Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Асыл адамдар

Түш
"Махабатты көбөйттүң, ыраак чоюп!
Күтүп жатам эшикти, жүрөгүмдү ачып коюп…
Сен дале келе элексиң."
Турар КОЖОМБЕРДИЕВ


Атам атчан каты келди. Аты энтиккени аз келгенсип, өзү да энтигип алган, аттан түшүп- түшпөй:
- Үрпаян, кайдасың,/менин апам/ эшикке чык, бол дароо!
Анан мага кайрылып:
- Сен чарбактагы жүгөрүнүн дүмбүлүнөн үч-төрт сото кайрып келе сал! -деди.
Апам:
- Эмне болду, деги тынччылыкпы?
- Көң кала, Чыңгыз келиптир, кетем деп шашып жүрөт. Чыңгыз жүгөрүнүн дүмбүлүн жакшы көрөт, чоктун табына бышыра сал, убакыт аз…
Атам менин артыман чарбакка жете келди да, мен кайрып жаткан жүгөрүнүн сотолорун көрүп:
- Мунуң жарабайт, али балык көз экен, а мунуң өтүп кетиптир, мунуң - болот,- деп жүгөрүнүн кабыгын бирден аарчып көрүп, өзү да кайрып кирди. Апам эки-үч дүмбүлдү бышыргыча, Чыкем да үйдүн тушуна машинасы менен келип токтоду.
- Саламатсызбы, Үрпаян эже, /апам менен Чыкем бир уруудан - Шекер уруусунан/ Дүйшөкем, /Дүйшөбай менин атам/ үйгө токтоп кет деп айтканынан, сиздерге учураша кетейин деп кайрылып калдым.
Бышкан жүгөрүнү апам таза сүлгү менен сүртүп, дасторконго нан менен жүгөрүнү салып, атам экөөсү Чыкеңин астынан чыгышты.
Апам Чыкемин бешенесинен сүйүп, учурашкандан кийин:
- Чыңгыз, айда-жылда бир келсең, анда да үйгө кирбей баарыбызды дүрбөтүп, кетем деп шаштырып… шашпай эле буюрган тамактан даам сызып кетсең боло?
- Көптөн бери чокко кактап бышырылган дүмбүл жей элек элем. Сардектей кылып, чокко күйгүзбөй, бир тегиз кызарта бышырыпсыз. Жездем менин кичинемден дүмбүлдү жакшы көрөөрүмдү билет да. Рахмат жезде, эже, сиздер мага кой сойгондой эле болдуңуздар. Шаардан түндө чыккам. Бүгүн саат ондо райондо партконференция болот. Ошого мени катышып бериңиз деп чакырышкан экен, шашкан себебим да ошо, убактым жок. Айылда бата кылчу жерлер бар экен, тийчү жерлерге куран окутуп, нан ооз тийип эле кайра кайтып бара жатам.
Чыкем машинасынын айнегинен эки колун тең чыгара, бир колунун алаканын жая, экинчи колунда жүгөрүнүн бышкан дүмбүлү менен бизге колдорун булгалап кетип бара жатканы күнү бүгүн көз алдымда. Көрсө, жүгөрүнүн чокко кактап бышкан дүмбүлүн Чыкем жакшы көрөрүн атам билчү экен.
Ал убакта Чыкем "Правда" гезитинде Орто Азия боюнча кабарчы болучу. Ошол мезгилдерде "Правда" газетасына Чыкемин "Бул силердин күнөөңөр, жердештерим" деген көлөмдүү макаласы чыккан. Анда, айылдык Асылгүл деген кызды кыргызчылык кылып, үйлөнөм деген жигит сүйлөшпөй эле ала качып кетет. Кыз отурбай кетип калат. Намыстанган тиги тарап ортого киши салышып, кандай болсо да кызды кайра апкелүүгө аракет жасашат. Аны сезген кыз Шекерден Маймак станциясына /ортосу жыйырма чакырым/ түндөп жөө барып, поезд менен Фрунзеге барат да, шыр эле Чыкемдин үйүнө барып, өз эркиндигин талашып жүргөнүн Чыкеге көз жашын көл-дайра кылып айтат.
Чыкем ошол окуяны "Правда" гезитине толук жарыялаган. Ал убакта аялдардын эркиндигине идеологиялык каты күрөш жүрүп жаткан учур эле. Чыкемин ошол макаласын жер-жерлерде кызуу талкуулашып, райондун партиялык чогулушуна Чыкеми катышып берсеңиз деп чакырышкан экен. Чыкем районго келгенинен пайдаланып, убактысы аздыгына карабай, бата кылчу жерлерге куран окуп, кайра шашып кетип бара жаткан тура.
ХХХ
Кенжекан турмуш жолун Шекер орто мектебинен баштады. Ата кесибин улап, алгач Шекер мектебинин босогосун аттаган күндөн ушул күнгө чейин мугалим, анан мектептин директору болуп иштеп жүрдү.
Кенжекан Шекерге жаңы көчүп келгенден баштап эле, ымалабыз келишип, бири-бирибиздин үйүбүздөн чай ичишип, ошол убактан ушул убакка чейин мамилебиз түз.
Кенжекан менен жолуккан сайын адаттагыдай эле ар кыл темада сүйлөшчүбүз. Бул саам мага олуттуу карап:- Кененбай, муну сага айтпасам болбой калды. Ичимдегини сени менен бөлүшпөсөм, өмүр бою бук болуп кыйналып өтчүдөймүн. Түндө түшүмө Чыкем кириптир…
/Уландысы кийинки санда/
Кененбай МЫРЗАНАЕВ,
Шекер айылы,
Кара-Буура району.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«