Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ЭКИ ЭСЕ КЫМБАТКА АЛЫП ЖАТАБЫЗ
Кыргыз жери алтын-күмүшкө бай. Басып жүргөн жерибизден тартып, тообузга чейин алтын экенин баарыбыз билебиз. Ал эми статистика боюнча, жылына Кыргызстанда 17 тонна алтын, 4 тонна күмүш алынат экен. Мунун канчасы чет мамлекеттерге ташылып кетээрин билбейм. Менин билгеним, кыргыз зергерлерине анын 3%ы гана тиет.
Айтайын дегеним, азыр биздин Кыргызстанга Түркия, Индия, Орусия сыяктуу чет мамлекеттердин зер буюмдары - шакек, сөйкө, чынжырча, билериктер ташылып келинет. Айымдардын салынганынын баары эле чет жердики. Ал эми өзүбүздөн чыккан зер буюмдар өтө аз. Себеби, алтын-күмүштү чийки сырьё кылып эле четке айдап жаткандын бир кесепети ушу.
Менин оюмча, өзүбүздүн эле алтын-күмүштөн зер буюмдарын жасап, аны экспорттосо, андан алда канча зор көлөмдөгү акча түшмөк. Ошол эле убакта айымдарыбыз дагы өзүбүздөн жасалган кооз буюмдарды тагынмак. Четтен келгендерден кыргыздын зер буюмдары ашса - ашып түшөт, бирок, кем калышпайт. Мен буга зергер катары кепилдикке өтө аламын.
Муну менен айтаарым, албетте киреше түшүп, экономикабыздын жогорулашына зор таасирин тийгизмек. Анан да, биздин эсептөөбүз боюнча, бир килограмм алтынды иштетүү үчүн 10 жумушчу орун түзүлмөк. Эң эле азы - 20 миңден ашуун жумушчу орун пайда болмок. А бизде колунан көөрү төгүлгөн канчалаган зергерчилер иш таппай отурушат. Деги эле өлкөбүздөн жумуш таппай Орусияга жана башка чет жакка кетип жаткандардын саны көбөйбөсө, азайган жок. Бул жерде белгилеп кетчү дагы бир нерсе, ата-мекендик зергерчилер үчүн алтындын баасын төмөнүрөөк кылып, салыктарды азайтуу аракеттери көрүлөр бекен? Себеби, азын-оолак зергерлер алтын-күмүштүн жогору баасы менен салыгын көтөрүүгө шайыбыз келбей калган учурлар арбын.
Ушул маселелер өкмөттүк деңгээлде чечилсе, жалпы кыргыз үчүн жакшы эле болмок, эч болбо дегенде жыйырма миң адам чет жакка кетпей, Кыргызстанда туруп эле үй-бүлөсүн багууга жетишмек. Анан да, кыргыз зергер буюмдарын экспорттоо менен да өлкө казынасына киреше түшмөк. Сыртка кеткен алтындарыбыз кайра зер буюмдарына айланып, өзүбүзгө кымбат бааланып кайра келип жатканын билсек, туугандар! Кыргыздын чөнтөгүн кыргыздын эле алтыны кайра шылып жатпайбы…
Б.ЖАНАЛИЕВ, зергер.




ТУЛПАР - ТУЯГЫН КОРДОБОЙТ!
Кыргыз турмушун шайлоо деген өнөктүк дайыма коштоп жүрчү болду. Өткөн шайлоодо депутаттарыбызды аттап-тондоп Ак үйгө киргизип отургуздук эле, алар эшектин тушагын чечкенге да жарашпай, бири-бири менен акыйнек айтышып коюп отурушат. Мына, алдыбызда кайра эле президенттик шайлоо турат. Кичине тынчый түшкөнүбүз менен, шайлоо жакындаган сайын саясий абал курчуй береринде шек жок. Анткени, президенттикке аттангандардын саны бирин-серин эмес, оо бир нечеге барарлыгы тууралуу азыр эле уу-дуу кептер жүрүүдө.
Мен буга токтолгум келет. Белоруссияда өткөн жылдын 19-декабрындагы шайлоодо А.Лукашенко жеңишке жетишип, такка кайра отурду. Бу киши ушунчалык "злопамятный" окшойт, президенттикке жетишкен соң, өз атаандашы А.Михалевичти СИЗОго отургузду. Буга бүткүл коомчулук күбө. Оппозициянын толкундоолору күчөп баратканда, милиция 600 адамды кармаган. Анын ичинде Михалевич да бар болучу. Эми гана ал байкуш аргасыз келишимге келип, эркиндикке чыгыптыр. Баса, аны темир тордун артында отурганда кыйнашып, ага кордук көрсөтүшкөнү да жашыруун эмес.
