Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргызстан Коммунисттер Партиясынын
төрайымы Бүмайрам Мамасейитова:
"Ак ийилет, бирок, сынбайт"
Гезитибиздин өткөн сандарында коммунисттердин экс-төрагасы Исках Масалиевдин маегин жарыялап, анын саясий куугунтукка кабылып, Үсөн Сыдыков менен 36 секунд чөнтөк телефон аркылуу сүйлөшкөнү үчүн 10 айдан бери соттон-сотко сүйрөлүп атканын баяндаган элек. Кечээ 10-мартта 1-май райондук сотунда, ошол Чубактын кунундай чубалган сот ишине чекит коюлуп, Масалиев толугу менен акталды. Бул туурасында биз ККПнын төрайымы менен маектештик.

- Кыргызстан Коммунисттер Партиясы экс-төрагаңардын акталышын күттүңөр беле?
- Исках Абсаматович 2010-жылы 14-майда камакка алынып, 16-майда биринчи соту болгондо эле биз көпчүлүк коммунисттер "бул саясий заказ" деп өз оюбузду ачык айтып чыкканбыз. Себеби, биз анын актыгына ишенгенбиз. Бирок, ошого карабастан сот иши тергөө иштери менен биргеликте дээрлик 10 айга созулду. Албетте, бул убакыт арасында соттун созулганынан улам ар кандай ойго кетип, санааркаганыбызды жашыра албайм. 10 ай ичинде биз көп нерсени көрдүк, көп нерсеге күбө болдук. Башкаларды айтпайлы, Исках Апсаматовичтин кадырына таянып жүргөн кээ бир партиялаштарыбыздын да чыныгы жүзүн көрдүк. Менимче бул азаптуу айлар ККПсынын тарыхында жазылып калды. Элибиз бекеринен "Ак ийилет, бирок, сынбайт" деп айтпагандыр. Канчалык моралдык жактан кыйналсак дагы Исках Апсаматовичтин акталганы бардык оор күндөрдү унуткарды. Ушул иштерден ар коммунист чоң сабак алды көрүнөт.
- Бул иш башка нукка дагы үшүп кетиши мүмкүн болчу. Эмне үчүн сот адилеттүүлүгүн көрсөттү деп ойлойсуз?
- Мен соттук отурумдардын бирин дагы калтырбай катыштым. Дегеле бул менин өмүрүмдө биринчи жолу сотко катышышым болду. Сот акыркы отурумунда ар бир күбөнүн Масалиев жөнунда көрсөтмөлөрүн айтып чыгып, биринде дагы Масалиевди күнөөлөгөн сөздөр айтылбагандыгын баса белгилеп, ошондой эле кылмыш иши козголгон берене боюнча бир дагы далил табылган жок деп билдирип, экс-төрагабызды акталды деген өкүм чыгарды. Залда тургандардын баардыгы шатырата кол чаап жиберишти.
- Акталганын укканда Масалиевдин абалы кандай болду?
- Анын толкунданганын сөз менен жеткирип айта албайм. Баарынан да сот кандай гана чечим чыгарына ал күн мурунтан даяр экенин билесиңер да. Өзү деле силерге маек бергенде айтпады беле?! Ак жеринен караланып аткан, кыргыз коомчулугундагы адилетсиздиккке тушуккан саясатчынын 10 ай ичиндеги абалын, кандай кыйналганын кыргыз эли көрүп, сезип турушту. Ошондуктан жер-жерлерден коммунисттер, карапайым эл жергиликтүү бийликтерден Масалиевдин акталышын талап кылып атышты да. Кайсы бир саясатчыларга окшоп Масалиев аларга акча төлөп берген жок. Алар чын дили менен бедели бийик саясатчыны колдоп атышты. Биз аларга ыраазыбыз. Дегеле Исках Апсаматович сотто өзү белгилегендей депутаттык кол тийбестиги бар туруп, кылмыш ишине тартылды. Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Муну сот дагы белгилеп кетти. Ошентсе да анын чыдамкайлыгы көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу жана мыкты саясий маданияты, мыкты саясий деңгээли бардыгын жеңип чыкты. Ал өзүн мекенин сүйгөн эр-жигит экенин дагы бир жолу аныктады.
- Ү. Сыдыковго сот кандай өкүм чыгарды?
- Сот Ү. Сыдыковду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратып, бир жылга Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салды.
- Саясат деген ушундай нерсе, башына күн түшкөндө жалгыз каласың дешет. Дегеним, силерди колдогондордун катары көп болдубу?
- Эзелтен эле ак жеринен каралангандарды элибиз эч нерсеге карабай колдоп келген. Чынында бизге колдоолор көп болду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, башка мамлекеттердеги коммунисттер партиясынын жетекчилерине, РФКП БКсынын жетекчиси Г.А. Зюгановго, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери А.Мадумаровго, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф. Куловго, адам укугун коргоо боюнча көз карандысыз уюмдарга, жалпы элге ККПсынын бюросунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
Маектешкен
Назгүл Мамытова




