Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Алдың туңгуюк, артың жар

Ачкачылык толкундоолору болобу же болбойбу? Маселе ушунда
Аялдардын 8-Март майрамына оро-пара 5-каналда премьер-министр А. Атамбаев түшүнөн чочугансыгандай болгон капылет интервью берип калды (караңыз: http://www.blive.kg/video:58973/, http://www.blive.kg/video:58951/). 5-каналдын гендиректору жана КТРдын баштыгы менен премьердин орус жана кыргыз тилдериндеги маегинде Кыргызстанда азыркы кезде түзүлгөн саясый-социалдык, социалдык-экономикалык кырдаалдын тегерегинде чөп башылаган узун-улпак кеп болду. Айтылгандардын баки-чүкүсүнө кенен кесир токтолуп отуруунун кажети жок деп ойлойбуз. Көтөрүлүп жаткан маселелер-көкөй кескен проболемалардын катарына кирет. Андыктан, келечекте А.Атамбаевдин интервьюсундагы ой-пикирлер боюнча коомдук талкуулар болушу ажеп эмес. Бизди кызыктырганы, т.а. таң калтырганы, өлкө кыйгай башынан кечирип жаткан азык-түлүк кризисине байланыштуу премьердин айткан алданемедей болгон пикири. Телекорреспонденттердин биринин "Азык-түлүк кризиси элди дүрбөтүп көчөгө айдап чыкпайбы?" деген суроосуна "Ачкачылык толкундоолору болбойт" -деп так кесер жооп берди премьер-министр А. Атамбаев-"Тамак-ашка баа өсүп жатат, бирок алар рынокто бар. "Ачкачылык толкундоолору качан гана азык-түлүк продуктулары рынокто жок какшып калганда башталат. Азык-түлүктүн жетишпегенине, баанын өсүшүнө каршы күч колдонуу менен күрөшкөндө ачкачылык толкундоолору келип чыгат. Ал эми биз болсок, экономикалык методдор менен күрөшүп жатабыз" -дейт А.Атамбаев. Андан ары премьер сөзүн улап рынокко 1 миң тоннадан ашык арзан ун интервенциясы жасалганы, жакыр калктын 124 миңине бекер ун таратылып берилгени, кымбаттап бараткан азык-түлүктөргө болгон бажы салымы алынып салынганы сыяктанган өкмөттүн жүргүзгөн иш чаралары тууралуу саймедиреген узун кепке кирип кетти.
Бушайманга салганы, А. Атамбаевдин "баа өсүп жатат, бирок ачкачылык болбойт" деген тезиси. Мындай ойду кайсы Акылкарачач кеңешчиси ойлоп таап А.Атамбаевди муютуп таштады же премьер өзү эле башынан ушундай пикирди тутунуп келгенби-аны бир жаңсыл айтуу кыйын. Асыресе, азык-түлүктүн рынокто жетиштүү экени, ал түгүл тирелип турганы ачкачылыктан сактап кала турган фактор боло албастыгын канткен күндө да моюнга алышыбыз жөн. Кептин баары, ошо рынокто тирелип турган азык-түлүк продуктуларын сатып алып кара жанын багып турууга элдин финансылык кудурети жетеби же жокпу - ошондо турат.
БУУнун дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миң калк азык-түлүк тартыштыгын башынан кечирип жатат. Азык-түлүк программасынын эксперттери жакынкы учурларда ачарчылыктын кылтагына илингендердин катары кошумча түрдө 340 миң адамга толукталышы этимал деген пикирде. Gallup кызматынын изилдөөсүнө караганда Кыргызстанда тамак-аш сатып алууга каражаттары жетишпей ачарчылыкты башынан кечирип жаткандар калктын 33 процентин түзөт.
Ошол учурда калктын үчтөн бир бөлүгү ачкачылыктын каатын тартып турган чакта, негизги тамак-аш продукцияларына болгон баа тынымсыз өсүп баратканына күбө болосуң. Экономикалык тескөө министрлигинин жума сайын өткөрүп келаткан мониторингинин маалыматтары боюнча, 3-мартка карата республика боюнча буудайдын бир килограммы 15,66 сом болуп келсе, ал бир аптанын ичинде 0,8% өскөн. Ал эми биринчи сорттогу ун 1,9% ке жогорулап килограммы 29,84 сомду, килограмм нандын баасы болсо 34,69 сомду түзүп 2,3 процентке өскөнү аныкталды. Мындан сырткары, ЭТМ /Экономикалык тескөө министрлиги/ түштүктө этке болгон орточо чекене баа бир калыпта экени маалымдайт. Анткен менен түндүктө койдун этинин килограммы 235 сомду түзүп 0,1%ке, уйдун эти 251,3 сомго туура келип 0,5% ке, жылкынын эти 250 