Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаевага
Жогорку Кеңештин төрагасы
Акматбек Келдибековго

Бакай-Ата районуна караштуу Таш-Кудук айылынын тургуну
Канымбү Абдыкадыровадан
Тел: (0552) 15-97-75
Кайрылуу

"Бакиев учурунда милицияларга берилген эркиндик Сиздин учуруңузда эки эселеп берилди"
Урматтуу Роза Исаковна!
Мен Сизге эне катары акыйкат издеп кайрылып жатам. Биздин өлкөбүздө болуп жаткан башаламандыкка менин да эне катары жүрөгүм ооруп турат. Сиздер Убактылуу өкмөт бийликке келгенде абдан кубануу менен кабыл алганбыз. Ошондой эле канчалаган жылдар бою чындык жок, адилеттиктен артта калган өлкөдө күн кечирип келдик. Сиз мамлекет башына келгениңизде аркаңыздан акыйкаттык, адилеттик кошо келгендей болгон. Бирок, Сиздин акыркы кадамдарыңызга көз жүгүртүп ойлонуп көргөндө биздин үмүтүбүз өчкөндөй болуп калды. Бакиев учурунда милицияларга берилген эркиндик Сиздин учуруңузда эки эселеп берилди. Муну Сиз өзүңүз Президент башыңыз менен бердиңиз. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен жөн үйүндө отуруп, өз тиричилигин кылып, күн көрүп жаткан карапайым балдардын тагдырына балта чабылып жатканына көз салып, кыргыз милициясынын тизгинин тарта албай, кайра алардын коррупцияга малынышына чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатасыз. Кылмышкерлер менен күрөшүүдөн мурда эң биринчи ИИМ системасын толугу менен реформа кылып, алардын арасындагы кылмышкерлерди тазалап, профессионалдык жана кара өзгөйлүктөн тазалануусу керек болчу. Анткени, кыргыз милициясы Бакиевдин тушунда өз билген намаздарын окуп, бей-күнөө адамдардын тагдырына балта чаап келишкен. Мындай фактылар менен укук коргоочу Азиза Абрасулова өз учурунда катуу күрөшүп келген. Мына ошол кылмыштуу Бакиев бийлигинин тушунда менин уулум Ильяз Абдыкадыровду түрк ишкери Четин Серветти өлтүргөн деп, эч кандай далили жок эле камакка алышып, оперлер уруп-сабап мойнуна алдырууга аракет жасашкан. Бирок, акыйкат деген бар экен. Уулумдун ак экени айкын болуп, сот залынан акталып чыккан. Андан бери Ильяз үй-бүлөсү менен тынч тиричилигин өткөрүп, машине сатып иштеп жаткан. Бирок, Бакиевдин тушунда өчөшүп калган милициялар уулумду кылмышкер катары көрсөтүп, машинесине курал салып кармап, камакка алышты. Курал уулумдуку экенин далилдеш үчүн колунан кол тамга да алышкан жок.
Урматтуу Роза Исаковна!
Баягы эле баягы Бакиевдин таягы болуп жатканы абдан өкүндүрөт. Милициялар кылмышкерлер менен кантип күрөшүп жатканына көз салып, аларды тартипке чакырып койсоңуз жакшы болот эле. Уулумдун айынан Бакиев бийлигинен катуу жабыркап, жүрөгүбүз муздап калган. Эми сиздин бийликтен да дал ошондой болуп жүрөгүбүздүн муздап калышын каалабайбыз. Сизден суранаарыбыз элдин үмүтүн өчүрбөңүз.
Урматтуу Акматбек мырза!
Өлкөдө Парламенттик башкаруу системасы кабыл алынып, учурда Сиз 120 депутаттан турган парламентти башкарып жатасыз. Учурда кылмышкерлерге каршы күрөшүү жүрүп, бирок негедир ал кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы астында гана жасалып жатканы байкалат. Анткени чыныгы кылмышкерлер көмүскөдө калып, тынч жашап жаткан жаш балдар жок жерден "баңгизат, курал" алып жүрөт болуп, камакка алынууда. Менин уулум Ильяз Абдыкадыровду 7-февраль күнү машинесине курал салып кармап кетишип, келинимден Талас Беагалиев аттуу милиция кызматкери 10 000 АКШ долларын сураптыр. Көрдүңүзбү, биздин бийлик кылмышкерлерге каршы согуш жарыялап, милициялардын бирден-бир акча табуу булагын пайда кылып берди. Ошондой эле "убагында айтпаса сөз атасы өлөт" дейт. Талас Бегалиев Ички иштер министрлигинин биринчи орунбасары Мелис Турганбаевдин өкүл атасы болоорун да билдик. Бул экөө отуруп алып, жогорудагы иштерди жасап жатабы деген суроо туулат? Сизден суранаарыбыз спикер катары бул ишке көңүл бөлүп, парламенттеги депутаттарга салып, бир жыйынтык чыгарсаңыз демекчимин.




