Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен ойноок кеп
ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БИЛИП ТУРУП…
Мамырасул аке /Ж. Камчиевдин досу/ машинасын зуулдата айдап, Бишкектин көчөлөрүнүн биринде бараткан.
"Чур-р-р-р!.."
Тү-үй, ат-та, МАИ!
Эми эмне кылышым керек? Албетте, токтогондон бөлөк айла жок.
- Са… аламатсызбы?
- Жол эрежесин буздуңуз. Бул көчө менен бул тарапты көздөй жүрүүгө болбойт да. Жолдо бир эмес, үч "знак" турат го! Же аларды байкаган жоксузбу?
- "Знактарды" го-о көрдүм. Бирок, сизди байкабай калган турбайымбы.

"ЭРТЕң АЙТАМ"
Гинеколог жана жаш келин.
- Боюңузга кайсыл күнү бүттү эле?
- Мм…билбейм… эртең айтсам болобу?
- Эмнеге?
- Күйөөмдөн сурап келейин.

АЖЫРАШУУ СЕБЕБИ
Биз тааныган бир келин күйөөсү менен ажырашып кетиптир. Адатта, ажырашкандар бирин-бири өлгүдөй жамандашат эмеспи. Чамасы, алар "ырас ажырашыпсың, ырахмат" деген алкышты уксак экен деп үмүттөнүшөт шекилдүү. Ал эми биздин каарман күйөөсүнүн жакшы жактарын айтып мактоо менен алек.
- Күйөөң урбаса, сөкпөсө, табышкер болсо, анда эмне үчүн анын үйүнөн баса бердиң? - дедик биз оозубузду "аудинин" капотундай ачып:
- Биздин ажырашуубуздун себеби, беш ай бирге жашап, бирок беш айдын ичинде бир да балалуу боло албай койдук.

ГЕЗИТ БАЗАРЫНДА
Түркүн-түркүн гезиттер дүңүнөн сатылууда.
Аңгыча, Жумабайдын үнү көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду:
- "Аалам" алгыла! "Аалам"!.. Эгер бул гезитти албасаңар, өткөндөгүдөй болуп калат.
Биз Жумабайга кайрылдык:
- Жуке, өткөндө "Аалам" эмне болду эле?
- Өтпөй калган.

МУЗЫКАНТТЫН БАКЫРЫГЫ
Жетимишинчи жылдар. Ош драма театрынын артисттери Совет районунда гастролдо жүрүшкөн.
Түн. Кезектеги концерттердин бири. Машинанын үстү сахна катары пайдаланылууда. Күн бүркөк болчу.
Аңгыча, жамгырдын бир тамчысы тийгенде, жарык берип турган лампочка жарылып кетти эле, чочуп кеткен музыкант эркектин бир уяттуу мүчөсүн атап кыйкырып жибербеспи.
Башка лампочка салынып, жарык кайра берилгенден кийин Абдибайит аке азыркы олдоксондугу үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сурап жатып, минтип актанат дейт:
- Лампочка "пач-ча-ак" этип сынып кеткенде менин көчүгүм түшүп калбадыбы, кысталак!

Х Х Х
Шалпык көчөдөн жолоочуга кайрылды:
- Байке, сигаретиңиз барбы?
- Бар.
- Бир штук бериңизчи, бергенге жараша.
- Макул…
- Ай-ай, токтоңуз! Эми ширенкеңизди бербейсизби! Таптакыр уятыңыз жок окшойт, э-ээ?

ИДЕЯ
Сүйүнчү! Какем турмуш кураар менен "бозуп" калган экен. "Жөргөмүштүн желеси", "Армандуу махабат", "Мыкаачы кыз", "Ойноштук окуялары"… айтор, ар апта сайын бирден китеп "төрөп" атат, эй.
Бир күнү Какем Ош базарына барбайбы. Анан сатуучусуна кайрылып калбайбы:
- Кху!.. мүмкүн болсо…таап бере алаар бекенсиң?
- Эмнени?
- Акча. Бир кайнатам катуу ооруп, өлгөнү атыптыр. Ошого…
- Капарбек байке, китептериңизди "подреал" таркаткам. Андан көрө кайнатаңыздан суранып көрбөйсүзбү: Сиздин китептериңиздин акчасы чогулгуча өлбөй кое турсун.
Ошондо бала кыял жазуучу:
- Во! Туура айтасың. Бир ооз айтып көрөйүнчү, -десе болобу, алтын таап алгандай сүйүнүп.
Орозбек Бөрүгулов