сом менен 0,8% өскөнү көрсөтүлөт. Жашылча-жемиштерде баанын өсүшү бир калыпта туруктуу түрдө жогорулап баратканын белгилейт министрлик. Бир сөз менен айтканда, тамак-ашка болгон баанын төмөндөшү жөнүндө сөз козгоо оозуңан айлансын, бир калыпка келип турукташа турганын кедендей белгисин байкай албайсың. Жакынкы күндөрү баанын турукташынан түңүлүп койсоң деле болот. Андан үмүт аз. Ал эми, тамак-ашка болгон баа өскөн сайын адамдын организми талап кылып турган тиешелүү азык-түлүк рациону менен камсыз боло албагандардын саны да ошончолук өсөрү белгилүү. Бул болсо, ачарчылык дегениңдин так өзү. Ошондуктан, А.Атамбаев рынок азык-түлүк продуктулары менен каныкканына шылтап, сөздү чаргытканынын өзү олдоксондук. Асты, өлкөнүн бүтүндөй экономикасын тескеп турган адамдын айтаар сөзү эмес.
А. Атамбаев интервьюда мугалимдердин айлык акысы үч эсеге көтөрүлөөрүн, көтөрүлгөн жалыйна май айынын аягын этектеп мектеп окутуучулардын колуна тийип каларын убада кылды. Асыресе, бюджетте мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча каражат каралбаганын айткысы келбей турганы байкалат. Өкмөт мугалимдердин жалыйнасын көтөрүү үчүн финансылык булактарды каяктан издеп, каяктан табаары азырынча белгисиз. Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин башчысы А.Жапаров "Манас" жүк ташуучу борборун реактивдүү отун менен камсыз кылып турган компаниялардан алынган атайы каражаттар жөнүндө" деген мыйзам долбоорун ЖКке киргизип мугалимдердин айлыгын майды күтпөй, март айында эле көтөрүү ылаажысы бар экенин айтып безилдеди эле, өкмөт эл аралык келишимдерди бетке кармап, сунушка карандай каршы чыгып жатат. А.Жапаров атайы каражат дегениң, келишимдерде көрсөтүлгөн салыкка эч тиешеси жок экенин алдыга тартса, ага ынана турган министрлер жок. Бул жерде өкмөт өзү кошумча каражаттардын булагын табуунун жолун айта албаган, ошол учурда "айткан кишинин оозу жаман кылып" көрсөткөн бир кызык окуяга дуушаар болосуң, деген менен. Кыскасы, мугалимдер деле куру убадага курсант болуп кудуңдап жүрө берсе боло берет деген кеп.
Өкмөт мындан сырткары пенсиянын орточо өлчөмүн жашоо-тиричилик минимумуна (прожиточный минимум) теңештирүү убадасын мол берген эле. Ал убадасынын акыбети кайтып, майнап чыгып кетээр түрү жок. Маселе кайрадан барып эле баягы кендирди кескен каражаттын жоктугуна, өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынатка барып такалып жатканын көрөсүң.
Эгер, түзүн айтканда, тамак-ашка баанын тынымсыз өсүшү токтолбогон, социалдык жактан начар корголгон калктын жакыр катмарынын кирешеси көтөрүлбөгөн абал мындан ары сакталып кала турган болсо, анда массалык ачкачылык башталышы кадиксиз. Ал эми, элдин калың катмарын ачкачылык баскан кезде толкундоолордун болбой койбостугу талаш туудурбас. Тамак-аш рыногунун каныккандыгы толкундоолорду токтото албасы жаш балага деле дайын эмеспи.
Болотбек Чертикеев

Р.S. Көп кездери өкмөткө боор тартып, кези келгенде катуу сынга алгандан тартынбаган белгилүү экономист-эксперт Ж.Акинеев кыргыз элинин жанда жок чыдамдуулугун, моюбастыгын, башка өлкөлөрдө Кыргызстанга окшогон абал түзүлсө эли эбак эле көтөрүлүп чыкмактыгын белгилеп келип, эгер нааразычылык акциясы башталса, бөлкө 50 сомго жеткенде башталышы мүмкүн деген пикирин айтты. Непадам, элдик толкундоо бөлкө 50 сомго жетеби же жетпей эле 45 сомдон башталабы, аны алдын ала так кесе айта алышың кыйын. Канткен күндө да азыркы түзүлгөн социалдык оор кырдаал келечекке чоң үмүт артып жиберүүгө жол бербеси талаш туудурбас.
P.P.S. Жаз келип көккө илинип калсак, эл текей терсе да ачарчылыктан башы аман, боору бүтүн чыгып кетээр беле деген үмүт байлабай койбойсуң да…






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??