Учур собол

Үч фракциядан турган коалициянын ыдырашы эмнеге алып келет?
Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
- Коалициядагы партиялардын көз карашы, беттеген позициясы бирине-бири коошпой, айкалышпай туруп түзүлүп калды. Негизинен "СДПК", "Ата-Мекен", "Республика" партиялары болуп коалиция түзүлүп калса, кандайдыр бир денгээлде бир топ тоскоолдукка туруштук бере турчу коалиция болмок. Бирок, бул үчөөнүн "слабый звеносу" "Республика" партиясы болчу. Үчөөнүн түзүлөйүн деп калган коалициясы "слабый звенонун" негизинде түзүлбөй калды да, андан кийинки коалиция бирин-бири жактырбаса да айла жоктон курулуп калгандыгын баарыбыз эле байкаганбыз. Ошол коалицияны ыдыратып жиберүү парламенттик оппозициялык партияларга таандык көрүнөт. Анын үстүндө, бул коалиция өзү эле бузулуп берүүгө ыңгайлашып турат. Азыркы парламенттеги оппозициялык партиялардын мындай максатында жөндүү негиз бар. Оппозициялык партиялардын таяна турчу күчтөрү да жок. Түзүлгөн коалицияны бузуп, президенттик жарышка чейин бийлик тарапты колго алуунун максатын көздөп турушат. Шайлоо учурунда "биз жыргатабыз, ырдатабыз, биз элди ойлоп келдик" деп кыйкырып жүрүшпөдү беле. Шайлоодо утулуп калган партияларды билбейм, бирок парламенттеги беш партия алдыдагы аламан жарышка кызуу камына баштады. Элди ойлогон бирөө жок. Негизи от менен ойнобош керек. Айрым депутаттар "биздин коалиция ыдырабайт, биз төрт буттуу отургучта отурабыз" деп айтып жүрүшөт. Алар өтө жаңылып жатышат. Физиканын закондору саясатта иштей албайт. Ал төрт бурчтуу отургучту ар кандай жол менен уратып койсо да болот.
- Мына эми жаз келди. Айдоо-себүү маалы да жакындап калды. Ансыз да элибиз кыйналып турганда айрыкча жазында тартыштык курчуп кетсе, коалицияга да сөзсүз өзүнүн таасирин тийгизет да?
- Абдан туура айттың. Кыргызда нааразычылык акциялар көбүнчө жазында болуп келген. Азыр дагы так ушундай кырдаал коалициянын колунан чыгып кетиши мүмкүн. Ошондон баштап элдин нааразычылыктары көбөйө баштайт да, түзүлгөн парламенттик башкаруу жоюлуп, президенттик башкарууга кайра келип калышыбыз мүмкүн. Айрым саясатчылар от менен ойноп атканын түшүнбөй турса, кээ бирлер сопсонун түшүнүп туруп, "мейли ушул коалиция ыдыраса-ыдырасын" деп элди ойлобой, өзүнүн керт башын ойлоп жүрүшөт. Жакынкы коңшу өлкөлөрдүн бири Россиянын бирден-бир максаты ушул. Бизди кайра президенттик башкарууга алып келүү. А парламент болсо, баарын таразага салып тартып, акылдашып, тартышып-талашып отуруп чечилет. Бул бизге ыңгайлуу.

Турат Мадылбеков,
ЖК депутаты:
- Коалиция түзөөрдөн мурда, коалицияга кирүүчү партиялар ар тарабынан даяр болушу керек жана алардын көздөгөн максаты, карманган позициялары коендой окшош болбосо да, бирине-бири жакындап турушу керек эле. Булар чала-була сүйлөшүп алгандай эле түзүлүп калышты. Мен ошондо эле мындай коалициянын келечеги бүдөмүк экенин айтып чыккам. Фракциялык ажырым болгону аз келгенсип, ошол партиялардын ичинен да депутаттар бири-бири менен келише албай тетири карап отургандары да бар экен. Коалициянын урап түшүшүнөн кооптуу эч нерсе жок. Мындай процесс көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө көп жолу кайталанат. Булар иштей албаса, башкасы келсин, алар иштей албаса дагы башкасы келсин. Жалгыз эле үч партия ээлеп отуруп алганда болбойт да.

Качкын Булатов,
укук коргоочу:
- Түштүк Кореяда сегиз жылдын ичинде алты президент алмашкан. Тогузунчу президент "Samsung" , "Honda" деген чоң компанияларды ачып, аларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга жетишкен. Коалиция ыдыраса бир мүшкүл иш болот деп ойлобош керек. Ырас тарыхта биринчилерден болуп коалиция түзүп беришти. Бирок, иштей албай, элдин көйгөйүн чече албай баратканда алардын ордун башкалар толуктап келүүгө толук мүмкүн. Жалаң эле эскилер отура бербей, билими күчтүү жаштарды алып келишибиз керек. Кичине алты ай убакыт берели, анан бир жыл берели деп жөн эле кармап отуруунун кереги жок.




