Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Бабановду сары улакка Атамбаев чабат…
Өлкөнүн премьер-министри Алмаз Атамбаев ушул кезде өз ордунан шып этип эле шыпырылып кала турган коркунучта турганы саясатчылардын гана эмес карапайым элдин да арасында кеп болуп жаткан кези. "Ата-Журт" партиясы акыры буларды колкодон алаарын саймедиретип жазып "эсиңер барда этегиңерди жапкыла" деп далай айткан элек. Бөрү баласы ит болмок беле, акыры баштарына муштум болуп тийүүдө. Парламенттеги коалицияны таратуу боюнча демилгечилер мына ушул атажуртчулар болууда. Аларга "Ар-Намыс" партиясы менен "Ата-Мекен" партиясы да колдоо көрсөтүп жатат. Эгер коалиция тарап кетет турган болсо парламент ишин улантып, кайрадан коалиция түзүү шарты турат. Коалициянын тарашы менен азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн баары өз каалоолору менен отставкага кетиши турган иш. Андыктан өз ордуна калууну каалап жаткан Атамбаев ушул кезде Чүйлүк акасыбы же үкасыбы айтор арнамысчы Феликс Куловго укурукту узун ыргытып "кел, ийри отуруп түз сүйлөшөлү, Бабановду мен эле крит чаап берейин" таризде сөз айтып жатыптыр. Саясатчылар сатып кетет десе ишенбейсиңер.


Парламент эмнеге келише албай калды?
Парламенттик башкарууну өлкөгө "Ата-Мекен" лидери Текебаев алып келген. Демек, Текебаев парламенттик өлкөнүн анабашы болушу керек эле. Максаттар оңунан чыкпай Түштүк эли УӨнүн мүчөлөрүнө реванш кылып, Бакиевдин кадрларынан турган "Ата-Журт" партиясын алдыга сүрөп койду. (Отунбаеванын шайлоону таза өткөрүп бергенинен улам) Эл ишенип, керек болсо саясатчылар "Ата-Мекен" алдыга озуп чыгат деген ишеничте алардын астанасын абдан эле сагалашкан эле. Мындай жеңилүү ызасы атамекенчи үчүн билинбеген менен оңой болбосо керек. Өзүн салмактуу кармаган Текебаев акыры ичте жаткан бугун атажуртчулар менен бирге аткарууга бел байлады көрүнөт. Коалициянын тарашы Текебаевдин эңсөөсү экени да белгилүү. Ал эми парламентте төрагалык кылып турган Акмат Келдибеков "Ата-Журт" партиясынын парламентке келишине Камчы Ташиевге караганда опол тоодой эмгеги сиңген жок. Ташиевдин кадыры менен атажуртчулар парламентке келип отурганын моюндарына албай коелбайт. Ошентип, сыртынан сыйда көрүнгөн менен ичтерине "ит өлүп" жаткан пендечилик, өлкөнүн келечеги үчүн эмес, жеке кызыкчылыктардан болуп жатканын да айта кетели. Коалиция ыдырайт деп калышты. Ыдыраса ким- ким менен тандемдешээр экен? Булар биригип иш кылганча кыргыз эли кырылып калмай болду го! Кыргызды ойлосо Текебаев менен Ташиев жаз келгенде сасык саясатты баштабайт эле. Менимче кыргыз эли баарынан ишенимди алып таратуу демилгесин көтөрүү гана калды. Ал эми Бабановдун иши тууралуу бир чындык чыгып калса аны да ордуна коёор кыргыздар табылаар.




Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору
Кубатбек Байболовго
Ички иштер министри
Зарылбек Рысалиевге

