Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Кыргыз искусствосунун кайраткерлери

Жоробек Аралбаев, актёр:
"Жакшы ойлорду жан дүйнөгө орното билсек…"
Жоробек Аралбаев ампуласы кенен, ар тараптуу профессионал актёр. Ал өзүнүн талантынын күчүн айрыкча, кино жаатынан көрсөтө алган. Кандай образ болбосун, аны актёрдук чеберчилик, талбаган изденүү менен жаратып келе жаткан Жоробек аганын эмгеги чоң баага татыктуу.


Күлазык
- Адам турмушу кандай гана кызык көз ирмемдер менен коштолот. Айталы, жарык дүйнөгө жаралганыңдын өзү эле теңдешсиз кубаныч, ажайып бир көрүнүш эмеспи. Анан өспүрүм курак, бой жетип, керилген убак… Кийинчерээк олуттуу кадамдарды жасап, турмуштун негизги кемесине түшүп, үй-бүлө калагын колго алат экенбиз.
"Балалуу үй - базар" делет. Балдардын таттуу тили, алардын жылуу деми көңүлүмдү көтөрөт. Балалыктан өткөн тазалык, эч нерсеге алмашкыс баёо, керемет жылдар болбостур. Мен неберелериме жакынмын. Камкордук көрүп, дайым алардын жанында болгум келет. Мендеги үй-бүлөлүк бакыт - күнү-түнү жашоомо жарыгын чачып, жан дүйнөмдү жашылдандырып, көрктөндүрүп келет. Мөмөсү абдан суктанаарлык болгон үй-бүлөм менен бирдикте өмүр сүрүп келе жатканымды "Түгөнгүс таалай" деп билем.
Күн сайын эртең менен ойгонгонумда неберелеримдин жагымдуу үндөрү, балалык таза күлкүлөрү жаныма күлазык болуп, өзүмдү абдан бакубат сезем. Бул үчүн Жаратканга алкыш айтуудан тажабаймын.

Ат жалында…
- 1979-жылы Москвадан Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп келгем. 1-курста окуп жаткан мезгилден тартып эле киного тартыла баштагам. Алгач таланттуу режиссёр - Дооронбек Садырбаевдин "Арман" деген аталыштагы фильмине тартылган элем. Мен Дооронбек агага абдан ыраазымын. Ал кишинин тандоосу, жардамы аркасында ушундай сыйкырдуу, абдан таасирдүү кино тасмада образ түзүп калдым.
Институтту аяктаган соң, Кыргыз Улуттук драма театрына келип, ал жерде бир жылча эмгектендим. Мен келген жылы театрда Брежневдин өмүр жолун чагылдырган "Целина" деген спектакль коюлуп жатыптыр. Аталган спектаклде мен Брежневдин жаш курагын, ал эми улгайып калган чагын КРнын Эл артисти - Асанкул Осмонов ойногон эле. Андан соң, өз каалоом менен театрдан кеттим. Себеп, мен эмнегедир режиссурага да кызыгаар элем. Ошентип, режиссёр катары да өз күчүмдү сынап, бир нече убакыттар иштеп калдым. Андан тышкары, маданият тармагында көп кызматтарда эмгектенүүгө туура келди. Кийинчерээк кино тасмаларга көбүрөөк тартыла баштадым. Жакшы билесиз, профессионал театр актёру дайым мыкты кино актёру да боло алат. Буга Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова өңдүү корифейлерди мисал катары айтсак жарашат.
А иш-планым боюнча сөз кылсам, беш-алты жылдан бери айтылуу Жолон Мамытовдун уулу - таланттуу режиссёр - Азамат Мамытов (Азаре) менен биргеликте чыгармачылык долбоорлордун үстүндө тынбай иштешип жатабыз. Жакында эле эки кыска метраждуу фильмди тартып бүтүрдүк. Билсеңиз, азыркы тапта бардык убактым искусствонун баалуу дүйнөсү менен алектенүүгө арналып жаткан мезгил. Жай тартып олтурууга чама-чарк болбой, дайым ат жалында шуулдаган шамал менен тең жарышып, бир жерде токтоп калбай, тирүүчүлүктүн кереметин сезип, жашоого эмне жетсин…

Таалайлуу дүйнө
- Ырас, "Качандыр бир чыгармачылыгымда "Тыным" болоор" деген ой көңүлүмө келе калат. Бирок, ал ойго басым жасап, чоочулабайм. Туура айттыңыз. Сөзсүз түрдө "Башталган жолдун соңу да бар". Түбөлүктүү эч нерсе жок.
Мага чыгармачылык процесстин өзү баарынан баалуу. Башкы кейипкердин образын жаратамбы же жөн гана массовкага катышып, роль түзөмбү, айтор, анын ар бири мен үчүн өзгөчө кызык. Анан калса, кесиптештерим менен аңгемелешүү да мага жагымдуу сезилет. Булардын баары биригип, өзүнчө бир таалайлуу дүйнөдөй таасир калтырат. Чыгармачылык - мени эс алдырат, кадимкидей жарпымды жазат.

