Колдо бар алтындын баркы жок

Күнөө өзгөдө эмес,
чиновниктердин өзүндө
Өлкө болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризисин башынан кечирип жатат. Күндөлүк жашоодо керектөөлүүчү эң жөнөкөй жана эң зарыл тамак-аш продукцияларга болгон баа тынымсыз өсүп жатканы жашыруун болбой калды. Кыргызстан баанын өсүш темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы катарда туруп калганы элди беймазага салган кырдаал. Баарынан өкүнүчтүүсү, баанын төмөндөшү жөнүндө сөз козгоо оозуңан айлансын, качан турукташып, бир калыпка келээрин эч ким так айтып бере албастыгында. Карапайым калктын басымдуу бөлүгү тапкан-ташыган кирешесинин баарын тамак-ашка жумшап, айласы алты куруп калган мезгил келип жетти. Экономисттер тамак-ашка корогон чыгым мурдагы жылдарга карганда эки эсеге өскөнүн белгилешүүдө. Өлгөнгө жараша көмгөн кылып эксперттердин жазга маал "ачкачылык толкундоолору" башталары жөнүндөгү пайгамбарчылыктары байма-бай айтыла баштаганынын өзү эле кооптуу көрүнүш, алдыдагы дүмөктүү кырдаалдан кабар берет.


А.Атамбаев баштаган өкмөттүн антикризистик иш-чаралары, атап айтканда, Россия тараптан келип жаткан экспорттук күйүүчү майларга болгон кошумча бажы салымынын алып салынышына байланышкан мультикативдүү эффектиси, мамлекеттик резервдик фондунун кампасын бузуп, калктын жакыр бөлүгүнө бир мүшөктөн ун таратып берүүсү азык-түлүк рыногун турукташтырууга натыйжалуу оң таасир бергени байкала элек. Балким, келечекте ал өз маалында кабыл алынган иш чаралар катары натыйжалуу болуп чыгышы деле мүмкүн. Ылайым эле ошондой болсун дечи. Асыресе, азырынча өкмөттүн аракеттеринен жарытылуу майнап чыгып кеткенин байкоо кыйын.
Өлкө кыйын-кычык кырдаалга туш келип, азык-түлүккө болгон баанын өсүшү жашоонун эң актуалдуу проблемаларынын бирине айланышынын чоо-жайына келгенде бийлик мыкчыгерлери дүйнөлүк тенденцияга шылтай коюшу адатка айланды. Чиновниктердин шылтоосу айтылып жатып көкөйгө тийген көк таштай болгон ашмалтайлыкка айланып деле кетпедиби. Глобалдык азык-түлүк кризисинин тек жайына келгенде, чиновниктер адат катары дүйнөдөгү калктын санын прогрессиялык ыргакта өскөнүн, ошого жараша дүйнө элинин тамак-ашка болгон керектөө талаптары болуп көрбөгөндөй жогорулаганын далил катары алдыга тартып саймедирешет. "Дүйнө калкынын тамак-аш рационундагы кескин өзгөрүүлөр азык-түлүк кризисине өбөлгө болду" дешип, жогорку материядан кеп кылып жубата башташса бир азга болсо да ишеним артып жибересиң. Мындан сырткары, агрардык сырье запастарын энергетикалык биоотуну катары пайдалануунун залакасы тамак- аш дефицитинин келип чыгышына алып келгенин бетке кармашат. Ошону менен бирге чиновниктердин дан эгиндеринин дүйнөдөгү ири экспертерлорунан болушкан Россия, Украина жана Казакстанды өткөн жылы кургакчылыктын капташы постсоветтик өлкөлөрдөгү тамак-аш тартышыгын шарттады деп түшүндүрүүсү адатка айланды.
Бийлик төбөлдөрүнүн айткандарында чындык, кантсе бар. Аны жокко чыгаруу кыйын. "Дүйнөлүк тенденция", "тышкы фактор" дегендериң Кыргызстандагы азык-түлүк кризисинин пайда болушун шарттаганы ырас. Ыйманга камчы чапкандык болбосун, тамак-аштын 70% ке жакыны сырттан ташылып келинип жатса, анан кантип Кыргызстан глобалдык тенденциядан четте кала алсын дейсиң. Асыресе, жергиликтүү чиновниктер бүт күнөөнү "тышкы факторго" оодара салып, өздөрүнө кенедей кыл жугузбай, тамак-аш кризисине эч тиешеси жок кылып көргөзүү үчүн жандалбастап жатканы кыйла шектүү. Күнөөнү өздөн көрбөй өзгөлөргө, объективдүү себептерге арта салганга келгенде биздин чиновниктер эч бир жанды алдыга салдырбастыгы башынан белгилүү эмеспи.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда Кыргызстандын башка көптөгөн өлкөлөрдөн кыйла артыкчылыгы бар экендигин жергиликтүү чиновниктер оозго алгысы келишпей жаткандыгын байкоого болот. Ичиле турган, сугатка жарамдуу таза суу ресурстарына ченемсиз бай өлкө экенибиз башынан белгилүү. Кыргызстанда, мисалы, Борборазиянын 60 % таза суу запастары топтолгону эле канчалык артыкчылыкка ээ экенибизден кабар берер. Ал эми, агропродукцияларды өндүрүү иштери, деги эле айыл- чарба секторунун келечеги таза суунун өлкөдөгү запастары менен тыгыз байланыштуу экени айтпаса да түшүнүктүү. Бир сөз менен, азык-түлүк коопсуздугу суу ресурстарына түздөн түз баш ийет десек ашкере болбос эле. Демек, бүт дүйнөнү беймаза сала баштаган азык-түлүктүн тартыштыгы, ачкалык проблемасын чечүү мүмкүнчүлүгү Кыргызстанда жогору болуп чыгат. Нефти кендерине чукак болгонубуз менен "бизде мааниси андан кем болбогон суу байлыгы бар" деп мактанууга акылуубуз.