ЖКнын депутаты, "Республика" фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулаймановдун пленардык отурумда сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү
Урматтуу кыргыз элим, урматтуу коллегалар, мен Өмүрбек Чиркешовичтин сүйлөгөнүн айтып коёюн деп жатам. Өмүрбек Чиркешович кечээ телевизордон айтып жатат, "эгерде коалиция бузулса, анда кээ бир саясатчылар элди чыгарып тополоң кылабыз деген деп бизди коркутуп жатат" дейт. Ливияда эмне болуп жатат деп айтты. Түшүнбөйм эмне Өмүрбек Чиркешовичке эки жолку кан төгүлүүдө бул жерде 90 бала, Оштон 2000-3000 адам шейит кетти. Ушул кан төгүлүүлөр аз болуп жатабы? Дагы бир тополоң чыгарган турабы? Коалицияны бузуп, же элди көтөрүп, кечиресиздер мен ушундай түшүнүп жатам. Бүгүнкү кадровый чехардага ким алып келди. Албетте Конституция. Эмне кылалы анан ал Конституцияны? Өзү жазып берди го аны. Ошол жазылган Конституциянын негизинде биз иш алып бара жатабыз. Коалицияны түздүк. Азыр эмне кылышыбыз керек? Өмүрбек Чиркешович ушул жерде болсо мен айтайын деп жаттым эле. Эмне кылышыбыз керек? Анан улуу урматтуу "Ата-Мекен" партиясынын депутаттары мен сиздердин баарыңыздарды сыйлайм. Сиздер шайлоонун алдында чындыкты айтыш керек. Рейтингиңиздер боюнча биринчи, экинчи орунда СДПК менен "Ата-Мекен" эле го. Ушундай анализ болгон. Себебин билесиңерби? Эмне үчүн биринчи орунду албай калдыңыздар? Анда билип алгыла. Эмне үчүн коалицияга кирбей калдыңар? Өмүрбек Чиркешовичтин артынан кирбей калдыңар. Эмне Өмүрбек Чиркешович гана спикер болуш керекпи? Керек болсо "Балтабаевди спикер болсун" деп мына биз сунуш кылганбыз. Жалган эмес. Муну баардыгы билишет. Коалицияга кирбей калып, ал кишинин артынан канча балдарыңар бүгүн жумушсуз калдыңар. Эми айтып жатасыңар, "коалицияны бузуш керек" деп. Акыры бир чындыкка келбейлиби. Өмүрбек Чиркешович ким өзү? Ушул кишинин айтканындай эле боло береби? Акаевди алып келген ушулар. Кетирген ушулар. Бакиевди алып келген ушулар, кетирген да ушулар. Отунбаеваны алып келген ушулар, азыр "кетиребиз" деген да ушулар. Качанга чейин биз ушундай кадамдарга бара беребиз? Болбойт эми, коалиция урабайт. Урматтуу кыргыз элим, урматтуу коллегалар, болду жетишет! Ушуга окшогон нерселер менен ушул күнгө чейин 20 жылдан бери сайрап келе жаткан Өмүрбек Чиркешович бүгүн бир нерсеге жеттиби? Эч нерсеге жеткен жок!




Элди эриктирбеген Өмүрчиктердин өмүрү узун болгой эле…
Жогорку Кеңештин кечээги күнкү жыйыны кызуу талаш-тартыш менен башталды. "Бабанов келип, депутаттардын суроосуна жооп берсин" деп чыгышты депутаттардын бир дары. 9-мартта орусиялык депутаттар маалымат жыйынын өткөрүп, Бабановду "Мегакомду" басып алды деп айыптаган эле. "Эмне үчүн МамДуманын эки депутаты келип алып, эч кандай далилдүү маалымат жок туруп, мамлекеттик кызматта иштеп жаткан Бабановду айыптайт, бул деген Орусиянын Кыргызстанга жасап жаткан үстөмдүгү" деп чыгышты эл өкүлдөрү. Мындан кызыгы, "Республика" партиясынын депутаты Исхак Пирматов "Өмүрбек Текебаев эгер Бабанов жөнүндө айткан сөздөрүн далилдесе, мен мандатымды тапшырып, депутаттыктан кетүүгө даярмын" дегенге чейин барды. Тилекке каршы, бул күнү Өмүрбек Текебаев Ошко иш сапары менен кеткен экен. Натыйжада, депутаттар "бүгүн Бабановду парламентке алып келип, такалайбыз" деп чечишти.




"Санпадан" адамдын баш сөөгү табылды
Сузак айылынын Топурак-Бел аймагында жайгашкан "Санпа" пахта тазалоочу заводдун жанында жерге көмүлгөн адамдын күйгүзүлгөн баш сөөгүнүн калдыктары табылып, бул тууралуу Жалал-Абад облусттук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Таалайбек Сусунбаев "Азаттыкка" билдирген. Табылган баш сөөк боюнча кылмыш иши козголуп тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алдын-ала маалыматтар боюнча, бул сөөк өткөн жылдагы июнь коогалаңы учурунда "Санпа" заводундагы кагылышууда дайынсыз жоголгон адамдардын бирине тиешелүү болушу мүмкүн.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??