Сурагыла, жооп беребиз
КЫЗДАР АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛАБЫ?
Телевизордон айрым өлкөлөрдүн, мисалы, Израилдин аскер бөлүгүндө кыздар аскердик милдеттерин өтөөгө тартылгандыгын көрсөтүшүүдө. Мага бул аябай таасир калтырды. Кыргызстанда кыздарды аскерге алышабы?
Г.ТОКОЕВА,
Бишкек шаары.
Жооп: Сиздин сурооңузга төмөнкүлөрдү билдиребиз. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын аял жарандары медициналык же башка атайын даярдыгы бар, он тогуз жаштан кырк жашка чейин, тынчтык мезгилинде аскердик учетко алына алат жана өз ыктыяры менен контракттык аскер кызматына үч жылдык мөөнөткө чакырыла алышат.
БАШКЫ УЮШТУРУУ - МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН БАШКЫ ШТАБЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ПОЛКОВНИК А. Омурбеков.

АДВОКАТТЫН КЫЗМАТЫ КАНЧА ТУРАТ?
Соттогу ишибиз жарандык болуп саналат. Сотко адвокат жалдабай эле койсо болобу жана адвокаттын кызматы канча турат?
Б.АНАРБЕК.
Жооп: Жаран соттогу ишин жеке өзү же өкүлү аркылуу жүргүзүүгө болот. Бул учурда сиз ишеним катты нотариустан ишендирип, соттогу ишти алып барууну адвокатка же башка ишенимдүү адамга тапшыра аласыз. Адвокаттын кызматынын акысы көп нерседен көз каранды: иштин татаалдыгынан жана адвокаттын өзүнөн да.

АЯЛЫМДЫ СОТКО БЕРЕ АЛАМБЫ?
Аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Эми ал кызым менен жолугуштурбай, мени ага жамандап жүрүптүр. Аялымды жалаа жапканы үчүн сотко бере аламбы?
САЛИМ.
Жооп: Негизинен, болот. Эгерде мурунку аялыңыз кызыңызга сиз жөнүндө жалган жамандап жатса, анын иш-аракеттери кылмыштуу мүнөзгө ээ жана кылмыш мыйзамы менен жалаа жапкандык болуп эсептелет. Жалаа жабуу фактысы боюнча тиешелүү арыз менен кылмыш ишин козгоо жөнүндө ички иштер органдарына кайрылсаңыз болот.

КАНТИП АЖЫРАШАМ?
Күйөөм экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга үч жыл болду. Балдарыбыз жана жалпы мүлкүбүз жок. Күйөөм жок эле ажырашып алсам болобу?
МИРГҮЛ. А.
Жооп: Сиз ЗАГСка тиешелүү арыз жазышыңыз керек. Эгерде күйөөңүз ЗАГСтан ажырашууга качып жатса, /арыз бергенден баш тартып, никени жоюуну каттоого келбесе/ никени жоюу сот тартибинде ишке ашат.

Жооптор "Социальная адвокатура" коомдук фондунун адвокаттары тарабынан дайындалды.
Даярдаган Г.ХОЛКИН.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??