БУУнун экс-генаралдык катчысы Кофи Аннан мезгилинде, 2001-жылы эле көзү ачыктык кылган билдирүү жасап коюптур. Кофи Аннандын: "дүйнөдөгү улам кийинки куралдуу конфликттердин чыгышы минералдык энергоресурстарга эмес, таза суу менен азык-түлүктөргө ээлик кылуу үчүн жүрө баштайт" деген сөзүн азыркы глобалдык тамак-аш кризисинин себебин чечмелөөдө эксперттер көп эскергенине күбө болуп жүрөбүз. Таза суунун тартыштыгы, ошентип, тамак-аш дефицити сыяктуу эле дүйнөдө актуалдуу проблемага айланды. FАОнун (БУУнун алдындагы азык-түлүк коопсуздугу уюму) эсеби боюнча 1 кг. картөшкө өндүрүп алуу үчүн 1000 литр суу талап кылынса, 1 кг жүгөрү үчүн -1400 литр, буудай үчүн-1450 литр, 1 кг. тооктун этин өндүрүү үчүн 4600 литр таза суу талап кылынат экен. Ал эми, карабашыл адамдын бир суткада ушата турган таза суунун көлөмү 50 литрге барабар келет. Таза суу, ошентип, алыскы келечекте гана эмес, азыртан баштап эле нефтиден, алтындан артык стратегиялык байлыкка айланганы анык.
Тилекке каршы, "колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, өлкөдөгү таза суу ресурсун ысыраптабай, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн экономикалык ыраатта максаттуу пайдаланууну бийлик төбөлдөрү түшүнүшө электигин байкоого болот. Таза суунун экономикалык мааниси алардын ойлоруна кирбесе керек деп кетесиң. Ырасына келгенде, таза суу байлыгынын артыкчылыгын ыктуу пайдаланып, Кыргызстандын агросекторун көтөрүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Эгер өнүккөн агроөндүрүшүнө ээ боло алсак 5,5 миллион калкты багып алууга кенен мүмкүнчүлүк ачылмак.
Тамак-аш продукцияларын тышка экспорттогон өнүккөн агрардык өлкөгө айландырууну ойлогон бийлик төбөлдөрү Кыргызстанга буюрбаганы өкүндүрбөй койбойт. Таза сууну элдин жыргалчылыгы үчүн пайдалануунун ордуна бийлик башкаруучулары аны май-талкан коррупциянын булагына айландырганына күбө болосуң. Эсиңиздерде болсо, К.Бакиевдин доорунда веердик өчүрүүлөр деген чыккан эле. Электричестводон тукулжурап, шылкыны курган эл караңгыга камалып отуруп калууга аргасыз болгон. Энергетикалык кризистин чыгышынын чоо-жайы деле жашыруун эмес болчу, жамы журтка белгилүү эле. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайганы, К.Бакиевдин эсирген уулу Максим менен анын жан жөкөрлөрүнүн бири Сапар Балкыбеков деген энергобарон экөө биригип алып, коңшу Казакстан менен Өзбекстанга жең ичинен баалап, Токтогул ГЭСинин суусун сатып жибергенинен улам веердик өчүрүүлөр чыккан. Агроөндүрүшүндө сууну чуктугу кадыресе сезиле баштаганы белгилүү. Суунун тартыштыгынын залакасы азыркы оор азык-түлүк кризисин шарттап, тыштан ташып келинген тамак-аш продуктулары менен гуманитардык жардамдардын көзүн карап калууга алып келди.
Ошентип, күнөө өзгөдө эмес, туташ коррупцияланган, иштин көзүн билбеген, стратегиялык ой жүгүртүүгө жарамсыз, компотентсиз, мамлекетти башкарууга жөндөмсүз бийлик чиновниктеринин өзүндө.
Үсөн Касыбеков