Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз парламенти сизди канааттандырабы?
Анатай Өмүрканов, акын:
- Беш фракциядан куралган парламент, анын ичиндеги көпчүлүк депутаттар өз аракетин көрсөтө баштады. Чет өлкөлөрдө айрым токтом, мыйзамдарды үч-төрт ай эмес, жылга созуп ийген учурлары бар. Эми булардын түзүлгөнүнө төрт ай болоюн деп калды, кичине дагы убакыт бериш керек.

Кеңешбек Доктурбаев:
- Өлкөдө парламенттик системанын орногонуна төрт айдын жүзү болду. Төрт айдын ичинде депутаттардан алгылыктуу кадамдарды көрө алган жокпуз.

Курбанбаев
Садыраалы:
- Азыркы парламенттин ичиндеги депутаттардын көпчүлүгү Кудайдан жөө качкан адамдар экен. Кечээки 7-апрелдеги кандуу окуяны унутуп калышканбы, айтор бирин-бири жамандап, элдин көйгөйүн талашып-тартышпай, кызмат ордуларын талашуу менен алек болуп жүрүшөт. Булар элди жыргатпай калды.

Азамат:
- Парламенттик системанын түзүлүшү жакшы жаңылык болгону менен, кылган иштери көзгө көрүнбөй калгандай. Негедир олуттуу иштерди аткарып, элдин көйгөйүн чечип беришкени жөнүндө маалыматым жок.

Тилек:
- Парламент төрт айдын ичинде аяк-башын жыйыштырып, өздөрүнүн калыбына келип алышты окшойт. Кичине күтө туралы, натыйжасы оң жагынан чыгып калаар.

Алтынбек
Акматов:
- Кыргызда бир жакшы кеп бар, "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген. Азыркы парламенттеги депуттардын баардыгы байлар. Алар парламентке байлыкты көздөп барышкан. Элдин көйгөйүн чечүүнүн ордуна, өзүлөрүнүн кызыкчылыгы менен күрөшүп жүрүшөт. Парламенттик системанын түзүлгөнүнө төрт айдын жүзү болсо да, алардын маңдай жылытаарлык эмгектери көрүнбөйт.

Бүркүтаалы:
- Парламенттик бийликтин орношу башталганда эле чуусу көп болуп башталды. Аягы эмне менен бүтөөрү белгилүү болуп калды окшойт.

Ибрагим
Бегиматов:
- Жыйырма жылдан бери бир да ызы-чуусу көп депутаттар болгон эмес. Азыр эми парламент ичинде бөлүнүп-жарылуулар, анын ичинен ар ким өз кызыкчылыгын коргоонун негизинде кызыл чеке мушташкандары да бар. Булар минтип отурса, өлкөбүз жакында оңолчудай эмес.

Өмүркулов Толкунбек:
- Жалпысынан парламентте жылыштар, элдин маанайын жылытуучу иш-аракеттери көрүнбөйт. Алар кирешелүү ири компанияларды, майлуу кызматты талашып отурушуп, төрт айды өткөрүштү.

Эламан
Карыбаев:
- Парламенттин иши бала-бакчадагы балдарга чейин талкууланып калышына ошол эси жок депутаттар өздөрү күнөөлүү. Курсагыбыз ток, кайгыбыз жок болсо аларды кеп кылып эмне кылабыз. Негизи партиялык система келечектүү көрүнгөнү менен, азыркыдай эл өкүлдөрдүн кебетесине караганда келечеги бүдөмүк бойдон калчудай.

Толгонай:
- Эл багаарлар элди бакпай эле, эл аларды багып калды көрүнөт. Айтор, кызматтан-кызмат талашып, байлыктан-байлык талашкан эле киши. Элдин көйгөйүн, мамлекеттин келечегин ойлогон бир атка минээр жок. Ийне жоготкондой эле эл чыныгы "эр-азаматты" таппай жүрүшөт.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??