Бишкек шаарынын тургуну
Назира Аманбековадан
Бишкек шаары, үй-76, кв-2
Кайрылуу

Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Кубатбек Калбекович!
Урматтуу Зарылбек Рысалиев!
Мен Аманбекова Назира Жолдошбековна сиздерден акыйкат издеп кайрылып жатам. Үч баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой аялмын. Учурда жалган ишеним кагаздын негизинде мени жана үч баламды үйдөн чыгарып жатышат. 03.08.09-жылы үйүмө Жаркынай Ашымова деген тааныш аял келип "экөөбүз бизнес кылабыз"-деп, үйүмдүн документтерин (тех.паспорт, паспорттун көчүрмөсүн, үй китебин) ж.б кошумча керектүү кагаздарды алып кеткен. Документтерди "үч күндүн ичинде алып келип, бизнести баштайбыз" деген боюнча дайыны жок жоголуп кетти. Бул боюнча кайрылбаган жерим калган жок. Көрсө, менден документтерди алып кеткен Жаркынай Ашымова 06.08.09-жылы Биринчи май районуна караштуу жеке нотариус менен сүйлөшүп, менин наамымдан жалган ишеним кагазды Чыңгыз Батыровго жазып беришкен. Чынгыз Батыров Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну. Азыркы учурда ал адам эч жерде катталган эмес. Демек, ал биздин өлкөнүн жараны эмес. 09.08.09-жылы Батыров жалган ишеним кагаздын негизинде Мелисбек Тагаевге менин наамымдагы үйдү сатып жиберген.
Бир күнү кечинде балдарым менен үйдө отурсам "Акундун" рекеттерибиз"-деп Дамир, Нурик, Доки деген 4-5 олбурлуу жигиттер келип, мени үч балам менен чыркыратып "эртең үйдү бошоткула, болбосо башкача болот" дешти. Көрсө үйдү менден документти алдап алып кеткен Жаркынай Осмонова кампоньондору Бөрүбай, Нургүл, Дариха болуп, үйдүн документтерин күрөөгө коюп, "Акун" фирмасынан 750000 сомго ун алышкан экен. Эртеси мен Ленин райондук ИИБне арыз менен кайрылсам, арызымды кабыл албай коюшту. Укук коргоо органдарынан жардам болбосун билип, мен да Алым деген рекетти жалдадым. Ал менден 3500 АКШдолларын алып үч күндөн кийин ишимди бүтүрүп берем деген. Бирок, ал алдап кетти. Ленин райондук ИИБне арыз менен кайрадан кайрылдым. Менин ишимди тергөөчү Нурлан Айбашов карап, ар кандай шылтоолор менен жаап салды. Ошентип, үч балам менен көчөдө калып отурам. Мени алдаган аферисттер менен күрөшүүгө алым калбады. Үйүмдүн документтерин кайтарып алам деп, карызга белчемден батып калдым.
Урматтуу жетекчилер!
Укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер карапайым элдин укугун коргобогондо кимдин укугун коргойт? Мендей жалгыз бой энелерге колдоо көрсөтүп, үйүмдү кайтарып алууга мыйзам чегинде жардам берип коюуңуздарды суранам!




Муктар губернатор, Темир вице-премьер болобу?
Парламенттеги узун кулактарыбыздын айтымында, бүгүн-эртең коалиция ыдырап, "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Ата-Мекен" партиялары бир коалицияга биригишет экен. Ошондой эле учурда "Республика" партиясынын түштүктүк депутаттарынын ичинен ит өлүп, Бабановду мандатынан ажыратып, өздөрү келерки коалициянын курамына кошулуу үчүн тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышыптыр. Буларга кошумча күч болуп "Ак Шумкар", "Замандаш" партиялары кирип, баамыбызда Муктар Өмүракунов Нарынга губернатор, ал эми Темир Сариев биринчи вице-премьер министр болчудай.




Бакиевчилерди теңине албаган Текебаевдин таскагы катуу болууда
Айрым маалыматтарга караганда "Ата-Журт" партиясынан жыйырма депутат өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коалициядан чыгуу боюнча келишим түзүп, эркекче кол алышыптыр. Жүрөктү оорутканы коалицияны ыдыратууга түндүк-түштүк айыкпаган илдет түрткү берип, түштүктүн лидерлери бийликти түштүк алуу керек деген таризде жылаандын башын кылтыйтып жатышкан сыяктуу. Ушинтип отуруп, кайрадан элдин канына забын болбосо эле болгону. Эзели бакиевчилерди теңине албаган Текебаевдин таскагы катуу болгонуна караганда, регионалдык кан ойноп жаткан шекилдүү. Баарыдан мурда кылмыштуу бийликти кулатууда акчасын чачып, коопсуздугуна кайыл болгон Атамбаевдин эмгеги талаада калып, кашайганы турат.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«