Исмаил Исаков,
ЖК депутаты:
"Эл ырыскысын уурдагандар кайра эле арабызда жүрөт"
- Үч фракциядан турган коалиция ыдырап кетиши мүмкүн. Буга бир топ саясий күчтөр кызыктар деп айтып жүрүшөт. Чын-чынында коалициянын ыдырашына кандай көз караштасыз?
- Кыргызстанда беш миллиондон ашык эл бар. Ар биринин жеке өзүнүн пикири бар. Бири мугалим, бири дыйкан, дагы бири бизнесмен, булардын баарынын өзүнүн ар кандай ой-жоромолу болот. Эл арасында ар кандай пикирлер айтыла берет. Бул өтө деле кооптуу эмес. Бирок, бүгүнкү кыйын абал ошого түрткү болуп калышы дагы мүмкүн. "Коалиция таркайт" деген сөздөр түзүлгөндөн бери айтылып келет, мындай сөздөр дагы да болсо айтыла берээри белгилүү. Коалиция жакшынакай эле иштеп, элге пайдалуу мыйзамдарды чыгарып, ар кандай сунуш-пикирлерди талкуулап, тараза ташына коюп иштеп атабыз. Бирок, чиновниктердин бири байлыкка жетпей калса, бири бийликке жетпей калды. Дагы бирөөлөр бийлигин жоготсо, кимдир бирөөлөр байлыгын жоготту. Элде болсо толгон-токой көйгөй курчуп турат. Албетте, ушунун баары коалициянын ыдырап кетишине түрткү болушу мүмкүн. Ыдыраса деле, анчалык коркунуч жок. Эл шайлаган парламенттин ичинен кайра дагы бир үч партия коалиция түзүп алат.
- Үч фракциядан түзүлгөн коалиция, анын ичиндеги фракциялар айласыз биригишкенин, алардын көз караштары таптакыр бири-бирине дал келбестигин көп эле байкадык. Эгерде иштей албаса, анда мындай коалицияны кармап туруунун кереги барбы?
- Бир даракты эксең, анан аны башка жерге которбой, багып өстүрсөң, ал дарак чоңоюп мөмө бере баштайт. Анан эле ал даракты улам бир жерге которуп, алмаштыра берсең ал мөмө бермек турсун өспөй да калат. Азыркы учурда коом жаңы түзүлгөн парламенттик системага мүмкүнчүлүк бербегендей сезилүүдө. Кечээки байлыктарды тоноп, элдин ырыскысын уурдагандар бүгүн кайра эле арабызда жүрүшөт. Айрымдары сыртта отуруп алып, "парламенттик бийлик тезирээк ыдыраса экен" деп тилегендер да жок эмес.
- Ал бир жерден өсүп чыгуучу даракта айрым ичи тар партиялар отурушат. Алар сөзсүз түрдө силер тиккен даракты чиритип түшөөрү белгилүү…
- Парламенттин ичинен оппозициялык фракция түзүлүшүнө макулдугубузду бергенбиз. Ал оппозициянын милдети - бийликте отургандардын кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп туруу. Алар өздөрүнүн милдетин так аткарып, коалицияны ыдыратып туруп бийликке кайтып келишсе болот. Бул абдан туура процесс. Коалиция ыдырап кетсе эле, эч нерсеге жарабай калчудай болуп туура эмес ойлоп жүрөбүз. Мунун баарын туура кабыл алышыбыз керек. Мына эми азыркы өкмөт колунан келишинче иштеп атат. Эгерде элдин көйгөйлөрүн чечүүгө жетишсе, баарылап ырахматыбызды айтышыбыз керек.
- "Кыргызстанга парламенттик бийлик жарабайт. Ал ага азыр даяр эмес" дегендерге кошуласызбы?
- Мен өзүм президенттик бийликти сунуш кылгам, ал жөнүндө маалыматыңар бар. Бирок, көпчүлүк добуш менен парламенттик системага баш ийдим. Парламенттик системанын оң жагы да, терс жагы да бар. Парламенттик бийлик иштеп баштай элек жатып, "бул иш болбойт экен" деп айтып коюу да туура эмес. Биз мурунку президенттик бийликке көнүп калганбыз. А бирок, парламенттик бийликти да көрөлү. Балким, чынында өлкөбүзгө оң таасирин тийгизет. А балким, "И.Исаков, сиздин айтканыңыз туура экен" деп айтып чыккандар болуп, кайрадан президенттик бийликке барып калышыбыз мүмкүн. Парламенттик бийликтин жакшы жери, жеке бирөөгө уурдатып-тоногонго, бийликти мыкчып отуруп алганга жол берилбейт.
Бетти даярдаган Элдияр ЭЛЧИБЕК