Биз Белоруссияда болуп өткөн шайлоодон сабак алышыбыз керек. "Тулпар - туягын кордобойт" деп коёт кыргызда. Президенттикке чыккан азаматтарыбыздын кимиси такка отурса да, ал өзүнөн артта калган атаандаштарын сыйлап, керек болсо, экинчи-үчүнчү болуп чыгып келгендерди жогорку постторго кызматка коюу керек. Себеби, алар да өз билимине, иш тажрыйбасына ишенген азаматтар экенинен шек жок.
Кыргыздар ушинтип бири-бири менен муназага келишпесе, эч качан ишибиз илгерилебейт. Ансыз деле айтыша берип аймаңка болуп бүтүп баратабыз. Ушунчабызда этегибизди жыйып, эсибизге келели. Депутаттарыбыз биримдикте болуп туура, так закондорду жазышсын. Биз өзүбүз ынтымакка келбесек, биз өзүбүз кыргыз мамлекети жөнүндө ойлонбосок, биз үчүн ким ойлонмок эле? Лукашенконун кешигин ичип, эл-жерден безгендерди кудайым жазаласын. Аны коюп, эми бул жактагыларыбыз акыл-эстүү болушса экен.
К.МУРЗАЛИЕВ,
Кемин району.




ЭКСКАВАТОР ЖОГОТТУК, КӨРДҮңӨРБҮ?
2010-жылдын 7-апрелинен бери тынч жашообуз бузулду. Шаарыбыз Сүлүктүнүн жолдору биротоло жамаачы болуп бүтүп баратат. Өз кезегинде жолду оңдоого бөлүнгөн 4-5 млн. сом акча каражатынын изи да жок калды. Бул тууралуу өз кезегинде укук коргоо органдары тарабынан козголгон иш майнапсыз калууда. Ал эми шаардагы "Нооруз" балдар бакчасы мыйзамсыз сатылганын кийин билип калдык. Шааркеңешинин депутаттарынын макулдугун албай эле аны жең ичинен пулдап жиберишиптир.
Шаарыбыздын жашоочуларын түйшөлтүп турган дагы бир маселе - Орто Азия боюнча бир эле бизде кадамдап жүрүүчү экскаватор орду түбү менен жок болду. Анын жоктугунан улам көмүр казуу ого бетер кыйындады.
Баарынан да, мамлекеттик кызматкерлерибиз элди ынтымакка, биримдикке чакыруунун ордуна, кайра экиге бөлүп, ынтымагын ыдыраткандарына кыжырыбыз кайнайт. "Сүлүктү көмүр" ААКнын имаратынын алдында мыйзамсыз түрдө пикеттерди уюштуруп, карапайым элди бөлүп-жарып, бири-бири менен уруштуруп жатышат. Э.Мадеминовду мыйзамсыз түрдө "Сүлүктү көмүр" ААКнын гендиректору кылып шайлоого аракеттер жасалды. Ошонун кесепетинен 12-январда элде тополоң болуп өттү.
Биз ушу гезит аркылуу Кыргыз өкмөтүнөн, Баткен областтык мамлекеттик администрация башчысынан өтүнүп кетээр элек. Карапайым калкка ынтымактан башка эч нерсенин кереги жок. Жалпы элдин менчиги болгон кенди мыйзамдуу дайындалган таза колдуу кызматкер келип иштетсе. Анан да, кичинекей балдарыбыздын насибине кол салышпасын! Башкасы бүтүп, балдар бакчасын сатып жиберүүгө аракеттенип жаткандарды кимдер жакшы көрсүн? "Балдар - биздин келечек" деп чоң жыйындарда ооз көптүрүп сүйлөгөндөр тескерисинче, балдардын шыбагасына суук колун салып жатпайбы. Ал эми ансыз да көмүр тартыш болуп турган чакта колубуздагы зор экскаватордун түбүнө жетип жок кылгандарга сооп барбы? Угуп жаткан чыгарсыздар, колу менен көмүр казабыз дегендердин канчасын көмүр басып калып жаткандарын. Ушундай чаң-тополоңдон улам жоготууларга учурап жатабыз.
Урматтуу "Айкын саясат" гезити! Биздин ушул чындыгыбызды гезит бетине жарыялап койсоңуздар. Болбосо, алиги мамлекеттик чиновниктерибиз жогорку жактагыларга чындыкты бурмалап жеткирүүгө аракет кылышып, карапайым элди бири-бирине каршы коюп жатышат. Элде күнөө жок.
С.ЖАПАРОВ,
Баткен облусу.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??