Жеңиштин байрагы
- Искусство - өтө татаал баскычтар менен тургузулган. Андыктан, анын сапары да ошончолук катаал келет. Андагы уюлгуган тумандан адашпай өтүп, ызгаарлуу бороон-чапкынына туруштук бере алсаң, жеңиштин желеги да сен тарапта болот.
Чыгармачылык жашоо өйдө-төмөн сыноолорго, ак-кара сызыктарга жык толгон. Кай бирде анын татаал баскычтарынан көтөрүлүп, өйдө карай өргө чыксаң, кээде кулак-мурун кескендей жымжырттык менен караңгылыкты өз кучагына алган кандайдыр бир туңгуюкка кулап түшкөндөй болобуз. Дегеле, маңдай жаркыткан жакшылык менен жан кейиткен арман-касирет да жанаша жүрөт го. Баарыбызда пендечилик болот. Күлүк деле мүдүрүлүп, чуркай албай калат эмеспи. Айрыкча, чыгармачыл адамдардын көңүлү жумшак, ошол эле учурда түйүндүү жиптей татаал келет. Аларга дайым түшүнүү менен аяр мамиле талап кылынат.
Ооба, оорчулуктар боло калганда мен да мүдүрүлгөм, жыгылгам. "Андайда: "Баары бир жашаш керек! Бир гана алдыга умтулууга тийишмин!" деген девиз менен ордумдан туруп, башты бийик көтөрүп, ишенимдүү кадамдар менен андан ары сапарымды улай турганмын.
Албетте, кино съемкалар болбой, иш токтоп, үйдө олтуруп калган убактар да кездешет. Бирок, дайым эле супсак, көңүлсүз күндөр боло бербейт. Кайрадан эмгектенүү процесси башталат. Ошондо турмуш кайрадан жаркырап, жарык көрүнө баштайт жана жылдызың жанган учурга да туш болосуң.

Мезгилдин баасы
- Кай бирде колго алгыс, болумсуз, начар эмгектер ооздон-оозго, колдон-колго өтүп, даңаза менен айтылат. Керек болсо, ал "Шедевр" деген атты да алат. Ошол эле учурда адамдарды адилеттикке, тазалыкка, бийиктикке, жакшылыкка, жаркын тилек-үмүттөргө, кыскасы, гумандуу ойлорго үндөгөн баалуу чыгармалар кумга сиңген суудай көмүскөдө калат. Бирок, мезгил баарына калыс тараза тура. Талантка ширелишкен ой-туюмдар эртели-кеч өз ордун, татыктуу баасын табат. Ырас, чындыктын учугун табуу кыйын. Антсе да, кайсы бир мезгилде ал алыстан келген мейман өңдүү айттырбай кирип келет. Болгону, аны жылуу кабыл алып, жан дүйнөлөргө орното билүү шарт.

Залкарлар баамы…
- Дооронбек Садырбаевдин "Махабат дастаны" фильминде мен массовкага катышып калдым. Тасмада бир-эки жолу гана көрүнүп коём. Айта турган сөзүм деле жок болчу. Аны Бакен Кыдыкеева көрүп: "Сөзүң жок болсо да, массовкада мыкты ойногон экенсиң" деп айтканы бар. Бул абдан жогору баа боло турган. Кызык. Эгерде башкы кейипкерлердин образдарын түзгөнүмдү көрсө, эмне деп айтаар эле?..

Шарт, жагдай
- Союз таркагандан кийин "өзүм билемдик" система өкүм сүрдү го. Баары каалаганын жасады. Кино искусствобузга таандык болгон бир кездеги "Керемет доорду" сактап калсак гана. Убагында кино студиядагы материалдык-техникалык базаны уратпай, колго алып, андан ары өстүрүп кетсек оң болмок.
Кейиштүү жагдай ушул, айталы, Москвадан кандай гана таланттуу адистер окуп келишпеди. Көпчүлүгү турмуш оорчулуктарынан улам башка чөйрөлөргө таркап кетти. Канча деген өнөрлүү балдарыбыз Казакстанда иштеп жатышканына күбөбүз. Алардын чыгармачылыгына ар тараптан шарттар каралган болсо, өз өлкөбүздүн атын чыгарып, мына ушул жерден эле эмне деген асылдыктарды жаратышмак.
Улуттук саясат болушу керек. Искусство - мамлекеттин жүзү. Ага көңүл бурулуп, талаптагыдай камкордуктар көрүлбөсө, эртеңкиси жөнүндө айтып эрте…

Ийгиликтин ачкычы
- Көп нерсеге байкабастык менен мамиле жасалып калат. Натыйжада, нааразычлыктар, келишпестиктер жаралат. Бийик таланттарды көтөрмөлөп, керек болсо, аларды колго көтөрүп жүрүү керектелет. Иштин кызыкчылыгы үчүн алардын амбициясына, эркелигине да көз жумуп, көтөрүп коюу талабы бар. Акырындык менен кемчиликтерден, жетишпестиктерден да арылууга болот. Анык талант ээси кимдир бирөөлөр аны башкарып, жетектеп жатканын сезбегендей болушу керек. Баардыгын байкатпай, туура жол менен иштөө методун пайдалануу абзел. Ал үчүн биринчи кезекте, жетекчи өзү терең, принципиалдуу, таза адам болууга тийиш. Чыгармачыл адамдар эркиндикти сүйөт. Аларга чектөө коюу менен эч кандай ийгиликти камсыз кылуу мүмкүн эмес…

Нурзада ОСМОНОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??