. Ага берген жооп катта мүлк комитети каттоо агенттигине тигини катта, муну каттаба деп көрсөтмө бералбастыгы , "Манас" аэропорту менен "Аалам сервис" өздөрү эле белгиленген тартипте сатуу иштерин жүргүзүп, каттоодон өткөрсө боло турганы жазылган. Демек маммүлк комитети акционер катары компаниянын чарбалык ишине кирише албайт.
Ак жерден торго чалынган мүлк министрлигинин адистерине стратегиялык объектилерди саттырдыңар деп бет тырмалык айып тагышкан. "Аалам сервис" 12.06.2009-ж. сатылганынын эстеңиз. Ал эми стратегиялык объектилерге кайсылар кирээрин Бакиев учурунда Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча өкмөт аныктачы. Андай объектилердин тизмесин өкмөт 14.08.09-ж. бекиткен жана ал тизмеде "Аалам сервис" жок.
Мына, челек жалагандар менен айран ичкендерди тергөөчүлөр менен соттор кандай калчап жатканынын типтүү бир мисалы.
Машакбай Рахманкулов

P.S.: Гезитибиз даяр болуп калганда Бакиев бийлигин, ал башталганда эле түндүк-түштүккө жиктеп баштаган, өткөн жылкы түштүктөгү май коогалаңын козутууда, колтукка суу бүркүүдө Бабахандай роль аткарган Үсөн Сыдыковдун соту дагы белгисиз мөөнөткө калтырылганы маалым болду.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??