кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

"Кара-Кече" кенинен Дамира Ниязалиеванын башы кылтыят
Дамира Ниязалиева СДПК партиясынан депутат болуп шайланып саясатта бир топ эле көрүнүп калды. Элдин көйгөйүн айткан жагынан Карамушкина экөөсү аял болушса да, абдан эле ооздору кургап кеткенче бапылдаганы албетте жакшы. Көрсө сыртынан бапылдай берүү азыркы саясатчылардын модасы көрүнбөйбү, дегенибиз ошол эле Дамира айым дагы мамлекетке залакасы тийген иштерди жасап жибериптир. "Кара-Кече" көмүр кенине Акмат Келдибековдун сунушу менен жетекчи болуп барган Жумасыдыков Райымкул (аны Рай деп эркелетип коюшат) Беш-Сары кенинен мүлжүгөн 43 миң тонна көмүрдүн акчасы кимдин чөнтөгүн кампайтып жатканын жазганбыз. Ал турсун Нарындан бизге кат да келип түшкөн. Ушул кезде "Беш-Сары" жетекчиси Камчы Жолдошбаев көмүр кенинен өзүнүн техникаларын чыгарып кетүүдө. Ал жерге эми Атамбаевдин буйругу менен барган Райымкул Жумасыдыков ээлик кылып көмүр иштетмекчи. Миң деген долларлардын аты-жытын билгизбей жымырып анан да өкмөттөн "Кара Кече" кенин иштетүүгө миллиондогон акчаларды сураган Жумасыдыковго парламентте Дамира Ниязалиева абдан жан тартып, Акылбек Жапаров менен аябай акыйлашкан эмес беле. Акылбек Жапаров ал жактын тагдырын туура түшүнүп, Нарындык катары "Кара Кеченин" ички оюндарын билет көрүнбөйбү, айтор мамлекеттин бюджетинен акча которуу керек эместигин айтып бюджетти бекитип коюшту. Чындап эле "Беш Сарыдан" алган миллиондор кимдин чөнтөгүнө кетти? Бул албетте жоопсуз. Төрага Акмат Келдибеков, Өкмөт башы Алмаз Атамбаевдердин да ал иштерге байланышы барбы? Бул суроонун жандырмактарын жакында билесиңер. Ал эми СДПКнын депутаты Дамира Ниязалиева боюнча болсо уккан кебибиз бул. Анын жансакчысы "Кара Кечеден" кытайдын жыландай сүйрөлгөн 2 камазы менен күнүнө Дамира айымдын сол чөнтөгү үчүн көмүр алып кетип турган имиш. Жакында мунун да чындыгын билесиңер. Мурдараак Дамира айымдын фармацефтикалык "Аманат фарм" аптекалары Кытайдын кылдан ичке сапатсыз миллиондогон ийнелерин алып келип бир дүң болгон жайы бар. Дал ошол аптекалары ушул кезде олчойгон карыздарын өкмөткө төлөбөй "билгениңди кылып ал" деген таризде жүргөнүн да эшиттик. Теледен сүйлөсө созулуп тим эле кой оозунан чөп албаган кыргыздын бир момун кызындай сүйлөйт го, көрсө көп мандем Дамира айымда да жатыптыр да. Кызыктар алдыда болот.

"АС-пресс"





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика